20-кылым адамзат
тарыхынын эң кандуу доору болду. 20-кылымда дүйнөлүк согуш, геноцид,
концлагерь, химиялык куралдар, ядролук курал, бомбалоо, партизандык согуш,
террордук актылар сыяктуу мурдакы кылымдарда кездешпеген жырткыч ыкмалар пайда
болду. Бул кылымда аты аталган ыкмалар менен өлтүрүлгөн адамдардын саны жүз
миллиондогон санга жетти.
20-кылымдын
мынчалык кандуу болушунун эки негизги себеби бар. Биринчиси, өнүккөн технологиядан
улам мурдакы кылымдардагы курал-жарактарга салыштырмалуу алда канча көп адамды
өлтүрүүчү куралдардын иштелип чыгышы. Экинчи эң негизги себеп болсо, бул
куралдардын колдонулушуна, болгондо да абдан ырайымсыз колдонулушуна жол ачкан
идеологиялар. Пайдубалы 19-кылымда түптөлгөн ар түрдүү «измдердин» кандуу
жемиши 20-кылымда келип чыккан.
Коммунизм бул
«измдердин» эң кандуусу, эң ырайымсызы жана эң кеңири масштабдуусу. 20-кылымда
коммунист режимдер же уюмдар тарабынан өлтүрүлгөн адамдардын саны болжол менен
120 миллион. 120 миллион адам ушул идеология үчүн гана өлтүрүлгөн,
концлагерлерде өлөрчө иштетилип жаны кыйылган, «сүргүн» деген ат менен
үйлөрүнөн чогултулуп Сибирь талааларында жок кылынган, атайын жасалган ачарчылыктар
аркылуу ачкадан өлтүрүлгөн, коркунучтуу түрмөлөрдө үрөй учурарлык кыйноолорго
алынган, «мээси жуулган» коммунист жасоолдор тарабынан атылып, муунтулуп,
союлуп өлтүрүлгөн. 1917-жылы Россиядагы кандуу большевик революциясы менен
башталган мыкаачылык алгач жаңы курулган Советтер Союзунун бүт тарабына, андан
соң Чыгыш Европа, Кытай, Корея, Вьетнам, Камбоджа, Латын Америка өлкөлөрү, Куба
жана Африкага тараган.
Коммунизм өлтүргөн
бул 120 миллион карапайым адамдардын бир бөлүгүнүн өлкөлөр боюнча таралышы
төмөнкүдөй:
СССР : 20 миллион өлүм
Кытай :
65 миллион өлүм
Вьетнам : 1 миллион өлүм
Түндүк Корея : 2 миллион өлүм
Камбоджа :
2 миллион өлүм
Чыгыш Европа : 1 миллион өлүм
Латын Америка : 150 миң өлүм
Африка : 1,7 миллион өлүм
Афганистан : 1,5 миллион өлүм
Эми бул кызыл
мыкаачылыктын тарыхын карайлы.
Лениндин кандуу
революциясы
Карл Маркс бир
саясий партиянын лидери болгон эмес. Болгону бир теоретик болчу. Адамзат
тарыхын диалектикалык материализмдин негизинде мыйзам ченемдүүлүктөргө
тууралоого аракеттенген жана анын негизинде тарыхты чечмелеп, келечек жөнүндө божомолдорду
жасаган. Маркстын эң негизги божомолу революция болгон. Капиталисттик
системанын көтөрүлүшкө чыккан жумушчулар тарабынан кулатылаарын жана бул
революциянын натыйжасында «тапсыз коомдун» пайда болоорун убадалаган.
Маркс 1883-жылы
каза болгон. Ортодон жылдар, ал тургай, он жылдар өткөнүнө карабастан, Маркс
айткан революция эч ишке ашкан эмес. Европадагы капиталисттик өлкөлөрдө
революция мындай турсун, жумушчулардын иштөө жана жашоо шарттары алда канча
жакшырып, жумушчу-буржуазия чыңалуусу азайган. Революция ишке ашкан эмес жана
ишке ашуусу да күмөн болчу.
Ушундай шартта,
Маркс өлгөндөн болжол менен 20 жылдан кийин, Россияда башка бир ысым пайда
болгон: Владимир Ильич Ленин.
Ленин марксисттер
курган Россия социал-демократтар партиясынын ичинде жогору көздөй көтөрүлүп,
марксизмди жаңыдан чечмелеген. Лениндин ою боюнча, революция өзүнөн-өзү болмок
эмес, анткени европалык жумушчу классы буржуазия берген мүмкүнчүлүктөргө азгырылып
калган, башка өлкөлөрдө болсо ансыз да алгылыктуу жумушчу классы болгон эмес.
Ленин бул маселени аскердик жол менен чечүүнү сунуштаган: революция Маркс
айткандай жумушчулар тарабынан эмес, жумушчулардын (б.а. марксисттик булактар
боюнча «пролетариаттын») атынан чыккан, тажрыйбалуу революционерлерден турган,
аскердик тартипке баш ийген «коммунисттик
партия» тарабынан жасалат. Коммунисттик партия куралдуу күрөштү жана
пропаганда ыкмаларын колдонуп, саясий революция жасайт, бийлик колго алынаары
менен Ленин «пролетардык диктатура» деп атаган авторитардуу бир режим
орнотулат, режим оппозиционерлерин жок кылып, жеке менчикти жойот жана коом
коммунисттик системага бет алат.
Ленин чыгарган
бул теориянын натыйжасында коммунизм колуна курал кармаган террордук топтордун
идеологиясына айланган. Ленинден соң дүйнөнүн төрт бурчунда өзүн кан төгүү
аркылуу революция жасоого арнаган жүздөгөн «коммунисттик партия» же «жумушчулар
партиясы» пайда болгон.
Коммунисттик
партия революция үчүн кандай ыкмаларды колдонушу керек? Ленин бул суроого
жазган эмгектери аркылуу да, кылган иш-аракеттери аркылуу да жооп берген:
коммунисттик партия болушунча көп кан төгүшү керек...
Ленин 1906-жылы,
б.а. большевик революциясынан 11 жыл мурда, «Пролетарий»
журналында жарыяланган «Москва көтөрүлүшүнөн алынган сабактар» аттуу
макаласында төмөнкүдөй үрөй учурарлык ойлорду жана ыкмаларды айткан:
«Эгер алдыбыздагы
революция кыймылынын шашылыш түрдө коркунучтуу, кандуу бир кыргынды талап
кылаарын адамдардан жашырсак, өзүбүздү да, элди да алдаган болобуз.»
«Массалардын
урааны коргонуу эмес чабуул, милдети душмандын ырайымсыз жок кылынышы болушу
шарт.»
«Эбегейсиз
массалык күрөш жакындап келе жатат. Бул куралдуу көтөрүлүш болот, мүмкүн
болушунча баары бир учурда башталат. Ал массалар куралдуу, кандуу жана
коркунучтуу күрөшкө киргенин жакшы түшүнүшү керек. Көпчүлүктүн өлүмдү жакшы
билиши жеңишти жакындатат.»
«...
Социал-демократтар бул массалык террор менен таанышып, өздөрүнүн ыкмаларына
кошуулары зарыл. Массалык террорду уюштуруп, башкарышы керек жана террорду
жумушчу классы кыймылы менен жалпы революция күрөшүнүн кызыкчылык жана
шарттарынан маанилүүрөөк көрүшү шарт.»
Бул журналда
Лениндин төмөнкү сөздөрү да жарыяланган:
Биз алектенип жаткан нерсе куралдуу күрөш; бул күрөш жеке адамдар жана майда топтор
тарабынан жүргүзүлүүдө. Бир бөлүгү революциялык уюмдарга тиешелүү болсо,
калганы (Россиянын белгилүү бөлүктөрүндө көпчүлүгү) эч бир революциялык уюмга
тиешелүү эмес. Куралдуу күрөш бири-биринен толук айырмаланышы керек болгон эки
максатты көздөйт; биринчиден, бул күрөш
адамдарга, лидерлерге, ошондой эле, аскер жана полиция кызматкелерине кол
салууну көздөйт, экинчиден, өкмөткө жана жеке кишилерге тиешелүү акча
каражаттарын тартып алат. Тартып алынган акчалардын бир бөлүгү партиянын
кассасына, бир бөлүгү атайын куралдануу максатына жана көтөрүлүш даярдыгына,
ошондой эле, бир бөлүгү бул күрөшкө катышкан кишилердин күнүмдүк жашоосуна
кетет. Тартып алынган чоң суммалар (Кавказдагы 200 миң рубль, Москвадагы 875
миң рубль) чындап эле эң биринчиден революциялык партияларга кеткен, майда
суммалар көбүнчө, кээде толугу менен «тартып алуучулардын» күнүмдүк жашоосуна
кетет.22

Башкаруучуларынын
арасында Ленин да болгон Россия социал-демократтар партиясынын ичинде
1900-жылдардын башында бир олуттуу пикир келишпестик келип чыккан. Ленин
лидерлик кылган топ зордук-зомбулук жолу менен революция кылууну колдосо, башка
бир топ демократиялуураак ыкмалар менен марксизмди Россияга алып келүү керек
деген. Ленинисттер иш жүзүндө саны аз болгонуна карабастан, ар кандай
кысымчылык ыкмалары менен «көпчүлүккө» айланышкан жана орус тилинде «көпчүлүк»
деген мааниде «большевик» деп аталып башташкан. Экинчи топ болсо «азчылык»
деген мааниде «меньшевик» деп аталып калган.
Большевиктер
Лениндин жогорудагы сөздөрүндө сүрөттөлгөндөй уюшуп башташкан: адам өмүрүнө кол
салуулар, өкмөткө тиешелүү акчаларды тартып алуу, расмий мекемелерди тоноо ж.б.
Көпчүлүгү сүргүндө өткөн жылдардын натыйжасында, большевиктер пландаган
революция 1917-жылы ишке ашкан. Ал жылы эки революция болгон. Февраль айында
болгон биринчи революцияда Россия падышасы Николай II тактыдан түшүрүлүп,
үй-бүлөсү менен камакка алынган жана демократиялык өкмөт курулган. Бирок
большевиктер демократия эмес, «пролетардык диктатура» орнотууну көздөшкөн.
1917-жылы октябрьда алар күткөн революция ишке ашып, Ленин менен анын оң колу
Лев Троцкий баштаган коммунист согушчандар алгач өкмөттүн борбору жайгашкан
Петроградды, андан соң Москваны каратышкан. Бул эки шаардагы кагылышуулардын
натыйжасында дүйнөнүн алгачкы коммунисттик режими курулган.
Октябрь
революциясынан соң Россияда чоң жарандык согуш башталган. Падыша тараптагы
генералдар чогулткан «актар армиясы» менен Троцкий жетекчилик кылган «кызыл
армиянын» ортосундагы согуш толук 3 жылга созулган. 1918-жылы июльда большевик
согушчандар тарабынан, Лениндин буйругунун негизинде, падыша Николай II жана
бүт үй-бүлөсү (үч баласы менен бирге) атууга кеткен. Жарандык согушта
большевиктер режимдин оппозиционерлерине карата эң кандуу кылмыштарды,
кыргындарды жана кыйноолорду жасагандан тартынган эмес.
Кызыл армиянын
аскерлери менен Ленин курдурган «чека» (ВЧК) аттуу жашыруун полиция уюму
революцияга каршы деп эсептеген коомдун бардык топторуна карата эбегейсиз
террор колдонушкан. Дүйнө жүзүндөгү коммунисттик террорго арналган «Komünizmin Kara Kitabı» (Коммунизмдин кара
китеби) аттуу эмгекте большевиктик террор төмөнкүчө сүрөттөлөт:
Большевиктер
алардын абсолюттук бийлигине багытталган пассивдүү болсо да ар түрдүү
оппозицияны же каршылык көрсөтүүнү; бир гана саясий оппозициялык топторду эмес,
ак сөөктөр, буржуалар, интеллигенттер, дин кызматкерлери сыяктуу коомдук
топтордун жана офицерлер, жандармалар сыяктуу кесиптердин мүчөлөрүн да, укуктук
жана күч колдонуу жолу менен жок кылууну чечишкен жана муну кээде тукум курутка жеткире турганчалык деңгээлге
чыгарышкан. 1920-жылы жүргүзүлгөн «казактардан
тазалоо» кампаниясынын көпчүлүк бөлүгү геноцид аныктамасына туура келет: жери
мекени толук белгилүү болгон казактар
(казаки) бардык эркектеринин атууга кетип, аялдар, жаш балдар жана
кары-картаңдарынын сүргүнгө айдалып, айылдарынын жер менен жексен кылынышынын
же казак эместерге өткөрүлүп берилишинин натыйжасында, бир жерде чогуу жашай
албай калышкан. Ленин казактарды француз революциясы учурундагы Вандеяга теңеп,
аларга карата заманбап коммунизмдин «ойлоп табуучусу» Грачус Бубеуф (Gracchus
Bubeuf) 1795-жылы «populicide» (тукум курут кылуу) деп атаган ыкманы колдонууну
көздөгөн.23
Большевиктер
кирген шаарларынын баарында алардын идеологиясын жактырбаган топторду кыргынга
алып, элди коркутуу максатында ашыкча мыкаачылыктарды жасашкан. Бул китепте
Крымда жасалган большевик мыкаачылыктары төмөнкүчө баяндалган:
Ушул сыяктуу
зомбулуктар большевиктер тарабынан басып алынган Севастополь, Ялта, Алушта,
Симферополь сыяктуу Крым аймактарында да жасалган. Бул зомбулуктар 1918-жылы
апрель-майдан баштап козголоң комиссиясы тарабынан даярдалган документтерде «колдору үзүлгөн, ийини талкаланган, башы
чачыраган, жаагы сынган, жыныстык органдары үзүлгөн жансыз денелер» да
айтылган...24
С.П. Мельгунов «La Terreur rouge en Russie, 1918-1924»
(Россияда кызыл террор, 1918-1924) аттуу эмгегинде Севастополь шаарынын
«тирүү калгандардын күбөгө өтүшүнө бөгөт коюу операциясынын» натыйжасында «асылгандардын шаарына» айланганын
айткан:
Нахимовский көчөсү
көчөдө кармалган офицерлердин, аскерлердин, жөнөкөй жарандардын асылган
денелерине толгон эле. Шаар өлүү болчу, калк жертөлө жана кампаларга жашынган.
Бардык короолордун казыктарына, үйлөрдүн дубалдарына, телеграф устундарына,
дүкөндөрдүн витриналарына «чыккынчыларга
өлүм» деп жазылган афишалар илинген эле. Адамдарды сабак болсун деп көчөдө
асып жатышты.
Большевиктер жок
кылгысы келгендердин баарын белгилүү категорияларга киргизишкен. Мисалы,
«буржуалар» же большевиктерден башкача бир социализм түшүнүгүн жактаган
«меньшевиктер» жаңы режимдин биринчи кезектеги душмандары болгон. Сан жагынан
эң көп жана эң душман категория болсо «кулак»
категориясы болгон. Кулак деп орус тилинде бай жер ээлери аталган. Ленин
революция жана жарандык согуш учурунда кулактарга карата ырайымсыз террор
жүргүзүү тууралуу жүздөгөн буйруктарды жаадырган. Мисалы, Пенза советинин аткаруу комитетине жиберген бир телеграммасында мындай
деп жазган:

Жолдоштор! Беш
кырсыгыңарда чыккан кулак көтөрүлүшү ырайымсыздык менен эзилиши керек.
Революциянын кызыкчылыктары ушуну талап кылат, анткени эми бүт тарапта кулактар менен «кырчылдаган күрөш» башталды. Бир үлгү
көрсөтүү керек. Жок дегенде 100 кулак, чөнтөгү
калың, кан ичкичти асуу (адамдар көрө турган жерге асылышын айтып жатам),
аттарын жарыялоо, бардык дандарын тартып алуу... Муну адамдар жүздөгөн чакырым аралыктан көрүп, титирей тургандай,
түшүнө тургандай... кылып жасагыла. Бул буйруктарды алганыңарды жана
аткарганыңарды телеграмма аркылуу кабар бергиле. Саламым менен. Ленин.25
 |
| Лев Троцкий |
Лениндин
буйруктарын большевик согушчандар абдан ырахаттануу менен аткарышкан. Ал
тургай, согушчандар өзгөчө мыкаачылык стильдерин иштеп чыгышкан. Белгилүү орус
жазуучусу Максим Горький өз көзү менен көргөн кээ бир ыкмаларды төмөнкүчө
сүрөттөгөн:
Тамбовдо
коммунисттер туткундарын сол кол жана сол буттарынан жерден бир метр жогору
дарактарга темир жолунун мыктары менен кагып коюшуп, алардын азап тартып
жатканын билип карап турушчу. Бир туткундун ашказанын ачып, ичке ичегисин алып,
бир даракка мыктап коюшуп, ичегинин чубалышын карап турушчу. Кармаган
кызматкерлерди чечиндирип, далысынан баштап терилерин сыйырышчу.26
Большевиктер
коммунизмди кабыл алгысы келбегендердин баарын жок кылууга киришишкен. Лениндин
жогорудагы буйругуна окшогон дагы сансыз буйруктарынын жана иш-аракеттеринин
натыйжасында, он миңдеген адамдар эч кандай тергөөсүз атууга кеткен. Режимдин
көптөгөн оппозиционерлери «ГУЛАГ» деп аталган жана туткундар өтө оор шарттарда
өлөрчө иштетилген концлагерлерге айдалган. Көпчүлүгү ал лагерлерден тирүү
чыккан эмес. Ошентип 1918-22-жылдар аралыгында большевик режимине каршы
көтөрүлгөн жүз миңдеген жумушчулар жана айылдыктар өлтүрүлгөн.
1918-жылы
14-июльда «Новая жизнь» гезитинде ошол кездеги коммунист лидерлердин бири Дзержинский
террордун коммунисттик революциянын бир талабы экенин төмөнкүчө белгилеген:
«Биз уюшкан
террорду колдойбуз, муну ачык кабыл алуу керек. Террор революция учурунда
сөзсүз боло турган бир зарылдык.»
Ленин башында
өкүмчүлүк кылган жекече террордун революция илгерилегенде массалык террорго,
б.а. системалуу зомбулукка, куралдуу кыргындарга жана жарандык согушка айланышы
керек экенин төмөнкүчө белгилеген:
«Иштер илгерилеп жатат, акырында! Кыймыл
айтып бүткүс сансыз кыйынчылыктарга карабастан илгерилеп жатат.
Интеллигенциянын алсыздыгынан келип чыккан жекече террор эми байыркылар
империясынын ичинде көздөн кайым болууда. Кандайдыр бир Сергейди өлтүрүү үчүн,
«эл үчүн» жасала турган бир кылмыш үчүн он миңдеген рубль жана бир топ
революциялык күчтү коротуунун ордуна, эми эл менен бирге күрөшүү иш-аракеттери
башталат. Бул эми куралдуу күрөштү
каалагандар сөз жүзүндө эмес, иш жүзүндө массаларга аралашып, жумушчу тап
күрөшчү бөлүктөр менен топторго жетекчилик кылган жана жарандык согуш огу жана кылычы менен ондогон жол башчыларды окутуп
даярдаган учур. Бул элдик жол башчылар эртең жумушчулар көтөрүлгөндө,
тажрыйбасы жана эрдиги менен миңдеген, он миңдеген жумушчуга жардам беришет.
(...)
Дароо бул пикирди
пропагандалоого өтүп, биримдиктерди куруу керек, алар бычак, тапанча, бомба сыяктуу, ар түрдүү куралдар менен жабдылып,
ал биримдиктерге да аскердик таалим берилиши зарыл.
Кандай сонун,
революциячыл калк жок шарттарда айрым революциячыл террорчулар революция
«жасаган» доорлор эми артта калды. Бомба
эми айрым жардыруучулардын гана куралы болбой калды. Ал мындан ары элдин
куралдануусунун ажырагыс бөлүгүнө айланып баратат.27
Тарыхчы Ричард
Пайпс Советтер Союзунун жашыруун архивдерине таянып жазган «The Unknown Lenin» (Белгисиз Ленин) аттуу китебинде Лениндин
большевиктерге берген сансыз киши өлтүрүүлөр, кыргындар жана кыйноолор тууралуу
буйруктарын ачып көрсөткөн жана аягында төмөнкүдөй жыйынтык чыгарган:
Колдогу далилдер
менен Лениндин идеалист эмес, болгону чыныгы же абстракттуу болсун, маселелерди чечүүнүн эң мыкты жолунун
аларга себеп болгон адамдарды өлтүрүү экендигине ишенген бир массалык киши
өлтүргүч болгонун четке кагуу мүмкүн эмес. 20-кылымда он миллиондогон
өмүрдүн кыйылышына себеп болгон саясий жана коомдук кыргындарды биринчи болуп
пайда кылган/баштаган ал өзү.28
 |
| Максим Горький |
«Красная газета»
гезитинин 1918-жылы 1-сентябрьдагы санында жарык көргөн төмөнкү саптар жогоруда
мисал келтирилген Лениндин жол башчылыгындагы коммунисттик мыкаачылыктардын
жана кыргындардын канкор, ырайымсыз жана оорулуу психикасын, кара санатай
түшүнүгүн апачык айгинелейт:
Жүрөктөрүбүздү... эркиндик үчүн күрөшкөн канкор
согушчандарга айландырабыз. Жүрөктөрүбүздү залимдештиребиз; катуу жана ордунан жылгыс абалга келип,
ичине эч кандай ырайым кирбейт, душмандын
кан деңизине чөмүлгөнүн көргөндө ордунан кыймылдап да койбойт... Эч бир
ырайым сезбестен, эч тартынбастан, душмандарыбызды жүздөн-жүздөн өлтүрөбүз.
Таштап салгыла, өз кандарына чөгүшсүн. Ленин жана Урицкий, Зиновьев жана Володарскийдин
каны үчүн буржуазиянын кандары селдей аксын, көбүрөөк кан, мүмкүн болушунча көп
кан...»
Лениндин жолун
жолдоочуларынын бири, коммунист партизан Эрнесто Че Геваранын төмөнкү сөздөрү
да коммунисттик мыкаачылык түшүнүктү жакшы чагылдырат.
... Күрөштүн бир
элементи катары жек көрүү, душманды жек көрүү бизден, адамдын табигый чегинен
чыгып, ашып өтөт; адамды натыйжалуу,
күчтүү, иргөөчү жана муздак өлүм машинасына айлантууга мажбурлайт. Биздин аскерлерибиз
ушундай болууга милдеттүү.29
Павловдун иттери
жана Лениндин «адамдын эволюциясы» тууралуу пландары
Бул жерге чейин
Лениндин мисалында каралган жана алдыда мындан да таш боор мисалдары карала
турган коммунисттик мыкаачылыктардын себебин жакшы түшүнүү керек. Ленинди жана
алдыда карала турган Сталин, Мао, Пол Пот сыяктуу коммунист лидерлердин баарын
каардуу киши өлтүргүчкө айланткан себеп эмне?
Ал себеп
материалдык философия жана бул философиянын адамга көз-карашы. Башында да
айтылгандай, коммунизм негизи материалисттик философиянын тарыхка
ылайыкташтырылышы гана. Жана материалисттик философиянын табиятка
ылайыкташтырылышына, б.а. Дарвиндин эволюция теориясына толук шайкеш келет. Бул
бузуку көз-караштардын кээ бир негизги пайдубалдары болсо төмөнкүдөй:
 |
| Павлов И.П. |
1. Адам бир гана заттан турган, руху жок жандык.
2. Адам жаныбарлардын өнүккөн бир түрү. Башка
жаныбарлардан айырмасы жашаган шарттарынын аны бир аз «үйгө көндүргөндүгү».
Негизи адам менен жаныбардын ортосунда эч кандай айырма жок.
3. Табиятта да, адамзат коомдорунда да өзгөрүлгүс
бир эреже бар, ал «күрөш». Күрөш кызыкчылыктардын карама-каршылыгынан келип
чыгат. Күрөштүн натыйжасында бир тараптын жоготууга учурашы, кордук көрүшү,
өлүмгө дуушар болушу толугу менен табигый көрүнүш, ал тургай, бир зарылдык.
4. Ошондуктан өнүгүү үчүн, мисалы
коммунисттердин ою боюнча «коммунисттик революция» үчүн көптөгөн адамдардын
каза болушу, кордук көрүшү жана кыйноого кабылышы табигый, ал тургай, керектүү
көрүнүш.
Коммунизмдин
жана материализмди кабыл алган бардык идеологиялардын жогоруда саналган
түшүнүктөрдү адамдарга кабыл алдыруу үчүн колдонгон ыкмасы – бул коомдордун
Аллахка болгон ишенимин жок кылуу. Негизи материализмдин максаты да Аллахка
болгон ишенимди, диний жана адеп-ахлактык баалуулуктарды коомдордон алыстатуу
жана натыйжада өздөрүн «рухсуз жаныбарлардын тобу» катары көргөн массаларды пайда
кылуу. Ошентип элдерди оңой башкарып, бийлигибизди коргой алабыз, ар кандай
уятсыздыктарга жана зулумдукка пайдубал түзө алабыз деп ойлошот.
Адамды ушул көз
менен караган коммунисттик идеологиянын эң негизги жумушу адамдарды мүмкүн
болушунча «айбанга айлантуу», жапайы жаныбарлардай чынжырга байлоо, кордук
көрсөтүп, коркутуу аркылуу «тарбиялоо» жана керек учурда союп салуу болгон.
Ленинди
караганыбызда адамдарды бир айбандай кабыл алган материалисттик-дарвинисттик
философияны апачык көрө алабыз. Ал тургай, Ленин жаныбарларга жасаган шарттуу
рефлекс эксперименттери менен атагы чыккан, орус илимпоз Павлов менен жеке
жолугушуп, Павловдун ыкмаларын орус элине колдонууга аракет кылган. Тарыхчы
Орландо Файджес «A People's Tragedy, A
History Of The Russian Revolution» (Бир элдин трагедиясы: орус революциясынын
тарыхы) аттуу китебинде Лениндин орус элин айбан таптоочусундай
(дрессировщик) тарбиялоону көздөгөнүн жана мунун дарвинисттик тамырын төмөнкүчө
баяндаган:
1919-жылы
октябрьда айтылышынча Ленин белгилүү физиолог И.П. Павловдун лабораториясына
анын шарттуу рефлекс боюнча изилдөөлөрүн колдонуп, адам мээсинин
большевиктердин адамдын кыймыл-аракеттерин башкаруусуна көмөкчү болуп-боло
албашын билүү үчүн тымызын зыяратка барган. «Орус калкынын коммунизм жөнүндө
ойлонушун жана ошол багытта кыймыл-аракет кылышын каалайм» деп түшүндүргөн
Ленин... Павлов абдан таң калган. Ленин
андан иттерге жасаган нерсесин адамдарга жасашын каалаган. «Орус элин бир
стандартка айланткыңыз келээрин айтып жатасызбы? Баарын бирдей кыймыл-аракет
кылдырууну каалап жатасызбы?» деп сурады... «Дал ошондой» деп жооп берди Ленин.
«Адамдар туура болушу керек. Адамдар биз
кандай кааласак ошондойго айландырылышы керек»...
Коммунисттик системанын түпкү максаты адамдын
табиятын өзгөртүү болгон. Башка тоталитардык режимдер да ушул максатты көздөшөт... Фашисттик
Германияда 1920-жылы евгеника кыймылынын башчыларынын бири айткандай «дээрлик
адамзат түшүнүгүндө бир өзгөрүүгө күбө болдук... Согуштун коркунучтуу
евгеникасынан улам мурдакыга салыштырмалуу башка кишиге айланууга мажбур
болдук»...
Билимдүү кишилер
аркылуу жаңы адамзат түрүн жаратуу идеясы 19-кылымдагы орус интеллектуалдарынын
(большевиктер ошолордон чыккан) ар дайым куткаруучу миссиясы болгон. Марксисттик
философия да ошол сыңары адам табиятын тарыхый өнүгүүдөн келип чыккан жана
ошондуктан жаңылана алат деп окутат. Лениндин
жаш кезинде орус интеллектуалдарынын арасында дээрлик диний ыйыктыктай кабыл
алынган Дарвин менен Хакслинин илимий материализми адам айлана-чөйрө шарттарына
жараша калыптанат деп айткан. Ошондуктан большевиктер алардын
революциясынын илимдин да жардамы менен адамдын жаңы бир түрүн пайда кылаарына
ишенишкен...
Павлов ар дайым
революцияны сындаганына жана көчүрүп жиберебиз деген коркутууларга карабастан,
большевиктерден дайыма сый мамиле көргөн. Эки жылдан соң Павловго Москвадан чоң
турай үй берилген. Ленин Павловдун изилдөөлөрү жөнүндө «революция үчүн өтө чоң
мааниге ээ» деп айткан. Бухарин аны материализмдин темир арсеналы деп атачу.30
 |
| Лев Троцкий пропаганда жүргүзүүдө |
Лениндин эң
негизги жардамчысы жана коммунисттик идеологиянын негизги теоретиги Троцкий да
Лениндин дарвинизмден келип чыккан «адамдын табиятын өзгөртүү» тууралуу
көз-караштарына кошулчу. Троцкий мындай деп жазган:
Адам деген эмне? Толукталып бүткөн бир жандык
эмес. Дагы эле жөндөмсүз
бир жандык. Айбандын бир түрү болуп
эсептелген адам пландуу эмес, туш келди эволюция болгон. Жана көптөгөн
карама-каршылыктар келип чыккан. Кантип үйрөтүп, кантип башкаруу керек деген
суроо жана адамдын дене түзүлүшү менен руханий түзүлүшү кантип өрчүп, кантип
жетилген деген суроо бир гана социализмдин негизинде долбоорлоно ала турган чоң
көйгөй. Чөлгө бир темир жол кура алабыз, Эйфель мунарасын куруп, Нью-Йорк менен
түздөн-түз сүйлөшө алабыз, бирок адамды өнүктүрө албайбыз, ушундайбы? Жок,
өнүктүрө алабыз. Адамдын жаңы жана өзгөртүлгөн бир версиясын чыгаруу –
коммунизмдин кийинки милдети... Адам
өзүн бир чийки зат катары көрүшү керек, же жарым-жартылай иштетилген бир зат
катары. Жана мындай деши керек: «сүйүктүү хомо сапиенс, сен үчүн аракет
кылам».31
Ленин, Троцкий
жана башка большевиктер адамды айбандын бир түрү жана заттардын жыйындысы деп
эсептегени үчүн, адамдын өмүрүн эч баалашкан эмес. Алардын ою боюнча,
революциянын ийгилиги үчүн миллиондогон адамды курмандыкка чалууга болот эле. «The Unknown Lenin» аттуу китептин автору
Ричард Пайпстын ою боюнча, «Ленин
адамзаттын көпчүлүгүнө карата басмырлоодон башка сезимдерди сезчү эмес:
каттар Горькийдин «адамдарга Ленин
дээрлик эч маани берген эмес жана ал жумушчулар классына бир темир уста темирге
мамиле кылгандай мамиле жасаган» деген пикирин тастыктайт.»32
Лениндин атайын
уюштурулган ачарчылык саясаты
20-кылымдагы
коммунисттик режимдердин дээрлик бүт баарында элдерин ачарчылыкка түртүү
саясаты жүргүзүлгөн. Лениндин доорунда Россиянын бүт тарабында 5 миллион
адамдын өмүрүн алган бир ачарчылык болгон. Сталиндин доорунда 1932-33-жылдары
бул апаат кайрадан кайталанып, бир эле Украинада 6 миллион адам ачарчылыктын
натыйжасында ачкадан кыйналып өлүшкөн. Алдыда сөз кылына турган Маонун Кызыл
Кытайында жана Пол Поттун Камбоджасында да миллиондогон адамдар ачарчылыктан
көз жумушкан.
Ачарчылыктын
кандай болоорун жакшыраак элестетүү керек. Бүгүнкү күндө айланабызда көптөгөн супермаркеттер,
нан, булочка бышыруучу жайлар орун алган, ошондуктан ачарчылык биз үчүн чоочун
түшүнүк. Мындан улам ачарчылык деген сөздү укканда, көбүнчө аны «белгилүү бир
убакыт ачка калуу» деп түшүнөбүз. Бирок Россия, Кытай жана Камбоджадагы
ачарчылык айлап, жылдап созулган бир ачкалык болгон. Өздөрү өстүргөн түшүмдөр
(дан азыктары жана күрүч) менен гана жанын баккан дыйкандардын колунан бардык
түшүмдөрү мажбурлуу түрдө чогултулуп алынат. Мындан улам колдорунда жей турган
эч нерсе калбайт. Адамдар алгач айланасынан тапкан жашылчаларды,
мөмө-жемиштерди жана жаныбарларды союп жешет. Булар бат эле түгөнөт. Андан соң
жалбырактарды, чөптөрдү, дарактардын кабыктарын кайнатып жей башташат. Бир
канча жумадан соң денелер арыктап, ичкере баштайт. Адамдар ар дайым ачка
жүрүшөт. Кээ бир адамдар мышыктарды, иттерди кармап жей башташат. Бул башка
жандыктарга, курт-кумурскаларга чейин уланат. Аягында ачкадан кыйналган адамдар
бир-бирден кырылып баштайт. Өлүктөрдү көмүүгө жарай турган эч ким калбайт. Жана
эң аягында ачарчылыктын эң үрөй учурарлык деңгээли келип чыгат: киши жегичтик.
Адамдар алгач өлүктөрдү жей башташат. Андан соң бири-бирине кол салып,
бири-биринин балдарын уурдап, союп жегенге өтүшөт. Адам сыпатын жоготуп, айбанга айланышат.
Ошентип
коммунисттик режимдин максаты ишке ашат.
Бул сүрөттөөлөр
чындыкка окшобогону менен, 20-кылымда биринчи жолу Ленин жол башчылык кылган большевиктик
Россияда болуп өткөн.
Большевиктер
бийликке келген соң, 1918-жылы Ленин тарабынан чыгарылган бир чечим менен жеке
менчикти жоюу саясаты башталган. Мунун эң негизги натыйжасы катары дыйкандардын
жерлери мамлекетке өткөрүлүп, түшүмдөрү тартып алынган. Большевик согушчандар,
«чека» (ВЧК) полициялары жана кызыл армиянын аскерлери Россиянын төрт тарабында
айылдарды басып, ансыз да оор шарттарда жашаган дыйкандардын бирден-бир азыгы
болгон түшүмдөрүн курал менен коркутуп чогулта башташкан. Ар бир дыйканга
большевиктерге бересиң деп белгилүү бир квота белгиленген, бирок аны аткаруу
үчүн көпчүлүгү колундагы түшүмүнүн баарын берүүгө мажбур болгон. Каршылык
көрсөткүсү келген дыйкандар мыкаачылыкка туш болушкан. Кээ бирлери колундагы
буудайдын баарын тарттырып жибербөө үчүн түшүмдүн бир бөлүгүн жашыруун
кампаларга жашырышкан. Бирок мындай иш-аракеттер большевиктер тарабынан
«революцияга чыккынчылык» деп эсептелип, укмуш мыкаачылык менен жазаланган. 1922-жылы
14-февральда иликтөө жүргүзүү максатында аймакка барган бир инспектор Омск
аймагындагы окуяларды
төмөнкүчө сүрөттөгөн:

Тартып алуу
кошуундарынын адилетсиз иш-аракеттери акылга сыйбас деңгээлге жетти. Кармалган дыйкандар системалуу түрдө муздак ангарларга камалып, камчы менен
сабалып, өлүм менен коркутулуп жатышат. Тапшырышы керек болгон квотаны толуктай
албагандар колу-буту байланып, жылаңач бойдон айылдын борбордук көчөсүн бойлой
чуркаганга мажбурланып, андан соң суук ангарга камалууда. Көптөгөн аялдар эстен танганча сабалган соң жылаңач бойдон кардын арасындагы
чуңкурларга салынууда.33
Ленин
дыйкандарга белгиленген квотанын толбогонун көргөн сайын албууттанып кеткен.
Аягында тартып алууга каршы чыккан кээ бир аймактардагы дыйкандарга 1920-жылы
коркунучтуу бир жаза берген: ал дыйкандардын бир эле түшүмдөрү эмес,
колдорундагы уруктар да чогултулган. Уруктарды чогултуу дыйкандардын жаңы эгин
айдай албай, сөзсүз ачарчылыктан өлүшүнө себеп болмок. Чындап эле ошондой
болгон. 1921-22-жылдары Россиянын аймагында толук 29 миллион адам ачарчылыкка
кабылган. 5 миллион адам ачарчылыктан көз жумган.
Ачарчылык
тууралуу кабар дүйнөлүк коомчулукка жеткенде, Батыш өлкөлөрү бул апаатты
жеңилдетүү үчүн жардам кампанияларын уюштурушуп, бир аз болсо да жеңилдетишкен.
Бирок абдан кеч калышкан, анткени большевиктер бул апаатты жашыруу үчүн
ачарчылык тууралуу кабарлардын жарыяланышына тыюу салышкан жана ачарчылык болуп
жатканын болушунча четке кагышкан. Ричард Пайпс «A Concise History Of The Russian Revolution» (Россия революциясынын
кыскача тарыхы) аттуу китебинде мындай деп жазат:
1921-жылы жазында дыйкандар ачарчылыктан улам чөптөрдү,
дарактын кабыктарын жана кемирүүчүлөрдү жешкен. Киши жегичтик окуялары да
болгон. Кыска убакытта миллиондогон ач кишилер бир жерден тамак табабыз
деген үмүт менен жакынкы поезд станциясына чуркашкан. Ал кишилерге транспорт
берилген эмес, анткени Москва 1921-жылы
июльга чейин апаат болуп жатканын четке каккан. Эч качан келбей турган
поездди же сөзсүз келе турган өлүмдү күтүшкөн. Шаарды зыярат кылгандар жашоонун
эч бир белгисин көрбөй кайтышкан, эл же ал жерден кетип калган же болбосо
үйлөрүндө алсыз, кыймылдабай жатып калышкан. Шаардын көчөлөрү жансыз денелер
менен булганган.34
 1920-жылдардагы ачарчылык
 |
| Эл ачарчылыктан өлүп жатканда большевиктер түшүмдөрдү чогултуп алышкан. |
Мындай ачарчылык
саясатынын максаты эмне эле? Албетте, Ленин дыйкандардын түшүмдөрүн чогултуп
большевиктик режимди экономикалык жактан күчтөндүрүүнү жана жеке менчикти жоюп
коммунизм кыялын ишке ашырууну көздөгөн. Бирок адамдарды билип туруп ачарчылыкка түртүүнүн дагы бир максаты
болгон. Ленин ачарчылыктын адамдардын психологиясын бузаарын билип, ал аркылуу
адамдардын Аллахка болгон ишенимин жок кылууну жана чиркөөгө каршы бир кыймылды
уюштурууну көздөгөн. «Коммунизмдин кара
китебинде» Лениндин бул залим түшүнүгү төмөнкүчө сүрөттөлгөн:
 |
| Ленин өлөөр алдындагы сүрөтү |
1890-жылы жаш
адвокат болгон Владимир Ульянов-Ленин 1891-жылы ачарчылыктан эң көп жабыр
тарткан аймактардын биринин борбору Самарада жашаган. Аймактагы
интеллигенциянын ач адамдарга жардам көрсөтүү аракеттерине кошулбаганы аз
келгенсип, мындай жардамдарга толук каршы экенин айткан жалгыз өкүлү болгон. Курдаштарынын
бирөөсүнүн эскерүүсү боюнча, «Владимир
Ильич Ульянов ачарчылыктын көптөгөн оң тараптары бар экенин ачык айтуудан
тайманган эмес. Анын ою боюнча, келечекте пайда боло турган өнөр-жай
пролетариаты буржуазия системасын түп-тамырынан жок кылмак. ... Артта калган
дыйканчылык экономикасы кулаганда, ачарчылык
бизди максатыбызга жакындатып, капитализмден кийинки баскыч болгон социализм
келмек. Ачарчылык бир гана падышага эмес, Теңирге болгон ишенимди да жок кылмак...»35
30 жылдан кийин
большевиктик өкмөттү жетектеген жаш адвокаттын ою дагы деле ошондой болгон: ачарчылык душмандын башына кыйратуучу сокку
урууга жарашы мүмкүн жана жарашы шарт эле. Ал душман православ чиркөөсү болгон.36
Ленин ачарчылык
аркылуу элдердин динге болгон ишенимин алсыратып, аларды пассивдештирээрин,
ошентип диний уюмдарга каршы пландаган чабуулун бир топ оңой ишке ашыраарын
1922-жылы 19-мартта политбюронун мүчөлөрүнө жиберген бир катында төмөнкүчө
баяндаган:
Чындап эле
учурдагы абал алардын эмес, толугу менен биздин пайдабызга. Душманыбыздын
башына кыйратуучу сокку уруу жана келечектеги он жылдарда биз үчүн абдан
маанилүү болгон таянычтарды кепилдикке алуу үчүн 99 пайыз ыктымалдык бар. Ушунча ачка адам адамдын этин жеген, жолдор
жүздөгөн, миңдеген өлүк денелерге толуп ташкан дал ушул учурда чиркөөнүн
мал-мүлкүн болгон күчүбүз менен тартып алсак болот жана ошондуктан тартып
алышыбыз керек. Азыр, дал ушул учурда көптөгөн айыл тургундары бизди колдошу
мүмкүн же бир ууч кара жүздүү попту жана караңгы майда буржуаларды колдой албай
турган абалда болушат... Бүт нерселер көрсөткөндөй, башка убакытта максатыбызга
жете албайбыз, анткени ачарчылыктан
келип чыккан үмүтсүздүк гана элдин бизге жакшы мамиле кылышына алып келиши
мүмкүн же жок дегенде бизге карата бейтарап болушат.37
 |
| Лениндин өлөөр алдындагы сүрөтү |
Ленин бул зулумдуктары аркылуу коммунисттик
мыкаачылыктын биринчи чоң үлгүсүн көрсөткөн. Анын жолун жолдогон Сталин жана
Мао сыяктуу коммунист диктаторлор зулумдукту андан да күчөтүшкөн. Лениндин
өлүмү болсо өзгөчө ишаралуу болгон. 1922-жылдан баштап барган сайын күчөгөн
оору Ленинди акырындап шалга (паралич) айланткан. 1923-жылдын көпчүлүк бөлүгүн
майып арабасында, жан сыздаткан баш оору менен алпурушуп өткөргөн. 1923-жылы
мартта абалы оорлошуп, жакшы сүйлөй албай калган. Өмүрүнүн акыркы айларында
Ленинди көргөндөрдүн үрөйү уччу, анткени жүзү коркунучтуу болуп калган жана
жарым келесоого айланган. 1924-жылы 21-январьда мээсине кан куюлуп көз жумган.
 |
| Лениндин денеси Египеттеги фараондорго окшоп мумияланган. |
Большевиктер
Ленинди мумиялашкан жана мээсин өтө баалуу көрүп атайын коргоого алышкан.
Москвадагы Кызыл аянтта байыркы грек ибадатканаларына окшогон бир күмбөзгө
коюлган денесин адамдар кезек күтүп зыярат кылышкан. Келгендер денени коркуу
менен карашкан.
Адамдардын
коркуусу андан кийинки жылдары андан да күчөгөн. Себеби Ленинден соң Советтер
Союзунун бийлигин колуна алган Иосиф Сталин Ленинден да залим жана зөөкүр
чыккан. Кыска убакытта заманбап тарыхтын эң чоң «коркунуч империясын» түзгөн.
Сталин кантип
коммунист болгон?
Сталин 1879-жылы
Грузиядагы кичинекей бир шаарчада жакыр үй-бүлөдө төрөлгөн. Аты Иосиф
Виссарионович Джугашвили болгон. Орус тилинде «темир киши» деген мааниге келген
«Сталин» деген атты 1913-жылдан кийин колдонуп баштаган.
Сталиндин апасы
динчил аял болгон. Өтө кыйынчылык менен чоңойткон уулунун дин кызматкери
болушун каалаган. Ошондуктан аны Горидеги бир чиркөө мектебине жаздырган. Сталин ал жерде 5 жыл билим алып,
окуусун бүтүргөн соң, Тбилисидеги дин институтуна тапшырган жана Григориан
православ чиркөөсүндө поп болуу үчүн аракеттенип баштаган. Бирок ошол тушта
окуган кээ бир китептери Сталиндин көз-карашын түп тамырынан өзгөрткөн. Ошол
кезге чейин динчил эненин динчил баласы болуп чоңойгон Сталин Аллахка жана
динге болгон ишенимин толук жоготуп, атеистке айланган.
Сталинге
ишенимин жоготтурган китеп Дарвиндин «Түрлөрдүн келип чыгышы» аттуу
китеби болгон.
Оксфорд
университетинде эмгектенген тарыхчы Алекс де Йонг «Stalin and The Shaping of the Soviet Union» (Сталин жана Советтер
Союзунун калыптанышы) аттуу китебинде Сталиндин жаштык кезине Дарвиндин чоң
таасир тийгизгенин баса белгилейт. Йонгдун айтуусу боюнча, Сталиндин диний
билим алганына карабастан, Аллахка болгон ишенимин жоготуп, анын ордуна
атеизмди кабыл алышына Дарвинди окушу себеп болгон. Сталин андан соң марксизмди
кабыл алган. Йонг муну Сталин тарабынан жеке маектеринде көп жолу белгиленген
бир акыйкат деп айткан.38
Англис тарыхчы
Алан Буллок да Сталин менен Гитлердин өмүр баянын салыштырмалуу түрдө изилдеген
«Hitler and Stalin: Parallel Lives»
аттуу китебинде Сталиндин жаш кезинде Дарвиндин, Огюст Конттун жана Карл
Маркстын орусча котормолорун окуп, алардан таасирленгенин белгилейт.39
Негизи мындай
алданууга бир эле Сталин эмес, Россиядагы жаш, окурман муундун көпчүлүгү туш
болгон. Дарвиндин, Хакслинин
же Ламарктын ошол кездерде илимий деп эсептелген жомоктору көптөгөн орус
жаштарынын атеист болушуна себеп болгон. Муну тарыхчы Орландо Файджес «A People's Tragedy, A
History Of The Russian Revolution» (Бир элдин трагедиясы:
Россия революциясынын тарыхы) аттуу китебинде «Лениндин жаштык
кезинде орус интеллигенциясынын арасында Дарвин менен Хаксли дээрлик диний
ыйыктыкка ээ болчу» деп сүрөттөгөн.40 Файджес бул китебинде кийин большевиктерге
кошулган Семен Канатчиков аттуу жаш жумушчунун эволюция пропагандасынын
натыйжасында кантип динден алыстаганын төмөнкү мисал менен баяндаган:
 |
| Сталин коммунисттерге кошулган соң падышалык режими тарабынан бир канча жолу кармалган. |
Бир жаш жумушчу
бир кутуну топуракка толтуруп, жылуу кармаганда сөөлжан менен
курт-кумурскалардын чыгаарын көрсөтүп «адамдарды Теңир жараткан эмес» деп
айткан (Аллахты аруулайбыз). Ошол кездеги солчулдардын китеп дүкөндөрүндө
сатылган ушул сыяктуу одоно илим Канатчиковго окшогон жаш жумушчуларга зор
таасир тийгизген. «Эски ишенимдеримден кутулуум мени көбүрөөк аракет кылууга
багыттады» деп кийинчерээк жазган. «... Андан соң чиркөөгө барган жокмун жана
арам тамактарды жей баштадым».41
Чындыгында болсо
«организмдерди Аллахка жараткан эмес, кокусунан пайда болушкан» деген
көз-караштын далилиндей көрсөтүлгөн жогорудагыдай мисалдар башында айтылгандай
жомок гана болчу. Топурактын ичиндеги сөөлжандар менен курт-кумурскалар ал
кезде элестетилгендей кокусунан, жоктон пайда болгон эмес, топуракка ага чейин
ташталган жумурткалардан чыккан. Бирок илим дүйнөсү ал кезде «жансыз заттан эч
качан жандуу пайда болбойт» деген акыйкатты билбегени үчүн, ушуга окшогон
жомоктор абдан тез тарап,
жарым сабатсыз орус жаштарын атеизмге түрткөн.
19-кылымдын
аягында Россияда өсүп жетилген бул атеист муун 20-кылымдын башында жалындуу
коммунисттерге айланышкан.
Ушундай жалындуу
коммунисттердин бири Сталин болгон. 1898-жылы бир жашыруун коммунисттик уюмга
кошулган. 1901-жылы «Брдзола»
(Күрөш) аттуу
коммунисттик журналга макалаларын жарыялай баштаган. Ошол күндөн 1917-жылга
чейин Ленин лидерлик кылган коммунисттик кыймылдын активдүү аскерине айланган.
1917-жылдагы Октябрь революциясынан соң, Коммунисттик партиянын эң жогорку
баскычы болгон 5 кишилик Политбюронун мүчөсү болуп шайланган. Ленин 1923-жылы
ооруп калганда, Сталин партиянын ичиндеги күчүн акырындап бекемдеген. Ленин
өлгөндөн кийин эң чоң күчкө айланган. 1924-жылдан 1929-жылга чейин беш жылдын
ичинде партиянын ичиндеги бардык атаандаштарын кол салуу, өлүм жазасына тартуу
же сүргүн сыяктуу ыкмалар менен жок кылган. Октябрь революциясынын
архитекторлорунун бири Троцкий да Сталиндин каарына туш болуп, Советтер
Союзунан сүрүлгөн.
Сталин ушинтип
бийлигин бекемдеген соң, коомго кирише баштаган. Ленин Россиядагы бардык айдоо
жерлерди мамлекеттин менчигине өткөрүүнү көздөп, бирок 1920-21-жылдардагы
ачарчылык жана бүлгүндөн улам муну кечеңдетүүгө мажбур болгон. Анткен менен
Сталин муну сөзсүз ишке ашырууну каалаган. «Коллективизация»
(коллективдештирүү) аттуу бир саясатты баштаган. Максаты дыйкандардын бардык
мал-мүлкүн мамлекетке өткөрүү, түшүмдөрүн тартып алуу жана ал түшүмдөрдү
экспорттоо аркылуу Советтер Союзунун өнөр-жайы менен армиясын күчтөндүрүүгө
каражат табуу болгон.
Сталин
коллективдештирүүнү адамдарды өлтүрүү, кыйноо, ачка калтыруу аркылуу ишке
ашырып, 6 миллион адам ачарчылыктан кыйналып өлүп жатканда, сыртка жүз миңдеген
тонна дан азыктарын экспорттогон. Сталиндин бийлиги адамдарды кыйноо аркылуу
тарбиялоо керек болгон бир жаныбар түрү катары көргөн
материалисттик-дарвинисттик көз-караштын мыкаачылыгын дагы бир жолу
тастыктаган.
Коллективдештирүү
мыкаачылыгы
Сталин
коллективдештирүү саясатын 1929-жылы баштаган. Бул саясат боюнча, жер толугу менен жеке менчиктен
алынып, ар бир дыйкан белгилүү бир квотаны мамлекетке берүүгө мажбур болгон
жана өзүнүн түшүмүн сата алган эмес. Белгиленген квота кайра эле аябай жогору
болгон жана дыйкандар аны аткаруу үчүн колундагынын баарын берүүгө мажбур
болушкан. 1920-жылы Ленин баштаган зулумдук кайрадан кайталанган.
Сталин
коллективдештирүүнү ишке ашыруу үчүн эң катаал ыкмаларды колдонууну буйруган.
Каршы чыккандар өлтүрүлгөн, Сибирьге сүргүнгө жиберилген (башкача айтканда узак
мөөнөттө өлтүрүлгөн) же ачарчылыкка ташталган (башкача айтканда акырындык менен
өлтүрүлгөн). Коллективдештирүүгө же жалпысынан коммунизмге каршы чыккан «кулактарга»
(бай жер ээлерине) карата бүт өлкөдө үзгүлтүксүз аңчылык башталган. Бул саясат Коммунизмдин кара китебинде төмөнкүчө
сүрөттөлгөн:

Коллективдештирүүгө каршы чыккан кулактар атууга
кетип, бир бөлүгү жаш балдар, аялдар жана улгайгандар менен бирге сүргүнгө
жиберилген. Албетте, баары түздөн-түз өлтүрүлгөн эмес, бирок
Сибирьдин же Улуу түндүктүн айыл-чарбасына ыңгайсыз аймактарында жасаган иштери
алардын тирүү калуу ыктымалдыгын дээрлик жокко чыгарган. Жүз миңдеген адам ошол
жакта көз жумган, бирок өлгөндөрдүн так саны дагы эле белгисиз. 1932-33-жылдары
Украинада элет калкынын мажбурлуу коллективдештирүүгө каршы чыгышынан келип
чыккан улуу ачарчылык болсо бир канча айдын ичинде 6 миллион адамдын өлүмүнө
себеп болгон.42
Кулактарга көрсөтүлгөн
зомбулук эң оор кыйноолордон турган. Мисалы, Наполовский аймагында кызматкерлер
«суракка алынган колхозчуларды кызытылган мештин үстүнө жатууга мажбурлап,
андан соң аларды бир ангарга жыпжылаңач бойдон камап «муздатышкан».43
Сталиндин режими
андан мурунку Лениндин бийлигине окшоп «кулак» деген бир душманды ойлоп тапкан
жана жок кылууну көздөгөндөрүнүн баарын «кулак» деп мөөрлөп куугунтукка алган.
Бүт шаарларга буйрук жиберилип, белгилүү санда кулак кармап, өлүм жазасына
тартуу буйрулган жана коммунисттерге жакпагандардын баары оңой эле «кулак»
категориясына киргизилген. Коммунизмдин кара китебинде бул абал төмөнкүчө сүрөттөлгөн:

Ушундай шартта кээ
бир аймактарда кулак деп жок кылынган элеттиктердин 80 пайыздан 90 пайызга
чейинки бөлүгүнүн «середняк», б.а. орто
деңгээлдеги айылдыктар болгонуна таң калбоо керек. Жергиликтүү бийликтегилердин «жок кылынган» кулак санына жетүүсү жана
колдон келсе ал сандан ашуусу керек болгон! Жайында базарда урук сатуу,
1925 же 1926-жылы эки ай бою жерге бир жумушчу иштетүү, эки самоорлуу болуу,
1929-жылы сентябрьда «азык катары колдонуу жана ошондуктан социалисттик
конфискациядан жашыруу максатында» бир чочкону өлтүрүү себебинен дыйкандар
кармалып, сүргүнгө айдалган. Бир киши өзүнүн алган түшүмүн саткан, жакыр бир
дыйкан болгонуна карабастан, «соодагерликти баштады» деген шылтоо менен камакка
алынса, экинчиси атасынын бир тууганы падышалыктын армиясынын офицери болгон
деген шылтоо менен сүрүлгөн, дагы бирөө
«чиркөөгү көп барганы» үчүн кулак деп мөөрлөнгөн. Бирок көбүнчө
коллективдештирүүгө ачык түрдө каршы чыккандар кулакка тартылган. Кулактарды
жок кылуу милдети жүктөлгөн аскер бөлүктөрүнүн ичинде абдан чоң башаламандыктар
болуп, кээде өтө чоң акылсыздыктар жасалган. Бир мисал келтирсек, Украинанын
бир шаарчасында кулактарды жок кылуу милдети жүктөлгөн бир бригададагы бир
середняк шаарчанын экинчи тарабындагы башка бригаданын өкүлдөрү тарабынан кулак
деп камакка алынган.44
«Кулак» деп
мөөрлөнүп, өлтүрүлгөн адамдардын арасында дин кызматкерлери алдыңкы сапта
турган. 1930-жылы 13000ден ашуун дин
кызматкери «кулак» деп жок кылынган. Көптөгөн
айылдарда жана шаарчаларда коллективдештирүү символдуу түрдө чиркөөнү
жабуудан, кулактарды жок кылуу болсо поптон башталган.»45
Коллективдештирүү
эки чоң натыйжага алып келген: ачарчылык жана сүргүн.
Сталин жасаган
ачарчылык
Сталин да
Ленинге окшоп коллективдештирүүнү элге каршы бир курал катары колдонууну
көздөгөн. Каалаган аймактан
каалашынча дан чогулта алмак жана муну колдонуп каалаган аймактын адамдарын
ачарчылыктан өлтүрө алмак. Иш жүзүндө чындап эле ошондой кылган. Коммунисттик
режимге каршы чыккан Украина коллективдештирүү аркылуу чабуулга алынган.
Тарыхтагы эң чоң «адамдын колу менен жасалган ачарчылык» ушул аймакта болгон
жана жалпысынан 6 миллион адам ачкадан өлгөн.
Окуялар
төмөнкүчө өнүккөн. Алгач 1931-жылы мамлекет жалпы коллективдештирүү саясатынын
негизинде жылына жалпысынан 18 миллион тонна дан чогулткан Украинадан 7,7
миллион тонна дан талап кылган. Бул ансыз да араң жашаган дыйкандарды дээрлик
ачкадан өлө турган абалга алып келген. Мындан улам Украинадагы дыйкандар
Сталиндин кошуундарына каршы чыгууга аракет кылышкан. Бирок бул Сталиндин
ырайымсыздыгын ансайын күчөткөн. 1932-жылы июльда бүт Украинага өлүм буйругун
берген. Мурдакы квотага кошумча дагы 7,7 миллион тонна дан талап кылган. Миллиондогон
адам ачарчылыктан көз жумган. «The
Russian Century: A History of the Last Hundred Years»
(Орус кылымы: акыркы жүз жылдын тарыхы) аттуу китепте бул саясаттын натыйжалары
төмөнкүчө сүрөттөлгөн:
Расмий
коммунисттик кошуундар курал-жарагы менен Украинаны курчашкан.
Жабырлануучулардын бири «үйлөрдү, кампаларды, кепелерди тинтишти» дейт. «Анан
сыртка чыгып чөпкана, тоокканаларды тинтишти». Айдоо жерлерде байкоо жайлары
курулган. Ал жерден куралчан күзөтчүлөр жүгөрү тергендерди
аңдышкан, кармалгандар жок дегенде он жыл түрмөгө кесилген, кээ бирлери болсо атууга кеткен. Харьковдогу бир
сотто бир айда 150 өлүм жазасы берилген, бир
аял күйөөсү ачкадан өлгөн соң өзүнүн айдоо жеринен 100 жүгөрү машагын жыйнаганы
үчүн он жыл түрмөгө кесилген.

Калган тооктор менен
чочколор 1932-жылы кыштын баштарында жеп түгөтүлгөн. Анан иттер менен мышыктар
түгөнгөн. Василий Гроссман «аларды кармоо кыйын болчу. Жаныбарлар адамдардан
коркуп калышкан жана көздөрү алайып калган. Адамдар аларды кайнатышчу» деп
жазган. 1932-жылдын аягына келгенде Москвага болгону 4,7 миллион тонна дан бере
алган. Мажбурлап чогултуу боюнча жаңы кампания жарыяланган. Метеорология
адистери аба-ырайы боюнча дан өсүмдүктөрүнүн зыян тартышына себеп болгон туура
эмес маалыматтарды бергени үчүн камакка алынышкан. Ветеринарлар айыл-чарба
жаныбарларын саботаж кылды деген айып менен атууга кеткен. Айыл-чарба
адистерине «кулак» деген айып тагылып, Сибирьге сүргүнгө айдалган.
1933-жылы карлар
ээригенде массалык ачарчылык башталган. Адамдар чычкандарды, кумурскаларды жана
сөөлжандарды жешкен. Каакым менен чалкандан сорпо даярдашкан. «The New York Evening Journal» Киевден
20 миля алыста жайгашкан бир айылды зыярат кылган. «Алачыктардын биринде баткакка окшогон бир нерсе бышырып
жатышты. Мискейде сөөктөр, тери жана чарыкка окшогон бир нерсе бар эле. Адамдар
айылдарын таштап келип жатышат. Темир жолдун жээгинде тизелеп, машиналардын
терезесинен нан тиленип жатышат. Киевде машиналар түнкүсүн өлгөндөрдүн
денелерин чогултуп жүрүшөт. Жаш балдардын жүздөрү өлгөн канаттууга окшоп ичке
узун болуп калган.»
Кызматкерлер дагы эле дан тинтип жүрүштү;
казанынан картошка чыккан энелерди атып салышчу. Денеси шишип ачка калганы билинбеген кишилерди
азыгыңды көрсөт деп атып салышчу. «Тарыхый мажбурлукту жасап жатабыз.
Революциялык милдетибизди аткарып жатабыз. Социалисттик өлкөбүз үчүн дан
чогултуп жатабыз» деп айтышчу. «Курсактары көөп шишиген, көздөрдү өлүктүкүндөй
көгөргөн аялдарды, жаш балдарды көрдүм. Жана өлгөн денелерди... Дыйкандардын
алачыктарында, эски Волганын ээриген карларында, Харлов көпүрөсүнүн астында
өлүктөрдү көрдүм» деп жазган кызматкерлердин бири Лев Кополев...
Дипломатиялык
отчеттор жана чет өлкөлүк тиешелүү кишилер аркылуу ачарчылык тууралуу кабар
Батышка жеткен. Вена епархиясынын астында бир эл аралык комитет түзүлгөн. Бирок
Советтер Союзунун өкмөтү эч кандай ачарчылык жок деген соң эчтеке кыла алышкан
эмес.46
 |
| Ачарчылыктан кыйналган эне менен бала жана ачарчылыктан көз жумган жаш балдар. |
Бул
мыкаачылыктар орус жазуучу Михаил Шолоховдун жүрөгүн өйүткөн жана Шолохов
Сталинге кат жазып бул зулумдукту токтотууну талап кылган. Бирок Сталин
булардын баарын атайын жасатып жаткан:
 |
| Сталиндин калпы |
1933-жылы апрельде
жазуучу Михаил Шолохов Кубаньдын бир шаарчасынан өтүп баратып Сталинге эки кат
жазган. Ал каттарында
жергиликтүү кызматкерлердин ачка
калтырылган колхозчулардын бардык резервдерин мажбурлоо менен кантип тартып
алганын майда-чүйдөлөрүнө чейин баяндап, биринчи катчыдан (Сталинден)
азык-түлүк жардамын жиберишин суранган. Сталин жазуучуга берген жообунда
көз-карашын ачык билдирген: дыйкандар «иш таштоо жана саботаж кылганы» үчүн, «Совет
бийлигин кулатуу күрөшүн баштап, өлөрчө күрөш жүргүзгөнү» үчүн жазага тартылып
жатышат. 1933-жылы миллиондогон адам ачкадан өлүп жатканда, Совет өкмөтү «индустриалдашууну
камсыз кылуу» үчүн чет өлкөгө 18 миллион центнер буудайды экспорттоону
улантууда.47
6 миллион эркек,
аял, карыя, жаш бала жана наристенин өлүмүнө себеп болгон ачарчылык Советтер
Союзунун айдоо жерлеринде дан өсүмдүктөрү аз өстүрүлгөнүнөн эмес, коммунисттик
партиянын амбицияларынан келип чыккан. Башкача айтканда, толугу менен «адамдын
колу менен жасалган бир ачарчылык», бир массалык кыргын болгон. Сталин Батыш
өлкөлөрүнүн ачарчылык тууралуу билишин каалаган эмес, анткени эгер алар жардам
берип баштаса, Украинага белгиленген жаза жеңилдемек. Тарыхчы Дана Далримпл «Soviet Studies» аттуу журналда бул
тууралуу мындай дейт:
Советтер Союзу
расмий түрдө эч качан ачарчылыктын болгонун кабыл алган эмес. Советтер Союзу
тууралуу Американын жана Англиянын изилдөөлөрү анча-мынча Украинада бир
ачарчылык болгонун белгилейт, бирок көбүнчө бир-эки маалымат менен гана
чектелет. Бирок Советтер Союзундагы мурдакы ачарчылыктар тууралуу өкмөт билген
жана бүт тарапта документтерге жазылган. Айырма эмнеде? Жооп:
1932-34-жылдардагы ачарчылык мурдакылардан айырмаланып адамдын колу менен жасалган бир апааттай көрүнөт.48
Коллективдештирүүнүн
натыйжасында Украинадагы дыйкандар өтө чоң жоготууга кабылып, бери дегенде 4
миллион адам каза болгон. Казахстанда бул саясаттан улам бир миллион адам көз
жумган. Түндүк Кавказда жана
Черноземье аймагында да бир миллион адам каза болгон. Сталин бир буйрук менен 6
миллион адамды өлүмгө жиберген.
 |
| Сталиндин чыныгы жүзү. Сталин учурундагы кыйналган балдар. |
Сүргүндөр жана эмгек
лагерлери
Сталин
коммунизмге каршы чыккан украиндерди ачарчылык аркылуу өлтүрсө, башка көптөгөн
улуттарды сүргүнгө айдап өлтүргөн. «Сүргүн» деген аталыштагы
бул иш-аракеттер миллиондогон адамдын өмүрүн алган. Крым түрктөрү баш болуп,
Советтер Союзунун ичиндеги көптөгөн азчылыктар бир түндө үйлөрүнөн куралдын
күчү менен чыгарылып, миңдеген километр алыстагы өлүм талааларына айдалган.
Жолдо каза болгондордун саны эле жүз миңдерге жеткен.
 |
| Сибирьдеги Магадан аймагындагы бир гулаг абагы. Миллиондогон кишилер ушундай оор шартта жашап, жан берген. |
 |
| Гулаг абактарынан сүрөттөр. |
Коммунисттик партиянын
бир кызматкеринин бул сүргүндөр тууралуу жазган төмөнкү
маалыматтары сүргүн деген сөздүн Советтердин тилинде «массалык кыргын» деген
мааниге келээрин көрсөтөт:
 |
| Сүргүнгө айдалган адамдардан бир көрүнүш |
1933-жылы
29-30-апрельде Москва жана
Ленинграддан поезд менен бизге эки конвой тапсыздаштырылган элемент жиберилди.
Конвойлор Томск шаарына келгенде баржаларга жүктөлүп, бири 18-майда, экинчиси
26-майда Обь жана Назинская дарыяларынын булуңдарындагы Назино аралына
жеткирилди. Биринчи конвойдо 5070, экинчисинде 1044 болуп, жалпысынан 6114 сүргүн
бар эле. Транспорттук шарттар абдан
начар эле: тамак өтө аз жана өтө начар, орун жана дем алууга аба жетишсиз, эң
алсыздарга тийген оорулар... Жыйынтык: күнүнө
орточо 35-40 кишинин өлүмү. Анткен менен, бул шарттар туткундарды Назино
аралында күткөн шарттарга караганда чындыгында люкс эле. Назино аралы үстүндө
бир дагы үй жок, адамдын колу тийбеген бир жер... Тамак-аш, урук, шайман жок.
Жаңы жашоо ушинтип башталды. Биринчи конвой келгендин эртеси күнү, 19-майда кар
жаай баштады, шамал күчөдү.
 |
Өзбек балдар Фергана туннелинин курулушунда оор шарттарда иштешкен. |
Курсактары ачкан,
алсыраган, баштарында чатыры, колдорунда шайманы... жок туткундар туңгуюкта
калышты. Сууктан коргонуу үчүн от жагуудан башка айлалары жок эле. Акырындап өлүп башташты... Биринчи күнү
295 дене көмүлдү... Сүргүндөр аралга жиберилгенден төрт же беш күн өткөндөн
кийин гана жооптуулар кеме менен бир адамга бир канча жүз граммдан гана тийе
турганчалык ун жиберишти. Бир ууч энчисин алгандар жээкке чуркап, баш
кийимдерине, шымдарына же кемселдерине ал ундун бир азын суулаганга аракет
кылып жатышты. Бирок көпчүлүгү унду ошол
бойдон жутканга аракет кылып, көбүнчөсү тумчугуп өлүп жатышты. Туткундарга
аралда өткөргөн күндөрүндө бир аз ундан башка эч нерсе берилген жок. Эң
жөндөмдүүлөрү сухарь бышырганга аракет кылды, бирок колунда эч кандай идиш жок
эле... Кыска убакытта киши жегичтик окуялары пайда болду...49
Роберт Конквест «The Harvest of Sorrow» (Кайгынын түшүмү)
аттуу китебинде Сталиндин доорундагы сүргүндөрдү төмөнкүчө сүрөттөгөн:
15 жашка чейинки
балдардын 20 пайызы, көбүнчө жаш
наристелер сүргүн учурунда көз жумду. Өзгөчө 1940-жылдары азчылык
улуттардын массалык сүргүндөрүндө ушундай көрүнүш орун алды. Албетте,
сүрүлгөндөрдүн арасында ден-соолугу ар кандайлар болгон, мисалы кош бойлуулар.
Сүргүндөрдүн
поездинде төрөгөн аялдын наристеси каза болгондо, аскерлер аны жүрүп бараткан
поездден жерге ыргытышчу. Сүргүндөр бара турган жерине кээде гана жетчү.
Көбүнчө жолдогу шаарчаларда калышчу...
Архангельскте
бардык чиркөөлөр жабылып, сүргүндөр үчүн абак катары колдонулган. Дыйкандар
жууна алышкан эмес жана денелерин ар кандай жаралар каптаган. Шаарчада жардам
сурап жалбарышчу. Бирок элге аларга
жардам бербегиле деп катуу эскертүү берилген. Ал тургай, өлүктөрүн да
топтой алышчу эмес. Шаарчанын тургундары коркуп жашынышчу. Вологда шаарында 47
чиркөө толугу менен сүргүндөргө толгон.50
Сүргүндөргө
карата колдонулган дагы бир массалык кыргын ыкмасы болсо эмгек лагерлери болгон. Жогоруда да айтылгандай, орус тилинде
«ГУЛАГ» деп аталган концлагерлер көбүнчө Сибирь сыяктуу шарты оор аймактарда
курулган. Совет бийлигине каршы деп эсептелген миллиондогон адамдар кармалып, ГУЛАГдарга
жиберилген. Эсептөөлөр боюнча, 1928-жылдан 1953-жылга чейин (Сталин доорунда) ГУЛАГдарга
жалпысынан 30 миллиондон ашуун адам жөнөтүлгөн. Анын үчтөн экисинен ашууну, б.а. бери дегенде 20 миллион адам ал
лагерлерде көз жумган. Дээрлик ачка жашап, күнүнө 14-16 саат иштетилген
туткундар лагердин күзөтчүлөрү тарабынан болор-болбос шылтоолор менен өлүм
жазасына тартылган. Кээ бир туткундар атайылап ачка калтырылып ачкадан өлсө,
кээ бирлери начар тамактангандан жана оор жашоо шарттарынан улам алсырап жан
берген. Тытылып айрылган жана абдан жука кийимдер менен Сибирьдин суугунда
иштетилген көптөгөн туткундар болсо суукка тоңуп өлүшкөн. ГУЛАГдагы
туткундардын үшүктөн улам алгач колу менен бутунун манжаларынын түшүп калганы,
кулак же мурундарынын «сынып» үзүлгөнү, ошентип жүз миңдеген адамдын азап
тартып өлгөнү белгилүү чындыктардан. Белгилүү орус жазуучусу Александр
Солженицын «The Gulag Archipelago, 1918-1956» (Архипелаг ГУЛАГ) аттуу китебинде ушуга
окшогон үрөй учурарлык мисалдарга токтолгон.
Чыгыш блогунда
кызыл террор
Сталин 1953-жылы
өлдү. Ленин баштап, Сталин кеңири масштабга жайылткан террор он миллиондогон
адамдын жанын алып, ондогон улутту азап жана кыйноолорго салды. Коммунизмдин кара китебинде Ленин менен
Сталиндин доорундагы коммунисттик мыкаачылыктын жалпы жыйынтыгы жалпысынан
төмөнкүчө берилген:
Соттолбостон
камалган он миңдеген барымтанын же жарандын атууга кетиши жана 1918-22-жылдары
көтөрүлүшкө чыккан жүз миңдеген жумушчулардын жана дыйкандардын өлтүрүлүшү;
5 миллион адамдын
өлүмүнө себеп болгон 1922-жылкы ачарчылык;
1920-жылы Дон
казактарынын жок кылынып, сүргүнгө жиберилиши;
1918-жылдан
1930-жылга чейин он миңдеген адамдын концлагерлерде өлтүрүлүшү;
1937-38-жылдардагы
«улуу тазалоо» учурунда 690 миңге жакын адамдын жок кылынышы;
1930-32-жылдардын ортосунда 2 миллион «кулактын» (же кулак деп аталган кишилердин) сүргүнгө
жиберилиши;
1932-33-жылдары атайылап
жасалган ачарчылыктан 6 миллион украиндин өлүшүнө кийлигишпей коюлушу;
Алгач
1939-41-жылдары, андан соң 1944-45-жылдары жүз миңдеген поляк, украин,
прибалтикалык, молдован жана бессарабиялыктын сүргүнгө айдалышы;
1941-жылы Волга
немецтеринин сүргүнгө айдалышы;
1944-жылы Крым
татарларынын сүргүнгө айдалып, туңгуюкка ташталышы;
1944-жылы
ингуштардын сүргүнгө айдалып, туңгуюкка түртүлүшү.51
 |
| 1946-жылы бир майданда асылган режимдин оппозиционерлери. |
Сталин өлгөн соң
Советтер режими чектелүү болсо да бир жумшаруу процессине кирди. Бирок
Сталиндин доорунда түзүлгөн «коркунуч империясы» кайра эле коркутуу менен
коомду башкарууну улантты. Советтер Союзунда жана жалпы эле бардык коммунисттик
коомдордо өкүмчүлүк кылган мындай коркунуч системасын кийинки бөлүмдө
тереңирээк карайбыз.
Советтик террор
өзүнүн эли менен эле чектелген жок. Советтер Союзу Экинчи дүйнөлүк согушта
Чыгыш Европага да жайылды. Согуш бүткөндө Чыгыш Европа өлкөлөрүнүн көпчүлүк
бөлүгү Советтер Союзунун таасири астында калган. Москва бир канча жылдын ичинде ар түркүн саясий
кутумдарды жана айла-амалдарды колдонуп, ал өлкөлөрдүн баарын өзүнүн
үстөмдүгүнө караткан. Польша, Венгрия, Чехословакия, Румыния, Болгария,
Албания, Чыгыш Германия сыяктуу Европа өлкөлөрү Сталиндин кандуу режиминин тырмагына
илинген.
Кызыл мыкаачылык
бул өлкөлөрдөгү адамдарга да дээрлик тозоктун жашоосун таттырып баштаган.
Режимдин каршылаштары бир-бирден камалып, кыйноого алынып, өлүм жазасына
тартылып баштаган. Кыска убакытта бүт элди коркунуч каптап, үрөйү учкан. Коммунисттик
режим кулагандан кийин, 1990-жылдардын башында которулган бир болгар тилиндеги
даректүү тасмада бир аял 1944-жылы күзүндө башынан өткөн бир окуяны төмөнкүчө
айтып берген:
Атам биринчи жолу
кармалган соң, эртеси күнү түшкө жуук үйгө бир полиция кызматкери келип, апама
түштөн кийин саат 5те номер онунчу полиция участогуна барышын талап кылган бир
чакыруу кагазын берди. Анан апам кийинип чыкты, сулуу аял эле жана жүрөгү абдан
таза инсан эле. Биз үч жаш бала аны күттүк, күттүк. Таңга жуук келди, өңү акиташтай
аппак, кийимдери тытылган. Кирээр замат мештин жанына барып, мештин темирлерин
алып, чечине баштады жана үстүндөгүлөрдөн баарын өрттөдү. Анан жуунду, ошондон
кийин гана бизди колуна алды. Уктадык. Эртеси күнү биринчи жолу өзүн-өзү
өлтүрүүгө аракет кылды, кийинчерээк эки жолу уу ичти. Азыр көзү тирүү, мен
карайм... Психикалык оорулуу. Ага эмне кылышканын эч биле алган жокпуз.52
 |
| Челябинсктен чыккан, НКВД тарабынан башына атып өлтүрүлгөн кишилер. |
Кармалгандарга
коркунучтуу нерселер жасалган. Коммунизмдин
кара китебинде Румыниядагы коммунист Николае Чаушескунун режими тарабынан
башталган кыйноолор жөнүндө төмөнкүдөй маалыматтар берилген:
Чехословакия менен
бирге Румыния да, Борбордук жана Түштүк-Чыгыш Европа да кысымчылык системасына
жаңылыктарды кошту: азиялык коммунисттер тарабынан колдонулган «мээ чайкоо» аркылуу «кайрадан таярбиялоо»
ыкмасын Европа материгинде ишке ашырган алгачкы өлкө болду сыягы; ал тургай,
бул ыкманы андан да өнүктүрдү. Бул аракеттин шайтандык максаты абактагыларды бири-бирин кыйноого түртүү болгон. Бул ачылыш
1930-жылдары Бухаресттен жүз километр алыстыкта курулган, салыштырмалуу
заманбап бир түрмө болуп саналган Питештиде ишке ашырылды. Буга байланыштуу
эксперименттер 1949-жылы декабрьда башталып, үч жылдай улантылды... Максат физикалык жана руханий кыйноо менен
коммунисттик доктринаны окутууну бириктирип, саясий туткундарды кайрадан
тарбиялоо болгон.53
Бул кыйноолордо
өзгөчө туткундардын диний ишенимин жок кылуу максаты көздөлгөн. Оор
кыйноолордон соң туткундардан Аллахтын бар экенин четке кагуу талап кылынган:
Румыниянын саясий
полициясы «Securitate» сурак учурунда уруу, таяк менен сабоо жана башын ылдый
кылып бутунан асып коюу сыяктуу «салттык» кыйноо ыкмаларын колдонгон. Питештиде
кыйноодогу мыкаачылык бул ыкмалардан бир топ оор болгон: мүмкүн болгон жана
болбогон ар түрдүү кыйноо ыкмалары колдонулган. Денелердин ар кайсы жерлеринен
тамекинин күйүктөрүн көрүүгө болот эле; туткундардын
сандарындагы кыртыштар сезбей калган, эттери ала (пес) оорулары сыяктуу куюлган
эле; заң жегенге мажбурланып, кусса кусундусу кайрадан ооздоруна тыгылчу.
Цуркандын шайтандык ойлоп табуучулугу өзгөчө Теңирди жокко чыгарууну кабыл албаган диний окуу жайдын окуучуларын
көздөгөн. Кээ бирлери күн
сайын эрте менен «чокундурулчу»: баштары сийдик менен заң аралашкан бир горшокко
тыгылып, калган туткундар айланасында диний ырларды ырдашчу. Тумчугуп калбасын
деп анча-мынча башы сыртка чыгарылып, бир аз дем алган соң кайрадан горшокко
тыгылчу.
 |
| Прагада Советтер Союзунун танкалары, 1968-жыл август. |
Биринчи баскыч
«сырткы беткапты чечүү» деп аталган: туткун суракта жашырган сырын, өзгөчө
эркиндикте жүргөн кездеги курдаштары менен болгон мамилелерин мойнуна алып,
чынчылдыгын далилдеши керек болгон. «Ички беткапты чечүү»
деп аталган экинчи баскычта болсо туткун түрмөдө ага жардам бергендерди айтып
берген. «Адеп-ахлактык беткапты чечүү» деп аталган үчүнчү баскычта туткундан ошол күнгө чейин ыйык деп
эсептегендеринин баарын сөгүүсү талап кылынган. Аягында төртүнчү баскычта ODCCге кирүү үчүн эң жакын досун өз колу менен кыйнап аны «кайрадан тарбиялашы» керек
болгон.54
Ушул сыяктуу
кыйноолор Чыгыш блогундагы бардык өлкөлөрдө жасалган. Коммунизмдин акылынан
азган зөөкүрлүгү жана динге болгон жек көрүүсү тарыхтын эң коркунучтуу кыйноо
режимдерин пайда кылган. Адамдарды айбан катары көрүп, ал «айбандарды» жолго
салуу үчүн зордук-зомбулук көрсөтүү, кыйноо жана коркутуу керек деп эсептеген
дарвинисттик-материалисттик философия коммунисттик режимдердин зындандарында
оор кыйноолорго айланган.
Ошондуктан
дарвинизмди коркунуч деп эсептебегендер же зыянсыз бир теориядай көргөндөр бул
китепте жазылгандарды көңүл коюп окушу керек. Анткени дарвинисттик-коммунисттик идеологиянын
түпкү максаты мындай: адамдарды бири-бирине салып, жок кылуу, аларды бардык
адеп-ахлактык жана руханий баалуулуктардан алыстатып, айбан кейпине киргизүү
жана ошентип коомдорду оңой башкарыла турган «айбанат үйүрлөрүнө» айландыруу...
Муну кандай идеология менен жасабасын максат бирөө эле. Буга тарых да күбө.
Кубадагы
караңгылык
Кансыз согуш
доорунда Советтер Союзунун жардамы менен сакталган коммунисттик режимдердин
бири Кубадагы Кастро диктатурасы болгон. Фидель Кастронун жол башчылыгы астында
жана аргентиналык партизандык лидер Че Геваранын колдоосу менен күчтөнгөн партизандык кыймыл 1959-жылы
Кубада бийликти ээлеген. Кастро Советтер Союзунун саясий жана аскердик колдоосу
менен режимин сактап, Советтер Союзу кулагандан кийин да бийлигин улантты.
Кубадагы жана
жалпы эле Латын Америкадагы коммунисттик кыймыл көбүнчө романтикалуу
сүрөттөлүштө чагылдырылат. Че Геваранын партизандык күрөшү «баатырдын таржымалындай»
көрсөтүлөт. Коммунизмге суктанган көпчүлүк жаштардын колунан Ченин плакаттарын
жана Латын Америкадан чыккан коммунисттик мелодияларды көрүүгө болот. Ага карай
турган болсок, Кубадагы коммунисттик революция Кубанын элин зулумдук менен
зомбулуктан куткарган бир «боштондук күрөшү» болгон.
 |
| Фидель Кастро жана Че Гевара |
Бирок чындык эч
андай болгон эмес. «Че» жана «Фидель» мифтеринин романтикалуу көшөгөсү
ачылганда, артынан Кубадагы коммунисттик диктатуранын караңгы жүзү чыгат. Коммунизмдин кара китебинде коммунисттик
Кубанын эмгек лагерлери жана абактары төмөнкүчө сүрөттөлгөн:
Жумуш шарттары
абдан оор болгон, туткундар дээрлик жыпжылаңач жүрүшчү, бир ич кийим кийгенге
гана уруксат берилчү. Тартип бузгандарга тиштери
менен чөп чогултуу жазасы, ашыкча тартип бузгандарга бир канча саат
ажаткананын чуңкурунда туруу жазасы берилчү. Саясий туткундардан тышкары, башка
кылмышкерлерге да зомбулук көрсөтүлчү. Зомбулук «Departamento Tecnico de
Investigaciones» (DTI) аттуу иликтөө жүргүзүү бөлүмүнүн сурагы менен башталчу. DTI туткундары коркутуу аркылуу жазаланчу:
курт-кумурскалардан корккон бир аял ичинде толтура тараканы бар бир клеткага
камалчу. DTI зомбулук көрсөтүүдө физикалык кыйноолорду да колдончу:
буттарына коргошун байланган туткундар тепкичтен чыгууга мажбурланып, андан соң
төмөн түртүлчү. Физикалык кыйноолорго көбүнчө дары-дармектер аркылуу жасалган
психологиялык кыйноолор да кошулчу; күзөтчүлөр туткундарды сергек кармоо үчүн
пентотал жана ошол сыяктуу баңгизаттарды колдончу. Маззоза ооруканасында
кысымчылык көрсөтүү
максатында эч чектөөсүз электрошок колдонулчу. Күзөтчүлөр сакчы иттер менен
кыдырып, өлүм жазасына тартуу пландарын тынымсыз түзүшчү; туткундар камалган
тарбиялоо клеткаларында суу да, электр энергиясы да болчу эмес; максат туткунга изоляция бөлмөсүндө жеке
инсандык сыпаттарын унуттуруу болгон...

Жакындардын
зыяраты күзөтчүлөргө туткундарды басынтуу мүмкүнчүлүгүн берчү. Кабанада
туткундар үй-бүлөлөрүнүн алдына жылаңач чыгууга мажбурланчу. Эркек туткундар
жубайларынын уят жерлеринин тинтилишин караганга мажбурланчу. Кубанын
абактарында аялдардын абалы абдан оор
болгон, анткени алсыз абалда күзөтчүлөрдүн садисттик кыйноолоруна кабылчу.
1959-жылдан соң 1100дөн ашуун аял саясий себептер менен камакка алынды. Алар
1963-жылы Гуанаджай абагына камалган. Көптөгөн күбөлөр сабоо жана басынтуу
ыкмаларынын көп колдонулганын айтышат. Бир мисал келтирсек, аял туткундар
жуунуу үчүн душка баруудан мурда күзөтчүлөрдүн алдында чечинүүгө мажбур
болушчу, күзөтчүлөр болсо аларды себепсиз сабашчу.55
Кубада
революциядан соң болжол менен 10 миң киши өлүм жазасына тартылды. 30 миңден
ашуун киши жогоруда сүрөттөлгөндөй шарттарда камакка алынды. Коммунисттик режим
башка өлкөлөр сыяктуу, Кубага да азап, кыйноо жана коркунуч алып келди. Ошондой
эле, Куба элинде жакырчылык барган сайын артты.
Афганистанда
Советтер Союзунун кыргындары
Марксисттик-ленинисттик
большевик идеологиясынын жана советтик Россиянын мыкаачылык жадыбалын карап
жатканда, Советтер Союзу тарабынан басып алынган өлкөлөрдү да унутпашыбыз
керек. Алардын арасында эң көп зулумдук көргөн өлкө болсо Афганистан.
Афганистанда
1978-жылы армиядагы коммунист генералдар менен кээ бир коммунист атуулдар
тарабынан уюштурулган бир төңкөрүш ишке ашты. Төңкөрүшчүлөр өлкөнү коммунисттик
режим менен башкараарын жарыялашты. Ал тургай, динге каршы катаал согуш
башташты. Бул саясат бир китепте төмөнкүчө сүрөттөлөт:
Кыска убакыттан
кийин коммунисттик өкмөт динге каршы бир
кампания баштады. Элге ачык майдандарда Куран өрттөлдү. Диний кызматкерлер
(имамдар) камакка алынды жана өлтүрүлдү. Шииттердин арасында абдан
таасирдүү бир диний топ болуп эсептелген Можаддедилер уруусунан 1979-жылы
6-январьда бир түндө ошол урууга тиешелүү 130 эркек киши өлтүрүлдү. Бардык
диндердин, бардык мазхабдардын диний ибадаттарына тыюу салынды.56
Афган
коммунисттер негизи Советтер Союзунун акчага сатылган куурчагы гана болушкан.
Москвадан келген «кеңешчилердин» көрсөтмөлөрүн аткарып, өз элине карата алар
көрсөткөндөй массалык кыргындарды ишке ашырышкан. Бийликте турган кыска убакыт
ичинде эбегейсиз террор жасашкан:
1979-жылы мартта
Керала айылында... 1700 өспүрүм жана жаш
бала, айылдагы эркектердин баары майданга чогултулуп, жакын жерден автоматтан
ок жаадырылды; өлгөндөр менен жарадарлар бир бульдозер менен үч чуңкурга
үстү-үстүнө көмүлдү. Аялдардын үрөйү учуп, бир топко чейин көмүлгөн
чуңкурлардын төбөлөрүнүн кыймылдап жатканын карап турушту: тирүүлөй көмүлгөндөр
сыртка чыгууга аракеттенип жатышкан эле. Анан кыймылдар токтоду. Энелердин жана
жесирлердин баары Пакистанга кетишти.57
Террор Кабул
шаарын да каптады. Шаардын чыгышында жайгашкан Поле-Чарки абагы концлагерге
айландырылды. Абактын мүдүрү Саид Абдуллах туткундарга мындай түшүндүрмө
жасады: «силер бул жерге акыр-чикирге айлануу үчүн келдиңер». Кыйноо ыкмасы эң
кеңири колдонулган. Абактын эң чоң жазасы тирүүлөй таштанды чуңкуруна ыргытуу
болгон. Бир түндө ондогон туткун жүздөгөн себеп менен өлтүрүлчү; өлүктөр менен
жандалбастаган жарым жандар бульдозерлер менен үстү-үстүнө көмүлүшчү. Сталиндин
жазалануучу элдерге колдонгон ыкмасы кайрадан колдонулуп баштаган. 1979-жылы
15-августта хезарелерден 300 киши каршылыкка колдоо көрсөттү деген айып менен
кармалды; 150сү бульдозерлер менен
тирүүлөй көмүлдү, калган 150сүнө бензин куюлуп тирүүлөй өрттөлдү. 1979-жылы
сентябрьда абактын башкармалыгы 12000 туткундун өлтүрүлгөнүн кабыл алды. Поле-Чарки
абагынын мүдүрү тыңдагысы келгендерге мындай дечү: «бир миллион афганды гана тирүү калтырабыз, социализмди курууга ошончо
киши жетет.»58
Булардын баары
Москвадан башкарылган. Негизи Афганистандагы ички башаламандыктын баары
Советтер Союзу тарабынан алдын-ала пландалган. Москва Афганистандагы
коммунисттерге төңкөрүш жасатып, андан соң ал «демократиялуу» режимди коргоо
шылтоосу менен өлкөнү басып алууна алдын-ала чечип койгон. Москваны бул планга
түрткөн себеп, бүгүнкү күндө көптөгөн саясий тарыхчылар кабыл алгандай, ал
кезде Исламдын коммунисттер тарабынан бир коркунуч катары көрүлүшү болгон.
Аягында Кызыл
армия коммунисттик афган режимине каршы мусулман можахеддер тарабынан
уюштурулган каршылык көрсөтүүнү шылтоолоп, 1979-жылы 27-декабрьда Афганистанга басып
кирди. Андан соң афган элине жасалган мыкаачылыктар да күчөдү.
Кызыл армия
Афганистанды 1979-жылы басып алып, ал өлкөдө баскынчы күч катары толук 10 жыл
турду. Можахед топтордун Кызыл армияга карата калыс каршылык көрсөтүүсүн болсо
эң залим жана катаал ыкмалар менен басууга аракет кылды. Бир афган көтөрүлүшчү
Кызыл армиянын ыкмаларын төмөнкүчө айтып берген:
Советтер бир үйгө кол салганда, ал үйдөгү аялдарды
өлөрчө сабап, аларды зордукташчу. Өкүнүчтүүсү, бул жапайылык инстинктивдүү эмес, программалуу түрдө жасалчу; мындай
иштер аркылуу элибиздин пайдубалын кулатып жатышкан жана муну абдан жакшы
билишчү.59
Кызыл армия
афган мусулмандарга карата эң ыпылас ыкмаларды колдонгон: афган жаш балдар оюнчук деп ойлоп колдоруна алышы
үчүн «оюнчук формасындагы миналар жасалган», кармалган можахеддер оор кыйноолорго
алынган жана карапайым калк эч ойлонбостон бомбаланган. 10 жылга созулган кызыл
армиянын баскынчылыгынан соң, он миңдеген адам өлүп, дагы ошончо адам майып
болгон. Ошол убактан бери Афганистан такма кол жана буттарды колдонуу боюнча
дүйнөдө биринчи орундарда турат. Анткени кызыл армиянын миналары он миңдеген
афган жаштарынын колу-бутунан ажырашына себеп болду. Советтер чыгып кеткен соң,
Афганистанда туруксуздук күч алып, кандуу жарандык согуш башталды.
Кыскасы,
1970-жылдары Москванын түрткү берүүсү менен башталган мыкаачылык чейрек кылым
бою Афганистанга көптөгөн азаптарды жана зулумдуктарды алып келди.
Жогоруда да
айтылгандай, коммунисттик Россия Ислам дининин жайылып жатышын өзү үчүн бир
коркунуч катары көргөн. Зулумдуктарды Исламдын жайылышына бөгөт коюу максатында
жасаган. Ал үчүн элдин ибадат кылышына тыюу салып, Курандарды өрттөп, ыймандуу адамдарды
өлтүргөн. Бирок бул жерде бул атеисттик системанын башы жетпеген маанилүү бир
жагдай бар: динди четке каккандар Аллахка болгон чын ыкластуу ишенимди түшүнө
албаганы үчүн, ыйык китептер жок кылынса ишеним да жоголот деп ойлошот.
Чындыгында болсо адамдын ыйманы анын жүрөгүндө. Жана чындап ишенген адамдар
баштарына келген бардык кыйынчылыктардын Аллахтан келген бир сыноо экенин
билип, шарттар кандай болсо да ага сабыр кылышат. Аллах аяттарда ыймандууларга
төмөнкүчө кабар берген:
Ант болсун, Биз
силерди бир аз коркуу, ачкалык жана мал-мүлктөн, жандан жана түшүмдөрдөн бир
бөлүгүн азайтуу менен сынайбыз. Сабыр кылгандарды сүйүнчүлө. Аларга бир кырсык
келгенде, мындай дешет: «Биз Аллахка тиешелүүбүз жана күмөнсүз Ага кайтып
барабыз.» Дал ошолорго Раббилери тарабынан кечирим жана ырайым болот. Жана
туура жолго түшкөндөр да ошолор. (Бакара Сүрөсү, 155-157)
Бул аяттардан
көрүнүп тургандай, ыймандуулар бул дүйнөдө ар кандай жолдор менен сыналышат
жана кандай гана кыйынчылык болбосун Аллахка кайрылып, Андан жардам сурашат.
Ошондуктан мусулмандар башына кыйынчылык келгенде мүңкүрөп, үмүтсүздүккө түшүшпөйт,
тескерисинче Аллахтын Куранда кабар берген жана акыреттеги даражасын жогорулата
турган бир убадасы болгону үчүн, чечкиндүүлүктөрү артат.
Коммунисттик
мыкаачылыктын философиясы: адамды айбанга айландыруу
Бул бөлүмдөгү
маалыматтар көрсөткөндөй, Маркс жана Энгельс сыяктуу материалист идеологдор
чыгарган коммунизм жалганы 20-кылымды канга бөлөгөн бир өлүм машинасына
айланган. Коммунизм адамзатка коркунучтуу кылмыштардан, кыйноолордон,
сүргүндөрдөн, концлагерлерден, ачарчылыктардан, коомдук кысымчылыктардан жана
коркунучтан башка эч нерсе алып келген жок.
Бирок бул
мыкаачылык келечекте кайталанбашы үчүн, анын чыныгы себебин жакшылап анализдөө
зарыл. Маселе бир гана Ленин
же Сталин сыяктуу диктаторлордун жеке амбициялары менен залимдигиндеби? Же
маселе дарвинизмден келип чыккан коммунисттик идеологиянын турмушка
ашырылышындабы?
Изилдеп
көргөнүбүздө экинчи варианттын туура экенин түшүнөбүз. Мыкаачылык коммунизм
философиясынын табигый натыйжасы катары келип чыккан.
Анын негизги
себеби – бул адамдардын «айбанаттын бир түрү» катары кабыл алынышы. Коммунизм,
Маркс баса белгилегендей, Дарвиндин эволюция теориясына таянат жана бул теория
адамды «жаныбарлардын өнүккөн бир түрү» деп эсептейт. Ал тургай, адамдардын
ортосундагы жаңжал, зомбулук, зулумдук жана күрөштү табигый нерседей көрсөтөт.
Бул философияны кабыл алган адамдын колуна күч жана мүмкүнчүлүк тийгенде, ар
кандай зулумдук, мыкаачылыктарды жасап башташы мүмкүн.
 |
| Оор шарттарда жашаган жакыр жумушчулар |
Тарыхты
караганыбызда коммунисттер тарабынан
жасалган мыкаачылыктарда адамдардын «айбандын бир түрү» катары кабыл алынышынын
чоң роль ойногонун апачык көрүүгө болот. Коммунист идеологдор кастарын
айбан катары көрүшүп, бийлигинин астындагы адамдарды психологиялык жактан
«айбанга айлантуу» саясатын жүргүзүшкөн. Коммунизмдин
кара китебинде бул саясат төмөнкүчө сүрөттөлгөн:
Адам өлтүрүү атайын даярдыкты талап
кылат; ар бир эле адам
кошунасын өлтүрүүдө олку-солку болот, мында эң натыйжалуу даярдык курмандыгынын адам экенин четке кагууну, аны
убактылуу «адам эместей көрүүнү» үйрөтүү болуп
саналат. Ален Броссат мындай деп туура айткан: «варвардык тазалануу ырым-жырымы
өлүм машинасынын толук кубаттуулукта иштешинде, кыйноо тууралуу сөздөрдө жана
жасалган иш-аракеттерде тигил тарапты айбанга айлантып, элестүү жана чыныгы
душмандарды айбанаттар дүйнөсүнө киргизүүдөн гана турат...»60
Броссат мындай
кызыл кыяматтын жана шаан-шөкөттөрдүн чындыгында башкаларды айбанга айлантуу салтынан тураарын, бул салтты
18-кылымдан бери айтылган саясий сындардан да көрүүгө болоорун эске салат. Мындай
метафоралуу ырым-жырымдар өзгөчө айбандардын сүрөттөрү аркылуу жашыруун
чыңалуулардын жана кагылышуулардын сыртка чыгышына шарт түзгөн. Москвада
1930-жылдары мындай сөздөрдүн эч бир метафоралуу тарабы калган эмес: «айбанга айландырылган» душманга алгач бир
олжодой мамиле кылынып, андан соң койо берилчү; албетте мында алгач
желкесине бир ок атылчу. Сталин бул ыкмаларды системалаштырып жалпылаштырган
соң кытайлык, камбоджалык жана башка жолдоочулары муну кеңири пайдаланышты.
Бирок бул ыкмаларды биринчи болуп Сталин ойлоп тапкан эмес. Ленинди да бул
айыптоолордон актаганга болбойт; бийликти
колго алган соң, бардык душмандарын «зыяндуу курт-кумурска», «бит», «чаян» же
болбосо «вампир» катары көргөн.61
Коммунизмдин
адамдарды айбанга теңеген бул көз-карашы дарвинизмге таянат. Бул Маркс, Энгельс
жана Ленин тарабынан көп жолу баса белгиленген бир чындык. Ошондуктан
коммунисттик мыкаачылык – бул болгону дарвинизмдин турмушка ашырылышы.
Франция Улуттук
илимий изилдөөлөр борборунун (GÉODE-Paris X) изилдөө жетекчиси жана коммунизм
тарыхы боюнча адис Стефан Куртуа бул жөнүндө мындай дейт:
Коммунизмде коомдук-саясий бир евгениканын,
коомдук дарвинизмдин бар экенин айтууга болот. Доминик Кола жазгандай, «Ленин коомдук түрлөрдүн эволюциясы жөнүндөгү маалыматтардын кожоюну
катары тарых айыптаганы үчүн жок кылынышы керек болгондорду
аныктайт. Илим аркылуу,
т.а. марксизм-ленинизм сыяктуу идеологиялык жана саясий тарых аркылуу
буржуазиянын адамзаттын эволюциясында басып өтүлгөн бир этапты чагылдыраары
аныкталган соң, бул тапты жок кылууга, ал тургай, бул тапты түзгөн же бул тапка
кандайдыр бир деңгээлде тиешелүү болгон кишилерди өлтүрүүгө шылтоолор табылат.62
Куртуа бул
сөздөрүнөн соң мындай суроо узатат:
Марксизм-ленинизмдин
тамырлары Маркска караганда, коомдук маселелерге колдонулган жана расизм
аркылуу жаңылыштыктарды кетирген бузуку дарвинизмге көбүрөөк байланыштуу
эмеспи?63
Албетте,
дарвинизм менен көбүрөөк байланыштуу. Ал тургай, коммунизмдин тамыры толугу
менен дарвинизмге таянат. Болгондо да бул дарвинизм «бузуку дарвинизм» эмес,
кадимки дарвинизмдин дал өзү. Адамды айбандын бир түрү деп эсептеген,
адамдардын ортосунда табигый түрдө, сөзсүз күрөш болоорун, ошентип тарыхтын
алга жылаарын, адамдын кылган иштери үчүн эч кимге сурак бербей турганын жана
диалектикалык материализмдин бардык башка сандырак көз-караштарын чыгарган жана
муну «илимдин» атынан айтып чыккан булак – бул дарвинизм. Дарвин мунун
теориясын чыгарса, коммунисттер турмушка ашырган.
20-кылымдагы
кандуу коммунизмдин курмандыктары негизи дарвинизмдин турмушка ашырылышынын бир
натыйжасы болгон.
Булактар:
22 Vladimir I. Lenin, 30 Eylül 1906, Proletari, Nr. 5,
23 N. Werth, "Le Pouvoir soviétique et l'Eglise ortnodoxe de la collectivisation à la Constitution de 1936", Revue d'études comparatives Est-Quest, 1993, no.3-4, s. 41-49
24 Stéphane Courtois, Nicolas Werth, Jean-Louis Panné, Andrzej Paczkowski, Karel Bartosek, Jean-Louis Margolin, Komünizmin Kara Kitabı, Doğan Kitapçılık A.Ş., s. 84
25 RTHİDNİ (Rossiyskiy Tsentr Hraneniya I İzuçeniya Dokumentov Noveyşey İstorii – Rusya Çağdaş Tarih Belgelerinin Korunması ve İncelenmesi Merkezi), 2/1/6/898
26 Orlando Figes, A People's Tragedy, A History Of The Russian Revolution, Penguin Books Ltd, 1997, USA, s. 775
27 Lenin Eserler, Alm. Cilt 9, sayfa 278-279. Türkçesi için bkz. "Partizan Savaşı", sayfa 95-97 arası, Yar Yayınları, 1977 İstanbul
28 Richard Pipes, The Unknown Lenin: From the Secret Archive, Yale University Press, New Haven, London, s. 181
29 http://www.barikatlar.de/barikat/58/seminernotlari5.htm
30 Orlando Figes, A People's Tragedy, A History Of The Russian Revolution, s. 733
31 Orlando Figes, A People's Tragedy, A History Of The Russian Revolution, s. 734
32 Richard Pipes, The Unknown Lenin: From the Secret Archive, s. 10
33 Komünizmin Kara Kitabı, s.159-160
34 Richard Pipes, A Concise History Of The Russian Revolution, Vintage Books, Newyork, 1995, s. 357
35 A.Belyakov, Yunost vozdya (Önderin Gençliği), Moskova, 1960, s.80-82, aktaran M.Heller, "Premier avertissement: un coup de fouet. L'histoire de l'expulsion des personnalites culturelles hors de l'Union sovietique en 1922", Cahiers du monde Russe et Sovietique, cilt XX, no.2, Nisan-Haziran 1979, s.134
36 Komünizmin Kara Kitabı, s.165
37 Komünizmin Kara Kitabı, s. 167
38 Alex de Jonge, Stalin and The Shaping of the Soviet Uninon, William Collins Sons & Limited Co., Glasgow, 1987, s. 33
39 Alan Bullock, Hitler and Stalin: Parallel Lives, Fontana Press, London, 1993, s. 13
40 Orlando Figes, A People's Tragedy, A History Of The Russian Revolution, s. 733
41 Orlando Figes, A People's Tragedy, A History of The Russian Revolution, s. 65
42 Komünizmin Kara Kitabı, s. 23
43 Komünizmin Kara Kitabı, s. 219
44 Komünizmin Kara Kitabı, s. 196
45 Komünizmin Kara Kitabı, s. 227
46 Brian Moynahan, The Russian Century: A Photographic History of Russia’s 100 Years, Random House, New York, 1994, s. 152
47 Komünizmin Kara Kitabı.s. 217
48 Dr. Dana Dalrymple, "The Great Famiıne In Ukraiıne" 1932-33, Giriş Bölümü; http://www.ukrweekly.com/Archive/1983/128312.shtml
49 Komünizmin Kara Kitabı, s. 203-204
50 Robert Conquest, The Harvest of Sorrow: Soviet Collectivization and the Terror-Famine, Oxford University Press, New York, 1986, s. 138
51 Komünizmin Kara Kitabı, s.24
52 Komünizmin Kara Kitabı, s. 505
53 Komünizmin Kara Kitabı, s. 536
54 Komünizmin Kara Kitabı, s. 536
55 Komünizmin Kara Kitabı, s. 859-861
56 Assem Akram, Histoire de la guerre d'Afghanistan, Paris, Balland, "Le Nadir" dizisi, 1996, s.516
57 Michael Barry, La Resistance Afghane, du Grand Moghol à l'invasion Soviètique, Paris, Flammarion, "Champs" dizisi, 1989, s. 314
58 Michael Barry, La Resistance Afghane, du Grand Moghol à l'invasion Soviètique, s. 306-307
59 Komünizmin Kara Kitabı, s. 943
60 Alain Brossat, Un Communisme Insupportable, Paris, L'Harmattan, 1997, s. 265
61 Komünizmin Kara Kitabı, s. 996-997
62 Komünizmin Kara Kitabı, s. 999
63 Komünizmin Kara Kitabı, s. 1000