Коммунизмдин
пайда болушун түшүнүү үчүн сөзсүз 18-19-кылымдардагы Европанын маданиятына көз
чаптыруу керек. Европа материги биздин замандын 2-кылымынан баштап акырындап христиан
динин кабыл алган жана христиан маданияты «агартуу доору» деп аталган доорго
чейин бул материкте үстөмдүк кылган. 18-кылымда кулачын жайган агартуу кыймылы
бир катар европалык ойчулдардын жана искусство өкүлдөрүнүн Байыркы Греция менен
Римдин бутпарас маданиятынан таасирленип, динге каршы чыгышынан башталган. Агартуу
кыймылынын эң негизги саясий натыйжасы болсо «динге каршы революция»
сыпатындагы Француз революциясы болгон.
Француз
революциясынын пайдубалы Вольтер, Дидро, Монтескье сыяктуу динге каршы
ойчулдардын пропагандалары менен түптөлгөн. Революция учурунда «агартуу
кыймылынын» динге каршы жана бутпарастык мүнөзү ачыкка чыккан. Революцияга жол
башчылык кылган якобинецтердин күчтүү пропагандасынын натыйжасында «динден
чыгуу» кыймылы кеңири тарап, ал тургай, жаңы бутпарастык динди пайда кылуу
аракети көрүлгөн. 1790-жылы 14-июльда Федерация майрамында «революциялык
сыйынуунун» алгачкы белгилери пайда болуп, анан тездик менен тараган.
Революциянын канкор лидерлеринин бири Робеспьер «революциялык сыйынууга» жаңы
эрежелерди киргизип, анын принциптерин жазуу түрүндө белгилеп, «Улуу зат
сыйынуусу» деп атаган. Париждеги белгилүү Нотр-Дам чиркөөсү алардын сөзү менен
айтканда «акылдын ибадатканасына» айландырылып, чиркөөнүн дубалдарындагы
христиан образдары алынып салган жана ортого «акыл кудайы» деп аталган бир
аялдын айкели орнотулган. Француз революциясы учурунда көптөгөн дин
кызматкерлери өлтүрүлүп, диний мекемелер таланып, талкаланган.
Француз
революциясы аркылуу Европага кирип, анан бүт тарапка тараган бир философия бар:
материализм. «Заттан башка эч нерсе жок» жана «жандыктар менен адамдын
аң-сезими да кыймыл абалындагы заттан гана турат» деп кабыл алган бул көз-караш
негизи башында Байыркы Грецияда жашаган кээ бир философтор тарабынан
чыгарылган. 18-кылымда материализмди кабыл алып, башкаларга сиңирген эки
белгилүү киши Француз революциясынын жол башчыларынан Дени Дидро менен анын
жакын досу барон Гольбах болгон. Барон Гольбах 1770-жылы чыккан «Système de la nature» (Табият системасы) аттуу китебинде өзүнчө
«илимий» деп атаган бир катар көз-караштарына таянып, «зат менен энергия гана
бар» деп айткан. Гольбах фанатик атеист болгон жана адеп-ахлак түшүнүгүнө каршы
чыгып, адам колдон келишинче көп ырахат алышы жана ал үчүн бардык нерсени жасап
көрүшү керек деген.
18-кылымда бир
канча ойчул тарабынан кабыл алынган материализм 19-кылымда бир топ жайылган
жана Франция менен эле чектелбестен Европанын башка өлкөлөрүндө да тамырлай
баштаган. 19-кылымдын баштарында Германияда пайда болгон эки негизги
материалист ойчул бар: Людвиг Бюхнер жана Карл Фохт. Фохт адамдын аң-сезиминин
булагын түшүндүрүүгө аракет кылып жатып, «боор өт суюктугун бөлүп чыгаргандай,
адамдын мээси ойлорду бөлүп чыгарат» деп айткан. Анын бул сандырак
салыштыруусун ошол кездеги материалисттер да колдогон эмес. Материализм ушул
сыяктуу сандырак көз-караштар менен чыкканына карабастан, ошол доордун динге
каршы күчтөрү тарабынан кабыл алынып, Европа элдерине сиңириле баштаган. Материализм
акыл менен илимдин пайдубалындай көрсөтүлгөн жана бул алдамчы пропаганда алгач
Францияда, андан соң Германияда жана бара бара бүт Европада интеллектуалдардын
арасында тездик менен тараган. Мында, албетте, материализмди бир диндей кабыл
алган жана Европанын 19-кылымдагы интеллектуалдарынын арасында кеңири тараган
масон уюмдары да чоң роль ойногон.
Байыркы бир
догма болуп эсептелген материализм ушинтип тарап жатканда, бир жагынан
материализмди ар кайсы илим тармактарына киргизүү аракеттери да жасалган. Материализм:
1. Табигый илимдерге киргизилген, муну жасаган
киши англиялык табият таануучу Чарльз Дарвин болгон.
2. Коомдук илимдерге киргизилген, муну жасаган
кишилер болсо немец философтор Карл Маркс менен Фридрих Энгельс болгон.
Дарвиндин
чыгарганы «эволюция теориясы», Маркс менен Энгельстин чыгарганы болсо
«коммунизм» деп аталат.
![]() |
| Материализмдин "кокустук" агымынын курмандыктары. 1. Чарльз Дарвин, 2. Лев Троцкий, 3. Фридрих Энгельс, 4. Карл Маркс. |
Маркс жана Дарвин
Негизи Дарвиндин
эволюция теориясы Маркс менен Энгельстин теориясын да камтыйт деп айтууга
болот. Анткени коммунизм да бир «эволюция теориясы», эволюция теориясынын
тарыхка жана коомдук илимге ылайыкташтырылган көрүнүшү. Бул чындык 20-кылымдын
баштарында белгилүү дарвинист жана марксист ойчулдардын бири Антон Паннекук
тарабынан жазылган «Marxism and
Darwinism» (Марксизм жана Дарвинизм) аттуу китепте төмөнкүчө сүрөттөлөт:
Марксизмдин жана ошол эле учурда дарвинизмдин
илимий мааниси – экөөнүн тең эволюция теориясынын жолун жолдошу. Бирөөсү муну органикалык дүйнөнүн
тармагында, жандыктарга колдонсо, экинчиси коомдук тармакта ишке ашырган...
Дарвиндин таалими менен Маркстын таалими, башкача айтканда, табигый илимдер
тармагы менен адамзат коому тармагында иштелип чыккан бул эки доктрина эволюция
теориясын позитивдүү билимге айланткан. Бул аркылуу эволюция теориясын коомдук
жана биологиялык өнүгүүнүн негизги түшүнүгү катары коомчулукка кабыл
алдырышкан.1
Дарвинизм менен
марксизмдин ортосунда эки негизги түшүнүктө тең толук шайкештик бар:
1. Дарвинизм бүт жандыктар «кыймыл абалындагы
заттан» турат, ал зат жаратылган эмес жана башкарылбайт, ошондуктан бардык
жандыктар кокусунан пайда болушкан, адам болсо башка жаныбарлардан эволюция
аркылуу келип чыккан бир жаныбар түрү деп айткан. Эч бир илимий далили жок жана
туура эместиги кийинки жылдары илимий ачылыштар менен тастыкталган бул
көз-караштар «бир гана зат бар» деп ишенген жана бүт адамзат тарыхын
материалдык факторлор менен түшүндүрүүгө аракет кылган Маркс менен Энгельстин
көз-караштарына толук дал келет.
2. Дарвинизм «күрөштү»
(кагылышууну) жаныбарлар дүйнөсүндө өнүгүүнүн кыймылдаткыч күчү деп айткан.
«Табигый ресурстар жандыктарга жетишсиз, ошондуктан «жашоо үчүн күрөш» тынымсыз
уланат, бул күрөш эволюция кылуучу күчтү пайда кылат» деген көз-караштар –
Дарвиндин теориясынын эң негизги пайдубалы. Маркс менен Энгельс кабыл алган «диалектика» ыкмасы да дал ушундай.
Диалектика боюнча, ааламдагы өнүгүүнүн бирден-бир кыймылдаткыч күчү
карама-каршылыктардын ортосундагы кагылышуу. Адамзат тарыхы да кагылышуу
аркылуу өнүгүп, адам кагылышуу аркылуу алдыга жылган.
Маркс-Энгельс
дуэти менен Дарвиндин теорияларын изилдегенде, бир борбордон чыккандай
бири-бирине толук шайкеш келээрин көрөбүз. Дарвин материалисттик философияны
табиятка, Маркс-Энгельс болсо тарыхка ылайыкташтырган.
![]() |
| Энгельс, Дарвин жана Маркс. |
Дарвиндин
материализмге кошкон бул чоң салымынын маанисин биринчи болуп түшүнгөн киши Карл Маркс болгон. Маркс Дарвиндин
1859-жылы чыккан «Түрлөрдүн келип чыгышы»
аттуу китебин окуп чыгып, бул китептин өзүнүн теориясына чоң таяныч болоорун
түшүнгөн. 1860-жылы 19-декабрьда Энгельске жазган катында Дарвиндин китеби
жөнүндө «биздин көз-караштарыбыздын
табият тарыхы боюнча пайдубалын камтыган китеп мына ушул» деген.2 1861-жылы 16-январьда Лассальга жазган катында
болсо мындай дейт: «Дарвиндин эмгеги зор
эмгек. Тарыхтагы таптык (класстык) күрөштүн табигый илимдер жагынан пайдубалын
түзөт.»3
Маркс Дарвинге
болгон симпатиясын эң чоң эмгеги «Капиталды»
Дарвинге арноо аркылуу баса белгилеген. Китебинин Дарвинге жиберген немец
тилиндеги нускасына кол жазмасы менен мындай деп жазган:
«Чарльз Дарвинге,
чыныгы күйөрманы Карл Маркстан».4
Дарвинизм
коммунизм үчүн ушунчалык маанилүү болгондуктан, Энгельс Дарвиндин китеби
жарыяланаар замат, Маркска мындай деп жазган: «Азыр мен китебин окуп жаткан Дарвин – бир сөз менен айтканда, укмуш».5
![]() |
| Лев Троцкий |
Энгельс Дарвинге
болгон суктануусун башка бир сөзүндө төмөнкүчө белгилеген: «табият
метафизикалык эмес, диалектикалык жол менен алдыга жылат. Мында эң биринчиден
Чарльз Дарвиндин аты эскерилиши керек.»6 Энгельс Дарвинди Маркска теңеп мактаган жана
«Дарвин органикалык табияттагы эволюция мыйзамын ачса, Маркс адамзат
тарыхындагы эволюция мыйзамын ачты» деп айткан.7
Энгельс «Дарвин органикалык табияттагы эволюция
мыйзамын ачса, Маркс адамзат тарыхындагы эволюция мыйзамын ачты» деп Дарвинди
Маркска теңеп мактаган.8
Ленин да, башка
коммунист лидерлер сыяктуу, Дарвиндин теориясынын диалектикалык материализм
философиясынын негизги таянычы экенин көп жолу белгилеген. Бир сөзүндө
дарвинизмге болгон көз-карашын төмөнкүчө билдирген:
«Дарвин жаныбарлар
менен өсүмдүк түрлөрүнүн бири-бири менен байланышы жок, аларды Аллах жараткан,
ошондуктан алар өзгөрбөйт деген ишенимди жокко чыгарган.»9
Ленин «Дарвин организмдерди
Аллах жараткан деген көз-карашты жокко чыгарды» деген сөздү, албетте, ошол доордун
өнүкпөгөн илимий шарттарында, идеологиялык максатта гана айткан. Дарвиндин
теориясы Ленин жашаган кезде да, андан кийин да илимден көптөгөн таш талканын
чыгаруучу соккуларды жеди. Ленин тарабынан «бүт эл аралык марксизм адабиятын эң
мыкты билген киши» деп аталган, орус коммунизминин жол башчысы Георгий
Валентинович Плеханов болсо «марксизм –
дарвинизмдин коомдук илимдерге киргизилиши» деп буга эң кыска аныктама
берген.10
![]() |
| Плеханов Г.В. |
Сталин болсо
Дарвиндин көз-караштарына канчалык маани берээрин төмөнкүчө белгилеген:
«Жаш муундарга...
үч нерсени окутушубуз керек: дүйнөнүн өмүрүн, геологиялык тегин жана Дарвиндин
ой-пикирлерин.»11
Коммунисттик
Кытайдын негиздөөчүсү Мао ошол кездеги бир сөзүндө: «Кытай социализминин пайдубалы Дарвинге жана эволюция теориясына таянат»
деп, коммунисттик системанын негизги таянычын апачык белгилеген.12
Ватикан
университетинин тарых профессору Малахия Мартин Маркс менен Дарвиндин
ортосундагы байланышты төмөнкүчө сүрөттөйт:
Чарльз Дарвин
теориясын чыгарганда, Маркс аны теориядан бир топ жогору койду. Аны «руханий
ааламдын» жок экенин, бир гана «материалдык ааламдын» бар экенин көрсөткөн
«илимий» далил катары кабыл алды. Дарвин Гегельдин идеализмин жокко чыгарууда
Маркска бир таяныч болгон... Дарвиндин теориясынын болгону бир теория экенин...
коомдук жактан жараксыз болуу ыктымалдыгын толугу менен көрмөксөн болгон Маркс Дарвиндин ой-пикирлерин ошол доордун
коомдук класстарына ылайыкташтырды... Дарвиндин эволюция теориясындагы
сыяктуу, Маркс бардык заттарга окшоп, коомдук класстар да тынымсыз жашоо жана эгемендүүлүк
үчүн күрөшүүгө тийиш деп ойлоду.13
Дарвинизм менен
марксизмдин ортосундагы бул күчтүү байланышка учурдагы эволюционисттер да басым
жасашат. Эволюция теориясынын учурдагы эң белгилүү жактоочуларынын бири, биолог
Дуглас Футуйма «Эволюция биологиясы» аттуу
китебинин баш сөзүндө «Маркстын адамзат тарыхын түшүндүргөн материалисттик
теориясы менен бирге Дарвиндин эволюция
теориясы материализм пайдубалында чоң бир баскыч болгон» деп мына ушуну
белгилеген.14 Дагы бир белгилүү эволюционист, палеонтолог
Стивен Джей Гулд болсо «Дарвин табиятты сүрөттөөдө абдан логикалуу бир материалисттик философияны колдонгон»
деп айткан.15 Россиядагы коммунисттик революциянын Ленин
менен бирге эки негизги жол башчысынын бири Лев Троцкий «Дарвиндин ачылышы бүт органикалык зат тармагында
диалектиканын (диалектикалык материализмдин) эң чоң жеңиши болду» деген ойун
айткан.16
Булардын баары
дарвинизм менен марксизмдин ортосунда өтө маанилүү байланыш бар экенин апачык
көрсөтөт. Дарвинизм болбосо, марксизм да болбойт деп так айтууга болот. Эгер
бир адам дарвинизмдин жараксыздыгын түшүнсө, марксизмдин да жараксыз экенин
түшүнөт. Албетте, мунун карама-каршысы да туура: бир коомдо дарвинизм кеңири
тараса, ал коомдо марксизм да күчөйт.
Ошондуктан
дарвинизмдин жараксыз экенин илимий жана социологиялык жактан түшүнүү адамзат
үчүн абдан маанилүү. Бул акыйкатты билүү дарвинизмге таянган жана бүгүнкү күндө
буктурмада жаткан марксизмдин кайрадан күчтөнүшүнүн алдын алып, адамдардын
өткөн кылымда тарткан азаптарынын кайрадан кайталанышына бөгөт койот.
Тарых да
дарвинизм болбосо марксизмдин жашай албашын көрсөтүүдө.
Дарвинизмдин жайылышы жана коммунизм-капитализм байланышы
Дарвинизмдин
саясий таасирлерин караганда бир нерсеге көңүл буруу керек: бул теориянын бир
идеология менен эмес, бири-биринен абдан айырмалуудай көрүнгөн көптөгөн
идеологиялар менен байланышы бар. Дарвинизм колдоо көрсөткөн идеологиялардын
арасында коммунизмден тышкары, расизм, империализм, капитализм, фашизм сыяктуу
көптөгөн агымдар бар. Бир караганда бири-бири менен эч байланышы жоктой, ал
тургай, карама-каршыдай көрүнгөн бул идеологияларды бириктирген нерсе – бул,
алардын Аллахтан келген диндерге жана ал диндерде сүрөттөлгөн адеп-ахлактык
баалуулуктарга каршы болушу.
Бул
идеологиялардын жол башчылары диний ишенимдерди жана баалуулуктарды өздөрүнө
бир тоскоолдук катары көрүшкөн жана дарвинизмди ал ишенимдер менен баалуулуктарды
жок кылуу үчүн курал катары пайдаланышкан. Кызыгы, бир жагынан өздөрүнүн
идеологияларына жол ачабыз деп, экинчи жагынан өздөрүнө атаандаш идеологияларды
күчөтүшкөн. Мисалы, ырайымсыз «жашоо үчүн күрөшкө» себеп болгон эркин рынок
системасын адамдарга кабыл алдыруу үчүн дарвинисттик адеп-ахлакка колдоо
көрсөткөн капиталисттер бул аркылуу экинчи жагынан коммунизмге пайдубал
түзүшкөн.
Марксист ойчул Антон
Паннекук «Marxism and Darwinism»
(Марксизм жана дарвинизм) аттуу китебинде бул кызыктуу жагдайга токтолуп,
буржуазиянын, б.а. европалык бай капиталист класстын дарвинизмге көрсөткөн
колдоосун төмөнкүчө сүрөттөгөн:
Марксизмдин
маанисинин жана ордунун бир гана анын пролетар таптык күрөшүндөгү ролуна
карыздар экенин элдин баары билет... Дарвинизмдин да марксизм менен бирдей
тажрыйбаларды башынан өткөргөнүн көрүү кыйын эмес. Дарвинизм илим дүйнөсү
тарабынан объективдүү түрдө талкууланып жана текшерилип кабыл алынган, абстракттуу
бир теория эмес. Жок, дарвинизм биринчи кадамын таштаар замат, дилгир
колдоочулары жана жалындуу душмандары пайда болгон. Дарвиндин ысмы анын
теориясынан бир аз бир нерсе түшүнгөндөр тарабынан даңкталган... Дарвинизм да
таптык күрөшкө өз салымын кошкон жана мындан улам өтө тез жайылып, жалындуу
тарапкерлерге жана күчтүү душмандарга ээ болгон.
Дарвинизм чиркөөнүн мыйзамдарына жана
аристократияга каршы чыккан буржуазияга курал болгон... Буржуазия аларга тоскоол болгон мурдакы башкаруучу
күчтөрдү жок кылууну көздөгөн... Дин аркылуу поптор чоң массаларды башкарган
жана натыйжада буржуазиянын талаптарына каршы чыга алган... Табият илими диний
ишенимге каршы колдонулуучу бир куралга айландырылып, илим жана жаңы ачылган
табият мыйзамдары алдыңкы планга чыгарылган жана буржуазия ушул куралдар менен
согушкан...
Дарвинизм эң
керектүү учурда келген; Дарвиндин «адам төмөнүрөөк жаныбарлардан келип чыккан»
деген теориясы христиан ишениминин бүт пайдубалын жок кылган. Ошондуктан дарвинизм пайда болгондо, буржуазия аны
абдан жалындуу колдогон... Ал шарттарда илимий талкуулар да таптык күрөштүн
фанатизми жана ышкыбоздугу менен жүргүзүлгөн. Дарвин жөнүндөгү макалалар
илимпоздордун аттарынан жарыяланганына карабастан, коомдук полемикалардын
мүнөзүн камтыган.17
Дарвинизм чындап
эле ушул жол менен жайылган. Европанын үстөм күчтөрү дарвинизмди өздөрүнүн
өлкөлөрүндө орноткон капиталисттик системаны жана дүйнө жүзүндө орноткон
империалисттик колониялык системаны адамдарга кабыл алдыруу үчүн эң мыкты мүмкүнчүлүк
катары көрүшүп, ага колдоо көрсөтүшкөн (тереңирээк маалымат алуу үчүн Харун
Яхьянын «Дарвиндин түрк душмандыгы»
аттуу эмгегин караңыз). Дарвинизмдин илимий карама-каршылыктарын, ойдон
чыгарылган гипотезаларын, сандырак көз-караштарын толугу менен байкамаксан
болушкан жана аны диний ишенимдерге жана динде белгиленген адеп-ахлактык
баалуулуктарга каршы бир курал катары көрүшүп, идеологиялык максатта
жайылтышкан.
![]() |
| Дин кызматкерлерин атып өлтүргөн Париж коммуначылары. |
Бирок
дарвинизмди ушул максатта жайылткан «буржуазия», б.а. капиталисттик тап (класс)
бул теория аркылуу өзүнүн атаандашына да колдоо көрсөткөн. Анткени дарвинизмдин
жайылышы жана натыйжада диний ишенимдердин жок кылынышы капитализм менен бирге
марксизмдин да чырагына май тамызган. Дин аркылуу адамдарга үйрөтүлгөн
каниеттүүлүк, токтоолук, жөнөкөйлүк, бир туугандык, кайрымдуулук, боорукердик,
мээрим сыяктуу адеп-ахлактык баалуулуктар жок кылынган соң, коом жапайы аренага
айланат. Ал аренада капиталисттердин ортосундагы «жашоо үчүн күрөш» менен
бирге, капиталисттер менен коммунисттердин ортосундагы «таптык жашоо үчүн
күрөш» да келип чыгат.
1871-жылы
күзүндө европалык табият таануучулар катышкан эл аралык бир конгрессте сөз
сүйлөгөн германиялык мамлекеттик ишмер жана табият таануучу Вирхов
дарвинисттерге «этият болгула» деп айткан, «анткени бул теория кошуна өлкөдө
өтө чоң кордуктарга себеп болгон бир теория менен тыгыз байланышта.»18 Вирхов айткан кошуна өлкө Франция болгон жана
ал айткан теория ошол жылы кандуу Париж
коммунасын жасаган француз коммунизми болгон. (Париж коммунасы Германияга
каршы согуштан жеңилүүгө дуушар болгон Францияда мамлекеттик бийлик алсыраган
учурда Париждеги коммунисттердин жол башчылыгы менен башталган бир шаардык
козголоң болгон. Бир канча ай бою шаар коммуна башчылары тарабынан башкарылып,
диний борборлорго жана дин кызматкерлерине карата кеңири масштабдуу чабуулдар
уюштурулган.)
Кыскасы,
коммунисттер менен капиталисттердин, ортосундагы кагылышууларга карабастан, дин
душмандыгы жагынан бир пикирде экенин жана бул багытта дарвинизмден чоң колдоо
алганын айтууга болот. Ошондуктан коммунисттер бир коомдо коммунисттик
революцияны даярдай алуу үчүн алгач ал коом капиталисттешиши керек деп
эсептешет. Бул максатта ал коомдо коммунизмдин алдыңкы бир баскычы деп
эсептелген капитализмдин, б.а. буржуазиянын өрчүшүнө мүмкүнчүлүк беришет.
Капиталисттик
түшүнүктүн өрчүп, жайылып башташы менен бирге (мында дарвинизм пропагандасы эң
негизги рольду ойнойт), коом алгач динден алыстатылып, бардык улуттук жана
руханий баалуулуктарынан, адеп-ахлак түшүнүктөрүнөн, өз ара биримдик, ынтымак,
сүйүү жана көмөктөшүү сезимдеринен ажырайт. Натыйжада бири-бирин атаандашы, ал
тургай, душманы катары көрө баштаган, биргелешип иш алып баруу өзгөчөлүгүн
жоготкон коомдор уруш-талаштарга, кагылышууларга жана террорго түртүлөт да,
коммунизм каалаган пайдубал толугу менен түзүлөт.
Россиядагы
революциянын лидери Владимир И. Ленин марксизмдин бул принцибин төмөнкүчө
түшүндүргөн:
Марксизмдин бизге
окутканы боюнча, коммерциялык өндүрүш жасаган жана маданияттуу капиталисттик
коомдор менен соода мамилелерин жүргүзгөн бир коом өнүгүүнүн бир баскычында
сөзсүз түрдө капитализмди кабыл алат. Марксизмдин бул принциптери далилденген,
жалпысынан толугу менен чечмеленген.
Ошондуктан
буржуазия революциясы пролетариат үчүн пайдалуу. Буржуазия революциясы
пролетариаттын кызыкчылыктары үчүн сөзсүз керек.19
Ленин 1909-жылы
жазган «Пролетардык партиянын динге карата мамилеси» аттуу макаласында болсо
буржуазиянын, б.а. капиталисттик таптын динге каршы ойногон ролун төмөнкүчө
баяндаган:
Биринчиси, дин менен күрөшүү милдети тарыхый жактан революциячыл
буржуазиянын милдети жана Батышта буржуазиялык демократия феодализмге жана
ортоңку кылымдын системасына каршы чыккан революциялары учурунда бул милдеттин
көпчүлүк бөлүгүн орундаткан... Францияда да, Германияда да буржуазиянын дин менен күрөшүү салты бар жана бул социализмден (энциклопедисттерден
жана Фейербахтан) бир топ мурда башталган. Россияда болсо буржуазиялык
демократиялык революциябыздын өзгөчө шарттарынан улам, бул милдет да дээрлик
толугу менен жумушчу таптын мойнуна жүктөлгөн.20
Көрүнүп
тургандай, Ленин «дин менен күрөшүү милдетинин» капиталисттерге тиешелүү
экенин, Европада бул милдетти капиталисттердин аткарганын, бирок Россияда бул
тап болбогону үчүн дин менен күрөшүүнү өздөрүнүн аркалаганын айткан. Лениндин
бул сөздөрү коммунизм менен капитализмдин ортосундагы кагылышуунун чындыгында
болгону бир «ички кагылышуу» экенин жана бул эки күчтүн бирдиктүү жана чыныгы
душманынын дин экенин ачык айгинелейт.
Коммунизмдин эң
канкор диктаторлорунун бири Иосиф Сталин болсо «коммунизм өрчүшү үчүн башка
өлкөлөргө жиберилген акчалардан Түркияга жөнөтүлгөн акчалардын гана аянычтуу
экенин» айткан. Анын себебин сурашканда:
«Анатолия дагы эле диний салттарды карманат; европалык капиталисттер аларды
салтынан алыстатсын, пропагандабыз андан соң натыйжалуу боло алат» деп жооп
берген.21
Жогоруда
айтылгандардан апачык көрүнүп тургандай, жапайы капитализм, коммунизм сыяктуу
динден алыс көз-караш, философия жана идеологиялар коомдорду бузуп, аларды
абсолюттук чындыктардан алыстатууну жана адеп-ахлактык, адамдык баалуулуктардан
ажыратып, өздөрүнүн динге сыйбаган системаларын кабыл алдырууну көздөшөт. Бирок
бул системалардын эч биринин динге каршы жасаган иш-аракеттери ийгиликке жете
албайт.
Бир нерсени
унутпаш керек: тарыхта да динге каршы күрөшкөн, Аллахтын элчилерине моюн
сунбаган, Аллахтын акыйкат китептеринен жүз бурган коомдор жашаган. Ал коомдор
да өздөрүнчө акыйкат динди жок кылууга аракеттенишкен. Бирок аягында бүт баары
жеңилүүгө дуушар болушкан, Аллах алардын жалганчы системаларын жер менен жексен
кылган жана чындап ыйман кылган, чын ыкластуу пенделерин бардык жалганчы
системалардан жана аларды ээрчигендерден үстөм кылган.
Мындай
коомдордун баарынын жыйынтыгы бири-бирине окшош: Аллах Анын динине каршы
күрөшкөн мындай адамдардын кээ бирине жер жүзүндө бир апаат берген, кээ бирине
болсо акыретте оор азаптын күтүп турганын сүйүнчүлөгөн. Бул акыйкат Куранда
төмөнкүчө кабар берилет:
Аллахтын аяттары
тууралуу каапырлар гана талашат. Алардын шаарларда кыдырып жүрүшү сени
жаңылтпасын. Аларга чейин Нухтун коому да, алардан кийин (көптөгөн) топтор да
жалганга чыгарышкан. Ар бир үммөт өздөрүнүн элчилерин (оозун жабуу үчүн)
кармаганга аракет кылган. Чындыкты жок кылуу үчүн, жалганга таянып күрөш
башташкан. Бирок Мен аларды кармадым. Менин жазалоом кандай экен? Сенин Раббиңдин
каапырлар жөнүндөгү: «чындыгында алар оттун эли» деген сөзү ошентип акыйкатка
айланды. (Момун Сүрөсү, 4-6)
ФАШИЗМ МЕНЕН КОММУНИЗМДИН БИРДИКТҮҮ ЖАЛГАНЫ: ДАРВИНИСТТИК КҮРӨШ
Коммунизмдин
негиздөөчүсү Маркс тарыхтын өнүгүшүнүн бирден-бир жолу «күрөш» деп айткан.
Коомдор, көз-караштар, ой-пикирлер да күрөш, согуш жана төңкөрүш аркылуу гана
алдыга жылат деп ойлогон. «Эгер карама-каршылык жана күрөш болбогондо, бүт
нерсе кандай болсо, ошол бойдон калмак» деп айткан. Ал тургай, Маркс «зомбулук
жаңы коомду төрөй турган ар бир эски коомдун акушери» деп, миллиондогон адамды
согушка, кыргынга, кан төгүүгө үндөгөн.
Маркстын бул
пикирлери бара бара көптөгөн тарапкерлерге ээ болгон. Эң ырайымсыз кыргындарды
жасаган коммунист лидер Ленин муну «өнүгүү
карама-каршылардын күрөшү» деп сүрөттөгөн (Ленин, Тандалма эмгектер, том 11, б. 81). Бул күрөш кан төгүү аркылуу
жүрүшү керек деп жактаган.
Коммунист
лидерлер сыяктуу фашист лидерлер да зомбулук, революция жана согуш өнүгүүнүн
бирден-бир жолу деп ишенишкен. Гитлердин эң негизги интеллектуалдык таянычы, расист,
немец тарыхчы Генрих фон Трейчке «улуттар
Дарвиндин жашоо үчүн күрөшүнө окшогон күчтүү атаандаштык аркылуу гана өнүгө
алышат...» деп айткан (Burns, Çağdaş
Siyasal Düşünceler (Заманбап саясий көз-караштар), 1850-1950, б. 446).
Зомбулуктун тарыхта кыймылдаткыч күч экенине жана согуштун революция алып
келээрине ишенген дагы бир фашист лидер Муссолини болгон. Британия империясынын
солгундашын «эволюциянын эң негизги
кыймылдаткыч күчү болгон согуштан качууга аракеттенишине» байланыштырган.
Эки идеологиянын
тең негизги таянычы Дарвин табиятта бар деп эсептеген «жашоо үчүн күрөш»
түшүнүгү болгон. Маркстын диалектикалык материализминин пайдубалы болгон «күрөш
(кагылышуу)» түшүнүгү да, фашизмдин согушту кыймылдаткыч күч деп эсептеген
көз-карашы да Дарвиндин эволюция теориясынын коомдук илимдерге киргизилишинен
пайда болгон.
Бул
идеологиялардын жыйынтыгы баарыбызга белгилүү: күрөш тынымсыз уланышы керек
деген түшүнүк – бул адамзатты толугу менен жок кылууну көздөгөн бир кадам,
үзгүлтүксүз «кан төгүү кудугу». Бул идеологияларды ээрчиген адамдардын баары сөзсүз
түрдө тынымсыз бири-бири менен кагылышып, бири-бирине зулумдук кылып, өнүгөбүз
деген ураан менен бири-биринин канын төгөт. Аллах адамдарга буйрук кылган
сүйүү, урматтоо, кайрымдуулук, берешендик сыяктуу адамдык баалуулуктар, тынчтык
жана бейпилдик толугу менен жоголот. Чындап эле өткөн 20-кылым ушул
идеологиялардын себебинен кордуктардын жана балээлердин доору болду.
Бирок карама-каршылыктар мыкаачылыкты жана
кыргынды талап кылбайт. Карама-каршылыктар бүт тарапта бар. Түн менен
күндүз, жарык менен караңгы, терс менен оң, суук менен ысык, жакшы менен жаман
ар дайым бар. Бирок бул карама-каршылыктар
сулуулуктарды көрсөтүү, сабырдуулук, ынтымак жана кечиримдүүлүк сыяктуу мыкты кулк-мүнөздөрдү
айгинелөө үчүн жаратылган.
Бул нерсе
көз-караштарга да тиешелүү. Адамдардын ар кандай көз-карашта болушу бири-бирин
өлтүрүп, таш боордук менен кырып жок кылышына жүйө боло албайт. Аллах адамдарга
душмандарына да жакшы мамиле кылууну, адамдарга жакшы сөз айтууну буйруган:
Жакшылык менен
жамандык тең эмес. Сен эң сонун бир жол менен (жамандыкты) алыстат; ошондо,
сени менен ортоңордо душмандык болгон адамдын ысык бир досуң болуп калганын
(көрөсүң). (Фуссилет Сүрөсү, 34)
Ар кандай карама-каршылык Куранда кабар
берилгендей акылдуу жана абийирдүү адамдар тарабынан ынтымак, бейпилдик жана
сабырдуулук менен чечилет. Муну түшүнө албаган жана диалектикалык материализм калпына ишенген элдердин
мүчөлөрү бири-бири менен көп жыл бою согушуп, жапайы жаныбарлардай чабышышты
жана аягында бүт эл алдан тайды. Ошентип Аллахтын Куранда төмөнкү аятта
билдирген акыйкаты ишке ашты:
Аллахка жана
Элчисине моюн сунгула жана өз ара урушуп талашпагыла, маанайыңар түшүп, күчүңөр
жоголот. Сабыр кылгыла. Күмөнсүз, Аллах сабыр кылгандар менен бирге. (Энфал
Сүрөсү, 46)
Аятта кабар
берилгендей, адамдар Аллахтын жана Ал жол башчы катары жиберген пайгамбарлардын
жолунан чыгышып, жер жүзүн тынчтыктын мекени кылуунун ордуна, зулумдуктун
уясына айлантышкан. Ошондуктан бардык күчүнөн ажырап, өздөрүн өздөрү азапка
түртүшкөн. Куранда буйрук кылынган боорукердик, мээрим, кайрымдуулук,
токтоолук, адилеттүүлүк сыяктуу сыпаттардын адамдарга жана элдерге күч берүүчү
кулк-мүнөздөр экенин унутпаш керек. Диалектикалык материализм сыяктуу атеисттик
көз-караштардан чыккан сандырак агымдар болсо адамзатка бир гана кыйроо жана
азап алып келет. Адамдардын кутулууга жетип, жер жүзүндө бейпил жана коопсуз
жашашынын бирден-бир жолу – бул Аллах буйруган Куран адеп-ахлагы менен өмүр
сүрүү.
Булактар:
1 Anton Pannekoek, Marxism and Drawinism, Translated by Nathan Weiser. Transcribed for the Internet by Jon Muller, Chicago, Charles H. Kerr & Company Co-operative Copyright, 1912 by Charles H. Kerr & Company. (http://www.marxists. org/archive/pannekoe/index.htm)
2 Marx Engels Mektuplar, s. 426
3 Marx Engels Mektuplar, cilt 2, s.126
4 Conway Zirkle, Evolution, Marxian Biology, and the Social Scene (Philadelphia: University of Pennsylvania Press, 1959), s. 85-87
5 Conway Zirkle, Evolution, Marxian Biology and the Social Scene, Philadelphia; the University of Pennsylvania Press, 1959, s. 527
6 Friedrich Engels, Ütopik Sosyalizm-Bilimsel Sosyalizm, s. 85
7 Gertrude Himmelfarb, Darwin and the Darwinian Revolution, Chatto & Windus, London, 1959, s. 348
8 Gertrude Himmelfarb, Darwin and the Darwinian Revolution, London: Chatto & Windus, 1959, s. 348
9 http://www.fixedearth.com/hlsm.html
10 Robert M. Young, Darwinian Evolution and Human History, Radio talk given in an Open University course on Darwin to Einstein: Historical Studies on Science and Belief, 1980
11 Kent Hovind, The False Religion of Evolution, http://www.hsv.tis.net/….ke4vol/evolve/ndxng.html (Bu kitap sadece internette yayınlanmıştır.))
12 K. Mehnert, Kampf um Mao's Erbe, Deutsche Verlags-Anstalt, 1977
13 Malachi Martin, The Keys of This Blood: The Struggle for World Dominion Between Pope John Paul II, Mikhail Gorbachev, and the Capitalist West, New York: Simon & Schuster, 1990, s. 203-5
14 Douglas Futuyma, Evolutionary Biology, 2nd ed., Sunderland, MA: Sinauer, 1986, s. 3
15 Alan Woods and Ted Grant. "Marxism and Darwinism", Reason in Revolt: Marxism and Modern Science, London, 2003, s. 106
16 Alan Woods and Ted Grant, Reason in Revolt, Vol. II: Dialectical Philosophy and Modern Science, New York: Algora Publishing, 2003, s. 115
17 Anton Pannekoek, Marxism and Darwinism, 2013, s. 22-24
18 Anton Pannekoek, Marxism and Drawinism, 2013, s. 27
19 Lenin Toplu Yazıları, Cilt 9, Haziran – Kasım 1905
20 Viladimir Ilyiç Lenin, "Proletarya Partisinin Din Konusundaki Tutumu", Proletarya, Sayı: 45, 13 (28 Mayıs 1909, Eriş Yayınları)
21 Joseph Stalin, "Leninizm'in Sorunları", Sol yayınları, Kasım 1992








Hiç yorum yok:
Yorum Gönder