4 Temmuz 2020 Cumartesi

1-КОШУМЧА БӨЛҮМ: МАТЕРИАЛИЗМДИ КУЛАТКАН УЛУУ АКЫЙКАТ


ЭСКЕРТҮҮ!



Бул бөлүмдө айтылгандар жашоонун АБДАН МААНИЛҮҮ бир сырын камтыйт.
Материалдык дүйнөгө болгон көз-карашыңызды түп-тамырынан өзгөртө турган бул теманы кунт коюп, жакшылап түшүнүп окушуңуз керек.
Бул жерде айтылгандар бир көз-караш, башкача подход же кандайдыр бир философиялык ой жүгүртүү эмес; динге ишенген-ишенбеген бардык адамдар кабыл ала турган, бүгүнкү күндө илимий жактан да далилденген анык чындык.


Коммунисттер 20-кылым бою адамзатка таттырган азаптардын жана кыйынчылыктардын тамырында дарвинисттик, материалисттик ишеним жатат. Коммунисттер материалисттик философияны эч далилсиз кабыл алып, заттан башка эч нерсе жок дешет жана адамдарда бир рух бар экенин четке кагышат. Ошондой эле, Дарвиндин эволюция теориясын кабыл алып, адамдарды «жаныбарлардын өнүккөн түрү» деп эсептешет.
Китептин бул жана кийинки бөлүмүндө бул идеологиянын жараксыздыгы көрсөтүлөт. Бул бөлүмдө материализмдин «заттан башка эч нерсе жок» деген догмасын түп-тамырынан жок кылган абдан маанилүү бир акыйкат каралат. Экинчи бөлүмдө болсо дарвинизм көз-карашынын илимий жактан жараксыздыгы, адамдардын жер бетинде ар дайым адам бойдон жашагандыгы жана жаныбарлардан айырмаланып Аллах тарабынан рух берилген, аң-сезимдүү жандыктар экендиги түшүндүрүлөт.
Алгач материалисттердин дүйнө көз-карашын кыскача карайлы. Материалисттер, жогоруда айтылгандай, затты абсолюттук нерсе катары көрүшөт, б.а. ааламда заттан башка эч нерсе жок деп ойлошот. Мындай бузук логиканын натыйжасында Аллах жок дешет (Аллахты аруулайбыз). Бардык заттардын бир гана Аллахтын каалоосу менен пайда болгонун жана анын каалоосу менен гана бар болоорун түшүнө алышпайт.
Материалисттердин мындай кыйшык философиясы Куранда алардын оозу менен төмөнкүчө сүрөттөлөт:

Ал – биздин дүйнө жашообуз гана; өлөбүз жана жашайбыз, биз тирилтилбейбиз. (Мүминун Сүрөсү, 37)

Курандын башка бир аятында Аллахты жана акыретти четке каккан мындай кишилердин аңкоолугу төмөнкүчө кабар берилген:

Алар дүйнө жашоосунун (жалаң гана) сырткы тарабын билишет. Акыреттен болсо капилет (бейкапар) калышкан. (Рум Сүрөсү, 7)

Материалисттердин мындай капилеттигинин жана аңкоолугунун себептеринин бири – бул алардын өмүр бою өтө улуу бир акыйкатты билбегендигинде. Бул акыйкатты билбегени үчүн бүт өмүрүн заттан көз-каранды жана бул дүйнө менен гана чектелет деп ойлошуп, бул дүйнөгө абдан берилишет.
Төмөндө ыймансыздар билбеген ушул улуу акыйкатты карайбыз.

Заттын артындагы сыр

Бул жерде айта тургандарыбыз материалисттик көз-карашты түп-тамырынан жок кыла турган бир акыйкат тууралуу болот. Бул бир философия же идеология эмес, ар бир адам байкаса да, байкабаса да, ичинде жашаган жана илимдин көптөгөн тармактары тарабынан далилденген бир илимий чындык. Кунт коюп, чын ниет менен караганда түшүнүү да абдан оңой.
Бул акыйкатты кыскача төмөнкүдөй түшүндүрүүгө болот: «бизди жана айлана-чөйрөбүздү түзгөн бардык материалдык заттар рухубуз тарабынан көрүлгөн бир кабылдоолор жыйындысы; «зат» деген түшүнүктү бир түш сыяктуу, бир сүрөттөлүш катары гана мээбизде көрүп сезе алабыз, сырттагы оригиналын болсо эч качан биле албайбыз».
Бул негизи жаңы ачылган, мурда белгисиз болгон бир жагдай эмес. Тарых бою Аллах тарабынан жиберилген пайгамбарлар, терең ой жүгүрткөн акылман кишилер бул акыйкатты түшүнүп, өз доорундагы коомдорго түшүндүрүшкөн. Куранда да ишарат кылынган бул акыйкат бир катар аяттардын сырларын түшүнүүдө да негизги рольду ойнойт. Бул акыйкатты түшүнгөн кишилердин бул тууралуу жазгандарынын бир бөлүгү бүгүнкү күнгө чейин жеткен. Оригинал тексти бурмаланган диндердин кээ бир өкүлдөрү болсо бул акыйкатты мистикалык бир сыр түрүндө сактоону көздөшкөн. Ошондуктан зороастризм, буддизм, даосизм, иудаизм, христиан сыяктуу диндердин сакталып калган тексттеринен да бул акыйкатты табууга болот. Байыркы грек философторунан Пифагор, Элея мектеби, «Үңкүр мифин» чыгарган Платон жана алардын жолун жолдогон көптөгөн ойчулдар бул теманы бир тарабынан түшүндүрүшкөн. Андан кийинки доорлордо да бул тема терең ойлонуп акыйкатты байкаган кишилер тарабынан ар кандай көз-караш жана чечмелөөлөр аркылуу түшүндүрүлүп, окутулган.
Материалисттер жаап-жашырууга аракет кылган бул акыйкат ирландиялык бир дин кызматкери жана философ Беркли тарабынан 18-кылымда кайрадан каралган жана андан кийинки бүт көз-караштарды өзгөрткөн.
Материалисттер болсо Берклиге илимий жооп бере алышпаганы үчүн, анын кадыр-баркын акарат жана жалган жалаа аркылуу түшүрүүгө аракет кылышкан. Берклиге каршы чыккан материалисттердин бири Бертран Рассел. Бирок Рассел материалист чөйрөлөрдүн эң ишенген ойчулу болгонуна жана бул көз-караштын эң күчтүү жактоочусу катары көрүлгөнүнө карабастан, Беркли түшүндүргөн бул акыйкатты толугу менен карабай койо алган эмес жана «Философиянын маселелери» аттуу эмгегинде бул тууралуу мындай деген:
«... Беркли кандайдыр бир логикасыздыкка барбастан, заттын бар экенин четке кагууга болоорун жана эгер бизден көз-карандысыз бир нерсе бар болсо деле, аны сезимдерибиз аркылуу көрүп, сезе албашыбызды далилдөө сыймыгына ээ.»
Рассел бул сөздөрү менен заттын бир элес экендигин негизи четке кага албаганын, ал тургай, каалабастан болсо да аны кабыл алганын мойнуна алууда.
Негизи бир гана Рассел эмес, бүт материалисттик философия кризисте. 21-кылымга кирээрде Эйнштейн баш болгон, заманбап физика, кванттык физика, астрономия, психология, анатомия сыяктуу илим тармактарындагы ачылыштар материалисттик көз-караштагы, позитивисттик илим түшүнүгүн жактаган чөйрөлөрдү терең жаралады. Палеонтология, генетика, биохимия сыяктуу илим тармактарындагы изилдөөлөр эволюция теориясын жокко чыгарды, оптика, психология сыяктуу тармактардагы изилдөөлөр адамдын кабылдоо системасын чечмеледи, астрономия тармагындагы изилдөөлөр «Чоң жарылуу» (Big Bang), б.а. ааламдын жана заттын бир башталышы бар экенин аныктады, атомдун жана субатомдук бөлүкчөлөрдүн изилдениши болсо бүтүндөй классикалык физиканы тескериге айлантып, салыштырмалуулукту, б.а. убакыттын салыштырмалуулугун далилдеди.
Илим тармагындагы Аллахтын бар экенин жана бүт ааламдын үстүндөгү чексиз өкүмдарлыгын сансыз жолу тастыктаган бул ачылыштар фанатизмге жана караңгылыкка малынган материалист ойчулдарды чарасыз калтырды. Алардын мындай чарасыз абалы бүгүнкү күндө да уланууда. Телевизордо, окуу жайларында, конференцияларда жүргөн көптөгөн илимпоздор менен ойчулдар сыртыбыздагы дүйнөгө эч качан жете албашыбызды, жашообуздун мээбизде сезилген кабылдоолордон гана тураарын билип туруп билмексен болушууда жана адамдардан бул акыйкатты жашырышууда, ал тургай, бул акыйкат эч жоктой мамиле кылышууда.
Бирок чындыктарды көрмөксөн болуу аларды абалдан чыгарбайт.
Эми бул акыйкатты тереңирээк карайлы.

Адамдын сырттагы көргөндөрү чындыгында анын ичинде

Биз сыртта бар деп ойлогон нерселерден сезүү органдарыбызга келген таасирлер (үн, жыт, даам, сүрөттөлүш, катуулук ж.б.) нервдерибиз аркылуу мээдеги сезүү борборлоруна өткөрүлөт. Мээге жеткен таасирлердин баары электрдик сигналдар гана. Мисалы, көрүү процесси учурунда сырттагы бир булактан келген жарык бөлүкчөлөрү (фотондор) көздүн арт жагындагы тордомо челге барып, ал жерде бир катар процесстерден соң электрдик сигналдарга айландырылат. Ал сигналдар нервдер аркылуу мээнин көрүү борборуна жеткирилет. Жана биз бир канча сантиметр кубдук көрүү борборунда түркүн түстүү, кооз, узуну, туурасы жана тереңдиги бар бир дүйнөнү көрөбүз.
Ушундай эле система башка сезүү органдарыбызга да тиешелүү. Көрүү, угуу, жыттоо, даам сезүү, тийүү сезимдерибиздин баарынын иштеши бири-бирине окшош. Даамдар тилибиздеги кээ бир клеткалар тарабынан, жыттар мурундун эпителийиндеги клеткалар тарабынан, тийүү сезимдери (катуулук, жумшактык ж.б.) теринин астына жайгаштырылган атайын кабылдоочулар тарабынан, үндөр болсо кулактагы атайын бир механизм тарабынан электрдик сигналдарга айландырылып, мээдеги тиешелүү борборлорго жөнөтүлөт жана ошол борборлордо кабылданат (сезилет).


Муну жакшыраак түшүнүү үчүн төмөнкүдөй мисал келтирүүгө болот: азыр бир стакан кофе ичип жатасыз дейли. Колуңуздагы стакандын катуулугу менен жылуулугу теринин астындагы атайын кабылдоочулар тарабынан электрдик сигналдарга айландырылып мээге жиберилет. Ошол эле учурда кофенин курч жыты, аны уурттаган кезиңиздеги ачуу даамы жана стакандагы күрөң өңү да тиешелүү органдарыңыздын нервдери тарабынан мээге жиберилген электрдик заряддар. Андан соң аны столго коюп жатканыңызда столго урунганынан чыккан үн да кулагыңыз тарабынан алынып, мээге электрдик сигнал катары жиберилет. Жана булардын баары мээде өз-өзүнчө жайгашкан, бирок биргелешип иштеген сезүү борборлору тарабынан бир учурда чечмеленет. Сиз болсо бул чечмелөөнүн натыйжасында бир стакан кофе ичтим деп ойлойсуз.
Муну мындайынан да ойлонуп көрөлү: үйүнүн бир бөлмөсүндө телевизор көрүп же тамак жеп, үй-бүлөсү менен сүйлөшүп отурган бир адам, өзү байкабаса да, негизи өтө улуу бир кереметтин арасында болот. Бул улуу керемет – бөлмөнүн ичинде отурган ал киши көрүп жаткан төрт дубалдан турган сүрөттөлүштүн негизи ал кишинин мээсинин ичинде болушу.
Андай болсо, бөлмө сиздин ичиңиздеби же сиз бөлмөнүн ичиндесизби?
Адамдардын көпчүлүгү бул улуу акыйкатты билишпейт; өздөрүн бир бөлмөнүн ичинде отурам, ал бөлмөдө телевизор көрүп, башкалар менен сүйлөшүп жатам деп ойлошот. Бул акыйкатты бир саамга байкаган кишилер болсо мындан коркуп, бул улуу кереметти байкамаксан болушат. Бирок бул эч ким четке кага албай турган, илим тарабынан толук далилденген анык чындык. Үйдүн төрт дубалынан, дубалдагы сүрөттөн, телевизордон, шыптагы люстрадан, жердеги килемден же кооз креслолордон көзгө келген сигналдар көздүн клеткалары тарабынан электрдик зарядга айландырылат. Ал заряддар андан соң мээнин көрүү борборуна жеткирилет жана адам ичинде отурам деп ойлогон бөлмөнүн сүрөттөлүшүн чындыгында мээсинин ичиндеги экрандан көрөт.
Адам өмүр бою ал жерден сыртка чыга албайт, мээсиндеги экрандан башка эч бир сүрөттөлүштү көрө албайт, мээсиндеги үндөрдөн башка эч бир үндү уга албайт. Адамдын бүт өмүрү ошол кичинекей бөлмөдө өтөт.
Жогоруда да айтылгандай, айланабызда көргөн нерселерибиздин баары мээбизге жеткирилген электрдик сигналдардын мээбиздеги экранда сүрөттөлүшкө айланышынан пайда болот.
Муну жакшыраак түшүнүү үчүн дагы бир мисал келтирели. Бир буюмду, мисалы жайылган дасторконду карадык дейли. Дасторконго жана андагы мөмөлөргө тиешелүү нурлар көзүбүзгө келип, көзүбүздө процесстерден өтүп электрдик импульска айландырылат жана ал импульстар нервдер аркылуу мээбиздин көрүү борборуна жеткирилет. Ошентип биз «ар кандай түстөгү мөмөлөрдү көрүп жатам» дейбиз.
Бул жерге чейин айтылгандарды дээрлик бардык биология жана физиология китептеринен таба аласыз.
Бирок эң таң калыштуусу, көрүү борбору деп аталган жер чымкый караңгы. Негизи мээнин ичинде чыныгы бир экран да жок, б.а. дасторконго тиешелүү электрдик сигналдар келгенде көрүү борборунда бир сүрөттөлүш пайда болбойт. Биз ар кандай түстөгү мөмөлөр турган бир дасторконду көрүп жатам дегенде, негизи ушул чымкый караңгылыкка келген электрдик сигналдарды көрөбүз.
Мына ушул жерде материалисттерди анык туюкка салган акыйкатты көрөбүз: көрүү борбору деп аталган жер май, белок жана нервдерден турат. Ал жерге келген электрдик сигналдарды сүрөттөлүшкө айландырып көрө турган бир зат жок. Андай болсо мээдеги караңгылыктын ичинде электрдик сигналдарды көзсүз эле көрүп жаткан ким?
Бул материализмдин бүт нерсени абсолюттук зат катары көрсөтүүгө аракет кылган калптары менен эч түшүндүрүлө албай турган, дүйнөдө көп адамдар байкай албаган, кереметтүү бир чындык. Мээбиздин ичиндеги чымкый караңгылыкта көзсүз эле, эң сапаттуу телевизордон жана кинотеатрдан тунугураак, үч өлчөмдүү, оригиналынан эч айырмасыз дасторконду көргөн жана аны чечмелеген бир нерсе бар.


Бул кемчиликсиз сүрөттөлүштү көргөн нерсе – адамды жаныбарлардан жана башка бардык жандуу-жансыз нерселерден айырмалаган, адамды жараткан Аллахтын ага «үйлөгөн» Руху. Аллах Куранда «рухтун» бар экенин төмөнкүчө кабар берген:

Раббиң периштелерге айткан эле: «Мен кургак бир ылайдан, калыпка салынган бир балчыктан бир адам жаратамын. Ага бир калып бергенимде жана ага рухумдан үйлөгөнүмдө ылдам ага сажда кылып (жерге) жыгылгыла.» Ошентип периштелердин баары чогуу сажда кылышты. (Хижр Сүрөсү, 28-30)

 
Оригиналынан эч айырмасыз копиялар

Рух сезген кабылдоолордун (сезимдердин) оригиналынан эч айырмасыз болушу негизи өтө улуу бир керемет. Рух заттын өзүн эмес, мээге келген электрдик сигналдарын гана көрүп сезгенине карабастан, заттын катуулугун, кыртышын, формасын, түсүн дал оригиналындай көрөт жана сезет. Бул сезим ушунчалык даана болгондуктан, адам заттын оригиналына тийип жатам деп толук ишенет.
Мисалы, деңиздин учу-кыйырсыз, көгүлтүр, жылымык сууларында сүзүп бараткан киши негизи өтө улуу бир кереметти көрүп жаткан болот. Анткени өзүн сууда сүзүп баратам деп ойлоп жатканда, чындыгында мээсинин ичиндеги караңгылыктан сыртка чыга албайт. Ал сууга киргенден баштап, ар бир чабак урган сайын денесинин ар кайсы тарабына келген сигналдар клеткалары тарабынан заматта электрдик зарядга айландырылып, мээге жиберилет. Мына ушул жерде өтө кереметтүү бир окуя болот. Чабак ура турган колу, манжалары, кыймылдай турган буту, булчуңдары, сөөктөрү жана сууну сезе турган териси жок бир рух суунун терисине тийгенин жана өзүн жогору көтөрүп, алдын көздөй сүзүп баратканын сезет.
Бирок булардын баары адамдын мээсинин ичинде болот. Сырттагы чыныгы суунун өңүн, жылуулугун, тыгыздыгын, чабак урганда чыккан үндөрдү адам эч качан көрүп сезе албайт. Ал тургай, адам өзүнүн денесинин сырткы дүйнөдөгү оригиналын да көрүп сезе албайт. Адам өзүнүн денеси да кошо, бардык заттардын копияларын гана көрөт, угат жана сезет.
Бирок бул кереметтүү чындык мектептерде окутулганына, окуу китептеринде жазылганына жана илимий эмгектерде абдан терең изилденгенине карабастан, адамдардын көпчүлүгү муну байкабайт. Бул кереметтүү чындыкты байкагандардын көпчүлүгү аны түшүнгүсү келбейт.

Материалисттер түшүнүүдөн корккон чындык

Бул жерге чейин айтылгандар бир адам үчүн бул дүйнөдөгү эң кереметтүү жана эң таң калаарлык маалыматтардын бири. Бул маалыматтардын негизинде төмөнкүдөй суроо узаталы: үйүңүздү, ичиндеги буюмдарыңызды, унааңызды, кеңсеңизди, банктагы эсебиңизди, гардеробуңузду, жубайыңызды, апаңызды, атаңызды, кесиптештериңизди, кыскасы сизге тиешелүү бардык материалдык дүйнөнү капкараңгы мээңиздин ичинде көрөөрүңүздү ойлондуңуз беле?
Мээңизге келген сүрөттөлүш менен гана чектелип, сыртты эч качан көрө албашыңыз, жогоруда саналгандарды мээңизде гана көрө алаарыңыз, бул кичинекей дүйнөдөн эч качан сыртка чыга албашыңыз оюңузга келди беле?
Заттан башканын баарын жалган деп ойлогон жана рухтун бар экенине ишенбеген материалисттер бул апачык чындыктан качуу үчүн түрдүү ыкмаларды колдонушат. Анткени бул акыйкатты кабыл алуу бүт жашоолорунун жалгыз таянычы болгон затты бир четке түртүп коюу деген мааниге келет. Ошондуктан бул улуу кереметке ачууланып, логикасыз сөздөрдү айтышат жана чындыкты бурмалоого аракет кылышат.
Кээ бир материалисттер бул чындыкка ачууланганда столду муштап же дубалды тээп, өз ойлорунда заттын элес эместигин «далилдөөгө» аракет кылышып, күлкүмүштүү абалга түшүшөт. Бир материалист болсо бир автобустун бир адамды сүзүп кетишин мисал келтирип, «көрдүңөрбү сүзөт, демек элес эмес» деп айткан. Алар түшүнгүсү келбей корккон чындык – бул автобус сүзгөн учурдагы катуулук, сокку жана оору сыяктуу бардык сезимдердин да мээде пайда болгон кабылдоолор экендиги жана адамдын автобустун оригиналын эч качан көрүп сезе албашы. Автобус сүзгөн учурдагы бардык катуулук, сокку жана оору сезимдери да кайра эле мээнин ичинде, адамдын руху тарабынан сезилет.

Материалисттер тарыхтын эң чоң тузагына түшүшкөн

Адамзаттын тарыхында ар дайым материалисттик көз-караш болуп келген жана ал кишилер өздөрүнө жана өздөрүнүн философиясына ишенип, аларды жараткан Аллахка баш көтөрүшкөн. Алардын чыгарган сценарийи боюнча, заттын башталышы жана аягы жок, жана булардын баарынын бир Жаратуучусу жок. Алар текебердигинен улам гана Аллахты жокко чыгарышып, далил катары затты колдонушкан. Ал философияга ушунчалык ишенишип, эч качан анын тескериси далилдене албайт деп ойлошкон.
Бирок заттын оригиналын көрүп сезе албашыбыз тууралуу бул бөлүмдө айтылгандар алар үчүн абдан күтүүсүз болду. Анткени бул жерде айтылгандар алардын философиясын түп-тамырынан кулатып, эч кандай талаш-тартышка мүмкүнчүлүк калтырган жок. Бардык көз-караштарынын, жашоолорунун, текебердиктеринин жана атеисттик түшүнүктөрүнүн пайдубалы болгон зат колдорунан бир заматта учуп кетти. Абдан ишенип таянган материалдык дүйнөнүн толугу менен алардан алыстап баратканын көрүшүүдө, бирок аны токтотуп калууга колдорунда эч кандай мүмкүнчүлүк жок. Анткени материянын (заттын) сырттагы оригиналын көргөн, чыныгы үндөрдү уккан, чыныгы жыттарды сезген бир дагы адам жок, демек материализм да жок...
Аллахтын бир сыпаты – бул Анын каапырларга тузак курушу. «...Алар бул тузакты куруп жатышканда, Аллах да бир тузак (бир жооп) куруп жаткан. Аллах тузак куруучулардын жакшысы.» (Энфал Сүрөсү, 30) деген аят аркылуу бул чындык кабар берилген.
Аллах бул дүйнөдөгү жандыктардын жана заттардын оригиналын көрүп жаткандай сездиртип материалисттерди да тузакка түшүргөн жана аларды тарыхта болуп көрбөгөндөй уят кылган. Мал-мүлктөрүн, бийлигин, наамдарын, коомун, бүт дүйнөнү жана чындыгында копиялардан гана турган бүт нерсени чыныгы оригинал деп ойлошкон жана болгондо да аларга ишенип Аллахка карата бой көтөрүшкөн. Текеберденип Аллахка баш көтөрүшкөн (Аллахты аруулайбыз) жана чектен чыгып, адамдарга зулумдук кылышкан. Мындай иштерге барганда ишенген нерселери бир гана зат болгон. Бирок ушунчалык аңкоо болушуп, Аллахтын аларды толук курчап тураарын эч ойлонушкан эмес. Аллах ыймансыздардын аңкоолугунан улам кандай абалга түшөөрүн Куранда төмөнкүчө кабар берген:
Же тузак курууну каалап жатышабы? Бирок (чындыгында) ал каапырлар (өздөрү) тузакка түшүүчүлөр. (Тур Сүрөсү, 42)
Бул балким тарыхтагы эң чоң жеңилүүдүр. Материалисттер өз ойлорунда бой көтөрүп, динди жокко чыгарып жана ыймандууларга зулумдук кылып жатышып негизи чоң тузакка түшүшкөн, Аллахка карата жүзү каралык менен согуш ачышып толук жеңилишкен.
Аллах башка бир аятта «каапырлар болсо; алардын кылган иштери түптүз бир талаадагы закымга окшойт; суусаган аны суу деп ойлойт. Аягында ага жеткенде эчтеке таба албайт жана жанынан Аллахты табат (көрөт)...» (Нур Сүрөсү, 39) деп кабар берет. Материализм да бул аятта ишарат кылынгандай, баш көтөргөндөр жана Куранга каршы чыгып жер жүзүндө бузукулук чыгаргандар үчүн бир «закым» болуп көрүнөт; ага ишенип колдорун созушканда, көргөн нерселеринин бир гана оригиналдын копиялары экенин түшүнүшөт. Аллах аларды ушундай закым менен алдап, бүт копия үндөрдү, сүрөттөлүштөрдү, жыттарды жана даамдарды оригиналдай көрсөткөн.
Тарых бою материалисттик философияны кабыл алган философтор, лидерлер, профессорлор, астрономдор, биологдор, физиктер, наамдары жана кызмат орундары кандай гана болбосун, затты өзүнө кудай тутуп алганы үчүн ушул тузакка түшүшкөн жана жаш баладай алданып, уят болушкан. Мээлериндеги кичинекей бөлмөдөн эч качан чыга албашын жана сырткы дүйнөнү эч качан көрө албашын билишпей, бүт философияларын, идеологияларын дүйнөгө жана затка таяндырышып, булар тууралуу терең талкууларды жасашкан жана шылдыңчыл сөздөрдү колдонушкан. Мындан улам өздөрүн өтө акылман элестетишип, аалам тууралуу ой жүгүртө алабыз деп ойлошкон жана эң негизгиси өздөрүнүн чектүү акылдары менен Аллахты сыпаттай алабыз деп эсептешкен. Аллах алардын кандай абалга түшкөнүн бир аятта төмөнкүчө кабар берет:

Алар бир план түзүштү. Аллах да бир план түздү. Аллах план түзүүчүлөрдүн эң жакшысы. (Али Имран Сүрөсү, 54)

Бул дүйнөдө кээ бир тузактардан кутулуп кетүү мүмкүн; бирок Аллахтын затты кудай туткандарга курган бул тузагы ушунчалык бекем болгондуктан, эч кандай кутулуу мүмкүнчүлүгү жок. Эмне гана кылышпасын, кимге гана кайрылышпасын, Аллахтан башка аларды куткара турган бир жардамчы да таба алышпайт. Аллах Куранда кабар бергендей, «...өздөрүнө Аллахтан башка бир коргоочу дос жана жардамчы таба алышпайт.» (Ниса Сүрөсү, 173).
Бул акыйкатты түшүнүү материалисттер үчүн эң үрөй учурарлык окуя болот. Бул акыйкатты байкаганда, ар дайым Аллах менен бирге экендиктерин, Аллахтын аларды бүт тараптан ороп-курчап тураарын түшүнүшөт. Аллах «аны жалгыз кылып жаратканымды Мага кой» (Мүдессир Сүрөсү, 11) деген аят аркылуу ар бир адамдын Анын Кабатында негизи жападан жалгыз экендигине көңүл бурган. Бул кереметтүү чындык төмөнкү аяттарда да кабар берилген:

Ант болсун, силерди алгач жаратканыбыз сыяктуу (бүгүн да) «бир бирден, жападан жалгыз (абалда) Бизге келдиңер жана силерге бергендерибизди артыңарда калтырдыңар... (Энъам Сүрөсү, 94)

Жана алардын баары кыямат күнү Ага «жападан жалгыз жана бирден» келишет. (Мариям Сүрөсү, 95)

Бул аяттарда айтылган акыйкаттын бир мааниси мындай: затты кудай туткандар Аллахтан келишкен жана кайрадан Ага кайтып барышкан же кайтып бараар күнүн күтүшүүдө. Алар кааласа да, каалабаса да, Аллахка моюн сунушкан. Азыр бүт адамдар сыяктуу сурак күнүн күтүп жатышат. Ал күнү баары дүйнөдө жасаган жана жасалышына себепчи болгон ар бир кылмышы үчүн бир-бирден суракка алынышат. Канчалык түшүнгүлөрү келбесе да...

ЛЕНИНДИН ЖОЛДОШТОРУНА БУЙРУГУ:«ЭЧ ОЙЛОНО КӨРБӨГҮЛӨ, БОЛБОСО ИШЕНЕСИҢЕР»

Биз көргөн дүйнөнүн заттан эмес, элестен тураары материалисттик философияны түп-тамырынан жок кылат. Ошондуктан материалист идеологдор бул акыйкаттын айтылышынан абдан тынчсызданышат. Ал тургай, бул акыйкатты ойлонбогонго аракет кылышып, жолдошторуна да ойлонбогула деп кеңеш беришет. Алардын башында Ленин турат. Ленин бир кылым мурда жазган «Материализм жана эмпириокритицизм» аттуу китебинде «бул теманы эч ойлоно көрбөгүлө, болбосо материализмден ажырайсыңар жана өзүңөрдү динге алдырасыңар» деген мааниде төмөнкүдөй эскертүү жасаган:
«Сезимдерибиз менен кабылдаган заттык чындыкты бир жолу эстедиңби, шектенүүгө (агностицизм) жана субъективдүүлүккө жылгандыктан, фидеизмге (диний ишенимге) каршы колдоно турган бардык куралдарыңдан айрыласың; бул болсо фидеизмдин каалаган нерсеси. Манжаңды алдырдыңбы, алгач колуң анан өзүң кетесиң. Сезимдерди заттык дүйнөнүн бир көрүнүшү катары эмес, атайын бир мүчө катары алганда, башкача айтканда, материализмден орун бергениңде, өзүңдү (өздүгүңдү) фидеизмге алдырасың. Кийин сезимдер эч кимдин сезимдери болот, акыл эч кимдин акылы, рух эч кимдин руху, каалоо эч кимдин каалоосу болот.» (V.I. Lenin, Materialism and Empirio-criticism, Progress Publishers, Moscow 1970, p. 334-33)
Көрүнүп тургандай, «заттын чыныгы жүзү» тууралуу акыйкатка каршы материалисттердин колунан аны ойлонбой коюуга аракет кылуудан башка эч нерсе келбейт. Бул материализмдин адамдын өзүн-өзү алдашы менен гана сакталып турган бир көз бойомочулук экендигинин анык далили.

БУЛ ТЕМАНЫН МААНИЛҮҮЛҮГҮ

Бул бөлүмдө түшүндүрүлгөн заттын артындагы сыр темасын туура түшүнүү абдан маанилүү. Биз көргөн нерселердин баары, тоолор, өрөөндөр, гүлдөр, адамдар, деңиздер, кыскасы көргөндөрүбүздүн бүт баары, Аллах Куранда бар экенин, жоктон жаратканын билдирген бүт жандыктар, заттар жаратылган жана бар. Бирок адамдар алардын оригиналдарын сезүү органдары аркылуу көрө алышпайт, сезе алышпайт жана уга алышпайт. Адамдар булардын мээлериндеги копияларын көрүп сезишет. Бул илимий чындык жана бүгүнкү күндө медицина факультеттери баш болуп, бүт окуу жайларында окутулат. Мисалы, азыр бул текстти окуп жаткан адам бул тексттин оригиналын көрө албайт, бул тексттин оригиналына тийе албайт. Бул тексттин оригиналынан келген нурлар адамдын көзүндөгү кээ бир клеткалар тарабынан электрдик сигналга айландырылат. Ал электрдик сигнал мээнин артындагы көрүү борборуна барып, ал борборду стимулдайт. Жана адамдын мээсинин арт жагында бул тексттин сүрөттөлүшү пайда болот. Башкача айтканда, сиз азыр көзүңүз менен көзүңүздүн алдындагы бир жазууну окуп жаткан жоксуз. Бул текст сиздин мээңиздин артындагы көрүү борборунда пайда болууда. Сиз окуган жазуу мээңиздин артындагы «копия жазуу». Бул тексттин оригиналын болсо Аллах көрөт.
Бирок муну унутпаш керек: заттын мээбизде пайда болгон бир элес болушу ал «жок» деген мааниге келбейт. Бизге адамдар көрүп жаткан заттын маңызы тууралуу маалымат берет, б.а. заттын оригиналын эч бир адам көрүп сезе албайт деген акыйкатты көрсөтөт. Сыртта заттын бар экенин көргөн бизден башка жандыктар да бар. Аллахтын периштелери, катчы кылып дайындаган элчилери да бул дүйнөгө күбө болушууда:

Анын оң жана сол тарабында отурган эки жазгыч жазып жатканда, ал кандай сөз (кандай нерсе) айткан болсо, сөзсүз жанында даяр бир көзөмөлчү турат. (Каф Сүрөсү, 17-18)

Эң негизгиси, эң башта Аллах бүт баарын көрүп турат. Бул дүйнөнү бардык майда-бараттары менен бирге Аллах жараткан жана Аллах толугу менен көрүп турат. Курандын аяттарында төмөнкүчө кабар берилет:

... Аллахтан коркуп тартынгыла жана билип койгула, Аллах кылгандарыңарды көрүүчү. (Бакара Сүрөсү, 233)

Айткын: «Мени менен араңарда күбө катары Аллах жетиштүү; күмөнсүз Ал пенделеринен толук кабардар, көрүүчү.» (Исра Сүрөсү, 96)

Ошондой эле, Аллахтын бүт окуяларды «Лавхи Махфуз» аттуу китепке жазып койгонун да унутпоо керек. Биз көрбөсөк да, булардын баары Лавхи Махфузда бар. Бүт нерсенин Аллахтын Кабатында Лавхи Махфуз деп аталган «Негизги китепте» сакталаары төмөнкүчө кабар берилген:

Күмөнсүз, ал – Биздин кабатыбызда болгон Негизги Китепте; абдан улук, өкүм жана хикматка (даанышмандыкка) толгон. (Зухруф Сүрөсү, 4)

...Кабатыбызда (булардын баарын) сактап-коргогон бир китеп бар. (Каф Сүрөсү, 4)

Асманда жана жерде апачык китепке (Лавхи Махфузга) жазылбаган, жашыруун эч нерсе жок. (Немл Сүрөсү, 75)

Hiç yorum yok:

Yorum Gönder