Коммунизм өткөн
20-кылымга мөөрүн баскан бир идеология. Бирок ал мөөрдө бир гана кысымчылык,
зулумдук, кан жана көз жашы бар. Тарыхчылардын эсептөөлөрү боюнча, бул
идеологиянын себебинен 20-кылымда 120 миллион адам өлтүрүлгөн. Булар согуш
учурунда фронтто өлгөн аскерлер эмес, коммунисттик мамлекеттер тарабынан өз
элинин арасынан өлтүрүлгөн катардагы жарандар. 100 миллион эркек, аял,
кары-картаң, жаш балдар жана наристелер «коммунизм» аттуу муздак, катуу,
жырткыч идеологиянын себебинен көз жумган. Мындан тышкары, коммунисттик режимдер
тарабынан негизги укук жана эркиндиктеринен ажыратылып, көчүүгө мажбурланган,
системалуу түрдө ачарчылыкка туш кылынган, камалган жана эмгек лагерлеринде кул
катары иштетилген он миллиондогон адамдар болгон. Миллиондогон адамдар
коммунисттик партизандык отряддардын огуна туш болушкан же туш болуудан коркуп
жашашкан.
Бул идеологиянын
тамыры эмне? Ушунчалык кандуу жана таш боор көз-караш кантип дүйнөнүн төрт
тарабында өзүнө тарапкерлерди таап, революциялар аркылуу бийликке келип,
миллиондогон адамдарды артынан ээрчиткен? Коммунизм каерде төрөлүп, кантип
чоңойгон жана кантип аяктаган? Чындап эле аяктаганбы же дагы деле дүйнөгө жана
өлкөлөргө кооптуулук туудуруп жатабы?
Бул китепте ушул
суроолорго жооп берилет.
Эң маанилүүсү,
чоң коркунучка көңүл бурулат. Коммунисттик идеология өткөн кылымда кордуктарды,
балээлерди алып келип, дүйнө жүзү коммунисттик лидерлердин кыргындарына, таш
боордуктарына күбө болду. Бирок мындан ары бул коркунуч жер жүзүнөн жоголду деп
айтууга болобу? Тилекке каршы, жоголгон жок, анткени КОММУНИЗМ БУКТУРМАДА!
120 миллион
адамдын өмүрүн алган бул «кан төгүү машинасы» дагы деле тымызын жашап, акырын
иш-аракеттерин улантууда. Башка көрүнүштө, башка ат менен иш-аракеттерин
улантып, адамзатка кайрадан кордук көрсөтүү үчүн мүмкүнчүлүктүн келишин
күтүүдө.
Ошондуктан коммунисттик
идеологиянын чыныгы жүзүн, тарыхтагы кордук жана балээлерин бардык адамдарга
жеткирүү жана тымызын өсүп жаткан бул коркунучтун беткабын ачуу абдан маанилүү бир
милдет. Бул китеп ушул максатта жазылган.
Hiç yorum yok:
Yorum Gönder