5 Temmuz 2020 Pazar

3-БӨЛҮМ: КОММУНИЗМДИН КҮҢҮРТ ДҮЙНӨСҮ


Коммунисттик идеологиянын маанилүү бир өзгөчөлүгү, ал абдан эскичил, суз, катуу жана түссүз адам жана коом моделин пайда кылат. Муну түшүнүү үчүн алгач коммунизмдин адамга болгон көз-карашын эстөө керек. Коммунизмдин пайдубалы болгон материалисттик философия, мурдакы бөлүмдө да айтылгандай, адамды бир гана заттан турат деп эсептейт. Адамдын рухун жокко чыгарып, адамдын аң-сезимин болгону «кыймыл абалындагы заттын» бир натыйжасы дейт. Ошондуктан материализм боюнча, адам болгону бир органикалык машина. Адамдын бардык ойлору менен сезимдери ошол машинанын ичиндеги химиялык реакциялардын бир натыйжасы деп эсептелет.
Башкача айтканда, материалисттер клеткаларды жана клеткалардын органеллдерин түзгөн аң-сезимсиз атомдорду «аң-сезимдүү, ойлонуу, көрүү, угуу жөндөмү бар заттар» дешет жана «ал атомдор кооздуктарга суктанып, жаман окуяларга кайгырат» деп эсептешет. «Ойлор менен сезимдер кыймыл абалындагы заттын натыйжасы» деп айтуу дал ушул мааниге келет. Ал кишилерден «бир атом ойлоно алабы?» деп сурасаңыз, албетте сизге «жок» дешет. Бирок «атомдор топтолуп мээни пайда кылып, ойлонуу жөндөмүнө ээ болушат» деген сыяктуу акылга сыйбаган бир көз-карашты жакташат.
Ал тургай, марксисттик идеологияда адамдардын бардык маданияты жана түшүнүктөрү да материалдык факторлордон көз-каранды деп эсептелет. Коммунизм боюнча, адамдын айланасындагы материалдык дүйнөдөн көз-карандысыз, өзүнчө бир аң-сезими жок. Тескерисинче, адамдын аң-сезими толугу менен материалдык дүйнө тарабынан аныкталат. Маркс «адамдардын жашоосун аң-сезими аныктабайт, тескерисинче аң-сезимин коомдук жашоосу аныктайт» деп айткан.64 Маркстын интеллектуалдык жол башчыларынын бири Людвиг Фейербах болсо «адам эмне жесе, ошол» деген сөзү менен бул материалисттик акылсыздыкты таамай сүрөттөгөн.
Марксисттер ушундай материалисттик ишениминен улам, адамзат коомдорун да материалдык көрсөткүчтөр менен баалашат. Материалдык маанини камтыган «тап» (класс) түшүнүгүнө абдан маани беришет. Тап деп коомдогу экономикалык катмарлар айтылат жана марксисттердин ою боюнча, ушул көрсөткүч гана маанилүү. Мисалы, марксизм боюнча, жумушчулар бир тапты, б.а. «пролетариатты» түзөт. Капиталисттер болсо «буржуазия» классын пайда кылат. Марксисттик көз-караш боюнча, бардык жумушчулар начар экономикалык шарттарда жашаганы үчүн «пролетарий түшүнүгүндө», бардык капиталисттер бай болгону үчүн «буржуазия түшүнүгүндө» болушу шарт. Бир жумушчунун же заводдун ээсинин жеке кулк-мүнөзүнөн же дүйнө көз-карашынан улам башкалардан өзгөчө түшүнүктө болуу ыктымалдыгы кабыл алынбайт.65
Бул көз-караштан сөзсүз түрдө адамдарды белгилүү материалдык категорияларга бөлүп, ошонун негизинде баалоо түшүнүгү келип чыгат. Бир марксисттин ою боюнча, бир гана «буржуазия», «майда буржуазия», «пролетариат», «империалист», «компрадор» деген сыяктуу категориялар бар. Жана эң негизгиси, бул категориялар толугу менен материалдык факторлорго таянат. Бир адам жумушчу болсо, бир заводдо билегинин күчү менен иштеп жатса, анын түшүнүгү ошол жумушунун негизинде гана калыптанат. Эгер жер иштеткен дыйкан болсо анда ал кишиде «дыйкандын түшүнүгүнөн» башка түшүнүк болбойт.
Бул көз-караштан улам марксисттер тарыхтын агымын бир гана «өндүрүш формалары» аныктайт дешет. Карл Маркстын белгилүү эмгеги «Das Kapital» (Капитал) бүт тарыхты өндүрүш формалары аркылуу түшүндүргөн. Маркстын ою боюнча, эң башында аңчылык жана жыйым-терим менен алектенген «алгачкы общиналык коом» жашаса, айыл-чарбасына өткөн соң «кул ээлөөчүлүк коом» пайда болгон, андан соң өндүрүш формасындагы жаңы өзгөрүүлөрдөн улам «феодалдык коом» келип чыккан, машиналардын ойлоп табылышы менен бирге жаңы өндүрүш формасы болгон өнөр-жай пайда болгондо, «капиталисттик коом» келип чыккан. Маркстын ою боюнча, дин, мамлекет, мыйзам, үй-бүлө, адеп-ахлак деген сыяктуу түшүнүктөрдүн баары өндүрүш формасындагы айырмачылыктардан келип чыккан жана ошонун негизинде өзгөргөн.
Марксизмдин мындай тар көз-караштагы тарых теориясынын туура эместиги бүгүнкү күнгө чейин көптөгөн ойчулдар тарабынан терең ачып көрсөтүлдү жана жашоодогу конкреттүү мисалдар аркылуу да далилденди. Ошондуктан бул жерде Маркстын тарых тууралуу көз-карашынын жараксыздыгын түшүндүрүүнүн кажети жок деп ойлойбуз. Биз бул жерде бул материалисттик түшүнүктөн келип чыккан эскичил, суз, катуу жана түссүз адам моделине токтолгубуз келет.
Чындыгында адамдын руху марксисттер ойлогондой заттан келип чыкпайт. Тескерисинче, зат деп аталган нерселерди рух көрөт, угат жана сезет. Ошондуктан адамдын рухунун айланасындагы материалдык шарттар тарабынан аныкталышы мүмкүн эмес. Адамдын руху аны жараткан Аллах тарабынан берилген ар кандай өзгөчөлүктөргө (акылга, ой жүгүртүү жөндөмүнө, сезимдерге, каалоолорго, мүдөөлөргө) ээ. Бул өзгөчөлүктөр адам кандай шартта жашаса да өзгөрбөйт, болгону ишке ашуусу ар кандай болот. Тарыхтагы алгачкы адамдын каалоолору, сезимдери, ой-пикирлери жана ой жүгүртүүсү кандай болсо, азыркы адамдыкы да ошондой. Колдонулган каражаттар гана өзгөрдү.
Коммунисттик режимдердин баарында колдонулган муздак жүздөр
Аллах алгачкы адамды жаратканда, ага да азыркы адамдардын дал өзүндөй өзгөчөлүктөрдү жана жөндөмдөрдү берген. Ошондуктан адамдардын аң-сезим деңгээли жашаган дооруна, кылымына, жерине жараша айырмаланбайт. Адамдардын аң-сезим деңгээли аларга берилген ой жүгүртүү жөндөмүн колдонушуна жана абийирин угушуна жараша өзгөрөт. Бул акыйкатты билген мусулмандар өздөрүн убакыт менен, аймак менен, чөйрө менен же кандайдыр бир идеологиялык көз-караштар менен чектебейт. Аллах Куранда буйругандай көргөн бүт нерселери жөнүндө ойлонуп, анын сырларын түшүнүүгө, андагы кооздуктарды көрүүгө аракет кылышат. Аллах ыймандуулардын мындай аң-сезимин Куранда төмөнкүчө сүрөттөгөн:

Күмөнсүз, асмандардын жана жердин жаратылышында, түн менен күндүздүн кезек менен келишинде, адамдарга пайдалуу нерселер менен деңизде сүзгөн кемелерде, Аллах жаадырган жана аны менен жер жүзүн өлүмүнөн кийин тирилткен сууда, ар бир жандыкты ал жерде көбөйтүп-жайышында, шамалдарды соктурушунда, асман менен жердин арасында моюн сундурулган булуттарды максаттуу (багыттап) башкаруусунда ойлонгон бир коом үчүн чындыгында аяттар (далилдер) бар. (Бакара Сүрөсү, 164)

Ошондуктан Аллахка ыйман кылган адамдардын түшүнүгү абдан кенен болот. Дайыма эркин ойлонушат. Ушул себептен искусстводо жана сулуулукта учу-кыйырсыз чыгармаларды жарата алышат.
Маркс менен анын жолдоочулары болсо бул акыйкатты түшүнө албаганы үчүн, адамдын аң-сезимин «таптык аң-сезим» деп аталган өтө тар жана ойдон чыгарылган бир калыпка киргизүү аракетин көрүшкөн. Колу жеткендердин баарын ошол калыптын чегинде ойлонгонго жана жашаганга мажбурлашкан. Ошондуктан марксизм кайсы өлкөгө кирбесин, ал өлкөдө адам рухунун чагылуусу болгон искусство жана сулуулук түшүнүктөрүн муздаткан. Коммунисттер он миллиондогон адамды мыкаачылык менен өлтүргөндөй, адамзаттын искусство, сулуулук, илим, ой-пикир сыяктуу жөндөмдөрүн да кандайдыр бир мааниде жок кылган.

«Коммунисттик искусствонун» супсактыгы

Александр Родченко
Дүйнөдөгү алгачкы марксисттик режим 1917-жылы октябрьда жасалган большевиктик революциянын натыйжасында Россияда түзүлгөн. Алгач Лениндин, андан соң Сталиндин темир муштушу менен башкарылган өлкөдө бүт коом коммунисттик идеологияга карата кайрадан калыптана баштаган. Коммунисттер кийлигишкен тармактардын бири маданияттын эң негизги элементтеринин арасынан орун алган искусство, сулуулук жана архитектура болгон.
Революция ишке ашаары менен «пролетарий искусствосу» деген термин чыгарылган. Коммунизмди кабыл алган маданияттын өкүлдөрү «Искусство коммуны» (Коммуна искусствосу) аттуу бир журналга чогулуп, «пролетарий маданиятына кызмат кыла турган искусство чыгармаларын жаратаарын» жарыялашкан. Ушул сыяктуу түшүнүк «Пролеткульт» (Пролетарий маданияты) аттуу уюмда да өкүмчүлүк кылган. «Пролетарий искусствосунун» эмне мааниге келээри көптөгөн талкуулардын натыйжасында чечмеленип баштаган. 1920-жылдардан баштап Татлин жана Родченко сыяктуу белгилүү орус маданият өкүлдөрү «маданияттын өкүлү пролетариаттын маселелерине практикалык чечүү жолдорун иштеп чыгышы зарыл» деген ойду жактап башташкан. Ленин тарабынан да жактырылган бул көз-караш искусствонун көптөгөн тармактарын «пролетариат үчүн пайдасыз» деп эсептеп, четке түрткөн. Мисалы, Татлин менен Родченко бир көркөм сүрөттүн бир жумушчунун күнүмдүк жашоосуна эч бир салым кошо албай турганын белгилешкен жана мындан улам сүрөтчүлүк өнөрүн искусствого туура келбейт деп чечишкен!

Александр Дейнека тарткан сүрөт, 1927-ж.

1921-жылы бул жаңы искусство түшүнүгү «конструктивизм» (куруучулук) деп аталган жана Советтер Союзунун расмий искусство саясатындай кабыл алына баштаган. Бул түшүнүктүн жол башчысы Татлин сүрөткө окшогон «пайдасыз» көркөм өнөрлөрдүн ордуна, үйлөрдүн жана эмеректердин долбоорлорун иштеп чыгуу сыяктуу «пайдалуу» иштерди жасоо керек деген. Пролетарлар, б.а. орус жумушчулар үчүн жумуш учурунда «эң аз салмак жана материал менен эң көп жылуулук жана кыймылдоо жөндөмүн» берүүчү кийимдердин долбоорун түзгөн. Жана ошол эле түшүнүгү менен «эң аз күйүүчү зат менен эң көп жылуулук берүүчү мештин» долбоорун жасаган. Ошентип «пролетариаттын» жашоосуна жаңы салымдарды кошмокчу болгон.
Маданияттын өкүлдөрүнүн баары Татлин сыяктуу «инженерлешкен» эмес. Бирок алар да «пролетарий искусствосун» кабыл алышып, коммунисттик идеологияга кызмат кыла турган иштерди башташкан. Ошол кездеги советтик маданият өкүлдөрүнүн дээрлик баары жумушчулардын клубдарында жана «совет» деп аталган кеңешмелерде колдонула турган жумушчу плакаттарын, афишаларды жана ураандарды иштеп чыгуу жарышына киришкен. Алардын баары окшош мазмундан турган: булчуңдуу колдору менен колуна орок же балка кармаган күчтүү советтик дыйкандар менен жумушчулар, байланган чынжырларды жулуп өйдө турган кыжырдуу пролетарий сүрөттөрү, кызыл желектердин көлөкөсүндө жана Лениндин жол башчылыгы астында бараткан куралчан аскерлер...
Бул жаңы искусство түшүнүгүнүн өзгөчөлүгү «сулуулук» түшүнүгүнүн бүтүндөй унутулушу, ал тургай, «буржуазиянын» зыяндуу адаты катары кабыл алынышы болгон. Бардык сүрөттөр, айкелдер, плакаттар, жасалгалоо жана архитектура долбоорлору өзгөчө сулуулуктан алыс, супсак жана одоно болгон. Британника энциклопедиясындагы сүрөттөө боюнча, коммунисттик искусстводо толугу менен «антиэстетика» өкүмчүлүк кылган.
1920-жылдарга тиешелүү советтик пропаганда афишалары
Сталиндин доорунда бул искусство түшүнүгү ансайын күч алган. Сталин режими «социалисттик реализм» деп аталган бул супсак искусство түшүнүгүн расмий саясатка айланткан. Социалисттик реализм «советтик революциянын принциптерин (б.а. коммунисттик идеологияны) пролетарийдин күнүмдүк жашоосунда реалдуу көрүнүштө чагылдырган» бир искусство түшүнүгү деп сүрөттөлгөн. Социалисттик реализмдин негизинде жазылган романдарда коммунист согушчандар чечкиндүү, эр жүрөк, жан аябас катары көрсөтүлүп, алардын башкаларга үлгү боло турган күрөшү баяндалган жана советтик жумушчулар менен дыйкандардын революциядан кийин канчалык «бактылуу» жашап калганы сүрөттөлгөн. Чындыгында революция элге бакыт эмес, ачарчылык, кысымчылык жана өлүм алып келген, бирок «социалисттик реализмдин» өкүлдөрү мунун толугу менен карама-каршысын жазуудан эч тартынышкан эмес. Социалисттик реализм иш жүзүндө реализмди (чындыкты) эмес, кыялдарды жана романтиканы чагылдырган. Британника энциклопедиясындагы сүрөттөө боюнча, «социалисттик реализм жалпы элдин аң-сезимине таасир берүү үчүн адамдарды жана окуяларды идеалдаштырып, аларга белгилүү бир ыйыктыкты берүү менен, романтикага таянган».
Социалисттик реализм түшүнүгүнө 1932-жылы Сталин режиминин кандуу күндөрүндө аныктама берилген жана 1980-жылдарга чейин Советтер Союзунун расмий искусство саясаты катары улантылган. Ошончо убакыт бою советтик искусствого коммунизмдин супсак, муздак жана өнүгүүсүз мүнөзү өкүмчүлүк кылган. Советтик режим эл аралык деңгээлде абройун көтөрүү үчүн маданият өкүлдөрүн шыктандырып, жаңы искусство чыгармаларынын пайда болушуна зор маани берген, бирок пайда болгон чыгармалардын баары «социалисттик реализм» деп аталган догмалык мамиледен улам абдан тар жана супсак калыптын сыртына чыга алган эмес. Социалисттик реализм Советтер Союзунан тышкары, 1949-жылдан баштап коммунисттик режимге өткөн Кытайда да колдонулган жана дал ошондой супсак, одоно искусство түшүнүгүн пайда кылган.
Бирок негизи орус эли улуу чыгармачыл инсандарды тарбиялап өстүргөн, абдан кооз искусство чыгармаларын жана архитектуралык кереметтерди чыгарган бир эл болгон. Революциядан мурун Санкт-Петербург шаарында курулган белгилүү Эрмитаж музейинде кереметтүү чыгармалар топтолгон. Бирок 1917-жылы коммунизм орус искусствосун үзгүлтүккө учураткан, ал тургай, бир топ артка кетирген.
Коммунисттик искусствонун бул супсактыгы, жогоруда да айтылгандай, коммунисттердин дүйнө көз-карашын түзгөн материалисттик философиядан келип чыккан. Материалисттик философия, мурда да айтылгандай, адамды заттын бир жыйындысы катары гана көрөт жана бүт нерсени заттын деңгээлине түшүрүүнү көздөйт. Материалисттик философиянын искусствого колдонулушу, башка тармактар сыяктуу, бул тармакта да толук фиаского (бүлгүнгө) себеп болгон. Анткени чындыгында искусство Аллахтын адамзатка берген сулуулуктан ырахат алуу, сулуулукка суктануу сыяктуу сезимдеринин натыйжасы. Кооз чыгармалар жаралышы үчүн адамдардын рухундагы бул сезимдер болушунча эркин коюлушу шарт. Советтер Союзунда пайда болуп, андан соң Кытайда, Чыгыш блогуна кирген өлкөлөрдө, Индокытайдагы же Кубадагы коммунисттик режимдерде орун алган коммунисттик диктатуралар мындай эркиндикти толугу менен жоюп, адамдарды тынымсыз кысымчылыкка алуу аркылуу искусствону да жок кылган.
Эң негизгиси, коммунизм адамдарды динден алыстатуу аркылуу искусствого эң чоң сокку узаткан. Анткени искусствого илхам берген сезимдердин башында адамдардын динден алган руханий кубанычы жана толкундануусу турат. Тарыхтагы эң улуу сүрөтчүлөрдүн, айкелчилердин (скульпторлордун), архитекторлордун баары динге байланыштуу чыгармаларды жаратып, диний ишениминен күч жана илхам алышкан. Адамдарды өлгөндө жок боло турган бир зат же айбандын бир түрү катары эмес, Аллах рух берген жандыктар катары көрүшкөнү үчүн, адамдарга сулуулук тартуулоону жана Аллахтын искусствосунун үлгүлөрүн көрсөтүүнү каалашкан. Дин жок кылынган бир коомдо адамдардын кубанычын жана толкундануусун жоготуп, руханий азаптарга туш болуп, максатсыз калаары анык. Коммунисттик режимдердин бүт баарында ушундай болгон жана атеизмдин натыйжасында адамдар айбандай көрүлүп баркталган эмес жана өлгөндө жок болобуз деген ой адамдарды пессимизмге, түнттүккө, супсактыкка жана максатсыздыкка түрткөн. Маонун кызыл Кытайында бүт элге бирдей типтеги кийимдин кийгизилиши, маданий революция учурунда үйдө жаныбарларды багууга да тыюу салынышы коммунисттик фанатизмдин жана тар түшүнүктүн башка кээ бир мисалдарынан. (Маоизмди жана маданий революцияны кийинки бөлүмдө карайбыз.)





«Коммунисттик илимдин» сандырак ойлору

Лысенко
Коммунисттик режимдер сокку урган дагы бир маанилүү тармак илим тармагы болгон.
Сталин режими «пролетарий искусствосу» деген түшүнүктү ойлоп тапканда, бир тараптан илимге да кийлигишип, «пролетарий илими» деген түшүнүктү чыгарган. Бул коммунисттик теория боюнча, «буржуазия илими» өзүнчө, «пролетарий илими» өзүнчө жана бул экөө эки башка жыйынтык берет.
Пролетарий илими негизи илимди материалисттик философиянын талаптарына ылайык бурмалоо деген гана мааниге келген. Мунун эң негизги көрсөткүчү болсо Сталин доорунда советтик илимге тамга баскан «Лысенко окуясы» болгон.
Трофим Денисович Лысенко Советтер Союзундагы айыл-чарба окуу жайларында билим алган жана 1940-жылдары Сталиндин ишенимине кирип, Советтер Союзунун айыл-чарба жана биология саясаттарын толук башкарган. Лысенконун эң негизги өзгөчөлүгү 19-кылымдын аягында австриялык ботаник, дин кызматкери Грегор Мендель тарабынан эксперименттердин натыйжасында табылган жана 20-кылымдагы илимий изилдөөлөр тарабынан тастыкталган тукум куучулук мыйзамдарын четке кагуу болгон. Лысенко Мендельдин мыйзамдарын «буржуазия илими» деп атап, ага каршы 18-кылымда француз эволюционист биолог Ламарк тарабынан чыгарылган «пайда болгон өзгөчөлүктөр кийинки урпактарга өткөрүлөт» деген гипотезаны жактаган.
Лысенконун бир дагы илимий далилге таянбаган бул көз-карашы 1930-жылдары оор айыл-чарба кризисине туш болгон Советтер Союзунда кызыгууну пайда кылган. Лысенко бул гипотезаларын колдонуп, башка биологдор ойлогондон алда канча чоң, күчтүү жана түшүмдүү дан өстүрөм деп убада кылган. Мисалы, ыңгайлуу шарттарда өстүрүлгөн буудай өсүмдүктөрү кара буудай түшүмүн бере баштайт деп айткан жана бул багытта иш-аракеттерди жүргүзгөн. (Бул жапайы шарттарда жашаган иттер белгилүү убакыттан соң түлкүгө айланат дегенге окшошот жана чындыгында илимге толугу менен карама-каршы келген жана ушул күнгө чейин бир да жолу далилденбеген негизсиз бир ишеним.) Сталин 1940-жылы Лысенкону Советтер Союзунун Илимдер академиясынын Генетика институтунун жетекчиси кылып дайындаган жана Лысенко ал кызматта толук 25 жыл отурган. Лысенко ошол эле учурда Советтер Союзунун күчтүү мекемелеринин бири болуп эсептелген Владимир И. Ленин атындагы Айыл-чарба илимий академиясына жетекчилик кылган.
1948-жылы классикалык генетика тармагында билим берүү жана изилдөө жүргүзүүгө тыюу салынып, Лысенконун эволюционисттик гипотезасын кабыл албай, Мендельдин генетикасын жактаган кээ бир генетиктер тымызын кармалып, өлүм жазасына тартылган.

Лысенко айыл-чарба долбоорлору жөнүндө маалымат берүүдө
Лысенконун айыл-чарба саясаты түшүмдүн кескин азайышына себеп болгон. Мисалы, Лысенко уруктарды эгер көпкө чейин муздак сууга салып койсо, суук аба шарттарына туруштук бере баштайт деп ойлогон жана муну текшерүү үчүн тонналаган урукту муздак сууда кармашып, анан Сибирьдин талааларына себишкен. Албетте, уруктардын баары текке кеткен. Буга окшогон эксперименттердин баары бүлгүнгө (фиаского) дуушар болгон. Бирок бул чындык 1960-жылдары гана ачык айтыла баштаган. Аягында 1964-жылы Лысенконун гипотезасынын илимий жактан туура эместиги расмий түрдө кабыл алынган жана андан соң Мендельдин генетикасын Россияда кайрадан окутуп, турмушта колдонуу үчүн көптөгөн аракеттер көрүлүп, айыл-чарбада Америка тибиндеги аргындаштыруу жана уруктандыруу ыкмалары колдонула баштаган. Чыгарган гипотезасынын сандырактык экендиги жана анын себебинен Советтер Союзунун илимине жана айыл-чарбасына чоң сокку ургандыгы аныкталганына карабастан, Лысенко менен анын тарапкерлери өз ойлорунан кайткан эмес жана ал тургай Союздун илимий мекемелериндеги наамдары менен кызмат орундарын да көбүнесе сактап калышкан.


Лысенко окуясы материализмге жана эволюция теориясына эч далилсиз ишенүүнүн илимге жана коомго канчалык чоң зыян алып келээрин көрсөткөн тарыхый бир далил. Азыркы эволюционисттер Лысенко окуясын көп эскеришпейт, эскергенде болсо аны ламаркизм менен байланыштуу бир догмалык кыймылдай көрсөтүшөт. Бирок Лысенко менен анын жолдоочулары бир гана ламаркист эмес, ошол эле учурда дарвинист да болушкан. Ламарк менен Дарвинди бири-бирин толуктаган эки негизги эволюционист теоретик катары көрүшкөн жана Ламарктын «пайда болгон өзгөчөлүктөр кийинки урпактарга өткөрүлөт» деген илимге сыйбаган гипотезасы жокко чыгарылса, Дарвиндин теориясынын да жокко чыгарылаарын түшүнүшкөн, ошондуктан Ламаркты болгон аракети менен жакташкан.
Марксист жана дарвинист ойчул Роберт М. Янг «Darwinian Evolution And Human History» (Дарвинисттик эволюция жана адамзат тарыхы) аттуу макаласында бул тууралуу мындай дейт:
Жакында эле коом менен табият бирдей эволюциялык жана коммунисттик мыйзамдарга баш ийет деген көз-караш 1930-40-жылдардагы Сталин режиминин эң олуттуу окуяларынын бири болгон лысенкоизмге себеп болду. Табият мыйзамдары диалектикалык жол менен иштейт деп кабыл алынган жана бул көз-карашты кабыл албаган биологдор жумушунан айдалып, көбүнчө эркиндигинен, ал тургай, өмүрлөрүнөн да ажырашкан. Лысенкоизм дүйнөнүн башка бөлүгүндөгү маанилүү генетикалык ачылыштарды четке каккан жана аларга каршы чыккан бир эволюционизм. Бирок бул дарвинизм үчүн жасалган...66
Лысенконун доорундагы советтик жетекчилердин генетика мыйзамдарына каршы чыгышы материалисттик фанатизмдин бир мисалы гана. Бүгүнкү күндө да көптөгөн материалисттер, генетика мыйзамдарын кабыл албай көшөргөн Лысенкого жана анын курдаштарына окшоп, илим ачыкка чыгарган организмдердин «атайын долбоор» менен жаратылгандыгы тууралуу акыйкатты, б.а. жаратылуу далилдерин кабыл албай көшөрүшүүдө. Жана ошондуктан буга каршы бир далил табуу үчүн канча жылдан бери миллиондогон долларларды коротуп, адамзатка чоң чыгым алып келишүүдө. Өздөрүнүн идеологиялык ишеними үчүн гана дүйнө жүзүндө эч бир майнапсыз изилдөөлөрдү жүргүзүшүп, канчалаган эмгекти жана акчаны ысырап кылышууда. (Тереңирээк маалымат алуу үчүн Харун Яхьянын «Куран илимге жол көрсөтөт» аттуу китебине кайрылыңыз.)

Коммунисттик идеологиянын коомдук жашоого таасирлери

Коммунисттик идеологиянын бул бөлүмдүн башынан бери каралып жаткан фанаттык мүнөзү 20-кылымдагы коммунисттик режимдердин коомдук жашоосуна да абдан терс таасирлерди тийгизген. Аллахтын бар экенин танган, Аллахтын дининен алыстап бардык руханий жана адеп-ахлактык баалуулуктарды четке каккан ырайымсыз, тозок сыяктуу бир жашоону сунуштаган. Аллахтан коркпогон, адамдарды өлгөндө жок боло турган бир зат катары көргөн түшүнүк коомдордун аң-сезимине сиңирилген жана натыйжада тарыхтын эң адамгерчиликсиз түзүлүштөрүнүн бирин пайда кылуу аракети көрүлгөн. Советтер Союзундагы, Чыгыш блогуна кирген өлкөлөрдөгү жана кызыл Кытайдагы таасирлер коммунисттик системанын, материалисттик-дарвинисттик теорияда айтылгандай, «өнүккөн айбандардын үйүрү» моделин пайда кылууну көздөгөнүн көрсөтүүдө.


Коммунисттик коомдордун кээ бир негизги мүнөздөрү төмөнкүдөй:
l Коммунисттик коомдордо адамдар, Дарвиндин эволюция теориясына жана Энгельстин «табияттын диалектикасы» тууралуу жомогуна таянып, «айбандардын өнүккөн бир түрү» деп кабыл алынат. Ошондуктан коом «айбанаттардын үйүрү» деп эсептелет. Коомду айбанаттардын үйүрүндөй кабыл алган бул түшүнүктү коммунисттик режимдердин бардык баскычтарынан көрүүгө болот. Бул система адамды «айбан менен машинанын» ортосундагы жансыз, рухсуз, супсак бир жандыкка айлантат.
l Коммунисттик системада адамдын баркы жок. «Ансыз да үйүрдө адам көп, бирөө кемисе эчтеке болбойт» деген түшүнүк бар. Иштей албагандар же майыптар үйүрдөн чыгарылып, өлүмгө түртүлөт. Оорулуу жана зыяндуу деп кабыл алынат. Кечирим, мээрим, опаа (туруктуулук) сезимдери жок. Ошондуктан бардык адамдар улгайуудан жана жок кылынуудан коркушат. Улгайгандарга боорукердик, сый-урмат көрсөтүлбөйт, тескерисинче жалгыз таштап коюу керек деген таш боор түшүнүк сиңирилет.
l Коом үйүрдөгү айбандардай, окшош типтеги адамдардан түзүлөт. Окшош кийимдер, окшош типтеги машиналар, окшош типтеги үйлөр болот. Бүт тарапты монотондуулук каптайт. Спортчу, маданияттын өкүлү, илимпоз, жумушчу, бүт баары окшош, бирдей типте жашашат. Үйлөр башпаана, кийимдер болсо «сууктан коргой турган тон» түшүнүгү менен жасалат. Сулуулукка эч маани берилбейт.
l Адамдардын жеке өзгөчөлүктөрү эмес, коомго берген күчү менен салымы алдыңкы планга чыгат. Жакшы иштеген жумушчу, жакшы иштеген дыйкан идеалдуу адам болот. Система «иштөө жана өндүрүү» сыяктуу материалдык түшүнүктөргө гана таянат. «Өндүрүү – бул үйүрдү күчтөндүрүү» деген логика үстөмдүк кылат. Адамдардын адеп-ахлагына, ниетине жана маанайына эч качан көңүл бурулбайт.
l Өмүрдү «жашоо үчүн күрөш» катары көргөн бул түшүнүктө алсыздардын жок болушу кадыресе көрүнүш, ал тургай, бир зарылдык. Жаныбарларда да болгон жан аябастык сезими жок кылынганы үчүн, бүт адамдар биринчи кезекте өзүн ойлойт, ошондуктан коом өнүкпөйт. Адамдар боорукердикти унутканы үчүн, коомдо бейпилдик жана ынтымак болбойт. Таш боордук менен ырайымсыздыкка келечек тууралуу тынчсыздануулар да кошулганда, коомду үмүтсүздүк менен убайым каптайт.
l Адамдар үйүр психологиясынан улам ар дайым коркуп жашашат. Ар кандай окуядан, абдан тез коркушат. Эшиктин алдындагы пальточон кишиден, жетекчинин алдына чакырылуудан коркушат. Коркунучтун булагы белгисиз, эч ким аны түшүндүрө албайт, бирок эң төмөндөн эң жогоруга чейин элдин баары коркуп жашашат.


l Ал тургай, коомдо Аллахтан коркуунун ордуна чыгарылган башка «коркуу борборлору» бар. Мисалы, Советтер Союзунда түзүлгөн КГБ (жана андан мурдакы ВЧК, НКВД сыяктуу жашыруун кызматтар) бүт коомду өлүм менен коркуткан мекемелерден болгон. Коомчулукта бул мекемелер «бүт баарын көрөт, бүт баарын билет» деген түшүнүк өкүмчүлүк кылат. Бул мекемелер толугу менен «жунгли мыйзамдарына» таянган тазалоо системасын иштеп чыгып, эч кандай сот жана коргонуу укугун бербестен миллиондогон адамды өлүмгө жибере алат.
l Аллахтан коркпогону үчүн, адамдар системадан канчалык корксо ошончолук гана каалоолорун чектешет. Система көрбөсө же жаза бербесе, ар кандай туура эмес иштерге барышат. Уурулук, коррупция, паракорчулук, мамлекеттин мүлкүнө кол салуу абдан күчөйт.
l Мындай чөйрөдөн улам тынчсыздануу, коркунуч жана паника элди стресске салат. Түнкүсүн уктай албай, күндүз бүт нерседен тынчсызданышат. Денелери абдан бат картайат. Оор кысымчылыктан жана татаал жашоо шарттарынан улам аял, эркектер эрте улгайышат жана кээде эрте көз жумушат. Үмүтсүздүктөн улам колундагы мүмкүнчүлүктөрдөн да ырахат ала алышпайт. Ичимдик менен гана баштарын маң кылышып, жарым мас абалда тозоктогу сымал өмүр сүрүшөт.
l Адамдар «өлгөндөн кийин жок болобуз» деп ишенишкени үчүн, жашоого төрт колдоп жабышышат. Бүт адамдарды душман жана атаандаш катары көргөнү үчүн, бардык кыймыл-аракеттерди өздөрүнүн зыянына чечмелешип, жек көрүшөт. Социализмдин пайдубалы катары көрсөтүлгөн «көмөктөшүү» жана «тилектештик» түшүнүктөрү ураандарда гана жашайт. Иш жүзүндө бүт баары бири-бирине күмөн менен карайт жана бүт баары жалгыз жашаганга мажбур болот.
l Аллахка ишеним болбогону үчүн, адамдарга руханий таяныч боло турган эч ким жок. Дарвинист-коммунист мамлекет адамдарды тынымсыз эзет. Коомдогу башка кишилер болсо мүлктү тартып алууну көздөгөн потенциалдуу душман катары көрүлөт. Ошондуктан коммунисттик коомдо адам бир гана өзүнө ишенет, бирок өзүнүн да алсыздыгын билгени үчүн өзүнө да ишене албайт, ошондуктан үмүтсүздүк күч алат. Ушул себептен коммунисттик коомдогу адамдар андан тажап даттанышат, бирок эч нерсени өзгөртүүгө аракет кылышпайт.
l Коммунисттик коомдо адамдардын акылы жабык болгону үчүн, жашоонун бүт тарабында, жумушта, окууда, үйдө, көңүл ачууда кемчиликтер кетирилет. Эмне үйрөтүлсө ошонун чегинде гана иш-аракет жүргүзүшөт (жаныбарлар сыяктуу), ошондуктан эч бир окуяга же маселеге оригиналдуу, жаңы чечүү жолдорун чыгара алышпайт. Антпесе ансыз да катуу жазаланышат.
l Адамдар ойлонбогону үчүн иштер жакшы уюштурулбай, каражаттар натыйжасыз колдонулат. Каражаттар, Лысенко мисалындагы сыяктуу, утопиялык кыялдар жана утопиялык максаттар үчүн ысырап кылынат.


l Коммунисттик коомдо коомдун эң негизги мүчөсү болгон үй-бүлө да бузулат. Чыныгы мааниде үй-бүлө болбойт. Көбөйүү жана урпакты улантуу деген гана түшүнүк болот. Үй-бүлө адеп-ахлак үчүн эмес, урпакты улантуу үчүн курулат. Баланы үй-бүлөсү эмес, мамлекет же өздөрү койгон ат менен айтканда «үйүр» багат. Бала согушуп, үйүрдү коргой турган жаңы күч катары кабыл алынгандыктан, ошол багытта тарбияланат. Эне айлана-чөйрөсүн, үйүн жек көргөнү үчүн ачуулуу болот, бул балага да өтөт. Балдар үй-бүлө мээримин көрбөгөнү үчүн таш боор жана үмүтсүз болушат. Үйдө да сүйүү-урматтын ордуна, уруш-талаш өкүмчүлүк кылат. Бала ишенип, таяна турган эч ким жок.
l Нике, туруктуулук, намыс сыяктуу түшүнүктөр болбогон, бир гана жупталуу (кошулуу) түшүнүгү өкүмчүлүк кылган коомдо сойкулук абдан күчөйт.
l Коммунисттик коомду башкарган полициялык мамлекеттин басымы абийирдин жана Аллах коркуусунун ордун алмаштыра албайт. Ошондуктан кылмыштуулук жогору болуп, коомдо уурулук көп кездешет. Заводдор, эгин талаалары, кооперативдер массалык түрдө уурдалат. Чогуу кылмыш жасаганы үчүн эч ким эч кимге карата арыздана албайт.
l Коммунисттик идеология расизмден алыс деп айтылганы менен, коммунисттик режимдерде расизм кеңири тараган. Мисалы, Советтер Союзунда орустан тышкары калктарга, өзгөчө мусулмандарга жана түрк тилдүүлөргө карата расисттик антипатия пайда болгон. Дарвинисттик расисттик теория толук кабыл алынып, түрк тилдүүлөр жана башка мусулман калктар «эволюцияланып бүтө элек этникалык топтор» катары көрүлгөн жана аларга карата сүргүн деген аталыш менен массалык кыргындар жасалган. Кыргын, коммунисттик идеология боюнча, «табияттын диалектикасынын», б.а. эволюциянын табигый бир бөлүгү.
l Коммунисттик системада адамдар түшүм берүүчү айбандар катары гана кабыл алынат. Өзгөчө дыйкандар жек көрүлүп, басмырланат. Маркс дыйкандарды «картошка каптары» деп атаса, Ленин менен Сталин, мурдакы бөлүмдөрдө терең каралгандай, миллиондогон дыйканды атайылап ачарчылыкка түртүп өлтүргөн. Алардын ою боюнча, дыйкандар болгону дан, пахта ж.б. өндүргөн айбанат үйүрлөрү. Өндүргөндөрүн тартып алуу (коллективдештирүү) болсо, бал аарылардын чыгарган балын топтоп алуу сыяктуу, кадыресе нерседей кабыл алынат.
Бул айтылгандар негизи атеисттик коомдордун кыскача мүнөздөмөсү. Аллахка ишенбеген коомдордо, кандай гана ат менен аталбасын, ушул сыяктуу бир жашоо келип чыгат. Анткени андай коомдордо адам Аллах жараткан, руху бар бир жандык катары баркталбайт. Адамдар бири-бирин, жогоруда да айтылгандай, өлгөндө жок боло турган заттар жана бир аз өнүккөн жаныбарлар катары көрүшөт. Ошондуктан коомдо бейпилдик, тынчтык, көмөктөшүү, ынтымак болбойт. Ар бир адам мүмкүн болушунча өзүнүн кызыкчылыгын коргоого, өзүнүн жашоосу үчүн киреше табууга аракет кылат. Эч ким эч кимдин ден-соолугун, бейпилдигин, тынчтыгын ойлобойт. Адамдарга кандайдыр бир зыян келишинен тынчсызданбайт, ага бөгөт коюуга аракет кылбайт. Ошондой эле, атеист коомдордо адилеттүү башкаруучулар, коомдун пайдасына иштеген кишилер да кездешпейт. Ар бир адам ээлеген кызматынан эң көп кызыкчылык алууга аракеттенет.
Ал эми Курандын адеп-ахлагында болсо адамдар бири-бирин Аллахтын пенделери катары баркташат. Жакшылык кылуу үчүн бир кызыкчылык күтүшпөйт, тескерисинче ар дайым жакшы иштерди жасап, сооптуу иштерде жарышып Аллахтын ыраазылыгына жетүүгө аракет кылышат. Акыретте сонун жашоону үмүт кылышканы жана Аллахтын «... бир кайыр садага берүүнү же жакшылык кылууну же адамдардын мамилесин оңдоону буйругандар...» (Ниса Сүрөсү, 114) «... Ким Аллахтын ыраазылыгын көздөп ушундай кылса, ага чоң сыйлык беребиз.» (Ниса Сүрөсү, 114) деген аятын билишкени үчүн, ар дайым жакшылык кылышат. Жана муну адамдардан кандайдыр бир кызыкчылык күтпөстөн, сыйлыгын бир гана Аллахтан күтүп жасашат. Аллах мындай үлгүлүү кулк-мүнөздү Курандын аяттарында төмөнкүчө сүрөттөйт:

Бей-бечараларга, жетимдер менен туткундарга өздөрү сүйүп (жегиси келип) турган тамактан жедиришет. (Жана мындай дешет): «Биз силерди Аллахтын жүзү (ыраазылыгы) үчүн тамактандыруудабыз. Биз силерден (эч кандай) акы жана алкыш сурабайбыз. Биз Раббибизден (жана жүрөктү) сыга турган оор күндөн (кыяматтан) коркобуз.» (Инсан Сүрөсү, 8-10)

Жыйынтык

Бир коомдо искуссто менен илим-билимдин өнүгүшүнө жолтоо болгон эң негизги тоскоолдук – бул коммунизмдин да эң негизги таңуулоосу болгон эскичилик. Белгилүү тар калыптардан, тыюулардан жана чектөөлөрдөн чыкпай ойлонууга жана жашоого мажбурланган бир коомдо илим менен искусство шал болот. Илим жана искусство өнүгүшү үчүн адамдар эркин ойлонуп, дүйнөгө кенен көз менен карашы керек.
Кээ бир адамдар илим менен искусствону токтотуп коюучу мындай эскичиликти туура эмес чечмелеп, динге таңуулоого аракет кылышат. Бирок Куранда сүрөттөлгөн чыныгы дин эскичиликке, караңгылыкка, тыюу салуучулукка толугу менен каршы чыгып, адамдарга мүмкүн болушунча эркин жана кенен ой жүгүртүү мүмкүнчүлүгүн түзөт. Адамдарды Аллах коркуусунан башка бардык коркуулардан жана тынчсыздануулардан куткарат. Мындай эркиндикте илим-билим, искусство жана идеялар абдан өнүгөт. Адамдар Аллах Куранда үйрөткөндөй терең ой жүгүртүп, ааламды, табиятты жана баштарына келген окуяларды акылы менен баалашат. Ошондой эле, диний адеп-ахлак Аллахка жана динге кызмат кылуу түшүнүгүн сиңирип, адамдарга искусство, илим жана идея чыгаруу үчүн өтө чоң кубаныч, толкундануу жана каалоо тартуулайт. Ошондуктан Ислам дининин алгачкы кылымдарында мусулмандар улуу «алтын кылымды» башынан өткөргөн.
Коммунизм болсо бир жагынан толугу менен эскичил саясий жана коомдук системаны куруп, экинчи жагынан адамдардын Аллахка болгон ишенимин жок кылып, алардын жашоо кубанычын, жашоолорун маанилүү кылган акыйкатты бузган. Искусствону, илимди жана идеяны марксизм аттуу бир кыстамай теориянын моюнтуругуна салып, балталаган.
Бизге бул акыйкатты мындан да даана көрсөтө турган коммунизм мисалдарын бир топ ыраакы чыгыш өлкөлөрү башынан өткөргөн.

 
ДАРВИНИСТ-КОММУНИСТ КАДРЛАР ОРУС ЭЛИН ЭЗҮҮНҮ УЛАНТУУДА

Дарвинист-коммунист мамлекет адамдарды айбанаттардын үйүрүндөй көргөнү үчүн элин барктабайт жана элине ишенбейт. Ошондуктан коркутуу, басым жасоо, жасалма коркунучтарды жана кооптуу шарттарды түзүү аркылуу аларды башкарууга аракет кылат. Бардык адамдарды потенциалдуу шектүү, кылмышкер же чыккынчы катары көрөт. Мындай мамлекет түшүнүгүндө адамдарды жазалоо же өлтүрүү үчүн алардын кылмыш кылышы шарт эмес. Адамдарга зомбулук көрсөтүү үчүн күмөн саноо эле жетиштүү болот. Коммунисттик Россия мунун эң ачык мисалы.
Белгилүү тарыхчы Цветан Тодоров мындай түшүнүктөгү мамлекеттердин элдерине болгон мамилесин төмөнкүчө сүрөттөйт:
«Душман террорду актоодо колдонулуучу эң негизги курал; душмансыз тоталитардык мамлекет болбойт. Эгер душман жок болсо мамлекет душман чыгарат. Душмандар аныкталган соң аларга ырайым кылынбайт... Душмандык оңолбойт жана генетикалык бир кемчилик. ... Коммунисттик бийликте да абал ушундай; буржуазия классына басым көрсөтүүнү же кризис учурларында буржуазияны жок кылууну көздөйт. Анын касына айлануу үчүн бир нерсе кылуу шарт эмес; буржуазия классынан болуу гана жетиштүү.» (Tzvetan Todorov, L'homme dépaysé, Paris, Le Seuil, 1995, p.33)


Лениндин төмөнкү сөздөрү да дарвинисттик-коммунисттик мамлекеттин элине болгон көз-карашын ачык айгинелейт:
Мамлекет – башкаруучу класстын колундагы, кас класстардын каршылык көрсөтүүсүн эзүү үчүн колдонулуучу бир машина. Бул жагынан караганда пролетардык диктатура да башка класстардын диктатурасынан айырмаланбайт. Анткени пролетариаттын колундагы мамлекет буржуазияны эзүү үчүн колдонулуучу бир машина. Диктатура түздөн-түз зомбулукка таянган жана эч бир мыйзам менен чектелбеген бир бийлик. Пролетариаттын революциялык диктатурасы пролетариаттын буржуазия классына көрсөткөн зомбулугунун негизинде сакталып турган бир бийлик, эч бир мыйзам менен чектегенге болбойт. (Ленин, Пролетариат революциясы жана ренегат (чыккынчы) Каутский, б. 53)


Жогоруда Ленин өз сөздөрү менен да айткандай, дарвинист-коммунист совет режиминин өз элине ишенбеши, аларды барксыз айбандардай көрүшү он миллиондогон адамдын кыйноолордун же ачарчылыктын натыйжасында көз жумушуна жана бир элдин ондогон жылдар бою коркуп, караңгылыкта жашашына себеп болду.
Орус эли бүгүнкү күндө да мындан азап тартууда. Анткени Россиянын мамлекеттик механизминин ичинде дагы эле коммунисттик түшүнүктөгү кээ бир кадрлар (кызматкерлер) бар жана алар дагы эле элди барксыз бир буюмдай, бир айбанаттай көрүшүүдө. 2000-жылы Россияда болуп өткөн бир окуя буга ачык далил болгон. Ал окуяда Советтер мезгилинен калган дарвинисттик-коммунисттик түшүнүк караңгы жүзүн дагы бир жолу көрсөткөн. Россиянын бир суу астында сүзүүчү кемеси чөккөндө Москва көпкө чейин аскерлерин куткаруу аракетин көргөн эмес жана жардамга келе ала турган Батыш өлкөлөрүнө «мамлекеттик коопсуздук» деген шылтоо менен бул кырсыкты көпкө чейин угузган эмес, ошентип өз аскерлерин билип туруп өлүмгө таштаган. Бул мыкаачылыкка каршы чыккан бир эненин Россиянын коопсуздук күчтөрү тарабынан ийне сайылып оозунун жабылышы Россиянын мамлекеттик кадрларында дагы эле сталинисттик түшүнүктүн уланып келе жатканын көрсөткөн ачык мисалдардын бири.


Булактар:

64 Karl Marx, "Ekonomi Politiğin Eleştirisine Katkı'ya Önsöz" ; Jozef Stalin, Diyalektik ve Tarihi Materyalizm, Bilim ve Sosyalizm Yayınları, 9. Baskı, s: 676

65 Elbette mevcut durumun böyle olmadığını Marxistler de görmektedirler. Bu nedenle Marxistler, kendilerini "proletarya" gibi görmeyen işçilerin "sahte bilinçle" aldatıldığını, bunun, proletarya devrimini engellemek isteyen kapitalistlerin tuzağı olduğunu ileri sürerler. Ancak bu, çok yüzeysel bir açıklamadır.
66 Robert M. Young, "Darwinian Evolution And Human History", Open University course on Darwin to Einstein: Historical Studies on Science and Belief, 1980


Hiç yorum yok:

Yorum Gönder