5 Temmuz 2020 Pazar

4-БӨЛҮМ: АЗИЯДА КЫЗЫЛ ТЕРРОР


Коммунизм Европада пайда болгон. Алгачкы революциясын Европанын чыгыш тарабында, Россияда жасаган. 20-кылымдын экинчи жарымында болсо андан да чыгышка жайылган. 1949-жылы калкынын саны боюнча дүйнөдө биринчи орунда турган Кытай өлкөсү Мао Цзэдун жол башчылык кылган коммунист партизандар тарабынан колго алынган. Ондогон жылдар бою Кытайдын ар кайсы аймактарында өкмөттүн күчтөрүнө каршы партизандык согуш жүргүзгөн Маонун согушчандары ошентип дүйнөнүн экинчи чоң коммунисттик революциясын ишке ашырган. Бул экинчи чоң революциянын жыйынтыктары да биринчиси, б.а. Россиядагы большевиктик революция сыяктуу болгон: киши өлтүрүүлөр, массалык кыргындар, кыйноолор, ачарчылыктар, жакырчылык, бузулуу жана түнт, супсак, коркок коом...
Мао коммунизмге Ленинден кийинки экинчи маанилүү өзгөртүүнү киргизген теоретик болгон. Мао марксизмге үч маанилүү багытта жаңылык киргизген деп кабыл алынат:
1) Маркс менен анын жолун жолдогон коммунист идеологдор «жумушчу классы» (пролетариат) түшүнүгүнө абдан маани берсе, Мао «дыйкандар классын» революциянын алдыңкы аскерлери деп кабыл алган жана «дыйкан социализми» деген түшүнүктү киргизген.
2) Лениндин шаардын борборлорунда акция уюштуруп революцияга даярдык көргөн коммунисттик партия түшүнүгүнүн ордуна, Мао «партизандык согуш» ыкмасын иштеп чыккан жана шаарлардын борборлорунда эмес, айыл-кыштактарда жана тоолордо уюштурулган бир коммунисттик партияны түзгөн.
3) Марксизмдин пайдубалын түзгөн жана Ленин тарабынан кабыл алынган интернационалисттик (эл аралыкчыл) подходдун ордуна, Мао улутчулдукка маани берген жана «улутчул социализм» түшүнүгүн чыгарган.
Негизи Маонун жогорудагы үч башкача подходунун чыныгы себеби өлкөсүндөгү шарттар болгон. Кытай сыяктуу дээрлик толугу менен айылдыктардан турган жана улутчулдук түшүнүгүн бекем карманган бир өлкөдө Мао үчүн «улутчул дыйкан социализмин» айтып чыгуудан башка жол калган эмес. Айылдыктарга маани берген Мао мажбурлуу түрдө айылдыктардын арасында уюшуп, кайра эле мажбурлуу түрдө «айылдык партизан» моделин колдонгон.
Бул себептер маоизмдин эмне үчүн ыкма жагынан ленинизмден айырмаланганын түшүндүрөт. Ошондой эле, эмне үчүн ленинизмден да көбүрөөк мыкаачы, варвар жана катуу бир идеология болгонун да түшүндүрөт. Анткени ансыз да таш боор, мыкаачы жана канкор бир идеология болгон коммунизмге маоизм менен бирге караңгылык, фанаттык улутчулдук жана маданият душмандыгы да кошулуп, толук бүлгүнгө айланган. Маоизм коммунизмдин эң начар версиясы, мындайча айтканда «жамандын да жаманы».
Анткен менен, жыйынтыгында ленинизмде да, маоизмде да түпкү максат коммунизмди орнотуу. Болгону бул максатка жетүүдө аймактардын жана өлкөлөрдүн коомдук-маданий жана географиялык шарттарына жараша колдонулган ыкмаларда кээ бир айырмачылыктар бар.


Маоизм бир гана Кытайда эмес, Кытайдан кийин Камбоджада (кызыл кхмерлер доорунда), Түндүк Кореяда жана, ал тургай, Албанияда да натыйжалуу болгон. Маонун Сталиндин жардамы менен бийликке келгенине жана Сталиндин доорунда Советтер Союзу менен Кытайдын ортосундагы мамилелердин абдан жакшы болгонуна карабастан, 1960-жылдары бул мамиле бузулуп, эки өлкө душманга айланган. Кытай менен Советтер Союзунун ортосундагы атаандаштык коммунисттик дүйнөгө да таасир тийгизип, Советтер Союзунун өнөктөштөрү менен Кытайдын өнөктөштөрү экиге бөлүнгөн.
Маоизмдин Кытайга жана Кытайдын жолун жолдогон коммунист өлкөлөргө алып келген натыйжалары да ленинизмчелик кандуу жана караңгы болгон. Бирок маоизм, жогоруда да айтылгандай, «жамандын да жаманына» айланып, Ленин менен Сталиндин доорундагы Россиядан да коркунучтуу режимдерди пайда кылган.
Азияны каптаган бул кызыл мыкаачылыктын икаясы төмөнкүдөй болгон.



Дарвинизмдин Кытайга сапары

Чан Кайши
Коммунизм чындыгында Европанын бир бузуку идеологиясы. Европалык философтор тарабынан чыгарылып, алгач европалык активисттер тарабынан ишке ашырылган. Жана чындыгында Европада тамырлаган материалисттик дин душмандыгынын гана бир натыйжасы болгон. Кытай сыяктуу Европадан бүт жагынан алыс, обочолонгон бир өлкөгө бул идеология кантип жеткен жана кантип ал жерде тамырлаган деген суроо туулушу мүмкүн. Кытайдын жакынкы тарыхын караганыбызда тааныш көрүнүшкө күбө болобуз: коммунизм Кытайга өлкөдө атеизм жайылгандан көп өтпөстөн келген. Атеизм болсо дарвинизм менен синоним, б.а. бир мааниге келет.
Кытай 18-кылымдын аягына жакын батыш маданиятынан абдан алыс, обочолонгон бир коом болгон. 19-кылымда болсо өлкөгө келип баштаган англиялык соодагерлер көптөгөн өзгөрүүлөрдү алып келген. Ал соодагерлер тарабынан Кытайга ошого чейин белгисиз бир зат болгон апийим алынып келип, апийим колдонуу Кытай элинде жугуштуу оорудай жайылганы үчүн Кытай менен Англиянын ортосунда эки жолу согуш чыккан. Аягында Англия жеңип, Гонконг баш болгон Кытайдын негизги шаарлары Англиянын таасири астында калган.
Британия империализминин ушинтип Кытайга кириши бул империалисттик түзүлүштүн илимий таянычына айланган (тереңирээк маалымат үчүн караңыз: Харун Яхья, «Жогорку акыл Британия терең мамлекетинин чыныгы жүзү») дарвинизмди да бул өлкөгө киргизген. 19-кылымда Европада өкүмчүлүк кылган материалисттик жана дарвинисттик көз-караштар кытайлык интеллигенттердин арасында тездик менен тарай баштаган. Эволюционист Ричард Миллер «Encyclopedia of Evolution» (Эволюция энциклопедиясы) аттуу китебинде бул тууралуу мындай деп жазат:
19-кылымда батыш Кытайды обочолонгон (изоляцияланган) жана эски үрп-адаттарды сактаган, уктап жаткан бир дөөдөй көргөн. Кытайлык интеллектуалдардын Дарвиндин эволюция теориясын жан дили менен кабыл алышканын жана өзгөрүүгө үмүт берээрин түшүнүшкөнүн абдан аз европалык байкаган. Кытайлык жазуучу Ху Шинин айтуусу боюнча 1898-жылы Томас Гекслинин «Эволюция жана этика» аттуу китеби жарык көргөндө кытайлык интеллектуалдар тарабынан заматта тастыкталган. Бай кишилер арзан Кытай китептерине спонсорлук кылышкан, ошентип жалпы элге кенен тараган.67
Осмон империясынын акыркы жылдарында батыштын таасири менен материалисттик көз-караштарды кабыл алган кээ бир «жаш (жөң) түрктөр» (young turks) сыяктуу, Кытайдын акыркы жылдарында да материализм менен дарвинизмди кабыл алган идеологдор пайда болгон. Мунун да таасири менен 1911-жылы миңдеген жылдык Кытай империясы жоюлуп, ордуна Кытай Республикасы түзүлгөн. Республиканы түзгөн кадрлар батышка каршы сөздөрдү айтып, батышка каршы саясат менен чыкканына карабастан, чындыгында батыш империализминин пайдубалын түзгөн расист жана социал-дарвинист түшүнүктү ошол бойдон кабыл алган. Американын «The New Republic» журналында Джейкоб Хайльбрунн тарабынан жарыяланган бир макалада бул жөнүндө төмөнкүлөр жазылган:
Ал күндөрү батышка каршы батыштык көз-караштарды жана ачылыштарды колдонуу пикири эң жогорку деңгээлде болгон. 1919-жылы 4-майда Пекинде өткөрүлгөн белгилүү нааразылык акцияларынан мурда, модернизм, демократия, мекенди сүйүү жана илим-билим чакырыктары жасалып турган... Бирок Ту Вэйминдин кийин жазганы боюнча, «негизи булар илим да, демократия да эмес, болгону позитивизм жана популизм болчу. 4-май учурунда якобинецтерге окшогон коллективизм Кытайдагы интеллектуалдык дүйнөнү каптаган эле.» Бир жашыруун журналдын жарыялоо иштерин жүргүзгөн Лян Цичао сыяктуу реформисттер Дарвин менен Спенсердин жөнөкөйлөштүрүлгөн, бирок популярдуу бир версиясынан абдан таасирленишкен. Расалардын ортосундагы согушту өнүгүүнүн бир шарты катары көрүшкөн.68

Дарвин, Хаксли жана Гальтон

Бул жерде айтылган Герберт Спенсер Дарвиндин учурунда жашаган жана Дарвиндин теориясын коомдук илимдерге киргизген расист ойчул болгон. Европалык расалар жогору турат, расалар менен улуттардын ортосунда ар дайым кагылышуу болушу шарт, коомдо жакырлар менен муктаждарга жардам бербөө керек деген сыяктуу көптөгөн зомбулукчу, адилетсиз жана залим көз-караштарды чыгарган.
Дарвин менен Спенсерден таасирленген кытайлык интеллектуалдардын арасында Янь Фу жана Дин Вэньцзян сыяктуу азыркы Кытайдын түптөлүшүнө ой-пикирлери менен чоң таасир тийгизген ысымдар да болгон. Америкалык тарыхчы Бенджамин Шварц «Chinese Communism and the Rise of Mao» (Кытай коммунизми жана Маонун жогорулашы) аттуу китебинде Янь Фуну жана анын дарвинисттик ой-пикирлерин баса белгилеген. Шварцтын ою боюнча, Янь Фу «Спенсердин теориясына окшогон батыштык идеология жана теорияларды ошол бойдон кабыл алган жана аларды коомду өзгөртүү, күчкө жана байлыкка жеткирүү багытындагы мыйзамдуу ыкмалар катары көргөн.»69 Шварцтын айтуусу боюнча, Янь Фу үчүн «Дарвиндин теориялары акыйкатты эле сүрөттөп тим болбостон, ошол эле учурда баалуулуктарды жана колдонула турган ыкмаларды да көрсөткөн70
Дин Вэньцзян болсо коммунизмге жол башчылык кылган дагы бир маанилүү кытайлык идеолог. Анын көз-караштарынын негизги таянычы да кайра эле дарвинизм болгон. Дин Вэньцзян 1910-20-жылдары Кытайга таасир тийгизген «Жаңы маданият» кыймылынын эң негизги өкүлү. Бул кыймылдын эң негизги өзгөчөлүгү, Кытай элинин диний ишеними болгон конфуцийчиликке каршы чыгып, анын ордуна материалисттик дүйнө көз-карашын жактаган. (Жаңы маданият кыймылы Мао коммунизминин да, ага атаандашкан Чан Кайши фашизминин да идеялык пайдубалын түзгөн.)
Америкалык тарыхчы Шарлотта Фюрт «Ting Wen-chiang: Science and China's New Culture» (Дин Вэньцзян: илим жана Кытайдын жаңы маданияты) аттуу китебинде «жаңы маданият» кыймылынын аксакалы болгон Дин Вэньцзянды абдан терең изилдеген. Фюрттун айтуусу боюнча, Вэньцзян болгону Дарвин, Хаксли жана Спенсер сыяктуу эволюционист идеологдордун көз-караштарын кытай тилине которгон. Ал тургай, Фюрт ушул себептен Вэньцзянды «Кытайдын Хакслиси» деп атаган.71 (Хаксли Дарвиндин эң негизги колдоочусу болгон жана мындан улам өз кезинде «Дарвиндин ити (бульдогу)» деген лакапка ээ болгон.) Британиядагы Глазго университетинде зоология жана геология тармагында билим алган Вэньцзян 1911-жылы Кытайга кайтып, жаңы түптөлгөн Кытай Республикасында дарвинисттик жана материалисттик көз-караштарды жайылтуу аракеттерин жүргүзгөн. Дин Вэньцзян Чарльз Дарвиндин аталаш тууганы Фрэнсис Гальтон тарабынан чыгарылган евгеника теориясын да жактаган.72 (Евгеника (тукум таануу) бир адам расасынын ичиндеги оорулуу жана майып адамдарды жок кылып, ден-соолугу чыңдарды «жуптоо» аркылуу «эволюциялык прогресске» жетүүнү көздөгөн бир теория жана фашисттик Германияда кеңири колдонулган.)
Жаңы маданият кыймылы тууралуу маанилүү бир тыянагын Гарвард университетинин тарых профессору Джеймс Рив Пьюзи төмөнкүчө билдирген:
Жаңы маданият кыймылынын бардык ураандары Дарвинге таянган ураандар болгон жана дагы эле ал ураандарды колдоп жаткан. Ал (Дарвин) «жаңы маданият» кыймылынын эң негизги руханий лидери болгон... Анткени анын теориясы «жаңы маданият» кыймылынын жол башчылары баса белгилегендей... «бүгүнкү күндүн тарыхтан жакшыраак экендигин жана келечектин бүгүнкү күндөн жакшыраак болоорун далилдеген». Бул анархисттер чыгарган «азыркы учурду ойло, өткөнгө эч маани бербе» же кийинчерээк коммунисттер чыгарган «азыркы учурду ойлон жана өткөндү унут» ураандарынын артындагы ишенимди түзгөн.73
20-кылымдын башында дарвинизмдин Кытайга жайылышынын натыйжасында пайда болгон ушул сыяктуу кытай идеологдор алгач «Гоминьдан» партиясынын астында уюшкан фашисттик түшүнүктөгү Кытай улутчулдугун, андан соң Кытай коммунизмин пайда кылышкан. Канадалык дарвинист философ Майкл Руз «New Scientist» журналында жарыяланган бир макаласында бул тууралуу мындай дейт:
Батышта эволюция теориясы диний жана интеллектуалдык тоскоолдукка туш болгон. Бирок Кытайда андай болгон жок жана дарвинизм биринчи аракетте эле тамыр жайды. Негизи кээ бир жагынан Дарвин дээрлик бир кытайдай кабыл алынган! Даочул жана нео-конфуцийчил көз-караштар ар дайым адамдардын «заттык тарабына» басым жасаган. Адамдар менен айбандардын табияты бир деген көз-караш алар үчүн чоң шок болгон жок... Азыркы учурда расмий философия (кандайдыр бир мааниде) марксизм-ленинизм. Бирок дарвинизмдин секулярдуу (динден тышкары) материалисттик көз-карашы (азыркы учурда кеңири тараган бир философия катары) болбогондо, Мао жан анын революционерлери пайдубал боло алмак эмес.74

«Кытай жана Чарльз Дарвин»

"Кытай жана Чарльз Дарвин" китеби
Дарвинизмдин Кытайдын 20-кылымдагы тарыхына таасири ушунчалык зор болгондуктан, Гарвард университетинде эмгектенген тарыхчы Джеймс Рив Пьюзи бир гана ушул темага арналган «China and Charles Darwin» (Кытай жана Чарльз Дарвин) аттуу бир китеп жазган. Ал китепте Дарвиндин «Түрлөрдүн келип чыгышы» аттуу китебинин Британияда жарыялангандан 36 жыл өткөн соң, 1895-жылы кытай тилине которулганы жана андан соң Кытайдагы интеллектуалдар арасында абдан тез жайылып, өтө чоң коомдук жана саясий таасирлерди пайда кылганы баяндалган.
Пьюзинин китебинин баш сөзүндө мындай деп жазылган:
1895-жылдан соң Спенсердин белгилүү «ылайыктуулар жашоосун улантат» деген түшүнүгүнүн кытай тилиндеги мааниси, б.а. «yu sheng lieh pai» (күчтүүлөр жеңип, алсыздар жеңилет)... миңдеген макаланын темасына айланып, Кытайдагы билимдүүлөр үчүн ар кандай интеллектуалдык иш-аракетте бирден-бир таянычка айланган.75
Джеймс Рив Пьюзи «Кытай жана Чарльз Дарвин» аттуу бул китебинде Кытайда 20-кылымдын биринчи жарымында пайда болгон ой-пикир агымдарын карап чыгып, алардын маоизмге кантип пайдубал даярдаганына токтолгон. Ал сөз кылган ысымдардын бири Лян Цичао. Өз доорунун белгилүү жазуучуларынын бири болуп эсептелген Лян Цичао дарвинизмге жана материалисттик философияга абдан берилген бир фанатик болгон:
Лян Цичао... 1902-жылдын 16-октябрында бир журналда жарыяланган макаласында материализмдин идеализмге караганда туура философия экендигин жана Дарвинден улам идеализмге үстөмдүк кылып баштаганын жазган. «Акыркы жыйырма төрт жылда дүйнө кандай керемет,» деп жазган, «эволюция теориясына караштуу бир дүйнө, материализм жогорулап, идеализм бурчка тыгылды»... Ошол эле журналдын 1902-жылдын 31-октябрындагы санында болсо Кытай коммунисттери үчүн кийин дээрлик бир ыйык китепке айланган төмөнкү сүйлөмдү колдонгон: «философия... болгону эки негизги мектептен турат, материалисттик мектеп жана идеалисттик мектеп.»76
«China and Charles Darwin» аттуу китебинде дарвинизмдин Кытайда материалисттик, тирешчил жана революциячыл маданиятты пайда кылганын жана мунун маоизмдин бийликке келишинде эң негизги рольду ойногонун төмөнкүчө жазган:
Кытай коммунисттеринин бир пропаганда афишасы
Дарвин Кытай аң-сезиминде чыныгы кайра жаралуунун ишке ашышына илхам берген жана муну өзгөчө салттык кээ бир түшүнүктөрдү жана мурда кадыр-барктуу көрүлгөндөрдүн беделин жок кылуу аркылуу жасаган... Бирок бул кыска убакытка созулган жана жаңы ортодоксиянын (эскичиликтин), б.а. Мао Цзэдундун көз-карашынын сиңирилишинин натыйжасында токтогон. Албетте, бул сиңирилген көз-караш дарвинизмге абдан карыздар. Анткени Дарвин зордук-зомбулук аркылуу өзгөрүү жана революция түшүнүктөрүн мыйзамдаштырган. Эч күмөнсүз, бул Дарвиндин Кытайга тийгизген эң тарыхый таасирлеринин бири... 3000 жыл бою Кытайда «көтөрүлүш» түшүнүгү чоң күнөө деп кабыл алынып келген. Бул күчтүү күнөө түшүнүгүнө каршы Мао Цзэдун... абдан жигердүүлүк менен жана дарвинисттик каршы чыгуулар аркылуу күрөш жүргүзгөн. Аягында Мао Цзэдун марксизм-ленинизмди бир ураанга келтирүүгө болот деген: «көтөрүлүшкө чыгуу туура нерсе»... Бул «көтөрүлүш табияттын бир мыйзамы» деген мааниге келет жана бул сабакты Мао Цзэдунга Маркс эмес, Сунь Ятсен менен Лян Цичао үйрөткөн, алар болсо муну Дарвинден үйрөнүшкөн.
Дарвин революция түшүнүгүн туура нерседей көрсөткөн, жана ошондуктан Лян Цичаонун... жана Мао Цзэдундун маданий революцияларына, ошондой эле Сунь Ятсендин, Чан Кайшинин жана Мао Цзэдундун саясий революцияларына жардам берген.
... Марксисттер интеллектуалдарды өзгөртүшкөн, бирок алар ансыз да андан мурда дарвинизм тарабынан өзгөртүлгөн кишилер болушкан. Эгер марксисттер Кытайдагы массаларды ойготкон «көрөгөч» кишилер болсо, Кытайдын андан мурдакы доордогу социал дарвинисттери марксисттерди ойготкон «көрөгөч» кишилер болгон... Бир суроо дагы эле актуалдуу: Кытайды марксизмге жана Мао Цзэдундун көз-караштарына ылайыкташтыруу аркылуу Дарвин Кытайга эмне кылды?77
Бул анализ бизге дарвинизмдин Кытай коммунизминин пайдубалын түзгөнүн апачык айгинелейт. Миңдеген жылдар бою сырттан обочолонуп жашаган Кытай империясын бир канча он жылдын ичинде кызыл (коммунист) Кытайга айланткан аң-сезимдик өзгөрүүнүн мотору дарвинизм болгон.
«Дарвин Кытайды маоизмге кантип даярдаган?» деген суроонун жообун болсо бир аздан кийин карайбыз.

Мао кантип коммунист болгон?

1. Сунь Ятсен; 2. Мао Цзэдун
Жогоруда Кытайды маоизмге даярдаган аң-сезимдик өзгөрүү тууралуу сөз кылдык. Бирок жеке кишилердин деңгээлинде карала турган бир мисал бар: Маонун өзү.
Мао 1893-жылы Түштүк Кытайда дыйкандын үй-бүлөсүндө төрөлгөн. Жаш кезинен баштап Пекинди көрүүнү жана ал жерде жашоону кыялданган. 15 жашга толгондо борбордо жарык көргөн жаштык журналдарын окуй баштаган. Өзгөчө жогоруда каралган «жаңы маданият» кыймылынын бир журналы болгон «Жаңы жаштык» журналын сүйүп окуган. Бул журналда Янь Фу жана Дин Вэньцзян сыяктуу дарвинист идеологдордун макалалары байма-бай жарыяланып турган.
Жаш Мао кыялындагы Пекинге 1918-жылы барган. Ал жерде Пекин университетинин окутуучусу Ян Чанцзи менен жакын мамиле түзгөн. Маону жөндөмдүү өспүрүм катары баалаган Ян Чанцзи анын университеттин китепканасына жумушка орношушуна жардам берген. Мао китепканада текчелерди ирээттөө, китептердин чаңын сүртүү, бөлмөлөрдү тазалоо сыяктуу иштерди жасай баштаган. Ал ортодо мурда «Жаңы жаштык» журналындагы макалаларын жактыруу менен окуган китепкананын жетекчиси Ли Дачжао менен достошкон. Ли Дачжао коммунист түшүнүктөгү киши болгон, ошондуктан университеттин китепканасы да «кызыл зал» деп атала баштаган. Кытайдын коммунист теоретиктери ал жерде тынымсыз чогулуп турушкан. Мао Маркс, Энгельс, Ленин сыяктуу ысымдарды биринчи жолу ошол жерден уккан.
Бирок Маонун коммунизмди кабыл алышына түрткү берген эң негизги киши Пекиндеги эмес, Шанхайдагы коммунисттердин лидери Чэнь Дусю болгон. Жаш Мао Пекинде бир канча ай турган соң, Шанхайга барган жана Чэнь Дусю менен таанышкан. Анын эң негизги өзгөчөлүгү, ал дарвинизмге абдан ишенген. Ал тургай, университетте Дарвин тууралуу дипломдук иш жазган.78 Бул кишини дарвинизмдин Кытайдагы эң негизги өкүлү деп эсептөөгө болот жана ал Маонун өмүр бою эң негизги устаты болгон. Мао көп жылдардан кийин «эч ким мага Чэнь Дусюдай таасир берген жок» деп айткан.79
Гонконг университетинин тарыхчысы Клэр Холлингворт «Мао» аттуу китебинде Маонун Чэнь Дусюнун дарвинисттик көз-караштарынан абдан таасирленгенин, 1970-жылдары деле жаш кезиндеги Дарвин тууралуу изилдөөлөрүн ностальгия менен эскергенин жазган.80
Мао илимий багытта Чэнь Дусюдан дарвинисттик таалим алса, саясий багытта ошол кездеги Кытайдын лидери Сунь Ятсенден таасирленген. Эң кызыгы, азыркы Кытайдын жана Гоминьдандын (Кытай улуттук партиясынын) негиздөөчүсү деп эсептелген Сунь Ятсен да дарвинист болгон. Америкалык изилдөөчү Джейкоб Хайльбрунн «The New Republic» журналындагы макаласында мындай деп жазат:
Маону маанилүү таасирленткен киши Кытайдын белгилүү революционери жана улутчулу Сунь Ятсен болгон. Сунь Кытай батыштык күчтөрдү жеңүү үчүн улутчулдукту кабыл алышы керек деп ишенген жана бир саясий дарвинизм доктринасын жактаган. Суньдун ою боюнча «табият күчтөрү канчалык жай иштегени менен, чоң расаларды да жок кылышы мүмкүн эле»... 1920-жылдардын башында Мао Гоминьдандын лидери Суньду колдогон. Сунь өзүнүн улутчул партиясы (Гоминьдан) менен коммунисттердин ортосунда бир биримдик түзгөн жана, ал тургай, Мао белгилүү убакыт Гоминьдандын пропаганда бөлүмүн башкарган.81
Дарвин жана Маркстын көз-караштары менен мээси чайкалган Мао 1920-жылдан баштап жалындуу коммунист катары сахнага чыккан. Көз-карашы туура келген 11 курдашы менен 1921-жылы Шанхайда Кытай коммунисттик партиясын негиздеген. Андан соң ар кандай биримдиктер, кагылышуулар, партизандык согуштар жана пропаганда ыкмалары аркылуу коммунисттик партияны күчтөндүргөн. Мао жол башчылык кылган коммунисттер белгилүү убакыт Улутчул партия менен кызматташкан. 1920-жылдардын экинчи жарымында болсо эки тарап бири-биринин душманына айланган. Маонун согушчандары Кытайдын түштүгүндөгү Цзянси провинциясына жайгашкан жана ал жерди «куткарылган аймак» деп атап, борбордук бийликтен көз-карандысыз бир бийликти орнотушкан. Эки тараптын ортосундагы кагылышуулар көп жылдарга созулган. Экинчи дүйнөлүк согуштан соң коммунисттердин «куткарылган аймактары» барган сайын кеңейип, дээрлик бүт Кытайды ээлей баштаган. 1949-жылы Маонун коммунисттери борбор шаар Пекинди өзүнө каратып, «Кытай эл республикасын» жарыялашкан.
Ошентип 1917-жылкы большевиктик революциядан соң, дүйнө экинчи жолу коммунисттик революцияга күбө болгон. Бул экинчи революциянын натыйжалары эң аз биринчисиндей кандуу болгон.

Мао кандуу революциядан соң Кытай эл республикасынын түптөлүшүн жарыялоодо.

«Чоң секирик» жана улуу ачарчылык

Мао 1949-жылга чейин көп жылдар бою партизандык согуш жүргүзүп, чоң шаарларды башкарган борбордук бийликке каршы айыл жерлеринде жана тоолордо уюшкан. Ал үчүн айылдыктар менен жакшы мамиле курууга мажбур болгон жана алар менен жакшы мамиле курган. Мао дыйкандарга жер жана эркиндик убадалаган, коммунисттик Кытай курулганда эбегейсиз бакубаттыкка жана бакытка жетесиңер деп сөз берген. Бул убадага ишенген дыйкандар аны жана партизандарын колдогон.
Бирок Мао бийликке келген соң баары түп тамырынан өзгөргөн. Революциядан кийинки алгачкы жылдары Мао бүт Кытайга өкүмчүлүк кылуу жана бардык аймактарга коммунисттик бийликти орнотуу менен алек болгон. Ал ортодо миңдеген киши «тап душманы» деп айыпталып, элдин көзүнчө дарга асылып өлүм жазасына тартылган. Мао 1950-жылдардын ортолорунда болсо Сталин Советтер Союзунда жүргүзгөн коллективдештирүүгө окшогон бир демилгени пландай баштаган. 1958-жылы бул демилге ишке киргизилген. Мао бул долбоорун «чоң секирик» деп атаган. Бирок долбоор Кытай элине улуу ачарчылык жана азап гана алып келген.

Кызыл Кытайдын пропаганда афишасы

Чоң секирик бүт Кытайдын айыл-чарба жана өнөр-жай өндүрүшүн эки эсеге көбөйтүү урааны менен башталган. Жумушчулардын жумуш сааттары көбөйтүлүп, техникалар эч тынымсыз иштетиле баштаган. Бирок оңдоо жана кароо үчүн да токтотууга уруксат берилбегендиктен, техникалар кыска убакытта бузулуп, иштен чыга баштаган.
Чыныгы келесоолук жана кыйроо айыл-чарбасында болгон. «Жеке менчикти жоюу аркылуу өндүрүштү көбөйтүү» максатында бардык дыйкандар айдоо жерлерин кооперативдештирүүгө мажбурланган. Россияда Сталиндин доорунда колдонулган курал менен тартып алуу ыкмалары кайталанган. Ал тургай, Кытайдын кээ бир аймактарындагы дыйкандар коллективдештирүүнү каалабаганы үчүн Мао тарабынан жазага тартылган. Жаза катары алар ачка калтырылып өлүмгө түртүлгөн.
Чоң секирик кыска убакытта улуу ачарчылыкка айланган. Бул Сталиндин Украинадагы жасалма ачарчылыгы сыяктуу, кол менен жасалган бир ачарчылык болгон. «Коммунизмдин кара китебинде» чоң секирик учурундагы Кытайдын абалы төмөнкүчө сүрөттөлгөн:
Ачарчылыктын саясий себептен болгону өлүмдөрдүн фундаменталист маоисттер тарабынан башкарылган айыл жергелеринде жогору болгону менен далилденген, ал жерлер кадимки шарттарда дан азыктарын экспорттогон аймактар болгон... Хэнаньдагы активисттер Маого окшоп, бардык кыйынчылыктардын дыйкандардын дан азыктарын жашырышынан келип чыкканына ишенген: өлкөнүн алгачкы коммунасы курулган Синьяндын (калкы 10 миллион) облустук катчысынын айтуусу боюнча «себеп азык жетишсиздиги болгон эмес. Дан мол болгон, бирок ал жерде жашагандардын 90 пайызында идеологиялык маселелер болгон. Дыйкандардын баарына каршы 1959-жылы күзүндө күчтүү аскердик чабуул башталган; анын жооптуулары антияпондук партизандык кыймылдын ыкмаларын колдонгон. Бери дегенде 10 миң дыйкан камалган; алардын көпчүлүгү ал ортодо ачарчылыктан көз жумган. Бардык адамдардын ашканаларындагы шаймандарды (колдонулган болотко айландырылбагандарын), бүт жеке керектөө жана кооперация жүргүзүү аракеттерине бөгөт коюу максатында, талкалоо буйругу берилген. Катаал кыш жакындап келе жатканда, от жагууга да тыюу салынган! Үрөй учурарлык зомбулуктар жасалган: миңдеген туткундар үзгүлтүксүз кыйноого алынган жана өлтүрүлгөн жаш балдар тууралып, айдоо жерлеринде жер семирткич катары колдонулган. Бирок ал ортодо улуттук кампания элди «Хэнаньдан сабак алууга» үндөгөн. «Кызыл желек өлүм деңгээли 99 пайызга жетсе да колдон түшпөйт» деп жарыяланган Аньхойдогу кадрлар тирүүлөй жерге көмүү жана кызытылган темир менен кыйноо сыяктуу байыркы жакшы салттарды колдонушкан.82
Мао «дыйкан социализми» деген ураан менен чыгып, бийликке келгенге чейин кытай дыйкандарга жер, тамак-аш жана коргоону убада кылган. Бирок Маонун бийлиги дыйкандарга жакынкы тарыхта эч кездешпеген кыйноолорду жана азаптарды таттырган:
Окуялар чыныгы мааниде дыйкандарга каршы согушка айланган... Кээ бир айылдарда ачарчылыктан келип чыккан өлүм деңгээли 50 пайыздан ашкан; кээде жетекчи кызматтагылар гана бийлигин колдонуп аман калышкан. Жана дал Хэнаньдагы сыяктуу, жеш максатында өзгөчө жаш балдар алмашылган «жалпы көрүстөндөрдө» киши жегичтик (каннибализм) окуялары абдан көбөйгөн (63ү расмий түрдө тастыкталган)...
Жалпы өлкөдө өлүм деңгээли 1957-жылы 1,1 пайыз болсо, 1959-ж. жана 1961-ж. 1,5 пайызга, өзгөчө 1960-жылы 2,9 пайызга жеткен. Төрөлүү деңгээли 1957-жылы 3,3 пайыз болсо, 1961-жылы 1,8 пайызга төмөндөгөн. Төрөлүү жоготууларын (болжол менен 33 миллион, кээ бирлери кечиккен төрөттөр болгон) эске албаганда, ачарчылыктан улам өлүм деңгээлинин жогорулашынан келип чыккан жоготуулар 1959-жылдан 1961-жылга чейин 20 миллиондон 43 миллионго чейин адамды түзгөн. Бул жерден байкалышынча, бул Кытай тарыхынын, албетте дүйнө тарыхынын да, эң олуттуу ачарчылыгы болгон.83


Чоң секирик учурунда Кытайдын бир айылынын жанынан өткөн батыштык бир байкоочунун жазгандары маоизмдин залим жана ыпылас жүзүн төмөнкүчө сүрөттөйт:
Айылдын жанынан өтүп баратканбыз. Күндүн көз уялткан нурлары кирпич дубалдардын арасында өсүп турган жашыл чөптөргө тийип, айланадагы күрүч айдалган талаалар менен контрастты пайда кылып убайымдуу көрүнүштү ансайын бекемдеп турган. Отоо чөптөрдүн арасынан бир конокто жүргөнүмдө айтып берилген окуя көз алдыма (дал ушундай) тартылды: үй-бүлөлөрдүн балдарын жеш үчүн бири-бири менен алмашып жаткан көрүнүшү. Өзүнүн баласына алмаштырылган башка балдардын этин чайнап жаткан ата-энелердин муңдуу жүздөрүн апачык көрдүм. Айылдын жанындагы талааларда көпөлөк кубалаган тентек балдар мага ата-энелери тарабынан ашказанга киргизилген балдардын дүйнөгө кайрадан төрөлүшү сыяктуу сезилип жатты. Ичим аларга карата мээримге толду. Бирок ата-энелерине андан да көбүрөөк боорум ооруп жатты. Башка ата-энелердин көз жашы менен муңунун арасында, коркунучтуу түшүндө да элестете албаган адамдын этин жутууга аларды ким мажбурлаган? Ал ортодо «адамзаттан бир канча кылымда, Кытайдан болсо миңдеген жылда бир жолу гана чыккан» бул баш кесердин ким экенин түшүндүм: Мао Цзэдун. Мао Цзэдун менен анын шакирттери өздөрүнүн ыкмалары жана мыкаачы саясаттары менен, ачкалыктан акылынан ажыраган ата-энелерди курсагын тойгузуу үчүн өз жанынан жаралган эттерди башка ата-энелерге курсагын тойгузушу үчүн алардын жанынан жаралган эттерге алмашууга мажбурлаган. Мао Цзэдун демократияны өлтүрүп кылган мыкаачылыктарын актоо үчүн, «чоң секирикти» ойлоп тапкан жана ачкалыктын айласын таппаган миңдеген, жүз миңдеген дыйканды жана мурдакы жолдошторун аргасыздыкка түртүп, өз жандарын курбуларынын эти жана каны менен куткарууга мажбурлаган. Жок, баш кесерлер алар эмес эле, баш кесерлер Мао Цзэдун менен анын шериктери болгон.84



Маонун ачарчылыгында «эволюция илиминин» таасири

Маонун «чоң секирик» саясатынын натыйжасында 1958-61-жылдары бүт Кытайды каптаган ачарчылык тарыхтагы эң улуу жана эң көп адамдын өмүрүн алган ачарчылык деп кабыл алынат. Ачарчылыктын натыйжасында болжол менен 40 миллиондой адам көз жумган. Бул ошол кездеги калктын санын эске алганда Түркиянын бүт элинин каза болушу деген мааниге келген, коркунучтуу бир апаат болгон.
Бул апаат эмне себептен келип чыккан? Жогоруда айтылгандай, Маонун согушчандары дыйкандарды коллективдештирүүгө мажбурлап, 100дөн 300гө чейин үй-бүлөдөн турган чоң «коммуналарды» түзгөн жана бул айыл-чарба түшүмүн абдан азайткан. Кээ бир аймактардагы дыйкандар болсо маоист бийлик тарабынан жазага тартылып, атайын ачка калтырылган.
Бирок булардын баары 40 миллион адамдын кантип каза болгонун түшүндүрө албайт. Бул улуу апааттын дагы бир маанилүү себеби бар: Мао 1930-40-жылдары Советтер Союзунда колдонулган «Лысенко моделин» Кытайдын айыл-чарбасына ыңгайлаштырууну көздөп, Лысенконун эксперименттерин дыйкандарга мажбурлап колдонткон жана мындан улам айыл-чарба түшүмү чоң жоготууларга туш болгон.
Лысенко окуясын мурунку бөлүмдө караганбыз. Сталин доорундагы «пролетарий илими» деген сандырак түшүнүктүн натыйжасында Советтер Союзунун биологиясы эволюционист фанатик Трофим Лысенкого тапшырылган. Лысенко генетика илимин четке кагып, анын ордуна Дарвиндин жол көрсөтүүчүсү Ламарктын «пайда болгон өзгөчөлүктөр кийинки урпактарга өткөрүлөт» деген теориясына ишенген. Лысенконун караңгы түшүнүгүнүн Советтер Союзунун айыл-чарбасына колдонулушу чоң жоготууларга себеп болгон.
Бирок Мао Сталин доорундагы бул кыйроодон сабак алган эмес. Тескерисинче, жаш кезинен дарвинизм менен чоңойгон Мао жана анын кызматкерлери «пролетарий илимине» ишенүүнү жана эволюция теориясынын талаптарына тууралоо үчүн илимди бурмалоону улантышкан. Чоң секирик учурунда Лысенко модели эч өзгөртүүсүз колдонулуп, кытай дыйкандар «эволюция илиминин» негизинде дыйканчылык жүргүзүүгө мажбурланган.
«South China Morning Post» гезитинин Пекиндеги бөлүмүнүн жетекчиси Джаспер Беккер «Hungry Ghosts: Mao's Secret Famine» (Ач арбактар: Маонун жашыруун ачарчылыгы) аттуу китебинде «чоң секирик» учурунда колдонулган Лысенкочул айыл-чарба демилгелерин терең караган. Беккердин айтуусу боюнча, ар бири өзүнчө бир апаатка алып келген ал иш-аракеттер төмөнкүчө болгон:
Жакын себүү: Лысенко «өсүмдүктөрдүн уруктары айланасындагы табигый шарттарга ыңгайлашып эволюция болот» деп айткан жана уруктарды бири-бирине абдан жакын себүү (эгүү) аркылуу ортолорунда «социалисттик көмөктөшүүнү» пайда кылууга болот деген. Маоисттер бул караңгы түшүнүктү турмушка ашырышкан. Ошол кезге чейин Түштүк Кытайдагы айдоо жерлерге бир декар (ондон бир гектар) аянтка орточо 1,5 миллион урук себилип келген. Коммунисттер 1958-жылы муну 6-7 миллион урукка чыгаргыла деп буйрук берген. 1959-жылы аны андан да көбөйтүшүп, 12-15 миллион урук сепкиле деп буйрук беришкен. Мындан улам себилген уруктардын өтө көп бөлүгү текке кетип, айыл-чарба түшүмү абдан азайган.85
Терең жумшартуу: Лысенконун жардамчыларынын бири Терентий Мальцев айдоо жерлери терең жумшартылса, өсүмдүктөрдүн тамырлары да терең өсөт деген. Бул ламаркчыл көз-карашты да кытай коммунисттер кабыл алып, ишке ашырышкан. Чоң секирик учурунда кытай дыйкандарга айдоо жерлерин 1,5 метр тереңдикке чейин жумшарткыла деп буйрук берилген. Бул мажбурлоодон улам он миллиондогон дыйкандар жерлерин бир канча айлап жумшартууга мажбур болушкан. Натыйжада кайра эле түшүм азайып, ачарчылык күчөгөн.86
Таранчы кыргыны: Мао айыл-чарба түшүмүнө зыян тийгизген жандыктарды тукум курут кылуу кампаниясын баштаган. Бул иш-чаранын эң чоң бутасы таранчылар болгон. Бүт Кытайда таранчыларга аңчылык кылып, өлтүрүүнүн атайын ыкмалары колдонулуп баштаган. Бирок мындан улам таранчылар жеген чымын-чиркей, курт-кумурскалардын саны кескин көбөйгөн жана алар айыл-чарба түшүмүнө таранчылардан алда канча көп зыян тийгизген.87
Жер семирткичсиз дыйканчылык: Лысенконун сунуштарын угуп, кытай коммунисттер химиялык жер семирткичтерди колдонууну токтотушкан. (Уруктар жер семирткичсиз калганда, бул жаңы шартка ыңгайлашып эволюция болушат жана натыйжада жер семирткич колдонбой эле мурдакыдай түшүм алууга болот деп ойлошкон.) Бул эксперимент да айыл-чарба түшүмүн абдан азайткан.88
Лысенконун караңгы эволюция түшүнүктөрүнө таянган бул иш-аракеттердин баары тарыхтын эң улуу ачарчылыгына себеп болгон. Бирок миллиондогон адам ачкадан кыйналып өлүп жатканда, эч ким режимди жана анын пайда кылган апаатын сындай алган эмес. Бир гана Коргоо министри, генерал Пэн Дэхуай Маого кат жазып, ачарчылык апаатын жеткирүүгө аракет кылган, бирок мындан улам «оңчул» деп айыпталып, кызматтан алынган. Ачарчылык учурунда расмий отчеттордун баарында «айыл-чарба түшүмүндө эң мыкты натыйжалар алынды» деген жалгандар жазылган. Ал тургай, Кытай бул калпка дүйнөнү ишендирүү үчүн чоң өлчөмдө дан азыктарын сыртка экспорттогон. Кээ бир аймактарда эл ачкадан өлүп жатса, дан жана күрүч чоң кампаларда сакталып, анан экспорт үчүн белгилүү борборлорго жиберилген.89
Мындай айыл-чарба саясаты кийинчерээк Камбоджа жана Түндүк Корея сыяктуу коммунисттик өлкөлөрдө да колдонулуп, кайра эле ушундай натыйжага алып келген: түшүмдүн кескин азайышы, ачарчылык жана массалык өлүмдөр. Коммунисттер укмуш акылсыздык, сокурдук жана аңкоолук менен, Лысенко менен Сталиндин ойлоп тапкан «коммунисттик айыл-чарба секиригин» эч таразалабай турмушка ашырышкан.
Анткени алар ишенген материалисттик философиянын пайдубалын түзгөн эволюция теориясы ошону талап кылган.

Маонун дарвинисттик зулумдугу

Эволюция теориясынын Маонун Кытайга алып келген апааттарынын баарына түздөн-түз тиешеси бар. Жогоруда каралган 1958-61-жылдардагы улуу ачарчылык Лысенко чыгарган «эволюция илимин» турмушка ашыруудан келип чыккан. Мындан тышкары, Маонун жана Кытайды башкарган коммунист кадрлардын таң калыштуу залимдиги менен таш боордугун да белгилөө керек. Адамдарды атайылап ач калтыруу, киши жегичтик деген акылга сыйбаган мыкаачылыктарга мажбурлоо сыяктуу саясаттар кандай түшүнүктөн келип чыгат?
Бул, албетте, Маонун жана анын жанындагы бардык коммунист кадрлардын адамга болгон көз-карашы менен тыгыз байланышта. Мурдакы бөлүмдөрдө советтик террордун түпкүрүндө адамдарды айбандай көрүү түшүнүгүнүн турганын караганбыз. Бул нерсе Кытайга да тиешелүү. Мао жана маоист коммунисттер элди жаныбарлардын үйүрүндөй көргөнү үчүн, алардын тарткан азабына эч боору ооруган эмес, муну табияттын кадыресе, нормалдуу көрүнүшү катары элестетишкен. «Коммунизмдин кара китебинде» Маонун бул түшүнүгү төмөнкүчө сүрөттөлгөн:
Мао Кытайдагы өкүмдарлардын салтына ылайык, бирок өзүнүн айланасында кылдаттык менен токулган уламыштын тескерисинче, дыйкан деп аталган орой жана примитивдүү макулуктардын жөнөкөй жашоосун улантуу аракеттери тууралуу абдан аз тынчсызданган.90
Маонун коммунизмге оппозиционер катары көргөн кишилерди дарвинисттик түшүнүк менен «айбандай» кабыл алышы Гарвард университетинде эмгектенген тарыхчы Джеймс Рив Пьюзинин «China and Charles Darwin» (Кытай жана Чарльз Дарвин) аттуу китебинде да баса белгиленген. Пьюзи «Маонун түшүнүктөрү дарвинисттик ирония менен карама-каршылыктардын күчтүү аралашмасы»91 деп белгилейт жана мындай деп жазат:
Мао Цзэдун 1964-жылы «бардык жүзү кара айбандар жок кылынат» деп опузалаган. Бул сөзү менен душмандарын адамдыктан чыгарган, бул бир жагынан Кытай салтындагы апыртмалыкка, экинчи жагынан социал-дарвинисттик «реализмге» таянган. Анархисттерге окшоп, революцияга каршы чыккандарды эволюциянын ийгиликсиздиги катары көргөн жана аларды тукум курут болууга татыктуу деп эсептеген. Эл душмандары адам эмес эле жана адамдай мамиле кылынышына татыктуу эмес болчу.92
Адамды айбандын бир түрүндөй көргөн түшүнүк адамдарга «эксперимент» жасоону да кадыресе нерседей кабыл алган. Чоң секирик учурунда жаңы «тамактануу» ыкмалары ойлоп табылып, алар ачкадан кыйналып жаткан адамдарга таш боордук менен колдонулуп көрүлгөн:
Тирүү калгандар аттардын тезектеринен сиңбей калган жүгөрүлөрдү жана уйлардын тезектеринен курттарды чогултушчу. Ошондой эле, алар нан бышырганда унга 30 пайыз жыгач таарындысын же кайнатылган күрүчкө саз планктонун аралаштыруу сыяктуу ачкалыкты жоюучу эксперименттерде доңузчычкан (эксперимент чычканы) катары колдонулушкан. Биринчи аралашма бүт лагерди аягы өлүм менен аяктаган жан чыдагыс оору менен коштолгон ич катууга (запор) алып барган; экинчиси да ушул сыяктуу ооруга себеп болуп, эң алсыздар көз жумган. Аягында майдаланган жүрөгү сабактарын колдонууну бүт өлкө масштабына жайылтуу чечими чыгарылган.93
Маонун «чоң секирик» долбоору негизи кандайдыр бир мааниде бир табигый тандалуу эксперименти болгон. Мао кытай элин мүмкүн болушунча эң оор шарттарга мажбурлоо аркылуу алсыздарды жана коммунизмге каршы чыккандарды жок кылган. Бир жагынан ачарчылык аркылуу дыйкандардын мээсин чайкап, аларды өзүнө жана коммунисттик системага баш ийдирүүгө аракет кылган. Бул кыймылдын идеялык пайдубалын дарвинизм түзгөн. Мао «чоң секирик» учурунда бир жагынан «билим берүү секиригин» да баштаган жана анда негизги рольду диалектикалык материализм менен дарвинизм ойногон. Мао ошол кездеги бир кайрылуусунда «Кытай социализминин пайдубалы Дарвинге жана эволюция теориясына таянат» деп, кылган мыкаачылыктарынын таянычын ачык атаган.94
Мао «чоң секириктен» көп өтпөстөн, 1962-жылы 30-январьда Коммунисттик партиянын мүчөлөрүнө жасаган бир кайрылуусунда болсо Кытайдын Коммунисттик партиясы менен Дарвинди төмөнкүчө байланыштырган:
... Дарвин сыяктуу табият таануучулардын доктриналары көпкө чейин адамдардын көпчүлүгү тарабынан кабыл алынган эмес, туура эмес бааланган. Алар өз доорунда азчылык болчу. Биздин партиябыз да 1921-жылы түптөлгөндө, мүчөлөрү бир канча дюжинадан (1 дюжина 12ге барабар) ашкан эмес; биз да азчылык болчубуз. Бирок акыйкат жана Кытайдын тагдыры ошончо аз кишинин колунда болчу.95
Кыскасы, Мао партиясынын аракеттерин Дарвиндин аракеттерине салыштырып, ага болгон суктануусун ушул сөздөрү аркылуу көрсөткөн. Коммунисттик партиянын көз-караштары сыяктуу, Дарвиндин көз-караштарын да башында абдан аз адам кабыл алган, бирок бул ал көз-караштардын тууралыгын четке каккан эмес деген ойду айткан.
Бирок Дарвиндин көз-караштары да, Маонун көз-караштары да жалган болчу.
Ошентип «чоң секириктин» натыйжасында 30 миллиондон 45 миллионго чейин кытай ачарчылыктан улам көз жумган. Көптөгөн дыйкандар коллективдештирүүгө каршы чыкканы үчүн кыйноого алынып, өлтүрүлгөн. Коммунизмге карата болор-болбос эле терс мамилеси байкалган он миңдеген адам «тап душманы» деп жарыяланып, камакка алынган жана кыйноого алынып, Кытайдын жүрөктүн үшүн алган абактарында айбандардай мамиле көрүшкөн, аягында өлүм жазасына тартылышкан.
Ал абактар Кытай коммунизминин мыкаачылыгын чагылдырган өзгөчө жайлар болгон.

Маонун абактары

Маонун доорунда Кытай эли абдан коркуп жашаган. Мунун бир себеби миллиондогон туткундун көпчүлүгүнүн эч бир айкын кылмышы жок туруп, коммунизмге каршы деген айып менен кармалып, камакка алынышы жана белгилүү убакыттан соң шаарлардын майдандарында өлүм жазасына тартуу аземдеринде өлтүрүлүшү болгон. Эсептөөлөр боюнча, Маонун көрсөтмөлөрүнүн негизинде 6 миллиондон 10 миллионго чейин адам түздөн-түз өлтүрүлгөн. Болжол менен 20 миллион «контрреволюционер» болсо өмүрүнүн басымдуу бөлүгүн абакта өткөргөн. Бирок ал абактарда жашоо өлүмдөн да жаман болгон. «Коммунизмдин кара китебинде» ал абактар төмөнкүчө сүрөттөлөт:
100 чарчы метрлик бир клеткада 300 туткун жана Шанхайдагы Борбордук абакта 18 миң киши; жарыбаган тамак, абдан оор жумуштар; тынымсыз зомбулуктар менен бирге (мисалы, басып баратканда ар дайым башты ийип жүрүү талап кылынгандыктан, башын көтөргөнгө кундак соккусу) адамгерчиликке сыйбаган бир тартип. Өлүм деңгээли 1952-жылга чейин, албетте, 5 пайыздан бир топ жогору болгон, алты айдын ичинде Гуансидеги бир лагерьде 50 пайыздан ашкан, Шаньсидеги кээ бир кен казуучу жайларда болсо бир күндө 300 өлүмгө чейин жеткен. Ар кандай оор садисттик кыйноолор кадыресе көрүнүш болгон; алардын арасында эң кеңири тараганы билектерден же сөөмөйлөрдөн асып коюу болгон; бир кытай поп 102 саат тынымсыз суракка алынган соң көз жумган. Эң жаман зомбулуктарды каалагандай жасоого жол ачылган: бир лагерьдин командири көптөгөн зордуктоо окуяларынан тышкары, бир жылдын ичинде 1320 туткунду же өлтүрткөн же болбосо тирүүлөй жерге көмдүргөн. Ал ортодо баш көтөргөндөр да көп болуп (туткундардын бир бөлүгү мурдакы аскерлер болгон жана башында кайратын жогото элек болушкан), бул чыныгы кыргындарга себеп болгон: Яньчан мунайзат аймагында 20 миң туткундун бир канча миңи өлүм жазасына тартылып; 1949-жылы бир токой чарбачылык ишканасындагы моюн сунбаган 5 миң кишинин бир миңдейи тирүүлөй жерге көмүлгөн...96
Башкача кишендерди салуу жана аны менен туткундардын билектерин бекем кысуу Маонун абактарында көп колдонулган кыйноо ыкмаларынын бири болгон. Ошондой эле, туткундардын буттары да чынжырлар менен байланган. Ал тургай, кээде кишендер терезедеги тосмолордун бирине байланып, туткундун жеп-ичишине жана ажатканага барышына да мүмкүнчүлүк берилген эмес. Максат адамды кемсинтип руханий жактан басынтуу болгон... Элдик өкмөт бардык кыйноолорго тыюу салынганын жарыялагандыктан, бул расмий түрдө «жазалоо» же «көндүрүү» деп аталган.97
Мындай мыкаачылыктардын негизги максаты бүт коомду, айрыкча режимдин кастарын коркутуу болгон. Дагы бир максат кыйноо жана коркутуу аркылуу адамдардын кулк-мүнөзүн бузуу жана аларды адамдыктан чыгарып, «айбанга айлантуу» болгон. Мао бүт кытай элин бир жаныбар үйүрүнө айлантып, аларды ошол жол менен башкарууну көздөгөн.
Маонун Кытайдагы бул тоталитардык жана катаал долбоору ишке ашырылган маанилүү бир бурулуш чекити «маданий революция» болгон.

Маданий революция: Кытайдагы массалык акылдан адашуу

Мао «чоң секирик» бүлгүнүнөн (фиаскосунан) соң, өзүнүн «күнүмдүк саясаттан жогору» экенин белгилеп, колун мамлекеттик иштерден тартып, «чоңураак жана маанилүүрөөк маселелер» тууралуу ойлоно баштаган. Маонун жымжырттык доору 1966-жылы аяктаган. «Улуу жетекчи» ылакабы ыйгарылган Мао Кытай революциясынын ийгиликке жете электигин, анткени коммунизмдин адамдардын аң-сезимине толук сиңбегенин, мамлекеттин эң жогорку баскычтарында да коммунизмди түшүнбөгөн кызматкерлер бар экенин жана булардын баарын жок кыла турган бир «маданий революциянын» талап кылынаарын жарыялаган.
Маданий революция бүт Кытай мамлекетин жана элин бүлгүнгө учураткан. Маонун сөздөрү коммунисттик партиядагы сабатсыз жаштарга чоң таасир тийгизген жана «кызыл гвардиячылар» (хунвейбиндер) деп аталган ал жаштар өлкөнүн төрт тарабында террор жасап башташкан. «Чыгыш – кызыл» деген гимнди ырдап көчөлөрдү топ-топ болуп кыдырышып, «коммунизмге каршы» көрүнгөндөрдүн баарын камап же талкалашкан. Ошентип миңдеген жогорку даражадагы бюрократтар, университет мугалимдери, илимпоздор жана интеллигенттер кармалып, оор кыйноолорго алынган соң, басмырланып өлүм жазасына тартылган.
Маонун эң жакын досторунун бири жана мурдакы мамлекет башчысы Лю Шаоци да, Маонун буйругу менен, кармалып, элге ачык бир майданда сабалып, көпкө чейин кыйноого алынган соң, эч кандай медициналык жардам көрсөтүлбөстөн, бир клеткага камалган жана ал жерде азап тартып көз жумган. Кийинчерээк Кытайды жетектей турган, Маонун эң эски «жолдошторунун» бири Дэн Сяопиндин уулу жана Пекин университетинин физика мугалими Дэн Пуфан кызыл гвардиячылар тарабынан суракка алынып, сурак учурунда бузукулук менен зордукталып, жоон таяктар менен сабалган жана андан соң бөлмөнүн терезесинен жерге ыргытылган. Манжалары сынып, угуу жөндөмүнөн ажырап, өмүрүнүн калган бөлүгүн майып арабасында өткөргөн.98
«Коммунизмдин кара китебинде» маданий революция учурунда камакка алынган университет профессорлоруна жасалган мыкаачы кыйноолор тууралуу бир байкоочу төмөнкүлөрдү айткан:
Спорт аянтчасында жана алысыраак жердеги окуу жайынын үч кабаттуу жапжаңы имаратынын алдында чындап «кара кескилер (бандиттер) тобуна» окшошкон баштары менен жүздөрү кара сыяга бойолгон, 40-50дөй тизилип турган профессорлорду көрдүм. Алардын моюндарына «караңгы илимпоз баланча», «тап душманы түкүнчө», «капиталисттик жолду тандаган баланча», «чириген мафия башчысы түкүнчө» деген сыяктуу, баары гезиттерден алынган жазууларга окшогон плакаттар илинген эле. Бардык плакаттарга профессорлорду өлүм жазасына тартылган туткундардай көрсөткөн кызыл крест белгилери коюлган. Баарына ушуга окшогон сөздөр жазылган топулар кийгизилген; жондоруна кир шыпыргылар, чүпүрөктөр жана бут кийимдер артылган.
Профессорлордун моюндарына болсо таш салынган чакалар илинген эле. Жетекчини байкадым: чака ушунчалык оор болгондуктан, темир зым териге кирип кеткен эле; ал киши чайпалып турду. Баары жылаңаяк, гонгдорду же мискейлерди кагып, айланып басып кыйкырып жатышты: «мен баланча кескимин».


Эң аягында баары тизелеп чөгөлөштү; ысырыктарды күйгүзүшүп, Мао Цзэдунга «кылмыштарын кечиши» үчүн жалбарышты. Муну көрүп дендароо болуп калдым, жүзүмдүн бозоргонун сездим. Бир канча кыз эстен танчудай болду. Андан соң сабоолор жана кыйноолор башталды. Мурда андай кыйноо көргөн эмесмин: аларга суу заттары жана курт-кумурскалар жедирилип, ток менен урдурулушту. Айнек сыныктарынын үстүнө тизелегенге мажбурланып, колу-буттарынан «учакка» окшоштурулуп асылып жатышты.99
Маданий революция учурунда мурда Ленин жана Сталин режимдери тарабынан жүргүзүлгөн «адамдарды айбанга айлантуу» саясаты да ишке ашырылган. «Эл душманы» деп жарыяланган оппозиционерлер эл алдында жаныбарларды тууроого мажбурланган. Камакка алынган кээ бир профессорлор колдору артка байланып чөпкө ташталып, «оттоого», б.а. ооздору менен жердеги чөптү жулууга мажбурланган. Пекиндин массалык маалымат каражаттары мындай деп жазышкан:
«Маого каршы чыккандар көчөдөгү чычкандар, өлтүргүлө аларды, өлтүргүлө».100


Маданий революция дүйнө тарыхынын эч теңдеши жок массалык акылдан адашуу кампаниясы болгон. Кызыл гвардиячылар тарабынан музыка укканы, үйдө жаныбар бакканы же ибадат кылганы үчүн гана камалган он миңдеген адам кыйноого алынып, өлүм жазасына тартылган. Эл болсо массалык гипноздун таасиринде калгандай, бүт мыкаачылыктарга колдоо көрсөтүп, кыргындарды көргөндө кыйкырып колдошкон. «Коммунизмдин кара китебинде» бул мыкаачылыктар төмөнкүчө сүрөттөлөт:
Революция душмандарынын баары өлүм жазасына тартылып, бүт эл чакырылган ачык соттордо кызыл гвардиячылар тарабынан кескиленип өлтүрүлгөн. Эл болсо ал ортодо «өлтүр өлтүр!» деп кыйкырып турган. Кызыл гвардиячылар кээде кесилген эттерди кууруп жешкен же каза боло элек туткундун көз алдында үй-бүлөсүнө жедиришкен; элдин баары «мурдакы кожоюндун» боору менен жүрөгү желген үлпөттөргө жана жаңы кесилген баштардан жасалган казыктардын алдында баяндамачы баяндама жасаган чогулуштарга чакырылган. Кытайда жек көрүү жана мыкаачылык киши жегичтикке бара турганчалык деңгээлге жеткен.101
Кызыл гвардиячылардын жалгыз булагы Маонун сөздөрүнөн турган «Кызыл китеп» болгон. Баары «Кызыл китепти» жатка билген жана аны билбегендерди да «тап душманы» деп жарыялап ур-токмокко алышкан, ал тургай, өлүм жазасына да тартышкан. Нормалдуу, кадыресе кыймыл-аракеттер да «коммунизмге каршы» деп табылып жазага тартылышы мүмкүн болгон:


Кызыл гвардиячылар, бул аянычтуу олуттуу жаш балдар, «революционисттик энергияны азайтуу» деп аталган мышык, чымчык багууга жана гүл өстүрүүгө (бакчага гүл эгүү ошентип революцияга каршы чыгуу болуп калган) тыюу салууну туура көрүшкөн... Чоң шаарларда өзгөчө Шанхайда кайгуулдар узун же гельденген чачтарды эч сурабастан кыркып, тар шымдарды айрып, бийик такаларды жулуп, учтуу бут кийимдерди тешип салышкан жана дүкөндөргө ылайыктуу аттарды коюуга мажбурлашкан. Кызыл гвардиячылар жолдон өткөндөрдү токтотуп Маонун сөздөрүнөн бирөөсүн тандап жатка айттырышчу. Адамдардын көпчүлүгү үйлөрүнөн сыртка чыгуудан коркуп калышкан.102
Маданий революция ушунчалык акылдан адашкандыктан, эң аягында армия кийлигишип, өлкөнү кайрадан тартипке салууга мажбур болгон. 1970-жылдар бою Кытай маданий революциянын жарааттарын таңып, бүлгүндөрүн оңдоо менен алек болду. Мао 1976-жылы өлдү. Артында 60 миллиондон ашуун өлүм, он миллиондогон кыйноого алынган адамдар жана караңгы бир идеология калды.



Кытай басып алган өлкөлөрдөгү мыкаачылыктар

Маоизм мыкаачылыгы Кытай эли менен эле чектелген эмес. Кытай тарабынан басып алынган же илгертеден бери анын карамагында жашап келген элдер да кызыл мыкаачылыктан жабыр тарткан. Алардын бири Кытайдын батыш тарабындагы «Уйгур автономдуу аймагында», башкача айтканда, Чыгыш Түркстанда жашаган уйгурлар болгон. Бир жагынан мусулман, экинчи жагынан этникалык азчылык болгону үчүн, Пекин режиминин кысымчылыгына кабылган уйгурлар 1949-жылы Мао бийликке келгенден баштап системалуу геноцидге туш болушкан.
Уйгурларга диний ибадаттарга уруксат берилбей, ибадат кылынуучу жайлар жана окуу жайлары жабылган, аймактын көп жерлеринде дин кызматкерлери камакка алынып, көпчүлүгү шейит кылынган. Кытай Уйгур автономдуу аймагында эч кандай коопсуздук чараларын көрбөстөн, ядролук сыноолорду өткөргөн. 1964-жылдан бери 46 ядролук сыноо өткөрүлдү. Бул ядролук сыноолордун натыйжасында уйгурлардын арасында рак менен ооругандар кескин көбөйүп, көптөгөн наристелер майып же өлүк төрөлдү.


1949-52-жылдары 2 миллион 800 миң, 1952-57-жылдары 3 миллион 509 миң, 1958-60-жылдары 6 миллион 700 миң, 1961-65-жылдары 13 миллион 300 миң мусулман уйгур кытайлар тарабынан ар кандай жолдор менен өлтүрүлдү. Чыгыш Түркстанда мусулман уйгурларга бирден көп балалуу болууга тыюу салынган, буга баш ийбегендердин балдары жатында аборт кылынып өлтүрүлгөн.
Маонун доорунда башталган мындай иш-аракеттер дагы эле уланууда. Элди мажбурлап көчүрүүнүн, калктын санын мажбурлап пландоонун жана кыргындардын натыйжасында уйгурлар Чыгыш Түркстанда азчылыкка айландырылган. 1949-жылдан бери улантылган ассимиляция саясатынын натыйжасында Уйгур автономдуу аймагында 75 пайызды түзгөн мусулман калк бүгүнкү күндө 35 пайыздарга чейин азайган. Учурда 25 миллиондон ашуун чыгыш түркстандык мусулман Кытайдын кысымчылыгы астында. Аймакта азыр миңдеген мусулман саясий туткун бар жана эч кимдин алар тууралуу маалымат алуу мүмкүнчүлүгү жок.


Коммунисттик Кытай режиминин мыкаачы колдору тийген дагы бир өлкө – бул Тибет. Тибет Кытайдагы коммунисттик революциядан бир жылдан соң, б.а. 1950-жылы Кытай армиясы тарабынан басып алынган. Кытай ал жерди өзүнө караштуу автономдуу аймакка айланткан жана тибеттиктер ага макул болушкан. Бирок Кытайдын Тибет элине болгон кысымчылыгы барган сайын күчөгөн. Кытай бийлиги тибеттик дыйкандарды түшүмдөрүн абдан арзан баадан сатууга мажбурлап, өлкөдөгү бардык маанилүү мекемелерге отурукташкан кытайларды дайындаган жана болор-болбос каршылыктарды да абдан кандуу жана залим ыкмалар менен баскан. Тибеттин Кытайга болгон каршылыктарын көп жыл бою жетектеген Далай-лама Кытай коммунизминин элине жасаган мыкаачылыктарын төмөнкүчө сүрөттөйт:
(Тибеттиктерге) ок жаадыруу менен эле чектелишкен жок; өлөрчө сабашты, крестке асышты, тирүүлөй өрттөштү, тумчуктурушту, кескилешти, ачкадан өлтүрүлүштү, мууздашты, асышты, кайнатышты, тирүүлөй жерге көмүштү, колу-бутунан тартып бөлүп салышты жана баштарын жулушту.103




Камбоджа: коммунисттик акылдан адашуунун туу чокусу

Ансыз деле таш боор, жаңжалчыл, залим жана канкор бир идеология болгон коммунизм маоизм менен бирге ансайын адамгерчиликтен алыстаган. Анын себеби маоизм «салттык» Ыраакы Чыгыш Азия мыкаачылыгын коммунизмге кошкон.
Муну жакшыраак түшүнүү үчүн, Азиядагы дагы бир коммунизм мисалына токтолуу керек. Ал Кытайдын колдоосу менен бийликке келип, маоизмди ыкма катары кабыл алган Камбоджадагы кызыл кхмер режими.
Камбоджа Азиянын Индия менен Кытайдын ортосунда жайгашкан, ошондуктан Индокытай деп аталган аймагында орун алган. Кичинекей, жакыр өлкө. Калкынын көпчүлүк бөлүгү кылымдардан бери айыл-чарба менен күн кечирет. Айыл-чарбанын негизги тармагы болсо бүт өлкөнү ээлеген күрүч талаалары. Бирок ал күрүч талаалары 1975-79-жылдары «өлүм талааларына» айланган. Калкынын саны 9 миллионду түзгөн өлкөдө болжол менен 3 миллион киши башына ок жеп, башы балта менен талкаланып, башына баштык кийгизип муунтулуп же ачка калтырылып өлтүрүлгөн. Мындай тарыхтын болуп көрбөгөндөй ырайымсыздыгын жасагандар Камбоджанын маоисттери болгон: «кызыл кхмерлер».
Кызыл кхмер уюму Пол Пот аттуу бир маоист тарабынан негизделип, ошол тарабынан башкарылган бир коммунисттик партия. Көп жылдар бою Камбоджанын токойлорунда уюшуп, бийликке келүүнү кыялданган кызыл кхмерлер 1975-жылы кыялына жеткен. Бийликке келген соң, Сталиндин Россиясында же Маонун Кытайында да кездешпегендей даражада тоталитардык, залим бир режим курушкан. Кызыл кхмер режими коммунисттик акылдан адашуунун туу чокусу болгон. Партия «өлкө үчүн аткарыла турган бирден-бир коммунисттик милдет – бул, күрүч талааларында өлөрчө иштөө» деген чечимге келип, бүт Камбоджа калкын талааларда иштөөгө мажбурлаган. Шаарларда жашаган он миңдеген мамлекеттик кызматкерлер, бюрократтар, мугалимдер, интеллигенттер айылдарга сүрүлгөн жана коллективдүү чарбаларда (колхоз) абдан оор шарттарда иштеп башташкан. Жумуш учурунда иштен качуу, чогултулган түшүмдөрдөн бир аз болсо да уруксатсыз алуу же кандайдыр бир диний ибадат кылуу «революцияга каршы чыгуу» деп эсептелген жана адамдар ушул сыяктуу шылтоолор менен мүнөт сайын өлтүрүлүп баштаган.
Кызыл кхмерлер партиясын «Ангка» деп аташкан жана талааларда өлөрчө иштетилген миллиондогон кишиге «Ангка силерди ар дайым карап турат» деген ойду сиңиришкен. Кызыл кхмер мыкаачылыгынан качып кутулган бир камбоджалык «демократиялык» Камбоджада болгон окуяларды төмөнкүчө сүрөттөйт:
Демократиялык Камбоджада абак, сот, университет, лицей, акча, почта, китеп, спорт, көңүл ачуу жок эле... Жыйырма төрт сааттык иш күнүндө өлүм эч үзүлчү эмес. Күнүмдүк убакыт төмөнкүдөй бөлүнчү: он эки саат кара жумуш, тамактанууга эки саат, эс алууга жана билим алууга үч саат, жети саат уйку. Абдан чоң концлагерьде жашадык. Адилеттүүлүк жок болчу. Жашообуздун бардык иш-аракеттерин Ангка чеччү. Кызыл кхмерлер бири-бирине карама-каршы иш-аракеттерин жана буйруктарын туура көрсөтүү үчүн мисалдарды колдонушчу. Адамды өгүзгө салыштырышчу: «мобул соко тарткан өгүздү көрүп турасыңар. Жегенге буйрук берилсе жейт. Чөп аз өскөн бир талаага айдалса да баары бир оттойт. Башка жакка кете албайт. Кайтаруу астында болот. Соко тартканга буйрук берилсе, соко тартат. Эч качан аялы менен балдарын ойлобойт».104
Кызыл кхмер режими коммунизмдин пайдубалын түзгөн «адамды айбанга айлантуу» долбоорун эң ачык түрдө ишке ашырган. Адамдар, жогорудагы мисалда айтылгандай, «жер айдаган өгүздөрдөй» болууга мажбурланган. Ал ортодо дин, адеп-ахлак, үй-бүлө сыяктуу адамдык баалуулуктарды жок кылууга абдан маани беришкен. «Коммунизмдин кара китебинде» кызыл кхмер режиминин үй-бүлө баалуулугун жана үй-бүлө мүчөлөрүнүн ортосундагы сүйүүнү жок кылуу багытындагы иш-аракеттери төмөнкүчө баяндалат:
Режим ар бир адамдын Ангкага толугу менен моюн сунушун көздөгөн тоталитардык долбооруна каршы үй-бүлөлүк байланыштарды автоматтык түрдө каршылык көрсөтүүчү бир фактор катары көрүп, аны начарлатуу же жок кылуу үчүн бүт баарын жасаган; жумушчу бөлүктөрдүн айылга абдан жакын жерлеринде да көбүнчө өздөрүнүн «төшөнчүлөрү» (кээде килемчелери же керебеттери) болгон. Үйүнө баруу үчүн уруксат алуу абдан кыйын болгон: күйөөлөрү бир канча жумалап жубайларын көргөн эмес же, ал тургай, балдарын улгайган ата-энелеринен алыстатышкан. Бойго жеткен кишилер болсо үй-бүлөлөрүн көрүүгө уруксат ала албастан, жакындарынан эч кабар албастан алты ай бою алыста жашашкан жана кээде кайтып барганда алардын каза болгонун көрүшкөн. Бул үлгү жогорудан келген: жетекчилик кызматтагы жубайлар да көбүнчө бири-биринен алыста жашаган. Бир эненин жаңы төрөлгөн наристе болсо да, баласына көп көңүл бөлүшү көп жактырылган эмес.105


Негизи мындай иш-аракеттер Карл Маркс менен Фридрих Энгельстин үй-бүлөнүн келип чыгышы тууралуу ой-пикирлеринин турмушка ашырылышан пайда болгон. Маркс менен Энгельс адамды эволюция аркылуу маймылдан пайда болгон айбандын бир түрү деп эсептешкен, ошондуктан адамда дин, адеп-ахлак, үй-бүлө сыяктуу түшүнүктөр болбошу керек, бул түшүнүктөр экономикалык мамилелердин натыйжасында келип чыккан «жогорку мекемелер» деп айтышкан. Коммунисттик коомдо бул түшүнүктөр жок болот деп убадалашкан. Ошондуктан кызыл кхмерлердин долбоору Маркс менен Энгельстин негизсиз ишенимин турмушка ашыруу максатын көздөгөн.
Динди жана үй-бүлөнү жок кылып, адамдарды айбан кейпине келтирип, «жер айдаган өгүздөргө» айлантууну көздөгөн кызыл кхмерлер мурда Ленин, Сталин жана Мао тарабынан колдонулган атайылап ачарчылык чыгаруу ыкмасын да кайрадан турмушка ашырышкан. Элди атайылап ачка калтыруу аркылуу алардын эркин жана кулк-мүнөзүн жок кылып, андан соң «Ангка» аркылуу багып, кызыл кхмер режимине кудайдай сыйынтуу максаты көздөлгөн:
Миллиондогон камбоджалыктарды көп жыл бою кыйнаган ачарчылык пландуу түрдө аларды жакшыраак кул кылуу максатында колдонулган. Натыйжада күчтөн тайып, азык-түлүк топтой албаган алсыз кишилер качканга көп аракет кылмак эмес. Бир гана тамакты эңсеген кишилерде эркин ойлонуу, каршылык көрсөтүү, ал тургай, жыныстык күчү да жоголот. ... Ал тургай, ата-энелер менен балдардын ортосундагы жардамдашууну да жок кылат. Аны баккан колду канкор болсо да өпкөндөн эч ким тартынбай калган.106
Ачарчылык атайын уюштурулган, өлкөдө ачарчылыктан адамдар өлүп жатса, айдоо жерлердин бештен бири гана иштетилген!107 Ачарчылыктан адамдардын каза болушу бийликти эч тынчсыздандырган эмес, тескерисинче анын максаты ошондой болгон. Кызыл кхмерлердин лидерлери төмөнкү сөздү көп айтышкан: «биз курган өлкө үчүн бир миллион мыкты революционист жетет; калганына муктаж эмеспиз. Бир душманыбызды тирүү калтыргандан көрө, он досубузду өлтүргөнүбүз жакшы.»108
Маонун маданий революциясы учурунда күчөгөн «сүйүүгө, сулуулукка, кооздукка жана маданиятка душмандык» тенденциясы кызыл кхмерлерде туу чокусуна жеткен. Адамдар чачын тараганы, өздөрүн бир аз каранганы, ал тургай, көз айнек такканы үчүн да «эл душманы» саналып калышы мүмкүн болгон!... Төмөнкү сөздөр бир кызыл кхмер лагеринде лагерь жетекчисинин туткундарга болгон кайрылуусунан алынган:
Демократиялык Камбоджада Ангканын зобололуу режимин эмес, келечекти ойлонушубуз шарт. Тарых жерге көмүлдү, «Жаңылар» коньягын, кымбат кийимдерди жана чачты модалап кестирүүнү унуткула. Капиталисттердин технологиясына муктаж эмеспиз, кыпындай да! Жаңы системада балдарды окууга жиберүүнүн да кереги жок. Айыл биздин мектебибиз, жер кагазыбыз, соко калемибиз: жазуубузду кош айдоо аркылуу жазабыз! Баалардын жана сынактардын пайдасы жок; жер айдаганды үйрөнгүлө: ошол жаңы дипломуңар! Жана дарыгерлер; эми алардын да кереги жок! Эгер ичегилерин чыгарткысы келгендер болсо аларды өзүм жайгарам!...
Канчалык жөнөкөй экенин көрдүңөр, бул үчүн окууга баруунун кереги жок! Жана биз инженер же профессор деген сыяктуу капиталисттик кесиптерге да муктаж эмеспиз! Эмне кылышыбыз керектигин айтып турчу мугалимдердин да кереги жок; алардын баары бузулган. Айдоо жерлеринде талыкпай эмгектенүүнү каалагандардан башкасынын бизге кереги жок! Жолдоштор, анткен менен... эмгекти жана талыкпай иштөөнү каалабагандар бар... Туура революциялык түшүнүгү жок үгүтчүлөр бар... Жолдошторум, алар биздин душмандарыбыз! Ал тургай, алардын кээ бирлери азыр ушул жерде!
Ал кишилер мурдакы дүйнөнүн капиталисттик түшүнүгүнө жабышышат! Аларды оңой эле таанууга болот: араңардан кээ бирлердин дагы эле көз айнек тагып жүргөнүн көрүп турам! Эмне үчүн көз айнек тагышат? Аларды бир муштасам эмне көрбөй калышабы? Мына! Баштарын артка тартышат; демек мени көрө алышат. Демек аларга көз айнектин кереги жок! Капиталисттик моданы тууроо үчүн көз айнек тагышат; ал биздин сулуулайт деп ойлошот! Мунун бизге кереги жок: сулуу болгусу келген адамдар жалкоолор жана элдин энергиясын соргон сүлүктөр!109



Кызыл кхмерлердин курмандыктары

Камбоджаны Кытайдын жардамы менен өзүнө караткан маоист психопаттар, жогоруда айтылгандай, 3 миллионго жакын күнөөсүз адамды өлтүргөн. Өлтүрүлө тургандар алгач башына атып өлтүрүлгөн. Бирок кийинчерээк бул «окту сарамжалсыз пайдалануу» деген тыянак чыгарылып, андан да мыкаачы ыкмалар колдонулуп баштаган. Бул тууралуу изилдөө жүргүзгөн француз изилдөөчү Марек Сливински ал ыкмалардын «окту үнөмдөөдөн» тышкары, кызыл кхмер согушчандарынын садизмин канааттандыруу максатын да көздөгөнүн жазат. Анын айтуусу боюнча, курмандыктардын 53 пайызынын башы талкаланган (темир союл менен, керкинин сабы менен, кээде кетмендин сабы менен), 5 пайызы башына пластикалык баштык кийгизилип муунтулган жана 5 пайызы мууздалган.
Кызыл кхмер режими 1979-жылы Вьетнам Камбоджаны басып алганда кулаган. Вьетнамдыктар мурдакы режимдин мыкаачылыгын дүйнөгө көрсөтүү үчүн «өлүм талаалары» деп эскерилген күрүч талааларын казып, өлгөн денелерди чыгарышкан жана аларды көргөзмөгө коюшкан. Азыркы күндө кызыл кхмерлер тарабынан өлтүрүлгөн он миңдеген адамдын сөөктөрү менен баш сөөктөрү борбор шаар Пномпеньдеги бир музейде көргөзмөдө турат.
Чарльз Дарвиндин жазган бир китеби менен «илимий пайдубалы» түзүлүп, Маркс менен Энгельстин сандырак ойлорунун негизинде калыптанып, Ленин менен Сталиндин мыкаачылыгы аркылуу дүйнөлүк күчкө айланган жана Мао аркылуу акылдан адашуу деңгээлине жеткен коммунизм Камбоджадагы мыкаачылык аркылуу дүйнөгө чыныгы жүзүн көрсөткөн.

Түндүк Корея жана Вьетнам

Азиядагы коммунисттик мыкаачылык Кытай жана Камбоджа менен эле чектелбей, Түндүк Корея менен Вьетнамдагы коммунисттик режимдер да өз элине карата ырайымсыз террор жасашкан. Ондогон жылдар бою Ким Ир Сендин диктатурасы астында башкарылган Түндүк Корея режими эсептөөлөр боюнча 1,5 миллион адамды өлтүргөн. Жүз миңдеген адам Түндүк Кореянын катаал абактарында кыйноого алынган. «Коммунизмдин кара китебинде» адамдарга айбандай мамиле кылынган Түндүк Корея абактары тууралуу мындай деп айтылат:
... Расмий түрдө антип аталбаганы менен чыныгы абак болгон. 2000и аял, жалпы 6000 адам ошол жаза комплексинде эрте мененки 05:30дан түн жарымына чейин тапочка, тапанчанын кыны, баштык, кайыш кур, жардыргыч заттар жана жасалма гүлдөрдү өндүрүү үчүн жаныбарлардай иштешкен. Кош бойлуу туткундар мыкаачы ыкмалар менен бойдон түшүрүүгө мажбурланган. Абакта төрөлгөн наристелердин баары сөзсүз түрдө муунтулган же мууздалган.110

Коммунисттик башкаруунун астындагы Түндүк Вьетнам, 1968-ж.

Түндүк Кореянын абактарында жашаган бир туткун ал лагерьлердеги киши өлтүрүүлөрдү жана кыйноолорду төмөнкүчө айтып берген:
Киши өлтүрүүлөрдү ким жасайт? Тандоо колдорун булгагысы келбегенде окко тизген же жан талашып өлүшүн көргүсү келгенде кыйнап өлтүргөн коопсуздук кызматкерлерине тапшырылган. Мен таяк менен сабап, ташбараң кылып же күрөк менен да адамды өлтүрүүгө болоорун көрдүм. Туткундардан оюн ойноп, мылтык атып жарышып, көзгө мээлеп атып өлтүрүлгөндөр болду. Кыйноого кабылгандардан бири-бири менен мушташканга жана бири-бирин талкалаганга мажбурлангандар да болду... Мыкаачылык менен өлтүрүлгөн кишилердин денелерин көп жолу өз көзүм менен көрдүм: аялдардын аз кыйналып өлгөнү абдан аз болчу. Бычак менен кескиленген көкүрөктөрдү, күрөктүн сабы менен тешилген жыныстык органдарды, балка менен сындырылган моюндарды көрдүм. Лагерьде өлүм кадимки көрүнүш болчу. «Саясий кылмышкерлер» тирүү калуу үчүн абдан тытынышат. Алар жүгөрүдөн же чочконун майынан дагы бир аз алуу үчүн баарына даяр болушат. Ошого карабастан, күн сайын орточо төрт же беш киши ачкадан, кырсыктан же болбосо... өлүм жазасына тартылып өлөт...111
Түндүк Кореядагы коммунисттик режимдин дагы бир залим өзгөчөлүгү дарвинизмден келип чыккан «евгеника» теориясын кабыл алып, турмушка ашырышы болгон. Евгеника теориясы, мурда да айтылгандай, Дарвиндин аталаш тууганы Фрэнсис Гальтон тарабынан чыгарылган жана 20-кылымдын баштарында илимий теория катары кабыл алынган. Евгениканын максаты бир расадагы оорулуу жана майып адамдарды «тазалап» (б.а. коомдон чыгарып), алардын ордуна ден-соолугу чың адамдардын жыныстык мамиле кылып, көбөйүшүн шыктандыруу болуп саналат. Мунун натыйжасында ден-соолугу чыңыраак коомдор пайда болот деп элестетилген. Евгеника теориясын расмий саясатка айлантып турмушка ашырган биринчи өлкө Нацисттик Германия болгон. Гитлер немец элиндеги генетикалык оорулууларды жана майыптарды атайын «тазалоо (стерилизация) борборлоруна» чогултуп, андан соң өлтүрүп баштаган.
«Эволюцияны ылдамдатуу» максатында жасалган бул зулумдуктун дагы бир мисалы Түндүк Кореянын дарвинист-коммунист режими тарабынан ишке ашырылган. «Коммунизмдин кара китебинде» Түндүк Кореядагы евгеника төмөнкүчө сүрөттөлөт:
Түндүк Вьетнамдын диктатору Хо Ши Мин
Түндүк кореялык майыптар чоң сүргүндүн курмандыктары. Башкача айтканда, алар борбор шаар Пхеньянда жашай алышпайт. Жакынкы жылдарга чейин майыптар үй-бүлөлөрү аларды көрүп турушу үчүн шаардын четиндеги конуштарга сүрүлчү. Азыр болсо алар тоолуу, алыскы аймактарга же Сары деңиздеги аралдарга жөнөтүлөт. Эки сүргүн аймагы анык белгиленген: өлкөнүн түндүгүндө, Кытайдын чек арасына жакын жайгашкан Букун жана Эйсио. Майыптарга багытталган дискриминация акыркы убактарда сүргүн саясаты Пхеньяндан тышкары, Нампхо, Кэсон, Чонгцин сыяктуу шаарларда да жүргүзүлүп баштап, ансайын күчөдү. Майыптардан тышкары, эргежээлдер да системалуу түрдө көзөмөлгө алынып, кармалып, коомдон алыстатуу үчүн эле эмес, балалуу болушуна да мүмкүнчүлүк бербөө үчүн лагерьлерге жиберилет. Ким Чен Ир «эргежээлдер тукуму жок кылынышы керек» деп жеке өзү буйрук берген.112
Вьетнам да Азиянын дагы бир кандуу коммунисттик диктатурасы болгон. Алгач француздар менен, андан соң америкалыктар менен бир топ согушкан Түндүк Вьетнам 1975-жылы Түштүк Вьетнамды өзүнө караткан жана экөө биригип жалгыз коммунисттик Вьетнам пайда болгон. Түндүк Вьетнамдын түптөөчүсү Хо Ши Мин жана анын жолун жолдогон Вьетнамдын жетекчилери өз элин оор басымга алып, кыйнагандан тартынган эмес. 1975-77-жылдары режимге оппозиционер бир вьетнамдыктын жазган бир катында өлкө төмөнкүчө сүрөттөлөт:
Бир эле Сайгондун расмий абагы болгон Чи Хоа абагында мурдакы режим убагында 8 миң киши болгон; азыр болсо ал абакка 40 миң киши тыгып батырылган. Туткундар ачкадан, аба жетпегенден, кыйноодон өлүп жатышат же өзүн-өзү өлтүрүп жатышат... Вьетнамда эки түрдүү абак бар; расмий абактар жана концлагерьлер. Экинчи түрдөгүлөр жыш токойлордун арасына жашынган; туткундар өмүр бою иштегенге мажбур, эч качан соту болбойт жана аларды жактай турган бир да адвокат жок.113
Ушул сыяктуу зулумдуктар 1975-жылы Вьетнам тарабынан басып алынып, андан соң коммунисттик режим менен башкарылып баштаган Лаосто да болгон. Индокытайдын ортосунда жайгашкан бул жакыр өлкөдө «Патет Лао» коммунисттери бийликке келген соң көптөгөн «режимдин оппозиционерлерине» кысымчылык көрсөткөн жана он миңдеген лаостуктар режимдин басымына кабылып, качкынга айланган.

Маоизм коркунучу уланууда

Азиялыктардын тарыхый салтында катаалдык бар. Өзгөчө Ыраакы Чыгыш Азия тарых бою катуу кагылышуулардын, кан куумайлардын, мыкаачы өч алуулардын мекени болгон. Бул салттын үстүнө коммунизм деген зомбулукту жана мыкаачылыкты кадыресе көргөн, ал тургай, керектүү деп эсептеген бир идеология кошулганда, абдан чоң апаат келип чыккан. Дарвинизмге таянган жана ошондуктан адамды согушуп кан төгө турган бир жаныбар түрү деп эсептеген коммунизм Ыраакы Чыгыш Азиянын күрүч талааларын өлүм талаасына айланткан. Мындан тышкары, Ыраакы Чыгыш Азияда коммунизмдин маданиятка болгон душмандыгы ансайын күчөп, сабатсыздыкты, көрксүздүктү, бир түспөлдүктү жана ойлонбоону кадимки нерседей көргөн, маданиятты унутуп айбандардай жашоону туура көргөн коркунучтуу бир идеология пайда болгон.
Кызыгы, ушундай залим жана примитивдүү бир идеологияны ойлонбой кабыл алып, аны дүйнөнүн башка өлкөлөрүнө жайылтууга аракет кылган көптөгөн уюмдар жана агымдар бар. Учурда дүйнөнүн ар кайсы өлкөсүндө көптөгөн маоист террордук уюмдар жана идеологиялык топтор иш-аракет жүргүзүүдө. Маоисттер Советтер Союзунун кулашын «коммунизмдин туура эмес чечмеленишинин натыйжасы» катары көрсөтүп, бул маоизмдин тууралыгын тастыктайт дешүүдө. Маонун үрөй учурарлык мыкаачылыктарын, канкордуктарын, ачарчылыктарын, залимдиктерин толугу менен көрмөксөн болушуп, бул караңгы идеологияны дүйнөнүн келечегинин бирден-бир альтернативасындай көрсөтүүгө аракет кылышууда. Өзгөчө начар өнүккөн өлкөлөрдө уюшкан маоисттер «үчүнчү дүйнө» деп айтылган эски теорияны кайрадан жандантып, ал өлкөлөрдү коммунизмдин караңгылыгына түртүү аракетин көрүшүүдө.
Демек, Маонун он миллиондогон адамды кыйнап өлтүргөнү бул коммунисттерди канааттандырган жок. Андан да көп кан каалап жатышат.
Китептин акыркы бөлүмүндө маоизмдин тымызын өнүгүү процессин тереңирээк карайбыз.


Булактар:

64 Karl Marx, "Ekonomi Politiğin Eleştirisine Katkı'ya Önsöz" ; Jozef Stalin, Diyalektik ve Tarihi Materyalizm, Bilim ve Sosyalizm Yayınları, 9. Baskı, s: 676

65 Elbette mevcut durumun böyle olmadığını Marxistler de görmektedirler. Bu nedenle Marxistler, kendilerini "proletarya" gibi görmeyen işçilerin "sahte bilinçle" aldatıldığını, bunun, proletarya devrimini engellemek isteyen kapitalistlerin tuzağı olduğunu ileri sürerler. Ancak bu, çok yüzeysel bir açıklamadır.
66 Robert M. Young, "Darwinian Evolution And Human History", Open University course on Darwin to Einstein: Historical Studies on Science and Belief, 1980
67 Richard Milner, Encyclopedia of Evolution, Facts on File Publisher, 1990, s. 81
68 Jacob Heilbrunn, "Mao More Than Ever", The New Republic, April 21, 1997
69 Benjamin Schwartz, Chinese Communism and the Rise of Mao, Cambridge: Harvard University Press, 1951, s. 37
70 Benjamin Schwartz, Chinese Communism and the Rise of Mao, s. 45
71 Charlotte Furth, Ting Wen-chiang: Science and China's New Culture, Cambridge: Harvard University Press, 1970, s. 27
72 Charlotte Furth, Ting Wen-chiang: Science and China's New Culture, s. 71
73 James Reeve Pusey, China and Charles Darwin, Harvard University Press, Cambridge (Massachusetts), 1983, s. 438
74 Michael Ruse, The Long March of Darwin, New Scientist, 103 (16 Ağustos 1984): s. 35
75 James Reeve Pusey, China and Charles Darwin, Harvard Univeristy Press, Massachusetts, 1983. s. 4
76 James Reeve Pusey, China and Charles Darwin, s. 257
77 James Reeve Pusey, China and Charles Darwin, s. 449-452
78 Clare Hollingworth, Mao, Triad Paladin Grafton Books, Glasgow, 1985, s. 26
79 Clare Hollingworth, Mao, s. 27
80 Clare Hollingworth, Mao, s. 26
81 Jacob Heilbrunn, "Mao More Than Ever", The New Republic, April 21, 1997
82 Komünizmin Kara Kitabı, s. 645-646
83 Komünizmin Kara Kitabı, s. 646-647
84 Komünizmin Kara Kitabı, s. 649
85 Jasper Becker, Hungry Ghosts: Mao's Secret Famine, New York: The Free Press, 1996. s. 72-73
86 Jasper Becker, Hungry Ghosts: Mao's Secret Famine, s. 73-74
87 Jasper Becker, Hungry Ghosts: Mao's Secret Famine, s. 76
88 Jasper Becker, Hungry Ghosts: Mao's Secret Famine, s. 75
89 Jasper Becker, Hungry Ghosts: Mao's Secret Famine, s. 92
90 Komünizmin Kara Kitabı, s. 644
91 James Reeve Pusey, China and Charles Darwin, s. 456
92 James Reeve Pusey, China and Charles Darwin, s. 455
93 Komünizmin Kara Kitabı, s.647
94 K. Mehnert, Kampf um Mao's Erbe, Deutsche Verlags-Anstalt, 1977
95 Talk At An Enlarged Central Work Conference, 30 January 1962, (http://www.maoism.org/ msw/ vol8/ mswv8 62.htm)
96 Komünizmin Kara Kitabı, s.621
97 Komünizmin Kara Kitabı, s.668
98 Malachi Martin, The Keys of This Blood, s. 406
99 Ken Ling, Miriam London ve Ta-ling Lee, La vengeance du ciel: un jeune Chinois dans la Revolution culturelle, Paris, Laffont, 1981 (İngilizce orijinal basım 1972), s. 20-23. (Bu sahne Xiamen'de seçkin bir lisede cereyan etmişti.)
100 Komünizmin Kara Kitabı, s. 684
101 Komünizmin Kara Kitabı, s.617
102 Nien Cheng, Vie et mort a Shangai, Paris, Albin Michel, 1987 (İngilizce orijinal baskı 19867, s.86
103 Komünizmin Kara Kitabı, s.715
104 Komünizmin Kara Kitabı, s.783
105 Komünizmin Kara Kitabı, s.793
106 Komünizmin Kara Kitabı, s.790
107 Komünizmin Kara Kitabı, s.788
108 Komünizmin Kara Kitabı, s.798
109 Komünizmin Kara Kitabı, s.817-818
110 Komünizmin Kara Kitabı, s.727
111 Komünizmin Kara Kitabı, s.731
112 Komünizmin Kara Kitabı, s.736
113 Komünizmin Kara Kitabı, s.753


Hiç yorum yok:

Yorum Gönder