5 Temmuz 2020 Pazar

6-БӨЛҮМ: КОММУНИЗМ ЖАШЫНДЫ


Стивен Джей Гулд АКШда «эволюция теориясы» дегенде Дарвинден кийин биринчи эске келе турган кишилердин бири. Гарвард университетинде көп жылдардан бери зоология жана палеонтология тармактарында профессор болуп иштеген Гулд эволюция теориясы тууралуу жазган көптөгөн китептери жана маалымат каражаттарына берген маектери менен белгилүү. Эволюция тууралуу бир талкуу болгондо, Time, Newsweek сыяктуу дүйнөгө таанымал журналдар Гулддун пикирин угушат.
Табият тарыхы музейлеринде китеп дүкөндөрүндө Гулддун китептери алдыңкы саптарда турат. Гулд Дарвиндин кемчиликтерин жоюуга, эволюция теориясынын фоссилдерден жеңилгенин кандайдыр бир жол менен жаап жашырууга аракет кылууда. (Бирок, албетте, бул аракеттеринен эч кандай майнап чыккан жок, ошондуктан эволюция теориясын сындаган белгилүү ысымдардын бири Беркли университетинин профессору Филип Джонсон Гулдду «дарвинизмдин Горбачеву» деп атаган. Ал тургай, Гулд аракеттеринин ийгиликсиздигин өзү да көп жолу мойнуна алган. Тереңирээк маалымат алуу үчүн Харун Яхьянын «Жашоонун чыныгы булагы» аттуу китебин караңыз.)
Стивен Джей Гулддун дарвинизмден тышкары, дагы бир тутунган идеологиясы бар: марксизм.
Гулд муну ар дайым апачык айтып келет. Анын ою боюнча, дарвинизм менен марксизм бир медальондун ажырагыс эки жүзү сыяктуу. Дарвин «табияттын диалектикасын», Маркс болсо «тарыхтын диалектикасын» ачып көрсөткөн. Гулд негизи диалектикалык материализмге ишенгени үчүн дарвинизмге ишенет. Дарвин тууралуу «Дарвин табиятты түшүндүрүүдө материалисттик философияны абдан логикалуу колдонгон» деп айткан жана ушул себептен аны болгон күчү менен жактап келүүдө.132
Дүйнөнүн эң белгилүү марксист-дарвинисттеринин бири Гулд 1992-жылы Россияны кыдырууга келген. Мындан бир канча жыл мурда Чыгыш блогу жоюлуп, бир жыл мурда Советтер Союзу кулаган жана коммунисттик партия тарыхка айланган. Дүйнө жүзү «коммунизм толук кулады» деп айтып жаткан. Ал эми Гулд болсо муну башкача чечмелеген. Россияны кыдырып кайткан соң журналисттерге «марксизмдин тажрыйбадагы бир үлгүсү кулады, бирок марксизм тарыхтын илимий түшүндүрмөсү катары жарамдуулугун жоготкон жок» деп айткан.133
Башкача айтканда, Гулддун ою боюнча, марксизм дагы эле тирүү болчу.

Коммунизм өлгөн жок

Стивен Джей Гулд
Стивен Джей Гулддун дарвинизмди тутунушу сейрек кездешкен көрүнүш эмес. 20-кылымда эволюция теориясын жактаган белгилүү илимпоздордун арасында көптөгөн марксисттер бар. Александр Опарин, Дж.Б.С. Холдейн сыяктуу 20-кылымдын биринчи жарымында эволюция теориясы тууралуу эң белгилүү изилдөөлөрдү жүргүзгөн кишилер фанат марксисттерден болушкан. Бүгүнкү күндө Джон Мейнард Смит, Ричард Левонтин сыяктуу батыштык эволюционист илимпоздор да марксизмдин күчтүү жактоочуларынан.
Алардын ою боюнча, дарвинизм менен марксизм синоним, б.а. мааниси бир. Эки теория тең бир философиялык пайдубалга таянат: диалектикалык материализм. Маркс муну тарыхка, Дарвин болсо табиятка тууралаган. Дүйнө жүзү «коммунизмдин кулашы» деп түшүнгөн окуяны, б.а. Советтер Союзу менен Чыгыш блогунун кулашын бул кишилер болгону «марксизмдин туура эмес чечмеленишинин кулашы» деп эсептешет. Диалектикалык материализм куламайынча, марксисттик саясат түшүнүгү да жашай берет.
Бул көз-карашты бүгүнкү күндө дүйнөдө марксизмге ишенген көптөгөн уюмдар жана интеллектуалдар жакташат. Бул заманбап коммунисттер Советтер Союзу менен Чыгыш блогу бар кезде эле, ал өлкөлөрдөгү коммунисттик режимдер менен марксисттик идеологияны бири-биринен бөлүп карашчу. Ал коммунисттик режимдерди «реалдуу социализм», б.а. тажрыйбадагы социализм дешчү, ал эми социалисттик идеологияны болсо ал режимдерден көз-карандысыз, ал режимдер куласа да жашай берет деп айтышчу.
Азыркы күндө мындан да чоң ойлорду айтышууда. Алар мындай дешет: Маркстын ою боюнча, коом белгилүү баскычтардан өтүшү керек. Алгач капитализмде жашап, андан соң социализмге, анан коммунизмге барышы шарт. Бирок Россияда жана 20-кылымдагы башка коммунисттик режимдерде агрардык коомдон социализмди көздөй күтүүсүз секирик болгон. Ортодогу капиталисттик баскыч атталып кеткен. Ошондуктан марксисттердин ою боюнча, бул режимдердин ийгиликсиз аякташы табигый нерсе болгон. Учурда бул өлкөлөр капитализмди кабыл алган соң, Маркс айткан «капитализм баскычына» өтүшөт жана андан соң бекем жана күчтүү бир социализм келет.
Мындай чечмелөөнү учурда марксизмге ишенген көп кишилер кабыл алышат. Алардын арасында АКШнын Стивен Джей Гулд сыяктуу белгилүү илимпоздору, Европанын коммунисттик партиялары, марксист интеллектуалдары жана журналисттери, сепаратисттик коммунисттик террористтик уюмдар сыяктуу көптөгөн топтор бар.
Ошондуктан Советтер Союзу менен Чыгыш блогу кулаганы үчүн, «коммунизм тарыхта калды, эми дүйнөгө эч кандай коркунуч алып келбейт» деп ойлоо такыр туура эмес болот. Коммунизм диалектикалык материализмдин саясий теориясы. Диалектикалык материализм жашаса коммунизм да жашай берет. Эгер бир философия бир коомдо күчтүү болсо, «ылайыктуу учур келгенде» саясий жактан таасирдүү болуп баштайт. Эгер диалектикалык материализм күчтүү жана кеңири тараган бир философия болсо, анын саясий тарабы болгон коммунизм да ылайыктуу шарт түзүлгөндө, таасирдүү күчкө айланышы ыктымал.
Азыркы күндө дүйнө жүзүндө либералдуу экономикага жана демократияга карата бекем бир ишеним бар. Бирок либералдуу экономикалык системада эл аралык бир кризис пайда болсо, адамдардын психологиясы жана көз-караштары бир заматта өзгөрүп кетиши мүмкүн. Тарыхта мунун мисалдары бар. 1929-жылы Улуу депрессиянын натыйжасында дүйнө жүзүндө чоң экономикалык кризис келип чыккан, бул Европадагы коммунисттик жана фашисттик партиялардын популярдуулугун бир заматта арттырган. Коммунисттер Улуу депрессияны «капиталисттик системанын кулашы» деп чечмелеп, элдин аң-сезимин оңой буруу мүмкүнчүлүгүнө ээ болушкан.
Мындан тышкары, азыркы учурда деле өзгөчө Европа өлкөлөрүндө коммунисттердин маанилүү күчү бар. Франция менен Италиядагы Коммунисттик партиялар дагы эле күчтүү, дээрлик бардык шайлоолордо жогору добушка ээ болушат. Мурдакы Чыгыш блогуна кирген өлкөлөрдүн дээрлик бүт баарында мурдакы коммунист кадрлар тарабынан башкарылган социалисттик партиялар бар жана алардын да добуштары көп. Эгер эл аралык экономикалык кризис келип чыкса, бул өлкөлөр оңой эле социалисттик партиялардын колуна тийип, андан соң коммунисттик режимге өтүп кетиши мүмкүн.

ДИАЛЕКТИКАЛЫК МАТЕРИАЛИЗМДИН ТЫМЫЗЫН ТАКТИКАСЫ: «БИР КАДАМ АЛГА, ЭКИ КАДАМ АРТКА»

Бүгүнкү күндө дарвинизмден күч-кубат алган коммунизмди коркунуч катары көрбөгөндөр жана аны көп жыл мурда кулады деп ойлогондор абдан жаңылышат. Анткени коммунизм кулаган жок, диалектикалык материализмдин эң негизги принцибинин негизинде эки кадам артка таштады.
Ленин китеп кылып жазган «бир кадам алга, эки кадам артка» принциби боюнча, коммунисттер максатка жетүү үчүн керек учурда бир канча кадам артка таштап максатынан алыстагандай көрүнүшөт. Коммунист Кытайдагы мектеп окуучуларына ушул себептен үч кадам алга, эки кадам артка принцибине таянган «диалектикалык ыкма» үйрөтүлөт.
Мунун эң конкреттүү мисалдарынын бири – коммунисттердин үй-бүлө жөнүндөгү көз-караштары. Диалектикалык материализмдин негиздөөчүсү Карл Маркстын ою боюнча, коммунизмге жетүү үчүн биринчиден нике түшүнүгү жок кылынат. Маркс менен Энгельс Коммунисттик манифестте «үй-бүлөнү жоюу! Эң радикалдуу кишилер да коммунисттердин бул жийиркеничтүү максатынан күлүңдөшөт» деп жазышкан жана андан соң үй-бүлөнү эмне үчүн жоюу керек экенин өз ойлорунда түшүндүрүүгө аракет кылышкан. «Буржуазия үй-бүлөсү» капиталга жана жеке байлыкка таянат деп айтышып, булар жоюлганда (б.а. коммунисттик революция ишке ашканда) үй-бүлөнүн да жок болоорун «түгөйү жок болгондо, буржуазия үй-бүлөсү да өзүнөн-өзү жок болот» деп чечмелешкен.
Фридрих Энгельс «Үй-бүлөнүн, жеке менчиктин жана мамлекеттин пайда болушу» аттуу китебинде үй-бүлөнү адамзат тарыхынын алгачкы этаптарында болбогон, кийин бир эксплуатация куралы катары пайда болгон жасалма бир мекемедей көрсөтүүгө аракет кылган. Энгельстин бул философиясы боюнча, коммунисттик революция болгондо, мамлекет да, жеке менчик да, үй-бүлө да жок кылынышы шарт.
Коммунисттер бул максатына жетүү үчүн диалектикалык материализмдин принциптерин колдонушат. Үй-бүлө мекемесин жоюу үчүн күчтүү мамлекет керек. Бирок мамлекет күчтүү болушу үчүн эң биринчиден үй-бүлө мекемеси күчтүү болушу зарыл. Ошондуктан алгач артка кадам таштап, үй-бүлөнү күчтөндүрүшөт. Натыйжада коммунисттик мамлекет күчтөнөт жана кийинки баскычта үй-бүлө мекемесин толук жок кылат.134
Бул мисалдан көрүнүп тургандай, коммунисттердин «коммунизм кулады», «Россияда үй-бүлө мамилелери ансайын бекемделди» деген сыяктуу ураандары адамдарды жаңылтпашы керек. Бул диалектикалык материализмдин Ленин «Бир кадам алга, эки кадам артка» аттуу китебинде баса белгилеген бир тактикасы. Коммунизм хамелеонго окшоп түсүн өзгөртүп, ыңгайлуу шарттын түзүлүшүн күтүп жатат.
Ошондуктан коммунизмдин негизги философиясы болгон диалектикалык материализм менен жана анын негизсиз илимий таянычы болгон дарвинизм менен олуттуу идеялык күрөш жүргүзүү зарыл. Антпесе, коммунисттер алга карай кандуу жана залим кадамдарды таштоо үчүн буктурмада күтүп жатышат.

Россия: бир алга, эки артка!

Саясий горизонттун карама-каршы эки учундай көрүнгөн фашизм менен коммунизмдин ортосунда негизи аз эле айырма бар. Эки идеологиянын тең коом, адеп-ахлак түзүлүшү жана лидер модели бирдей. Бул эки идеология тең саясат илиминде «тоталитардык идеологиялар» катары бир топко киргизилет. Мамлекет элди басым, коркутуу жана пропаганда аркылуу башкарып, оппозиционерлерди эң катаал ыкмалар менен жок кылган бир модель тоталитаризм.
1991-жылдан кийин Россиянын саясий режими жана саясий маданияты көп деле өзгөргөн жок. Коммунизмден мафиянын үстөмдүгүнө таянган фашизмдин бир түрүнө өтүлдү жана жогоруда айтылгандай, бул иш жүзүндө өзгөрүү болуп эсептелбейт. Негизги өзгөрүү экономикада жана коомдук түзүлүштө байкалды. Көптөгөн тез байыган кишилер пайда болуп, элдин көпчүлүк бөлүгүнүн жашоо деңгээли төмөндөдү жана байлар менен жакырлардын ортосундагы айырма абдан өстү. Британиянын 19-кылымдагы кейпине окшогон бир «жапайы капитализм» түзүлүшү Россияга жайылды. Мамлекеттин борбордук бийлигинин алсыздашынан келип чыккан мафия уюмдары болсо кандайдыр бир мааниде «феодалдык түзүлүшкө» айланышты.


Кызыгы, бул эки түзүлүш тең марксизмдин айтуусу боюнча, революциянын алдындагы шарттарды түзүүдө. Башкача айтканда, Россиянын азыркы абалы марксизм жагынан караганда «коммунизмден мурдакы» бир түзүлүш болуп эсептелет. Россияда дагы деле жогору добуш алып, мамлекет механизмине таасир тийгизген коммунисттер азыркы абалды ушундай баалашат. Либералдуу экономикага жана демократияга болгон ишенимди азайта турган бир эл аралык кризис коммунисттердин бул теориясын практикага айлантып, Россия бат эле кайрадан коммунисттик режимге өтүп кетиши мүмкүн.
Негизи бул жерде коммунизмдин тымызын тактикаларынын бирин көрөбүз. Коммунисттер өз ойлорунда тарыхый тизмегинин (капитализмден коммунизмге өтүүнүн) бузулушуна оңдоо киргизишүүдө. Ошондуктан орус элин мафиянын колуна тапшырып, салттык капитализмдин орношуна шарт түзүшкөн. Бул система аркылуу элди болушунча эздирип, аларга «башка жол жок, муну коммунизм гана чечет» деп айттыруу аракетин көрүшүүдө.
Ошол эле учурда коммунизм тымызын жашап келе жатат. Азыркы кызматкерлердин баары мурдакы коммунисттерден турат. Жана Маркстын диалектикалык материализми менен окутулган бул кишилер коммунизм тууралуу кыялдарын унутушкан жок. Тескерисинче коммунизмдин капитализм баскычынан өтүшү керек экенине ишенгендер «коммунисттин» бир шартын аткаруу үчүн капитализмдин жайылышына каршылык көрсөтүшпөөдө. Чыныгы коммунист болгону үчүн, азыркы учурда капитализмди жактап, аны турмушка ашырышууда.
Диалектикалык материализмдин принциптерин кабыл алган бул адамдар үчүн түпкү максатка жетүүдө бир күн коммунист, экинчи күнү фашист болуп көрүнүү абдан оңой. Негизи фашизмде да, коммунизмде да максат бир: адамдарга зулумдук кылуу... Бул эки идеологиянын ортосунда аз эле айырма бар. Болгону коммунизм зулумдугун «гуманисттик» ураандарды жамынып, тымызын улантууда. Жасаган зулумдуктарына жана мыкаачылыктарына шылтоо табууга аракет кылууда.
Ушундай көшөгөлөрдүн артына жашынып, учурда коммунизм Россияда бийликте турат; Россия мамлекети кадимки коммунисттик түзүлүшкө ээ. Түрк тилдүү мамлекеттерди аскердик жактан башкарып турган Россия мамлекети өзгөргөн жок; СССР дагы эле турат. Коммунист чиновниктер элди капитализмге болушунча эздирип, экинчи жагынан атеизм жана адеп-ахлаксыздык пропагандаларын активдүү түрдө улантууда. Мындай пропагандалардын жана тактикалардын натыйжасында адеп-ахлактык баалуулуктардан болушунча алыстап, Улуу Аллахтын бар экенин унуткан бир коомдун коммунизмди кабыл албашына эч кандай себеп калбайт деп ойлошууда.
Колуна дагы эле Сталиндин же Лениндин сүрөттөрүн көтөрүп, митинг өткөргөн Россия коммунисттеринин өлкөдө маанилүү күчү бар. СССРдин 1991-жылы кулашын, Ленин тарабынан 1904-жылы жазылган «Бир кадам алга, эки кадам артка» аттуу китебинде белгиленгендей, түпкү максатка бараткан жолдогу убактылуу бир артка чегинүү катары баалашууда. Ленин бул китебинде мындай деп жазган:
Бир кадам алга, эки кадам артка... Жеке кишилердин жашоосунда, улуттардын тарыхында жана партиялардын өнүгүшүндө мындай көрүнүштөр болот. Бирок революциячыл социал-демократия принциптеринин, пролетардык уюмдун жана партия дисциплинасынын бир күнү толук жеңишке жетээринен күмөн саноо жүзү каралыктын жеткен чеги болот.135

Мао тирүү!

Жогоруда каралган Чыгыш Европа жана Россия мисалдары коммунизмдин 1990-жылдары кулаган, бирок кайрадан жандануу ыктымалдыгы жогору болгон мисалдары. Бирок коммунизмдин дагы бир версиясы бар, ал эч кулаган жок жана капиталист болуп көрүнүп, күн сайын күчтөнүүдө. Ал версия ошол эле учурда коммунизмдин эң начар, эң варвар версиясы: маоизм.
Советтик Россия 1991-жылы кулап, андан соң Ленин менен Сталиндин бүт тарапты кооздогон айкелдери алынып салган жана Россия коммунизмден сөз жүзүндө баш тарткан. Бирок Кытайда эч качан мындай болгон жок. 1976-жылы Мао өлгөндөн бери Кытайды дагы эле Коммунисттик партия башкарып келе жатат. Кытай капиталисттик экономиканын эрежелерин кабыл алып, анын негизинде экономикасы абдан өнүктү, бирок саясий система дагы эле коммунисттик система. Эң негизгиси, саясий жана коомдук маданият дагы эле коммунисттик бойдон. Жана Маону, миллиондогон кытайды өлтүргөн канкорду, кытайлар дагы эле ыйык кишидей көрүшөт.
1994-жылы 10-январьда чыккан «Time» журналынын «Mao Lives!» (Мао тирүү) аттуу макаласында Кытайдагы Маого болгон массалык жакындык «Mao mania» (Мао мания, Мао ышкысы) деп аталып, төмөнкүчө сүрөттөлгөн:
Катардагы кытайлыктар үчүн Мао дагы эле бир сфинкс, жүздөгөн жүзү бар бир идол. Ыйык китептей кабыл алынып, сөздөрү бүт тарапта айтылат... Коллекционерлер Маонун сөздөрү жазылган кассеталарды топтошсо, Маонун сүрөтү түшүрүлгөн гербдер, төш белгилер, китептер, чакмактар, ал тургай, йо-йолор абдан көп сатылат. Маонун туулган күнүнө арналып чыгарылган 5000 даана алтын-алмаз сааттар 1500 доллардан сатылууда, бул орточо бир айлык эмгек акыдан 30 эсе жогору... Хунань провинциясынын түштүк-орто аймагында жайгашкан, «улуу жетекчи» (Мао) туулган Шаошань шаарына 1992-жылы эле бир миллион киши ажылыкка (Маону зыярат кылууга) келген. Жакында эле шаардын атактуу уулунун бийиктиги 10 метр болгон эбегейсиз чоң айкели ачылды.136
Американын «The New Republic» журналында 1997-жылы жарыяланган «Mao More Than Ever» (Мао мурункудан да көбүрөөк) аттуу узун бир макалада Кытайдагы «Мао идолу» төмөнкүчө баяндалган:
Мао Цзэдун дагы эле Кытайдын саясий маданиятында борбордук, негизги фигура бойдон калууда: дагы эле бир императордой болуп, терең урматталат жана абдан популярдуу. Мунун далилдери Кытайдын бүт тарабында. 1994-жылы жүргүзүлгөн бир референдумда кытайлыктардын 40 пайызы Маону идеалдуу лидер катары көрүшөөрүн билдиришти, ал эми Дэн Сяопинге (ошол кездеги Кытайдын лидерине) берилген добуштар болгону 10 пайызды түздү. Кытай Коомдук илимдер академиясынын мурдакы мүчөлөрүнүн бири Ян Цзяги «Asianews» журналына берген интервьюсунда «азыркы Кытай жаштары Маонун каталарын билишпейт же ага маани беришпейт» дейт, «аны улуу лидер деп ойлошот жана бир гана Дэндин каталарын билишет».


Элет жеринде, Фуцзянь жана Гуандун провинцияларында Маонун элесине жаңы, чоң храмдар курулду, дагы бир жаңы храм Түндүк Шэньси аймагында курулуп жатат. Ал храмдарга көп келген партия кызматкерлери менен айыл тургундары Мао ооруларды айыктырат, түшүмдүн жакшы болушуна кепилдик болот деген сыяктуу нерселерге ишенишет. 1993-жылы Сычуаньдагы бир заводдо иштеген жумушчулар тобу Маонун туулгандыгынын жүз жылдык урматына тобу менен өз жандарын кыйышты... Пекиндеги жана Шанхайдагы такси айдоочулары маңдай күзгүлөрүнө Маонун сүрөттөрүн жабыштырышат. Сүрөтчүлөр Маонун жүзүн сүрөттөрүндө көп колдонушат жана Маонун калдайган портрети дагы эле Тяньаньмэнь аянтын ээлеп турат. Жана, эң негизгиси, партияда жана университеттерде саясий философиянын жаңы модасы демократия эмес; жаңы маоизм.
Мао (Кытайга) кайрадан кайтып келген жок. Ал андан эч кеткен эмес болчу. Германия менен Россиянын тескерисинче, Кытай эч качан тарых менен эсептешкен жок, эч качан «маоизмден баш тартууга» аракет кылган жок. Коммунисттик партия 1950-жылдардагы «чоң секириктин» (анда Мао жасаган ачарчылыктан улам он миллиондогон кытай өлгөн) же маданий революциянын (анда мамлекеттин колдоосу менен айбанчылык күчөп, мектеп курагындагы балдарды киши жегичтикке үндөөгө чейин жеткен) мыкаачылыктарын сындаганга эч уруксат бербейт. Бул тууралуу чындыктарды айтуу аракеттерине бөгөт коюлат. Мисалы, 1993-жылы Шанхай университетинин журналы Маонун ачарчылыгында 40 миллион адамдын өлгөндүгүн жазганда, журнал тез арада чогултулду...
Кытайдын саясаты... улутчулдук менен коммунизмди айкалыштырган бир философияга таянат жана ал болсо бул философияны негиздеген Маонун уламышына таянат...137
Маодон соң Кытайда капитализмдин жайылышы эмне мааниге келет? Бул Кытайдын маоизмден алысташыбы же болбосо маоизмдин экономикалык жактан күчтөнүшүбү? Жогорудагы макалада бул тууралуу төмөнкүдөй маалыматтар берилет:
Маданий революция бүткөндөн кийин да Мао культу жоголгон жок. Коммунисттик партия интеллектуалдык жактан өзүн маоизмге толтурууну улантты. Эки негизги топ пайда болду: маоист радикалдар (fanshipai) жана өткөнгө ностальгия болгондор (huanyuanpai). Экинчи топтогулар 1950-жылдардагы алтын доорду сагынышкан. Партияны башкарган маоисттер Маого ишенүүнү улантышкан, бирок маданий революциянын мыкаачылыгы адамдардын эсинде болгондуктан, муну ачык айтышчу эмес. Маоизмдин коммунист-улутчул философиясы толук гүлдөп өсүшү үчүн, Кытайга карата бир коркунуч бар деген ишеним жаралышы керек болгон, адамдарды Кытайдын улуулугу алсырап, батыштын кутумдары натыйжалуу боло баштаганына ишендире турган бир окуя... Бул окуя 1989-жылы 4-июньда Тяньаньмэнь аянтындагы нааразылык акциясына чыккан студенттерди Кытай танктарынын тебелеши аркылуу ишке ашты. Тяньаньмэньдеги бул окуянын артынан хаоско кабылган Кытай идеясы партияга «таптык күрөш» түшүнүгүн жандандыруу мүмкүнчүлүгүн берди... Өлкө башчысы Цзян Цзэминь Кытайдын экономикалык реформаларды улантаарын, бирок эч кимдин демократия тууралуу кыялданбашы керектигин жарыялады. Цзяндын буйругу менен партия элет жерлеринде «көз-караш реформасын» баштады жана маоист тибинде окутуу иш-чараларын уюштурду...
Учурда Кытайда маоизмди кайрадан толук ишке ашыруу аракеттеринин күчү Коммунисттик партиянын ичиндеги жаш интеллектуалдардан турат. «Элдин күндөлүгү» же «Акыйкатты издөө» сыяктуу ири гезиттерди марксист радикалдар башкарат. Бул гезиттер 1995-1996-жылдары таптык күрөшкө жана маоизмге толук кайтууга үндөгөн «10 миң сөздөн турган документтерди» жарыялашты.138
Көрүнүп тургандай, маоизм Кытайда дагы эле күчтүү жана бул бир гана Мао доорунан мураска калган, улгайган коммунисттик партиянын жетекчилерине эмес, марксизмге бекем ишенген жаш муундарга да тиешелүү. Элеттиктер жана сабатсыз элдер Маону өтө улуу бир зат катары көрүшсө, интеллектуалдардын көпчүлүгү марксизм-ленинизм-маоизм идеологиясын билип түшүнүп жакташууда жана жайылтышууда. Кытайдагы капитализм бир гана маоизмдин жашынып, күчтөнүшүнө шарт түзүүдө.
1,2 миллиард калкы менен дүйнөдө биринчи орунда турган Кытай экономикасын барган сайын күчтөндүрүүдө жана бир жагынан куралданууга да көңүл бурууда. Божомолдор боюнча, Кытай 21-кылымда АКШга атаандаш супер күчкө айланат. Ушундай күчтүү Кытайдын дагы эле маоист болушу жана кытайлыктардын «Мао ышкысы» менен жашашы коммунизмдин өлбөгөнүн, болгону жашынып калганын бизге дагы бир жолу көрсөтүүдө.
Болгондо да, бул жашырынган коммунизм коммунизмдин маоист версиясы, башкача айтканда, эң начар, эң варвар, эң жапайы версиясы.

Эл аралык маоист кыймыл

Мао бир гана Кытайда эмес, эл аралык аренада да дагы эле жашайт. Советтер Союзу кулаган соң, эл аралык аренадагы коммунисттик салмак маоизмге ооду. Түндүк Кореяда жана Вьетнамда маоист идеология менен башкарган коммунист чиновниктер бийликте. Эң негизгиси, учурда дүйнөнүн ар кайсы өлкөлөрүндө маоизмдин жолун жолдоп, Мао стилиндеги партизандык согуштар аркылуу кан төккөн террордук уюмдар бар. Мындай маоист уюмдар «Maoist Internationalist Movement» (Маоист интернационалист кыймыл) аттуу биргелешкен уюмга киришет жана Европанын коммунисттик партияларынан чоң колдоо алышат.
Түндүк Кипр Түрк Республикасынын расмий интернет баракчасында жарыяланган бир анализде эл аралык маоист кыймыл тууралуу мындай деп жазылган:
Эл аралык террорду изилдөө борборлорунун маалыматтары боюнча, марксист-ленинист-маоист террор уюмдарынын саны акыркы жылдары бир топ көбөйдү... Эл аралык террорду иликтеген булактарга таянсак, маоизмдин сөз жүзүндө да, иш жүзүндө да активдүү иш-аракет жүргүзүп жатканы байкалууда. Ырайымсыз, канкор, батышты душман көргөн жана антидемократиялык түшүнүктөгү бул глобалдык максатты көздөгөн иш-аракеттерде алдыңкы сапта турган уюмдардын жана топтордун башында... Шри-Ланкада «Тамиль жолборстору», Перуда «Жарык жол», Камбоджада «Кызыл кхмерлер» жана жаңы аты чыга баштаган маоист террор уюмдары бар.
Маоисттердин максаты Мао Цзэдундун пикирлерин кан төгүү аркылуу жайылтуу жана өлкөлөрүндөгү демократиялык режимдерди куралдуу күрөш менен кулатып, ордуна марксист-ленинист-маоист мамлекет куруу... Албетте, мунун түпкүрүнөн орун алган эң негизги максат – маоизмди бүт дүйнөгө жайылтуу.
1996-жылы чыгыш менен батыштын маоист террор уюмдары бир жылда эки жолу чогулушту жана иш-аракет саясатын биргелешип жүргүзүү чечимине келишти... Америкада өткөрүлгөн чогулуштан соң төмөнкүдөй чечимдер алынган:
Иш-аракет жүргүзүлгөн өлкөлөрдө парламенттик демократияны кулатууга,
Максатка жетүү үчүн бир гана аскер, полиция жана мамлекет кызматкерлерин эмес, алардын катарына кошулбагандардын баарын наристе, жаш бала, кары-картаң же аял деп бөлбөстөн өлтүрүүгө,
Борбордук, жалгыз бийликке таянган, адам укуктарын эч карабай турган бир башкаруу системасын курууга,
Марксизм-ленинизм-маоизм идеологиясынын негизинде дүйнөлүк революция жасоого ант ичишкен.
Америкада жана Индияда өткөрүлгөн чогулуштарда алынган дагы бир маанилүү чечим болсо «дүйнөлүк революцияга» пайдубал түзө турган бир «маоизмди пропагандалоо» борборун куруу болгон. Божомолдор боюнча, Maoist Internationalist Movement (MIM) аттуу бул борбор Канадада иш-аракет жүргүзүүдө. «Интернационалист маоисттер» белгилүү бир планга ылайык, тандалып алынган өлкөлөрдөгү адамдарды көкүтүп, көтөрүлүшкө үндөй турган материалдарды даярдашууда жана аларды таратуу үчүн ал өлкөдөгү жолдошторуна жиберишүүдө.139
Конкреттүү далилдерге таянган бул маалыматтар маоизмдин эл аралык деңгээлде иш-аракет жүргүзүп жатканын дагы бир жолу көрсөтүүдө. Идеологиялык тамыры Кызыл Кытайдын канкор диктаторуна таянган эл аралык коммунисттик желе бүт дүйнөгө чоң коркунуч жаратууда.
Бул коммунисттик желенин Түркияда натыйжа ала албашына түрк элинин Исламдан алган бекем кулк-мүнөзү жана ишеними себеп болууда. Дин коммунизмдин алдындагы эң чоң тоскоолдук жана динди бекем карманган элдер гана коммунизмдин көкүтүүлөрүнөн жана калптарынан коргоно алышат. Динчил түрк эли коммунизмди кабыл алдыруу аракеттеринин баарын текке кетирип, Ататүрктүн «коммунизм түрк дүйнөсүнүн эң чоң коркунучу, аны бүт тарапта эзүү керек» деген сөзүнүн негизинде коммунизмге жана диалектикалык материализм философиясына эч качан маани берген жок. Түрк эли ушул бекем кулк-мүнөзү менен, 21-кылымда дүйнө жүзүндө материализмге каршы жүргүзүлгөн интеллектуалдык жана илимий күрөшкө жол башчылык кылат.

Коммунисттердин кээ бир буктурмадан чыгуу ыкмалары

– коомдогу ар кайсы топтордун арасына кирип, аларды көкүтүү жана үндөө:

Учурдагы системаны кулатып, өз бийлигин орнотууну көздөгөн коммунисттер алгач тарапкер чогултуу максатында элге аралашып, өздөрүн алардын бириндей көрсөтүүгө аракет кылышат. Андан соң ишенимге кирип, жалган маалыматтар жана бурмалоолор аркылуу адамдарды коммунисттик идеалдарга колдонуу максатында көкүтүү жана үндөө тактикалары башталат.
Ленин партиясынын максаттарын түшүндүрүп жатып, коммунист согушчандарга элдин арасына аралашып алар менен байланышты бекемдөө жана аларды көкүтүп уюштуруу аркылуу кеңейүү керек экенин айткан:
Партиябыздын бардык уюмдары менен топторунун күнүмдүк, пландуу иш-аракеттери, пропаганда иш-чаралары, көкүтүү жана уюштуруу иштери элдер менен байланыштарды бекемдөөнү жана кеңейтүүнү көздөйт.140
Бүгүнкү күндө социал-демократтардын [революционисттердин] элдерди үндөө үчүн туура тактикалык ураандарды колдонушу өзгөчө маанилүү. Революция процессинде принцип катары натыйжа бере турган тактикалык ураандардын маанисин баалабоо эң кооптуу көрүнүш болот.141
Бул багытта конгресс партиянын бардык уюмдарына төмөнкү буйруктарды берет: пролетариатка пропаганда жана көкүтүү аркылуу алдыдагы куралдуу көтөрүлүштүн саясий мааниси жана ошондой эле тажрыйбадагы уюшуу жолдору түшүндүрүлүшү зарыл.142
Ленин коммунисттик кыймылга тарапкер чогултуу максатында элге карата жүргүзүлө турган пропаганда жана уюштуруу иш-аракеттерин коммунисттик көтөрүлүштүн негизги шарттарынан деп эсептеген:
«Көтөрүлүш даярдыгы» үчүн жалпы шарттар төмөнкүдөй: а) үгүт иштерин жайылтуу; б) массанын кыймылы менен байланышты бекемдөө; в) революциячыл түшүнүккө үндөө; г) ар кайсы аймактардын ортосунда байланыштарды түзүү; д) пролетариатты кубаттоо үчүн пролетардык эмес топторду да кошуу.143
Түркиядагы «PKK» (КЖП: Күрдистан жумушчу партиясы) аттуу террор уюмунун Түркиянын түштүк чыгышындагы күрттөрдү өзүнө тартып, уюмдун согушчан, тарапкер жана колдоочуларынын санын көбөйтүү аракеттери да Лениндин ушул ыкмасына таянууда. Бирок динчил, акылман, адеп-ахлактуу жана эр жүрөк күрт бир туугандарыбыз мындай акылсыз коммунисттик ыкмаларга алданышкан жок жана мындан улам уюмдун кандуу, ырайымсыз кысымчылыктары менен коркутууларына канчалаган жылдан бери туруштук беришүүдө.
«КЖП» уюму мындай коммунисттик тактикалар менен асыл күрт бир туугандарыбыздын арасынан аз сандагы сабатсыз кишилерди гана өз катарына кошо алды. Ошондуктан күрт үй-бүлөлөрдүн жаш курактагы балдары менен кыздарын мажбурлап уурдап тоого алып кетүү аркылуу уюмга кошуу сыяктуу ыкмаларды колдонушту.



– демократиялуу акцияларга кошулуп, провокация жана үгүт аркылуу массалык көтөрүлүштөрдү баштоо жана төңкөрүш аракеттерин жүргүзүү:

Коммунисттер буктурмада жаткан жеринен чыгуу үчүн ылайыктуу шарттарды жана ыңгайлуу окуяларды күтүшөт. Болор-болбос бир демократиялык акция да алар үчүн башаламандык, жаңжал жана көтөрүлүш чыгаруу жана, ал тургай, өлкөнү жарандык согушка түртө турган бир көтөрүлүштү баштоо мүмкүнчүлүгүнө айланышы мүмкүн.
Бул максатта алгач акциянын катышуучуларын жана элди көкүтө турган нерселерди жана учурдагы бийликке болгон нааразычылыктарды эске алуу менен таасирдүү ураандар, тукуруу жана пропаганда ыкмалары колдонулат. Учурдагы система бузулуп бүттү, муну кулатып режимди алмаштыруу керек деген түшүнүк сиңирилет. Ошондой эле, коммунист чагымчылдар тукуруу, үгүттөө жана уюштуруу максатында акциянын катышуучуларынын жана элдин арасына аралашат. Ошентип башында чын ниети менен демократиялуу митинг өткөрүп, өкмөттүн саясаттарын сындап, нааразычылыгын билдирүүнү көздөгөн катышуучуларды революциячыл коммунисттик көтөрүлүштүн бир бөлүгүнө айландыруу аракети көрүлөт.
Ленин коммунисттердин бул негизги ыкмасын төмөнкүчө белгилеген:
Революция процессинде көтөрүлүш милдетин биринчи орунга коюшуңар керек.




2013-жылы майда Стамбулда болгон, «Гези окуялары» деп аталган Таксим майданынын Гези паркындагы нааразычылык акциялары – коммунисттердин бул тактикасынын ачык мисалдарынын бири. Стамбулдун Гези паркындагы митинг башында туура себептерден келип чыккан, конкреттүү, аткарыла турган талаптарды койгон, ийгиликтүү бүтө тургандай көрүнгөн, экологияны коргоого үндөгөн, күнөөсүз бир нааразычылык акциясы болгон. Жаштар табиятты коргоону каалашкан жана муну мыйзамдуу жол менен билдиришкен. Ал тургай, өкмөт да муну туура кабыл алып, парктын ордуна тарыхый бир имарат куруу долбоорунан баш тарткан. Бирок андан соң бул мыйзамдуу митинг сепаратисттик, террордук топтордун аракеттеринин натыйжасында көзөмөлдөн чыккан. Террордук топтордун көкүтүүлөрүнөн улам бул митингдер башка шаарларга да жайылып, куралдуу, кандуу көтөрүлүштөргө, ал тургай, анти-демократияга айланган.


Коммунисттик сепаратисттик уюмдар бул митингге чагымчылдары жана согушчандары менен кошулуп, алгач Таксим майданында жана анын айланасында, андан соң Түркиянын бүт тарабында өкмөткө каршы масштабдуу көтөрүлүш башташкан. Жаш балдар ойногон, жаштар чогулуп эс алган бир парк «DHKP-C», «PKK» (КЖП), «MLKP» сыяктуу террордук уюмдардын митингге кошулушунун натыйжасында өрттөлүп, талкаланган. Коммунисттик уюмдардын, мыйзамсыз бирикме жана мекемелердин колдоосу жана кээ бир маалымат каражаттарынын пропагандасы менен абдан тез күч алган көтөрүлүштөр коопсуздук күчтөрүнүн бир канча күнгө созулган татаал операциялары аркылуу араң токтотулган. Премьер министрди үйүнө басып кирип колго түшүрүүгө аракет кылган коммунист террор уюмдары үйгө бир канча жүз метр калганда артка кайтарылган.


Эң кооптуусу, шайлоо менен келген өкмөттү күч менен төңкөрүүнү көздөгөн, коммунисттик пропаганда, иш-аракет, ыкма жана тактикаларга таянган бул мыйзамсыз, террордон колдоо алган, анти-демократиялык төңкөрүш аракети бир катар чөйрөлөр тарабынан дүйнөлүк коомчулукка «сөз эркиндиги», «демократиялык укуктардын талап кылынышы», «өкмөткө каршы мыйзамдуу митингдер» деген сыяктуу сөздөр менен, бурмаланып чагылдырылган. Борбору Англия, Франция, Германия жана АКШда жайгашкан кээ бир эл аралык маалымат каражаттары окуяларды дүйнө жүзүнө атайын, пландуу түрдө ушинтип бурмалап чагылдырган. Европалык кээ бир экологияны жактаган, социал-демократ, коммунист партия жана мекемелердин өкүлдөрү түздөн-түз Таксим майданына келип, эл аралык жашыруун кызматтардын мүчөлөрү менен бирге митингдин катышуучуларына кошулушкан жана пропаганда, провокация иш-аракеттерине активдүү катышышкан.


Бул коммунисттик көтөрүлүшкө каршы катаал күрөш жүргүзгөн коопсуздук күчтөрү болсо, жергиликтүү жана чет элдик кээ бир маалымат каражаттары баш болуп, бир катар саясий жана академиялык чөйрөлөр, ал тургай, аналитикалык борборлор жана жарандык коомдор тарабынан катуу сынга алынып, элге жана демократияга душмандык кылып жаткандай көрсөтүүгө жана психологиялык басым аркылуу пассивдештирүүгө аракет кылынган.
Таманташтар, таяктар, Молотов коктейли жана куралдар менен жүрүшкө чыгып, талкалап, тоноп, кундактоонун натыйжасында көп кишилер жаракат алып, бир топ киши көз жумган жана өлкөгө чоң материалдык зыян келтирилген. Көптөгөн мамлекеттик жана жеке мүлктөр өрттөлүп, талкаланган. Ондогон автомобиль, мэриянын автобустары, тез жардам унаалары, жумушчу машиналар жана мамлекеттик унаалар өрттөлгөн. Банктар, дүкөндөр жана маркеттер таланып тонолгон.
Мындан тышкары, бул окуялардан улам пайыздардын 4,67%дан 9%га жогорулашы, биржада айланган акциялардын наркынын 33 миллиард долларлык жоготуусу, чет өлкөлүк инвесторлордун өлкөдөн акчаларын чыгарып кетиши, валюталык курстун жогорулашы, инфляциянын өсүшү сыяктуу факторлордун Түркияга чыгымы да он миллиарддаган долларды түзгөн.



Демократияга сыйбаган ыкмалар менен адилеттүүлүккө жетүү аракети олуттуу коркунуч алып келет

Демократиялуу коомдордо мыйзамдуу митингдер жана нааразычылык акциялары элдин негизги укуктарынын бири. Сын-пикир жана сөз эркиндиги болсо демократия маданиятын кубаттап, бекемдөөчү маанилүү бир баалуулук. Кандайдыр бир нерсени өзгөртүү керек болсо, ал да демократиялык ыкмалар менен жасалат жана элдин тандоосу урматталат. Демократияны тебелеген жана адамдарды тукуруп, башаламандык чыгарган бардык ыкмалар ар бир адамга олуттуу коркунуч туудурат.
Мыйзамдуу жол менен шайланган өкмөттү алсыратууну, ага басым көрсөтүүнү жана акыр аягында кулатууну көздөгөн куралдуу революция көтөрүлүштөрү түздөн-түз Ленин тарабынан сүрөттөлгөн эң салттуу коммунисттик тактикалардын бири:
Көтөрүлүш үчүн ыңгайлуу шарттар үгүттөөбүз, көкүтүүбүз аркылуу өкмөттүн уюмдашуусунун таралышы жана биздин уюмдашуубуз аркылуу түзүлөт.144
Пролетариаттын бардык бөлүктөрүндө социал-демократтык [революциячыл] партиянын жол башчылыгында куралданган пролетариат убактылуу өкмөткө үзгүлтүксүз басым жасашы керек деген түшүнүктү жайылтышыбыз шарт. Ошондо гана революциянын ийгиликтерин жактоого, бириктирүүгө жана кеңейтүүгө болот...
Куралдуу каршылыкты уюштуруу зарыл жана бул жалпысынан өкмөттүн артындагы бардык караңгы элементтерге каршы жүргүзүлүшү шарт.145
Ар кандай шартта убактылуу өкмөткө төмөндөн басым жасашыбыз зарыл. Астынан басым көрсөтүү үчүн пролетариат куралданган болушу шарт, анткени революция шарттарында окуялар күтүлгөндөн абдан тез өзгөрөт жана ачык жарандык согушка айланат. Бул социал-демократтык партия тарабынан башкарылышы керек.146
Коммунисттик булактарда «демократия, сөз эркиндиги, адам укуктары» деген ураандарды жамынып, учурдагы бийликтин куралдуу революция аркылуу кантип кулатылаары жана андан соң бийликке келе турган башкаруунун кандай болоору апачык сүрөттөлгөн. Ленин революциядан кийинки бийликтин куралдуу милиция күчүнө таянган коммунисттик диктатура болоорун алдын-ала жарыялаган:
Элди коркутуу жана ал аркылуу коомдун үстүнөн коммунисттик диктатураны орнотуу бийликке жетишибиздин негизги элементтеринен.147
Жеңиш толугу менен бир диктатура болот, жана сөзсүз түрдө аскердик күчкө таянышы керек, элдер көтөрүлүш учурунда куралданышы шарт. «Мыйзамдуу» же «тынчтыкчыл» жолдор менен курулган бул же тигил мекемеге таянбашы керек.
Бир диктатура болмоюнча бул тирешүүнү кулатуу жана революцияга каршы кыймылдардын мизин кайтаруу мүмкүн эмес.148

- коммунисттер ыңгайлуу аймактарда өз алдынча бийлик орнотуп, бөлүнүүгө жана көз-карандысыз коммунисттик мамлекеттин пайдубалын түзүүгө аракет кылышат:

Коммунисттер географиялык, социологиялык жана демографиялык жактан ийгиликке жетүүгө боло тургандай көрүнгөн, ыңгайлуу аймактарды пилоттук аймак катары тандап алып, алгач ошол жерде уюмдашып, ошол аймакты башкарууга аракет кылышат. Дүйнөдөгү көп мисалдардан көрүлгөндөй, мамлекеттин куралдуу күчтөрү алсыз болгон аймактарда өздөрүнүн милиция топторун түзүп, элди курал менен коркутуп башкарышат.
Куралдуу кысымчылык көрсөтүп, коркутуу аркылуу террор уюмдары элдин көпчүлүк бөлүгүн башкара алышат. Белгилүү убакыттан соң ал аймактын шаар бийлиги, жергиликтүү бийлиги сыяктуу кээ бир саясий мекемелерин өздөрүнө каратышат. Андан соң ал мекемелерди бүт тараптан өздөрүнүн кызыкчылыгы, планы, стратегиясы жана иш-аракеттеринде шайман катары колдонуп башташат.
Албетте, бул дагы коммунизмдин салттуу ыкмаларынын бири. Ленин коммунисттик революцияда жергиликтүү бийликтерди өзүнө каратып, борбордук бийликке каршы колдонуунун маанисин төмөнкүчө белгилеген:
Мүмкүн болушунча бүт тарапта жергиликтүү мекемелерди өзүңөргө караткыла жана аларды элдин революциялык өкмөтүнүн калканына айланткыла!149
Бул баскычтардан өткөн соң, аймакта саясий бийлигин орноткон коммунисттик кыймыл экинчи этапта ал аймакты мамлекеттен көз-карандысыз автономдуу аймакка айлантуу үчүн сыртынан караганда саясий, бирок иш жүзүндө куралдуу күрөштү баштайт. Бул процессте көп колдонулган «өзүн-өзү башкаруу», «демократиялык автономия», «федеративдүү автономия», «конфедерация» деген сыяктуу түшүнүктөр да унитардуу мамлекетти бөлүү планынын кооздолгон саясий жаргондорунан болуп эсептелет.
Коммунизм үчүн автономия көз-карандысыз коммунисттик диктатурага жетүүдө эң негизги баскычтардын бири болуп саналат. Анткени аймакта автономдуу бийлик түзүлгөн соң, ал аймакты толугу менен мамлекеттен бөлүп алуу абдан оңой болуп калат. «Автономдуу» деп жарыяланган аймактын губернатор же мэр сыяктуу жетекчилерине берилген «референдум өткөрүү» укугунан пайдаланып, эгемендүүлүктү жарыялоо убакытты гана талап кылат. Аймактагы элди каалагандай коркутуп үркүтүү күчүнө ээ болгон коммунист согушчандар үчүн карапайым калкты курал менен коркутуп бөлүнүүгө добуш бердирүү, ал тургай, референдумда 100%га жакын добушка жетүү эч бир кыйынчылык туудурбайт.
Коммунисттик кыймылдын бийликти алуунун мындай көп этаптуу ыкмасы Ленин тарабынан төмөнкүчө сүрөттөлгөн:
Эки чечим боюнча тең учурдагы бул революция болгону биринчи кадам, мындан соң экинчи кадам жасалат; бирок бул биринчи кадамды ылдамдатуу зарыл, мамлекет каратылып, революция душмандары ырайымсыз эзилиши шарт жана экинчи кадамга пайдубал даярдоо керек.150
Кыскача баяндалган бул тактикалардын жана окуялардын баары негизи Түркияда жакында эле болуп өткөн. Түркиянын түштүк чыгышында көп жылдардан бери аймакты өзүнө каратууну көздөп, куралдуу согушчандары менен аймактагы элге ырайымсыз басым көрсөткөн «КЖП» (Күрдистан жумушчу партиясы) аттуу террор уюму саясий бутактарын колдонуп, аймактагы кээ бир жергиликтүү бийликтерди бир топ таасири астына алган. Террор уюму бир катар жергиликтүү бийликтерди согушчандарына керебет жасатуу, курал-жарактарды, бомбаларды ташытуу, кагылышуулар үчүн аң жана баррикада курдуруу, чоң жолдордогу асфальттардын астына пульт менен башкарылуучу тонналаган бомбаны жайгаштыруу сыяктуу ар түрдүү логистикалык муктаждыктарын камсыздоого пайдаланууда.
Ал жергиликтүү бийликтердин имараттары, мекемелери жана бардык техникалык мүмкүнчүлүктөрү уюмдун муктаждыктарына жана пропаганда иш-аракеттерине тапшырылган. Уюмдун мүчөлөрүнө марксист-ленинист-дарвинист билим да ошол имараттарда берилүүдө. Мындан тышкары, жергиликтүү бийликтердин элден топтогон жыйымдар, салыктар сыяктуу кирешелери, мамлекеттен келген ар түрдүү материалдык, экономикалык жана финансылык колдоолор түздөн-түз «КЖП» уюмунун кассасына өткөрүлүүдө.
Кыскасы, «КЖП» уюму бардык материалдык мүмкүнчүлүктөрүн, саясий элементтерди камтыган бардык күчүн жана аракеттерин аймакта өзүнө тиешелүү автономдуу бир федерациянын түзүлүшүнө жумшоодо. Максат, албетте, экинчи этапта жөнөкөй бир маневр менен көз-карандысыз коммунисттик Күрдистан мамлекетин жарыялоо. «Автономия» мүдөөсү «КЖП» уюмунун негизги максаты жана бул террордук уюмдун 40 жылдан бери уланып келе жаткан коммунисттик күрөшүнүн маанилүү бир бурулуш чекити. Ошондуктан «КЖП» уюмунун азыркы этапта ар кандай жырткыч кадамдарга даяр экени анык.
Бирок атеист-коммунист террор уюму «КЖП» өзүн түпкү максатына канчалык жакындадым деп ойлобосун, буга канчалык ишенбесин, ал эске албаган абдан маанилүү бир жагдай бар: Аллахтын каапырларга курган тузагы...
Аллах Куранда каапырлардын эч качан ыймандууларды жеңе албашын жана аягында сөзсүз Аллахтын тузагына түшүп, азапка туш болушаарын билдирген. Аятта Улуу Аллах мындай деп билдирет:

Алар Аллахтын тузагынан (түшпөйбүз деген) ишенимде беле? Аллахтын бир тузак курушунан зыянга жолуккан бир коомдон башкасы (акылсыздык менен) ишенимде болбойт. (Аьраф Сүрөсү, 99)

... Алар бул тузакты куруп жатышканда, Аллах да бир тузак (бир жооп) куруп жаткан. Аллах тузак куруучулардын жакшысы. (Энфал Сүрөсү, 30)

Ошондуктан аягында, Аллахтын уруксаты менен, «КЖП» эмес, мусулман Түркия мамлекети жана ыймандуу түрк эли жеңишке жетет. Мусулман күрт бир туугандарыбыз да «КЖП» балээсинен, көп жылдар бою тарткан азаптарынан кутулушат:

Аллах жазып койгон: «Ант болсун, Мен жеңишке жетем жана элчилерим да.» Чындыгында, Аллах – эң кудуреттүү, күчтүү жана баарынан жогору. (Мүжаделе Сүрөсү, 21)


Булактар:
132 Alan Woods and Ted Grant. "Marxism and Darwinism", Reason in Revolt: Marxism and Modern Science.

133Daniel C. Dennett, Darwin’s Dangerous Idea: Evolution and the Meanings of Life, Touchstone, New York, 1996, s. 309
134 Dr. Fred C. Schwarz, Komünistler Nasıl Yalan Söyler, İstanbul, 1976, s. 215-216
135 Viladimir İliç Lenin, Bir Adım İleri, İki Adım Geri, Çev. Yurdakul Fincancı, Sol Yayınları, Mart 1979, Dördüncü Baskı, s. 267
136 James Walsh, "Mao Lives!", Time, 10 Ocak 1994
137 Jacob Heilbrunn "Mao More Than Ever, The New Republic, Nisan 21, 1997
138 Jacob Heilbrunn "Mao More Than Ever, The New Republic , Nisan 21, 1997
139 http://www.pubinfo.gov.nc.tr/h040199b.htm
140 Lenin Toplu Yazıları, Cilt 9, Haziran – Kasım 1905
141 Lenin Toplu Yazıları, Cilt 9, Haziran – Kasım 1905
142 Lenin Toplu Yazıları, Cilt 9, Haziran – Kasım 1905
143 Lenin Toplu Yazıları, Cilt 9, Haziran – Kasım 1905
144 Lenin Toplu Yazıları, Cilt 9, Haziran – Kasım 1905
145 Lenin Toplu Yazıları, Cilt 9, Haziran – Kasım 1905
146 Lenin Toplu Yazıları, Cilt 9, Haziran – Kasım 1905
147 Vladimir Lenin, Teorik ve Pratik Terör Hakkında, Homizuri G.P., Moskova 2005
148 Lenin Toplu Yazıları, Cilt 9, Haziran – Kasım 1905
149 Lenin, Toplu Yazıları, "Haziran – Kasım 1905", Cilt 9
150 Vladimir Lenin, Teorik ve Pratik Terör Hakkında, Homizuri G.P., Moskova 2005


Hiç yorum yok:

Yorum Gönder