Тарыхтын башынан
бери Аллахты жана динди жокко чыгарууга буйруган, залим, зөөкүр башчылардын
жашап келгени Куранда кабар берилет. Аллах Курандын бир аятында мындай
адамдарды «отко чакырган башчылар»
деп сыпаттаган (Касас Сүрөсү, 41). Бул мүнөз Куранда баяндалган Аз. Муса
икаясында «Фараон» деген кишиде болгон. Аз. Ибрахимдин же Кехф (үңкүр)
ээлеринин доорунда да Фараонго окшоп, адамдарды Аллахка ишенгени үчүн гана
өлтүргөн залим өкүмдарлар жашаган. Мындай зөөкүр мүнөздү тарыхтын бүт
доорлорунан кездештирүүгө болот. Атеизмге жол башчылык кылган мындай адамдардын
дээрлик баары өз коомуна окшош зулумдуктарды жасап, окшош ыкмалар менен аларды
динден алыстатууга аракет кылышкан жана адамдарды бул дүйнөдө жана акыретте
азапка түртүшкөн.
Өткөн кылымда
бүт дүйнөгө балээ, азап, зулумдук, мыкаачылык алып келген идеологияларды
караганыбызда да, кайра эле алардын башында турган лидерлердин таш боор жана атеист мүнөзүнө күбө болобуз. 20-кылымдагы
Куранда айтылган Фараондун мүнөзүнө окшогон кишилердин башында Россия жана
Кытай революцияларынын кандуу лидерлери Владимир
Ленин, Иосиф Сталин, Мао Цзэдун жана алардын идеялык аталары Карл Маркс жана Фридрих Энгельс сыяктуу динсиз, залим лидерлер турат. Чарльз Дарвин болсо бул залим
лидерлердин баарынын көз-караштарын эволюция теориясы аркылуу колдогон жана
атеизмге башка жагынан жол башчылык кылган бир киши болгон.
Коммунизмдин
динге душман экендиги талашсыз чындык. Маркс, Энгельс, Ленин, Сталин, Троцкий,
Мао же башка бир коммунист идеологдун жазгандарынан муну апачык көрүүгө болот.
Маркс динди өз оюнда «элдин апийими» деп атап, өз оюнда «жакыр калкты сооротуу
үчүн башкаруучу тап тарабынан ойлоп чыгарылган бир маданият» деп сүрөттөйт. Ал
тургай, коммунизмге жетүү үчүн диний ишенимдерди жок кылуу керек деп айткан. Энгельс
китептеринде «адам маймылдан пайда болгон» деп, динди да ошол «эволюция
процессинин» бир этабында келип чыккан деп жазган.
Коммунисттер
динди жок кылуу максатында кандай саясат жүргүзөт? Бул суроого биринчи терең
жоопту Ленин берген. Лениндин 1909-жылы Россиянын социал-демократиялык
партиясынын (кийинки Коммунисттик партия) лидери катары жазып, «Пролетарий» журналына жарыялаган
«Пролетарий партиясынын динге болгон мамилеси» аттуу макаласында төмөнкүлөр
жазылган:
Социалдык
демократиянын дүйнөгө болгон көз-карашы илимий социализмге, б.а. марксизм
пайдубалына таянат. Маркс менен Энгельс көп жолу белгилегендей, марксизмдин философиялык пайдубалы
Франциядагы 18-кылымдагы материализмдин жана Германиядагы Фейербах (19-кылымдын
биринчи жарымы) материализминин тарыхый салтын кабыл алган, толугу менен атеист жана динге каршы
диалектикалык материализм. Муну унутпайлы, Маркс кол жазма кезинде окуган
Энгельстин «Анти-Дюринги» толугу менен, материалист жана атеист Дюрингди
«ырааттуу материалист эмес жана дин менен дин философиясына ачык эшик
калтырган» деп айыптайт. Муну да унутпайлы, Энгельс Людвиг Фейербах тууралуу
эмгегинде динди жок кылуу үчүн эмес, кайрадан жандандыруу, жаңы, «баркы
көтөрүлгөн» бир динди түптөө үчүн согуш ачты деп Фейербахты сындайт. «Дин элди сооротуу үчүн колдонулган
апийим.» Маркстын бул сөзү дин жөнүндөгү марксисттик көз-караштын негизги
пайдубалы.114
![]() |
| Большевиктер Горький шаарындагы Георгиевский чиркөөсүн талкалап жатышат. |
![]() |
| Фейербах |
Ленин 1905-жылы «Новая жизнь» журналында жарыяланган
«Социализм жана дин» аттуу макаласында болсо динди «туманга» салыштырып, аны таратуу
керек деген жана динге каршы коммунисттер тарабынан жүргүзүлө турган атеизм
пропагандасын төмөнкүчө сүрөттөгөн:
Биздин
программабыз толугу менен илимий, ошондой эле, материалисттик дүйнө
көз-карашына таянат... Пропагандабыз сөзсүз
түрдө атеизм пропагандасын, керектүү илимий басылмалардын чыгарылышын,
автократ феодалдык өкмөт бүгүнкү күнгө чейин тыюу салып, куугунтуктаган
макалалардын партиялык иштерибиздин бир бутагына айландырылышын да камтыйт. Бир
кездерде Энгельстин немец социалисттерге берген насаатын эми биз аткарышыбыз
керек болушу мүмкүн: он сегизинчи кылым
француз агартуу доорундагы ойчулдар менен атеисттердин эмгектери которулуп,
массалык түрдө жайылтылышы керек.115
Көңүл бурган
болсоңуз, Ленин марксисттердин динге каршы согушун «илимий басылмалар» жана «он
сегизинчи кылым француз агартуу доорундагы ойчулдар менен атеисттердин
эмгектерине» окшогон булактар менен жүргүзүү керек экенин айткан. Бул жерде
«илимий басылма» деп материализмди илимдин атын жамынып жайылтууну көздөгөн
теориялар айтылган. Алардын башында, албетте, дарвинизм турат. Агартуу
доорундагы ойчулдар болсо Дидро, Гольбах сыяктуу Маркска чейин динге каршы
пропаганда чыгармаларын жазган материалисттер.
Лениндин
көрсөткөн бул ыкмасы коммунисттер тарабынан азыр да колдонулууда. Дүйнөдөгү кээ
бир басмаканаларды, кээ бир илимий журналдарды же медиа уюмдарын карап
көргөндө, дарвинизмди жана агартуу философиясын негиз туткан басылмалардын
артында марксисттердин турганын апачык көрүүгө болот.
Коммунизмдин динге болгон тымызын душмандыгы
Коммунизмдин
динге болгон душмандыгын карап жатканда, кээ бир коммунисттердин бул багытта
кээде колдонгон «мелүүн» саясатынын чыныгы максатын да түшүнүү керек.
Чындыгында дүйнөдөгү марксисттик агымдар (бийликте эмес кезде) көбүнчө динге
каршы курч жана агрессивдүү саясат жүргүзбөйт. Ал тургай, кээде коммунисттердин
оозунан динди жана динчилдерди урматтагандай көрүнгөн сөздөрдү угууга болот.
Мындай «мелүүн» саясаттын максаты эмне?
Лениндин
жазгандарынан бул суроонун жообун да табууга болот. «Пролетарий партиясынын
динге болгон мамилеси» аттуу макаласында Ленин Маркс жана Энгельс сыяктуу
устаттардын сөздөрүнө жана тажрыйбаларына таянып, дин менен ачык согушпоо зарылдыгын,
мунун керексиз бир «саясий кумар» экендигин жазган.116 Ленин динге карата душмандыгын ачык түрдө
жарыялап, динге акарат келтирген иш-чараларды уюштурган башка кээ бир
материалисттерди болсо (мисалы, анархисттерди же «буржуаздык атеисттерди»)
тажрыйбасыз, аңкоолор деп эсептеген. Ал кишилер тарабынан марксисттерге карата
айтылган «жумшактык» жана «чечкинсиздик» айыптоолорун четке кагып, «марксизмдин
жумшак көрүнүшүнүн» атайын пландалган бир тактика экендигин белгилеген.117
![]() |
| Горький шаарындагы Георгиевский чиркөөсүнүн большевиктер тарабынан талкаланган абалы |
Ленин мындай
«жумшак» тактиканы 1917-жылга чейин, б.а. коммунисттер бийликке келгенге чейин
уланткан. Бирок андан соң жумшактык жоголуп, Советтер Союзунун бүт тарабында
динге жана динчилдерге карата катуу кысымчылык башталган. Ага чейин «атеист
экендигибизди ачык айтпай, динге ишенгендерди да катарыбызга кошушубуз керек»
деп келген Ленин бийликке келген соң, такыр башка жолго өткөн. Америкалык
тарыхчы Роберт Конквест «The Harvest of
Sorrow» (Муңдун түшүмү) аттуу китебинде большевиктердин дин саясатынын кээ
бир негизги мүнөздөрүн төмөнкүчө белгилеген:
1918-жылкы
конституциянын 65-беренесинде дин кызматкерлери «буржуазиянын кызматчылары» деп
жарыяланган. Мындан улам эмгек акылары токтотулуп, балдары баштапкы класстан
кийинки класстарга кабыл алынган эмес.
1918-жылы
28-январьда чыккан бир мыйзамда мектептердеги бардык диний сабактарга тыюу
салынган. Кийинчерээк 1921-жылы 13-июньда 18 жашка чейинки өспүрүмдөргө диний
таалим берүүгө тыюу салынган.
1929-жылы
8-апрельде мүчөлөрүнө жардам тараткан диний топтордун кайрымдуулук фонддоруна,
ибадат максатындагы чогулуштарга, балдарга, аялдарга арналган Инжил, адабият,
кол өнөрчүлүк, эмгек, дин сабактарына, балдар үчүн оюн аянтчаларын уюштурууга,
китепкана жана окуу залдарын ачууга, медициналык жардамдарды уюштурууга да тыюу
салынган. Расмий буйруктар чиркөөнүн бардык иш-аракеттерин токтоткон.
1929-жылы 22-майда
конституциянын 18-беренесине өзгөртүү киргизилип, «диний жана динге каршы
пропаганда эркиндиги» «диний ибадат кылуу эркиндиги жана динге каршы пропаганда
жүргүзүү эркиндиги» деп өзгөртүлгөн. Ошондой эле, Билим берүү комиссариаты
«мектептерде динге каршы пропаганда жүргүзүү» буйругун берген.
Коллективдештирүү
аркылуу бардык аймактык ибадатканалар жабылган. Динди эске салган нерселердин
баары өрттөлгөн. 1930-жылы 20-февральда Батыш аймактык комитетинин мүчөсүнө
жазылган бир жеке катта мас аскерлердин кантип айылдардагы чиркөөлөрдү жапканы,
диний белгилерди сындырганы жана айыл тургундарын опузалаганы сүрөттөлгөн.
Сыйынуучу жайларды жабуу бардык диндерге багытталган.
Ошол эле учурда,
чиркөөлөр жабылганда, бул диний иштердин сыртта жүргүзүлүшүнө уруксат берүү
деген мааниге келген эмес. Харьковдо тогуз чоң чиркөөнүн жабылышы менен бирге,
«бүгүнкү күндө чиркөөлөр жабылып жатканда жеке үйлөрдө диний чогулуштарды
өткөрүүгө бөгөт коюлат» деген чечим чыгарылган.
Ленинграддагы
Казань собору (чиркөөсү) динге каршы музейге айландырылган. Киевдеги Ыйык София
чиркөөсү жана башка чиркөөлөр динге каршы борборлорго айланган. Харьковдо Ыйык
Андрей кинотеатрга айланган, дагы бири радиостанцияга, экинчиси унаалардын
тетиктерин саткан дүкөнгө. Полтавада болсо эки чиркөө унаа оңдоочу жайга
айландырылган.
Булар бүт диндерге
карата жасалган. Чиркөөлөр менен синагогдор Советтер Союзунда Европа
бөлүгүндөгү документтерде сакталчу. Ислам да ушундай эле кысымчылыктарга
кабылган. Коммунисттик доордо миңдеген мечит жабылып, көптөгөн дин
кызматкерлери «кулак» деп жарыяланып өлтүрүлгөн же Сибирьдеги эмгек лагерлерине
жиберилген.118
Лениндин «динге
карата жумшак болушубуз керек» деген тактикасы большевиктик революциядан соң
динге карата фанаттык душмандыкка айланган. Мурдакы бөлүмдөрдө каралгандай,
Ленин миллиондогон адамдын өмүрүн алган 1920-21-жылдардагы ачарчылыкты да
«адамдардын Аллахка болгон ишенимин алсырата турган» пайдалуу окуя деп
эсептеген.
Лениндин динге
болгон жек көрүүсүн жана кастыгын билдирген сөздөрүнүн кээ бирлери төмөнкүчө
(Улуу Аллахты аруулайбыз):
Диний ойлор, Теңир
ишеними, ал тургай, Теңирди абстракттуу ойлонуу дагы адамдын ичине жашынган бир
жүзү каралык.119
Теңирге ишенүү –
сабатсыз ата-бабалардын эски үрп-адаты.120
Биздин милдет –
динге каршы чыныгы идеологиялык күрөштү баштоо.121
Атеист болуу – ар
бир социалисттин эрежеси.122
Бир жарандын
дининин расмий документтерде көрсөтүлүшүн да токтотуу керек. Чиркөөгө мамлекет
тарабынан эч кандай колдоо көрсөтүлбөшү шарт жана мамлекет диний коомдорго эч
кандай акы бербеши керек.123
Ленин Аллахка
жана динге болгон мындай кастыгынан улам, абдан азап тартып, акылдан адашып
өлдү. Аллах Ленинге адамдарга жасаган зулумдуктарынын жана динге болгон
душмандыгынын жазасын бул дүйнөдө берди. Акыретте да кылгандарынын жазасын
толугу менен ала турган буга окшогон залим адамдар тууралуу Куранда мындай деп
айтылат:
Чындыгында Аллахка
жана элчисине (пайгамбарына) баш көтөргөндөр алардан мурдакылар басмырлангандай
басмырланышкан. Биз апачык аяттар түшүргөнбүз. Каапырларга басмырлоочу азап
бар. Аллах баарын тирилте турган күнү аларга эмнелерди жасашканын кабар берет.
Аллах аларды (алардын кылгандарын бир бирден) санаган, алар болсо Аны
унутушкан. Аллах бүт нерсеге күбө. (Мүжаделе Сүрөсү, 5-6)
Ленинден соң
бийликке келген Сталин да динге Лениндей душман болгон. Бул душмандыгын
миллиондогон динчил адамды өлтүрүү, диний мекемелер менен ибадатканаларды бузуу
жана үзгүлтүксүз атеизм пропагандасын жүргүзүү аркылуу көрсөткөн. Сталин
жүргүзгөн атеизм пропагандасынын эң негизги бөлүгүн эволюция теориясы түзгөн.
Анын өмүр баянында мындай деп жазылган: «мектептердеги
окуучуларыбыздын мээсин алты күндө жаратылуу жомогунан тазалоо үчүн аларга
биринчи кезекте үч нерсени окутушубуз керек: дүйнөнүн жашын, геологиялык келип
чыгышын жана Дарвиндин окууларын (көз-караштарын).»124
Сталин «Анархизмби же социализмби?» аттуу
китебинде болсо Дарвин менен креационист бир илимпоз жана палеонтология
илиминин негиздөөчүсү Кювьени салыштырып, мындай деп жазган: «марксизм дарвинизмге таянат жана аны эч
сындабастан кабыл алат. Марксисттер Кювьенин теориясын четке кагышат.»125
Сталинден соң,
1953-жылы 7-сентябрьда Коммунисттик партиянын генералдык секретары болуп
шайланган Никита Сергеевич Хрущев коммунисттердин динге каршы кантип күрөшөөрүн
төмөнкүчө сүрөттөгөн:
Адамдардын
арасында масштабдуу, натыйжалуу жана чебердик менен уюштурулган илимий, атеисттик пропаганда аягында аларды
диний түшүнүктөрдөн куткарууга жардам берет.126
Хрущевдун
мындагы «илимий пропаганда адамдарды динден алыстатат» деген сөздөрү болсо
коммунисттердин эң чоң жаңылыштыктарынын бири. Илим – Аллахтын улуу акылын
түшүнүү чеберчилиги. Илимдин бардык тармактарындагы ачылыштар кайра кайра
адамдарга Жаратылуунун (ааламдын Жаратуучу тарабынан жаратылгандыгынын) апачык
чындык экендигин көрсөттү. Ошондуктан 20-кылымдын экинчи жарымынан баштап
адамдар массалык түрдө динге ишенип, материалисттик дарвинисттик идеологиялар
болсо тарыхка көмүлдү.
Маоисттердин динге болгон душмандыгы
Ленинизм менен
сталинизмдин Кытайдагы өкүлү катары пайда болгон Мао да динге карата
кастыктарды жасаган. Маонун дин тууралуу айткан бир сөзү анын фанатизмин апачык
көрсөтөт:
«... Албетте, дин – бул уу. Эки чоң зыяны
бар: биринчиси, раса түшүнүгүн түп-тамырынан жок кылат... (жана) өлкөнүн
өнүгүшүн басаңдатат. Тибет менен Монголия ушинтип ууланган.»127
Мао бийликке
келген соң Кытайдын бүт тарабында динге жана динчилдерге каршы чоң күрөш
башталган. Бирок бул да Ленин коммунисттерге көрсөткөн ыкма менен, б.а.
«жашыруун» түрдө жүргүзүлгөн. Коммунисттик партия «өзүн-өзү башкаруу кыймылы»
аттуу бир саясатты ишке киргизген. Бул бардык диний мекемелер «өзүн-өзү
каржылап, өзүн-өзү башкарып, өзүн-өзү уюштурат» деген мааниге келген. Бирок
сыртынан караганда «дин эркиндиги» сыяктуу көрүнгөн бул саясат иш жүзүндө динди
бүтүндөй жок кылуу максатын көздөгөн бир иш-чарага айланган. Өлкөдөгү бардык
диний мекемелер менен сыйынуучу жайлар (Конфуций жана Будда храмдары, мечиттер
жана христиан чиркөөлөрү) мамлекет түзгөн борбордук уюмдардын карамагына
өткөрүлгөн. Кыска убакытта бул диний мекемелер «маоизм пропаганда борборуна»
айланган. Гарри Ву аттуу кытайлык бир христиан 2000-жылы 16-мартта Америка эл
аралык дин эркиндиги комиссиясына берген маалыматында муну төмөнкүчө айтып
берген:
Мао Цзэдун эч бир
Кытай жаранынын Коммунисттик партиядан башка бир бийликти угушуна жол бербегени
үчүн, Мао бийликте турганда өкмөт тарабынан башкарылган бул борбордук диний
уюмдар бир дагы диний иш-чара жасаган жок. Мао Кытайды башкарган 30 жылдык
мөөнөт бою бул «үч өзүн-өзү башкаруу кыймылы» Кытай Коммунисттик партиясы менен
бирге динди жок кылуу жана Коммунисттик партиянын идеологиясын жайылтуу
аракеттерин жүргүздү. Маоизм Кытайдын бирден-бир мыйзамдуу дини, Маонун «Кызыл китеби» болсо бирден-бир ыйык
китеби болгон.128
Чыгыш
Түркстандагы мусулман уйгурлар менен Тибеттеги буддисттер болсо кандуу
мыкаачылыктарга кабылган; Кытай коммунисттик партиясы бул элдерди калкынын
санын азайтуу жана диний ишенимдерин жок кылуу аркылуу башкарууга аракет
кылган. Маоизмдин динге болгон душмандыгын Маонун жолун жолдогон Азиядагы башка
коммунисттик режимдер да уланткан. Камбоджадагы кызыл кхмер режими Камбоджа
калкына геноцид жүргүзгөндө өлкөдөгү мусулман азчылыкты түзгөн Чам коомуна
өзгөчө зулумдуктарды жасаган. «Коммунизмдин
кара китебинде» кызыл кхмерлердин Чам коомуна жасаган мыкаачылыктары
төмөнкүчө баяндалган:
1973-жылдан баштап
куткарылган аймактарда мечиттер
талкаланып, ибадатка тыюу салынган. 1975-жылдан баштап мындай чаралар
көбөйгөн. Куран китептери өрттөө үчүн
чогултулуп, мечиттер же башка максатта пайдаланылган же талкаланган. Июньда
13 динчил мусулман кээ бирлери митингдин ордуна ибадатты тандаганы үчүн, кээ
бирлери болсо диний нике укугуна ээ экенин айтканы үчүн өлүм жазасына
тартылган... Дин кызматкерлери атайылап
өлтүрүлгөн. 1000дей ажынын 30дайы гана аман калган. Башка камбоджалыктардан
айырмаланып, Чам коому көп көтөрүлүшкө чыккан; бул көтөрүлүштөргө жооп катары
көп кыргынга дуушар болгон. Кызыл кхмерлер 1978-жылдын ортолорунан баштап
көптөгөн Чам коомунун аялдары менен жаш балдарын да кошо, системалуу түрдө
тукум курут кылууга киришкен... Бен Кирнан алар тууралуу көбүнчө өлүм деңгээли
50 пайыз болгон деп айтат.129
Маоизмдин динге
болгон душмандыгын көрсөткөн дагы бир коммунисттик режим Албаниядагы Энвер
Ходжа диктатурасы болгон. Албания Экинчи дүйнөлүк согуштан кийин Советтер
Союзунун бир жандоочусу катары пайда болгону менен, 1960-жылдардагы
Кытай-Советтер Союзу кагылышуусу учурунда Кытайга болушуп, кыска убакытта Кызыл
Кытайдын жана маоизмдин Европадагы өкүлүнө айланган. Энвер Ходжа бардык диний
ибадатканаларды (мечиттерди жана өлкөнүн түндүгүндөгү католик чиркөөлөрүн)
жаптырып, ал тургай адамдардын өз үйүндө ибадат кылышына да тыюу салган.
Кандайдыр бир динге ишенүү жана аны билдирүү кылмыш деп эсептелип, ага баш
ийбегендер ар кандай кысымчылыктарга жана кыйноолорго туш болгон. Энвер Ходжа
мындай иш-аракеттери аркылуу диний ишенимдерди бүтүндөй жок кылдым деп ойлоп,
«дүйнөнүн чыныгы маанидеги алгачкы атеист мамлекетин курдум» деп жарыялаган.
КОММУНИЗМ ЖАНА КУРАНДА БЕЛГИЛЕНГЕН ДИНСИЗ СИСТЕМАЛАР
Негизи
коммунисттик системанын бул китепте каралган бардык терс тараптары түпкүрүндө
коммунизмдин толугу менен динге каршы жана дин душманы бир идеология болушунан
келип чыгат. Коммунизм мыкаачылыгынын жана супсактыгынын себеби да динге болгон
ырайымсыз душмандыгы.
Дин – адамды
жараткан Аллахтын адамзатка жиберген көз-караш жана жашоо формасы. Диндин
негизинде жашоо адам үчүн эң ылайыктуу жашоо формасы болот, анткени адамдын
рухун эң жакшы аны жараткан Аллах билет жана Аллахтын дининин негизинде
түзүлгөн система гана адамдын рухуна бейпилдик берет. Дин адеп-ахлагын четке
каккан системалардын адамдарга азап, кайгы-муң, коркунуч жана кооптуулук алып
келээри анык. Ал системалар эгер динде айтылган бардык акыйкаттарга каршы
чыккан, анын тескерисин жактаган жана ошол тескери түшүнүктөрүн турмушка
ашырууга аракет кылган системалар болсо, анда адамзатка тийгизген зыяны андан
да чоң болот. Коммунизм мунун эң айкын мисалдарынын бири катары тарыхка
жазылды.
Дагы бир
кызыктуу жагдай – бул коммунизмдин Аллах тарабынан Куранда сүрөттөлгөн динсиз
системаларга бир топ окшоштугу. Куранда динсиз системаларга мисал катары сүрөттөлгөн
Фараон башкаруусун жана башка кээ бир системаларды азыркы коммунисттик
режимдерге салыштырганда, бир топ окшоштуктарды көрөбүз. Аларды бир-бирден
карайлы.
Бийик имараттарды куруу каалоосу
Динсиз
башкаруучулардын жалпы мүнөзү, алар ээлеген кызматынан улам бой көтөрүп,
текеберленишет жана башка адамдарды төмөн көрүшөт. Муну ар кандай жолдор менен көрсөтүшөт.
Куранда Аллах мындай
башкаруучуларга мисал катары Аз. Мусанын доорунда Египетти башкарган Фараонду
баяндаган. Фараон бой көтөрүп, Аллахка да, Анын элчиси Аз. Муса (ас)га да каршы
чыккан жана өз элине ар кандай кысымчылыктарды көрсөткөн. Фараон текебердигин
көрсөтүү максатында «бийик бир мунара» курдурууну каалаган. Фараондун Хаман
аттуу жардамчысына берген буйругу Куранда төмөнкүчө кабар берилет:
Фараон: «Эй алдыңкылар (башчылар),
силер үчүн менден башка кудай бар экенин билбейм. Эй Хаман, ылайдын үстүндө бир
от жагып, мага бийик бир мунара курчу, балким Мусанын Кудайына чыгаармын,
себеби чынында мен аны жалганчылардан деп ойлоймун» деди. (Касас Сүрөсү, 38)
Фараондун
текебердигинен келип чыккан «бийик имарат» куруу каалоосуна окшоп, коммунисттик
диктаторлордо да «бийик имарат» куруу каалоосу болгон. Советтер Союзу баш
болуп, бардык коммунисттик режимдерде мамлекеттик имараттар ашыкча чоң курулган
жана ал имараттар коммунисттик режимдин күчүнүн жана бекемдигинин бир символу
катары кабыл алынган. Румыниянын диктатору Николай Чаушеску тарабынан
Бухарестте курулган сарай дүйнөнүн эң чоң имараты деген наамын бир топ жылга
чейин сактаган. Абдан супсак көрүнүштөгү бул сарай «көлөмү» жагынан гана
алдыңкы планга чыгып, коммунисттик идеологиянын жогорулук комплексин
чагылдырган.
Элди мажбурлап сүргүнгө айдоо
Куранда Аллах
жер жүзүндө бузукулук чыгарган динсиз күчтөрдү баяндаганда, алардын кээ бир адамдарды
мекендеринен сүрүп чыгарганын да кабар берген. Мисалы, каапырлар аларга
жиберилген пайгамбарларга «...Сөзсүз
(же) силерди жашаган жериңерден сүрүп чыгабыз же динибизге кайра кайтасыңар...»
(Ибрахим Сүрөсү, 13) деп коркутушкан. Каапырлар өзгөчө алсыз көрүнгөн
мусулмандарды сүргүнгө айдаганга аракет кылышкан. Бир аятта бул «алар бир гана «Раббибиз Аллах» дегени
үчүн, адилетсиздик менен мекендеринен сүрүп чыгарылышты...» (Хаж Сүрөсү,
40) деп кабар берилет.
Коммунист
режимдер болсо тарыхтагы эң чоң сүргүндөрдү жасаган жана ал сүргүндөр өзгөчө
мусулмандарга багытталган. Сталиндин доорунда Крым түрктөрү баш болуп, көптөгөн
мусулман элдер мекенинен бир түндө ажырап, колунда эчтекеси жок, ачка Россиянын
эң катаал аймактарына сүргүнгө айдалган. Жүз миңдеген күнөөсүз адам жолдо жан
берген, айтылган жерге жеткендер да ачарчылык, жугуштуу оорулар жана катуу
сууктан улам көз жумган.
Ишеним эркиндигинин жок кылынышы
Куранда айтылган
Фараон системасынын негизги өзгөчөлүктөрүнүн бири ишеним эркиндигин жок кылуу
болгон. Коомдун кандай динге ишенээри система тарабынан белгиленген. Бул
Фараондун Аз. Муса (ас)га ишенген сыйкырчыларга карата «Мен силерге уруксат бере электе Ага ишендиңерби?» (Аьраф Сүрөсү,
123) деп айткан сөзүнөн апачык көрүнүп турат. Ошондой эле, Фараон элине
кайрылып, силерге керектүү чындыктарды көрсөттүм, андан башка акыйкатты
издебегиле деп айткан:
«... Мен силерге
болгону көргөнүмдү (өзүмдүн оюмду) көрсөтүп жатам жана мен силерди бир гана
туура жолго багыттап жатам.» (Момун Сүрөсү, 29)
Фараон системасынын
бул өзгөчөлүгүнүн биздин доорубуздагы өкүлдөрү коммунисттик режимдер болду.
Советтер Союзу баш болуп, 20-кылымдагы коммунисттик системалардын бүт баары
«тоталитардык режим» деген наамга ээ, эч болбосо тоталитардык режим курууга
аракет кылышкан. Тоталитаризм системасында коом толугу менен мамлекет тарабынан
калыпка салынат жана мамлекет кысымчылык жана пропаганда ыкмаларын колдонуу
аркылуу бүт коомдун кыймыл-аракеттерин жана аң-сезимин башкарат. Куранда Фараон
аркылуу сүрөттөлгөн тоталитардык режим 20-кылымда Ленин, Сталин, Мао же Энвер
Ходжа сыяктуу диктаторлор тарабынан турмушка ашырылган. Албаниянын диктатору
Энвер Ходжа, бир аз мурда айтылгандай, өлкөсүндө адамдардын бардык диний
ишенимдерине тыюу салып, бүт сыйынуучу жайларды жаптырган жана «тарыхтагы
алгачкы атеисттик мамлекетти курганын» жарыялаган.
Лидерлердин идолго айландырылышы
Аллах Куранда
Фараон системасын сүрөттөгөндө, Фараондун өзүн эл алдында идолго айландыруу
аракетин да бизге кабар берет. Бул Фараондун айланасындагыларга айткан жана Куранда
кабар берилген «эй алдыңкылар (башчылар), силер үчүн менден башка кудай бар экенин
билбейм» (Касас Сүрөсү, 38) деген сөзүнөн апачык көрүнүп турат. Египет
тарыхында да бул маалымат бар жана фараондордун өздөрүн «жер жүзүндөгү кудай»
деп аташканы белгилүү.
Коммунисттик
режимдерде да системаны башкарган диктаторлордун дал ушундай психологияга
киргенин көрүүгө болот. Өзгөчө Ленин, Сталин, Мао, Ким Ир Сен (Түндүк Корея)
сыяктуу диктаторлор өздөрүн эл алдында кудайдай көрсөтө турган массалык мээ
чайкоо программасын жүргүзүшкөн. Англис тилинде бул лидерлердин саясатын
сүрөттөө үчүн колдонулган «cult of personality» (жеке адамга сыйынуу) термини
«лидерди идолго айландырууну» түшүндүрөт.
![]() |
| Түндүк Кореянын диктатору Ким Ир Сендин айкелинин алдында кореялыктар сажда кылышууда. |
Мындай идолго
айландыруу көрүнүшү алгачкы коммунисттик революция болуп эсептелген Россия
революциясынын лидери Ленинден башталган. Чындыгында Лениндин кээ бир сөздөрүн
жана мурас калтырган түшүнүктөрүн караганда, кандайдыр бир «диний» маанайды
көрүүгө болот. Бирок ал бутпарас (идолго сыйынуучу) дин болгон. Ленин Коммунисттик
партияны динсиз сектага окшоштуруп уюштурган. Ал өлгөндө Коммунисттик партиянын
мүчөлөрү чоң азем өткөрүшкөн жана анын жансыз денесине кайрылып «жолдош Ленин, буйруктарыңды аткарууга ант
беребиз» деп ритуалдык маанидеги сөздөрдү сүйлөшкөн.130 Лениндин
денеси толугу менен байыркы Египет дининдегидей мумияланып, байыркы Египеттеги
фараон мазарларына окшош бир мазарга коюлган, бул фараон системасы менен
коммунисттик системанын ортосундагы окшоштуктун эң айкын мисалдарынын бири.
Сталин менен Мао
Лениндин жолун жолдошкон. Эки диктатор тең өздөрүнүн абдан чоң айкелдерин
жасатып, өлкөлөрүнүн төрт тарабына койдурушкан жана элге өздөрүн «кудай-лидер»
катары көрсөтүүгө аракет кылышкан. Маонун «Кызыл китеп» аттуу китеби кандайдыр
бир мааниде «ыйык китептей» кабыл алынган жана ар бир кытай бул китепти окуп
турмушка ашырууга милдеттүү болгон. «Улуу жетекчи» ылакабы ыйгарылган Маонун
Кытайдын төрт бурчундагы айкелдерин дагы эле көптөгөн кытайлар зыярат кылышат
жана Маонун туулган күнүндө топ-топ болуп жанын кыйгандар болот.
Түндүк Кореяда
бийликке келген Ким Ир Сен да идолго айландырылып, «элдин күнү» деп сыпатталган
жана эч ката кетирбеген бир жол башчы катары көрсөтүлгөн. Мындай көрүнүш Түндүк
Вьетнамдын коммунист диктатору Хо Ши Минге да тиешелүү.
![]() |
| Коммунисттик идеологияда лидерге сыйынуу |
Олигархиялык түзүлүш
Олигархия «аз
сандагы топтун бийлиги» деген мааниге келет. Бир системада саясий күч аз
сандагы белгилүү бир топтун колунда болсо, анда ал система олигархия. Куранды
караганыбызда каапыр системалардын түпкүрүндө олигархиялык түзүлүштө болоорун
көрөбүз. Көптөгөн аяттарда «коомдун алдыңкылары» тууралуу сөз кылынат. Коомдун
алдыңкылары тууралуу аяттардан бүт саясий күчтүн ошолордун колунда чогулганын
жана коомду өздөрүнүн түшүнүктөрүнө багыттаганын көрүүгө болот. Фараондун
системасы да олигархия болгон. Фараон тууралуу аяттарды караганыбызда,
Фараондун жанында кеңешчилерден, сыйкырчылардан жана аскерлерден түзүлгөн
олигархиялык бир топтун турганын көрөбүз. Сыйкырчылар Фараондун системасына
моюн сунушу үчүн элдин түшүнүктөрүн башкарса, аскерлер кара күч менен колдоо
көрсөткөн.
Коммунисттик
режимдер Куранда айтылган каапыр олигархиялык системанын биздин доорубуздагы
бир мисалы. Коммунисттер сөз жүзүндө «элдин бийлигин» орнотобуз дешкен, бирок иш
жүзүндө бардык коммунисттик өлкөлөрдө элди
басым астында кармаган аз сандагы бир топтун бийлигин түзүшкөн. Өлкөдөгү
бардык саясий күч «пролетардык партия», б.а. жумушчу партиясы деп айтылган,
бирок жумушчулар менен эч кандай байланышы болбогон Коммунисттик партия
жетекчилеринин колуна өткөн. Коммунисттик партиянын Борбордук комитет жана
Политбюро деп аталган чечим чыгаруучу механизмдери жана алардын үстүндө турган
Генералдык катчы өлкөдөгү бардык саясий күчтү өз колунда кармаган жана аны
ырайымсыз колдонгон. Коммунисттик режимдердеги бардык сөз жүзүндөгү
«демократиялык» механизмдер, б.а. шайлоолор жана партиялык съезддер жасалма болгон.
«Эгинди жана урпакты бузуу»
Аллах Куранда
каапыр башкаруучулардын сыпаттарын сүрөттөгөндө маанилүү бир жагдайга көңүл
бурат:
Ал иш башына келээри менен ЖЕР БЕТИНДЕ БУЗУКУЛУК
ЧЫГАРУУГА, ЭГИНДИ ЖАНА УРПАКТАРДЫ КЫЙРАТУУГА АРАКЕТ КЫЛАТ. Аллах болсо
бузукулукту сүйбөйт. Ага:
«Аллахтан корк» деп айтылганда, текебердик (бой көтөрүү) сезими аны күнөөгө
түртөт, (аны) оройт. Мындайга тозок жетет; кандай жаман бир мекен ал. (Бакара
Сүрөсү, 205-206)
Көңүл бурган
болсоңуз, аятта айтылган «жер жүзүндө бузукулук чыгаруу» жана «эгинди жана
урпактарды кыйратуу» Советтер Союзу, Кызыл Кытай жана Камбоджа сыяктуу
коммунисттик режимдерде турмушка ашырылган коллективдештирүүнү
жана кыргындарды таамай сүрөттөйт. Ленин, Сталин, Мао жана Пол Пот кол
алдындагы өлкөлөрдү башаламандыкка, коркунучка жана террорго түртүп, бузукулук
чыгарышкан, Лысенконун эволюция жомокторун айыл-чарбасына колдонуп айыл-чарба
түшүмдөрүн, б.а. эгинди кыйратышкан жана он миллиондогон адамды өлтүрүп дээрлик
адамзаттын бир муунун жок кылышкан. Аяттын уландысында мындай бузукулуктарды
жасаган кишилердин абдан текебер жана динсиз экени да белгиленген жана Ленин,
Сталин, Мао, Пол Пот сыяктуу өздөрүн кудай деп эсептеген диктаторлор бул
сүрөттөөгө толук туура келет.
Жыйынтык
Коммунисттер «тарых
эволюция аркылуу илгерилейт, байыркы коомдор азыркы коомдордон артта болгон»
деп ишенишет. Ошондуктан тарыхтагы пайгамбарларды жана адамдарга миңдеген жыл
мурда вахий кылынган ыйык китептерди өздөрүнчө басынтууга аракет кылышат. Бирок
алардын идеологиясы жана түшүнүгү Аллах бизге 14 кылым мурда Курани Каримде
кабар берген бир алдануу, караңгылык жана психологиялык оору. Канчалык өздөрүн
«тарыхтын эң жогорку баскычы» деп эсептеген коммунизмдин жол башчыларындай
көрүшсө да, сыпаттары байыркы тарыхта калган Египеттин Фараонуна окшош.
Анткени
чындыгында тарыхта адамдын мээси жана түзүлүшү «өнүкпөйт». Миңдеген жыл мурдакы
адамдар менен азыркы адамдардын өзгөчөлүктөрү бирдей. Маданий жана
технологиялык жактан болсо убакыт аралыгында өнүгүүлөр да, артка кетүүлөр да
болгон. Мисалы, Аз. Сулайман (ас) доорундагы технология, Египет доорундагы
пирамидаларды куруу ыкмалары сыяктуу көптөгөн жагдайлар дагы эле белгисиз. Кээ
бир цивилизациялардын маданий жана технология деңгээлинин абдан жогору
болгондугун тарыхый табылгалардан апачык көрүүгө болот. Бирок эч качан туруктуу
өнүгүү болгон эмес. Кээде өнүгүү болсо, кээде артка кетүү болгон.
Бирок башында да
айтылгандай, адамдардын түзүлүшү жагынан, Аллах белгилүү адам типтерин,
белгилүү түшүнүктөрдү жараткан жана тарых алардын ортосунда кайра эле Аллах
белгилеген мыйзамдардын негизинде илгерилейт. Куранда Аллахтын сүннөтүнүн, б.а.
белгилеген табигый жана коомдук мыйзамдарынын эч качан өзгөрбөшү төмөнкүчө
кабар берилет:
«(Бул) Мурда жашап өткөндөр
жөнүндө (турмушка ашырылган) Аллахтын сүннөтү. Аллахтын сүннөтүндө эч качан
өзгөрүүнү көрө албайсың.» (Ахзаб Сүрөсү, 62)
Жер жүзүндө
коммунисттик идеологиянын пайда болушу да Аллахтын сүннөтү менен болгон. Аллах
каалаганы үчүн адамдар коммунизм аттуу мыкаачы, караңгы жана варвар бир
идеологияга ишенген. Аллах каалаганы үчүн коммунизм 20-кылымды канга бөлөгөн.
Аллах муну каалаган, анткени 19-кылымда дарвинизм бузукулугуна ишенип атеизмди
тандагандар коммунизмге жана бир жагынан фашизмге татыктуу болушкан. Бир аятта
Аллахтын бул сүннөтү төмөнкүчө баяндалат:
Адамдардын өз
колдору менен жасагандары себептүү кургактыкта жана деңизде башаламандык келип
чыкты. Балким кайтышаар деп (Аллах) аларга кылгандарынын бир бөлүгүн өздөрүнө
таттырууда. (Рум Сүрөсү, 41)
Аллахтын бул
мыйзамы жөнүндөгү социологиялык бир ачылышты Нобель сыйлыгынын ээси, орус
жазуучу Александр Солженицын жасаган. Коммунизмди абдан катуу сындаган
Солженицын 1983-жылы Лондондо сүйлөгөн бир сөзүндө өз элинин башына келген
балээнин себебин төмөнкүчө түшүндүргөн:
Жарым кылым мурда
бала кезимде карыялардын Россиянын башына келген балээлердин себеби тууралуу
мындай деп айтканы эсимде: «адамдар
Аллахты унутушту, бул балээлердин баарынын себеби ушунда.» Ал кезден бери
50 жыл революциябыздын тарыхын изилдедим, жүздөгөн китеп окудум, жүздөгөн
күбөлөрдү тыңдадым, сегиз том китеп жаздым. Бирок 60 миллион адамды жок кылган
революциянын негизги себебин айт десеңер, төмөнкүнү гана кайталап айта алам: адамдар Аллахты унутушту, бул балээлердин
баарынын себеби ушунда.131
Коммунизм
адамдар Аллахты унутканы үчүн пайда болгон бир балээ. Динсиз бир коомдун
канчалык ырайымсыз, мыкаачы жана варвар боло алаарынын, Аллахты танган
дарвинизм, материализм сыяктуу философиялардын кандай натыйжага алып келээринин
ачык-айкын далили. Адамдар коммунизмдин балээлерин көргөндө, диндин өкүмдөрүн
аткарган коомдор менен динсиз коомдордун ортосундагы чоң айырманы жакшыраак
түшүнө алышты. Бул адамзатты бейпилдикке жеткире турган бирден-бир жолдун
диндин өкүмдөрүн аткаруу экенин түшүнүүгө шарт түздү.
Бирок бир
нерсени унутпаш керек: динден алыс адамдар Аллахты танып, буга окшогон
философияларга ишенүүнү токтотмоюнча, коммунизм сыяктуу идеологиялар да улана
берет. Адамдар, жогорудагы аятта айтылгандай, «өз колдору менен жасагандары
себептүү кургактыкта жана деңизде башаламандык келип чыгышын» каалабаса,
биринчи кезекте мындай идеологиялардан алыстап, башка адамдарды да алыстатышы
шарт. Ал үчүн, эң биринчиден, адамзатка балээ алып келген идеологиялардын баары
өздөрүнүн «илимий» таянычы катары кабыл алган дарвинизмдин илим тарабынан
кыйратылганын жана караңгы жүзүн адамдарга көрсөтүү керек.
Улуу Ислам
аалымы Бедиүззаман көңүл бурган
«материализм жана табиятчылык оорусу» менен илимий күрөш жүргүзүү –
21-кылымда акылман, абийирдүү жана көрөгөч адамдардын эң негизги милдеттеринин
бири.
Булактар:
114 Viladimir Iliç Lenin, Proletarya Partisinin Din Konusundaki Tutumu, Proletarya, Sayı: 45, 13 (28) Mayıs 1909
115 Viladimir Iliç Lenin, Sosyalizm ve Din Novaya Zihn, Sayı: 28, 3 Aralık 1905
116 Viladimir Iliç Lenin, Proletarya Partisinin Din Konusundaki Tutumu, Proletarya, Sayı: 45, 13 (28) Mayıs 1909
117 Viladimir Iliç Lenin, Proletarya Partisinin Din Konusundaki Tutumu, Proletarya, Sayı: 45, 13 (28) Mayıs 1909
118 Robert Conquest, Harvest of Sorrow, s. 200-212
119 Yeni Dünya Dergisi, Aralık 1994, s. 19
120 Pravda gazetesi, 1954
121 Pravda gazetesi 1958
122 http://www.marxists.org/archive/lenin/works/1905/dec/03.htm
123 http://www.marxists.org/archive/lenin/works/1905/dec/03.htm
124 Kent Hovind, The False Religion of Evolution, http://www.hsv.tis.net/….ke4vol/evolve/ndxng.html
125 J. V. Stalin, "Anarchism Or Socialism?", From J. V. Stalin, Works, Foreign Languages Publishing House, Moscow, 1954, Vol.1, s. 302
126 Gaffar Tetik, Bütün yönleriyle kömünizme karşı İslam, s. 254
127 http://www.tibet.com/WhitePaper/white7.html
128 Statement of Harry Wu Before the U.S. Commission on International Religious Freedom March 16, 2000 (http://www.laogai.org/tstmny/relgn.htm)
129 Komünizmin Kara Kitabı, s. 779
130 R. Payne, The Life and Death of Lenin, London: 1967, s. 609-610
131 Edward E. Ericson, Jr., Solzhenitsyn - Voice from the Gulag, Eternity, Ekim 1985, s. 23- 24









Hiç yorum yok:
Yorum Gönder