Абдуллах Өжалан: «социализм кулады, коммунизм кулады» дегендерге эң
жакшы жооп катары «тескерисинче, коммунизмдин эң күчтүүсү, эң туурасы, эң
улуусу КЖПда (PKKда) ишке ашкан» дейбиз.»151
«КЖП» (Күрдистан
жумушчу партиясы) террор уюму жана анын PYD, YPG, YPS, HPG, SDG, PJAK ж.б.
сыяктуу бутактары – бүгүнкү күндө Түркиянын түштүк чыгышында, Сирия менен
Ирактын түндүгүндө жана Ирандын түштүк батышында көз-карандысыз коммунисттик
Күрдистан мамлекетин курууну көздөгөн марксист, ленинист жана сталинист бир
уюм. Уюмдун негизги максаты күрт элин жана улутун шайман катары колдонуп,
биринчи этапта аймакка, андан соң бүт Түркияга жана аягында бүт аймакка
коммунисттик системаны жана идеологияны орнотуу.
![]() |
| Абдуллах Өжалан |
(Бул
тууралуу тереңирээк маалымат алуу үчүн Харун Яхьянын (Аднан Октардын) "Komünist
Kürdistan Tehlikesi" (Коммунисттик Күрдистан коркунучу) жана "Amerika'nın
Göremediği PKK" (Америка байкабаган PKK) аттуу эмгектерин карасаңыз
болот.)
«КЖП» кыймылы
бүгүнкү күндө дүйнөдөгү эң ири куралдуу коммунисттик көтөрүлүш. Бирок эл аралык
коомчулуктан колдоо алып, аларга жагынуу жана түздөн-түз каршылыктан качынуу
максатында бул коммунисттик көтөрүлүштү азыркы этапта демократиялык эркиндик
кыймылы катары көрсөтүүдө. Түпкү максатына жеткенге чейин бул эки жүздүү
мамилесин улантчудай көрүнүүдө.
«КЖП» болжол
менен 40 жылдан бери миңдеген кандуу теракттарды жасап, он миңдеген күнөөсүз
адамды жүзү каралык жана ырайымсыздык менен өлтүрдү. Бул иш-аракеттеринде ар
дайым дүйнөдөгү коммунист, социалист жана социал-демократ бийликтерден,
уюмдардан, партия жана мекемелерден, дарвинист-атеист терең мамлекеттерден
материалдык жана моралдык колдоо алды. Дагы эле көптөгөн колдоолорду алууда.
Бул күчтөргө
караштуу маалымат каражаттары, саясатчылар, журналисттер, академиялык чөйрөлөр,
стратегиялык жана аналитикалык борборлор да тынымсыз «КЖП» уюмуна жардам берип,
бул коммунисттик уюмга имидж жана пропаганда жагынан колдоо көрсөтүүдө.
«КЖП» аттуу
марксист-ленинист-сталинист бир террор уюмунун бүгүнкү күндө коммунисттик
идеологиянын негизги принциптерин карманып, анын иш-аракет жана пропаганда
ыкмаларын колдонуп кеңири масштабдуу көтөрүлүш кыймылын жүргүзүп жатышы
коммунизмдин чындыгында эч качан жок болбогондугунун апачык далилдеринин бири.
Ар дайым тымызын буктурмада күтүп жаткан коммунизм ыңгайлуу шарттарды жана
мүмкүнчүлүктөрдү көрөөр замат түпкү максатына жетүү аракеттерин баштайт. «КЖП»
уюму мунун учурдагы мисалы.
Бүгүнкү күндө
«КЖП» уюмуна колдоо көрсөткөн көптөгөн чөйрөлөр аймактагы мусулман күрт элин
бул коммунисттик кыймылдын шайманына айлантуу үчүн уюмду күрт элинин өкүлүндөй,
анын согушчандарын болсо элинин эгемендүүлүгү жана жери үчүн күрөшкөн эркиндик
баатырларындай көрсөтүүгө аракеттенүүдө.
Британия терең
мамлекетине караштуу бир катар аналитикалык борборлор, маалымат каражаттары
жана саясий аналитиктер бул бурмалоого жол башчылык кылып, уюштурууда. BBC, The
Guardian, Financial Times, Independent, The Economist сыяктуу Британиянын
маалымат каражаттары, түздөн-түз Британия терең мамлекетине консультациялык
кызмат көрсөткөн Чатэм Хаус (Chatham House) сыяктуу аналитикалык борборлор буга
жол башчылык кылышууда. Бул чөйрөлөр «КЖП» уюмун мактаган жана аны жабыр
тарткан, эр жүрөк, эркиндик үчүн күрөшкөн бир уюмдай көрсөтүп дүйнөлүк
коомчулукту жаңылткан макалаларды жана ой-пикирлерди күн өткөн сайын улам
көбүрөөк жарыялашууда.
Көрүнүп
тургандай, окуяларды бир беткей караган бир катар чөйрөлөр «КЖП» уюму
зордук-зомбулукту токтотту деген туура эмес түшүнүктү жайылтуу аракетин
көрүшүүдө. Өткөн жылдары Түркия өкмөтүнүн терроризм токтошу үчүн бир «чечүү
процессин» жүргүзгөнү анык. Бирок ал процессте «КЖП» уюму зордук-зомбулукту
токтотту деген маалымат туура эмес. Чечүү процесси башталгандан кийин да «КЖП»
уюмунун теракттары уланган. Мисалы, 2013-жылдын
алгачкы 6 айында эле «КЖП» уюмунун 154 теракт жасаганы белгилүү. Алардын
арасында жол тосуу, жолду ачууну каалаган коопсуздук кызматкерлерине ок атуу,
ишканаларды жана ишканалардын техника-жабдыктарын өрттөө, гидроэлектр
станцияларына, абактарга, полиция унааларына куралдуу кол салууларды уюштуруу,
миналарды жардыруу, мектептерди өрттөө, салык салуу, жумушчуларды, мугалимдерди,
прокурорлорду жана аскер кызматкерлерин уурдоо сыяктуу иш-аракеттер бар.152 2014-жылы июньдан баштап мындай иш-аракеттер
бир топко жогорулаган.
2014-жылы
октябрь айынын башында, 2 күндүн ичинде «КЖП» уюму бүт Түркияны өрттөп
талкалаганга аракет кылган. «6-8-октябрь окуялары» деп аталган бул көтөрүлүштө
35 райондо башаламандык чыккан. 40 киши
көз жумган. 2 коопсуздук кызматкери шейит болгон. 221 жаран, 139 коопсуздук
кызматкери жаракат алган. 212 мектеп имараты, 67 коопсуздук кызматынын имараты,
25 губернаторлук имараты, 29 партия имараты, бала бакчалар, «Кызыл жарым ай»
коомунун кан борборлору, жергиликтүү бийлик имараттары сыяктуу 780 имарат,
жалпысынан 1113 имарат өрттөлүп, талкаланган. Бул зордук-зомбулуктарда жеке
унаалар, жергиликтүү бийликтин унаалары, тез жардам жана полиция унаалары
өрттөлүп, жалпысынан 1177 унаа жараксыз абалга келген.
Көтөрүлүш
учурунда 17 жаштагы өспүрүмдөрдү көчөнүн ортосунда сабап өлтүргөн «КЖП»
мүчөлөрүнүн ырайымсыз, кектүү руху өлгөн денелер тууралуу отчетто даана байкалган.153 Өспүрүмдөрдөн ондогон бычак жарааты, ок
жарааты жана соккунун тактары аныкталган. Бир киши үчүнчү кабаттан жерге
ташталса, бирөөнүн өлгөн денеси өрттөлгөн, бирөө тамагынан мууздалган. «КЖП»
уюмун актаганга аракет кылган чөйрөлөрдүн «КЖП» мүчөлөрүнүн 17 жаштагы
өспүрүмдөрдү сабап, 3-кабаттан жерге таштап, андан соң өрттөп, анан тамагынан
мууздашын көрмөксөн болушу жүрөктөрдү жаралабай койбойт.
2015-жылы болсо
«КЖП» уюмунун «чечүү процессин» күчтүүрөөк согушуу үчүн колдонгонун апачык
көрсөткөн. Шаарларга чогултулган курал-жарак, бомба, жардыргыч заттар, зениттик
пулеметтук орнотмолор болгон күчү менен полиция кызматкерлери менен жарандарга
карата колдонулуп, «КЖП» уюму тарыхындагы балким эң чоң куралдуу
көтөрүлүштөрүнүн бирин баштаган.
«КЖП» уюму тууралуу
чындыктарды жаап-жашырып, бурмалоону, адамдарды жаңылтып, көз бойомочулук
кылууну көздөгөн дүйнөлүк деңгээлдеги маалыматтык операция абдан системалуу
жана масштабдуу жүргүзүлүүдө. Бирок уюмдун негиздөөчүсү жана лидери Абдуллах
Өжаландын ар кайсы убактарда жазгандары жана айткан сөздөрү «КЖП» уюмунун
чыныгы, караңгы жүзүн апачык көрсөтөт.
«КЖП» уюму бир марксист-ленинист-сталинист, коммунист уюм
Жогоруда
айтылгандай, «КЖП» уюмунун чыныгы коммунист сталинист жүзү жасалма симпатиялык
имиджине зыян тийгизбеши үчүн адамдардан жашырууга аракет кылынат. Бирок уюмдун
негиздөөчү лидери Абдуллах Өжаландын түздөн-түз өзүнүн айткан сөздөрү «КЖП»
уюмунун толугу менен өзүн марксист, ленинист, сталинист идеологияга арнаган,
фанат коммунист уюм экенин апачык көрсөтөт. Өжаландын бул тууралуу айткан
сөздөрүнүн кээ бирлери төмөнкүдөй:
«КЖП» уюму
марксизм-ленинизм салтынын негизинде өнүккөн. Мындан кийин эт менен тырмактай
бири-биринен ажырагыс ушул мураска таянып калыптанаары анык.154
Ленин 1900-жылы
кандай болсо, мен да 21-кылымдын социализминин өкүлүмүн, реалдуу социализм
менен күрөшүп, империализм менен күрөшүп жаңы социализмди куруп жатам.155
Биздин чөйрөбүздө
социализмдин жана коммунизмдин чен-өлчөмдөрү өкүмчүлүк кылат. Социализмде ар
бир адамга эмгегине жараша берилет. Бул партиянын (КЖП) ичине да тиешелүү. Бул
коммунисттик коом түзүлгөнгө чейин ушундай болот.156
1978-жылы «КЖП»
уюмунун ачылыш конгессиндеги кайрылуусунда Өжалан марксист-ленинист идеологияны
кантип өздөрүнө жол башчы кылышаарын төмөнкүчө белгилеген:
Марксисттик-ленинисттик
теорияны жакшылап сиңирүү керек. Алдыңкы кызматкерлер марксизмге улам улам
кайрылып, марксизмди ишке ашырууну баштапкы калыпка айландыруу үчүн бул
теорияны чындап сиңирүүлөрү зарыл... Биз коммунизмди саясий маселени чечүүдө
көбүрөөк иш-аракет нускамасы катары карайбыз. Сөзсүз ушул теориянын өкүлү
катары, ушул теориянын жактоочусу катары, мунун эң башкы талабынын негизинде,
жашаган өлкөнүн саясий бийлик маселесине колдонуп, учурдагы бийликти кулатууда
бир шайман катары, бир иш-аракет нускамасы катары колдонуп, мойнубуздагы
милдетти аткарабыз.157
Сепаратисттик
уюмдун башчысы Өжалан 1982-жылы 1-майдагы сөзүндө мындай деп айткан:
Канчалык ыңгайсыз
шарттарда жашабасын, жумушчу таптын объективдүү күчүнө жана анын иш-аракет
нускамасы болгон илимине, марксизм-ленинизмге таянышы шарт жана көңүл бурган
болсоңор биздин жашоо себебибиз толугу менен ушул акыйкатка багытталган... Эгер
ошол тууган-урук дубалдарынан, ошол феодалдык тосмолордон өтө албаганыбызда,
заманбап идея, эң революциячыл идея болуп саналган марксизм-ленинизм мээбизге
отурмак эмес.158
Өжалан кандуу
коммунист лидерлерди төмөнкүчө мактаган:
Мына пролетариаттын баатырлары Маркс жана Энгельс.
Мына анын теориялык, саясий генийи Ленин жана анын практикалык устаттары Сталин, Хо Ши Мин жана
Мао. Жана алардын жолун жолдогон көптөгөн улуттук жана интернационалист
баатырлар. Адамзаттын эркиндик аң-сезимин ойготкон, уюштурган жана элдик армия
деп аталган армияларды пайда кылган бул улуу баатырлардын адамзат тарыхындагы
ролу чындыгында чоң.159
«КЖП» уюму коммунисттик зомбулукту жана террорду толук кабыл алып, колдонууда
Бул китепте
коммунисттик кыймыл тарабынан колдонулган куралдуу жана бомбалуу пропаганда,
террор, зомбулук, баш көтөрүү, көтөрүлүш, бойкот, көкүтүү, үгүттөө, уюмдашуу
сыяктуу негизги ыкмаларды көптөгөн мисалдар менен жана коммунист лидерлердин өз
сөздөрүнөн алып көрсөттүк. 40 жылга жакын убакыттан бери миңдеген кандуу
акцияларды уюштуруп, он миңдеген адамды өлтүргөн «КЖП» уюму да ошол
коммунисттик ыкмаларды толугу менен колдонууда. Уюмдун туруктуу лидери Абдуллах
Өжалан ар кайсы жылдардагы сөздөрүндө муну төмөнкүчө белгилеген:
Куралдуу күрөш,
элдик көтөрүлүш жана уюшуу бири-бири менен абдан тыгыз байланышта болгон,
бири-бирин талап кылган өзгөчөлүккө ээ...160
Биз улуттук
боштондук күрөшүн мындай жогорку согуш деңгээлине жеткирүү үчүн куралдуу
пропаганда менен баштоо керектигин, үгүттөө, пропаганда жана уюштуруу иштеринин
ийгиликке жетишинде негизги шаймандын куралдуу пропаганда болоорун,
революциячыл түзүлүштү пайда кылууда негизги скелет милдетин куралдуу
пропаганданын аткараарын белгилеп жатабыз...161
Бул тууралуу Хо Ши
Мин 1944-жылдардан мурдакы Вьетнамдын шарттарында «...партизандык согушту да,
элдик көтөрүлүштү да баштай албайбыз. Бирок буларды даярдоо үчүн куралдуу
пропаганда жүргүзүүбүз шарт» деп айткан. Күрдистандын шарттарында бул андан да
ачык жана мажбурлуу бир чындык...162
Бүгүнкү күнгө
чейин миңдеген кандуу терактты, он миңдеген киши өлтүрүүнү жана киши өмүрүнө
кол салууну уюштурган «КЖП» уюму чыккынчы коммунист идеалдарына жетүү үчүн
түздөн-түз Ленин сунуштаган зомбулук жана террор ыкмасын колдонууда:
Принцип катары террорду эч качан четке каккан
эмеспиз жана четке кага албайбыз. Террор кагылышуунун белгилүү учурунда, аскердик күчтөрдүн
белгилүү абалында жана белгилүү шарттарда сөзсүз түрдө ишке жарайт жана, ал
тургай, согуштун мажбурлуу ыкмаларынын бири...163
Биз зомбулукту жана террорду принцип катары эч
четке какпастан, массалардын түздөн-түз кошулушун болжогон жана алардын
кошулушуна шарт түзө турган зомбулуктарды колдонуу ыкмаларын даярдоого үндөдүк.164
Ленин 1906-жылы,
б.а. Большевик революциясынан 11 жыл мурда «Пролетарий»
гезитинде куралдуу күрөш, жарандык согуш жана мамлекеттик кызматкерлердин
өмүрүнө кол салуу ыкмаларын колдогон макаласында мындай деген:
Бир марксист өзүнө
таптык күрөштү негиз тутат, коомдук
ынтымакты эмес. Белгилүү оор саясий жана экономикалык кризис учурларында
таптык күрөш түздөн-түз жарандык согушту, б.а. коомдун эки бөлүгүнүн
ортосундагы куралдуу согушту көздөй
өзгөрөт. Андай шартта марксисттер жарандык согушта өздөрүнүн ордун табышы шарт.
Жарандык согушту адеп-ахлактык жактан айыптоону марксист эч качан кабыл ала
албайт.
... Бизди кызыктырган нерсе куралдуу күрөш;
бул күрөш жеке кишилер жана майда топтор тарабынан жүргүзүлүүдө... Куралдуу
күрөш бири-биринен толук айырмалана турган эки башка максатты көздөйт; алгач бул күрөш кишилердин, лидерлердин
жана армия менен полиция кызматкерлеринин өмүрүнө кол салууну көздөйт, андан
соң, өкмөткө жана жеке кишилерге тиешелүү акча каражаттарына кол салат.165
Лениндин төмөнкү
сөздөрүнөн азыркы учурдагы «КЖП» террорун сүрөттөгөнүн даана көрүүгө болот:
Полиция кызматкерлерин, аскерлерди, мамлекеттик
кызматкерлерди өлтүрүү, мамлекет мекемелеринде өрт чыгаруу... Мамлекеттин
казыналарынан акчаларды алуу... Революциячыл коммунист күчтөр жеңилгис куралдуу бир күч катары чыгып, адамдарды өлтүрүү, бомбалоо, имараттарды
абага учуруу аркылуу элди коркутуу жана ошентип коомдун үстүнөн
коммунисттик диктатураны орнотуу бийликке жетүүбүздүн негизги элементтеринен.166
Пропаганда
жүргүзүүчүлөр бардык топторго жөнөкөй
бомба формулаларын үйрөтүшү керек. Аларга иштин маңызы тууралуу маалымат
берип, калганын өздөрүнө калтыруу зарыл. Топтор кечикпестен аскердик таалим
алып, операцияларга катыша башташы шарт. Кээ
бирлери бир тыңчыны өлтүрүү жумушун же бир полиция бөлүмүнө кол салуу милдетин
мойнуна алышы керек. Бир бөлүгү болсо банктарды тоношу зарыл.167
Бул
маалыматтардын баары бизге «КЖП» уюмунун марксисттик-ленинисттик-сталинисттик
коммунисттик идеологиянын 21-кылымдагы эң бекем жолдоочусу жана эң кеңири
масштабдуу ишке ашыруучусу экендигин дагы бир жолу көрсөтүүдө.
«КЖП» уюму динге абдан душман
«КЖП» уюму
бардык коммунист топтор сыяктуу, коммунизмдин негизги атеист-материалист
көз-карашын жана философиясын толугу менен кабыл алган бир террордук уюм. Ошондуктан
динге, диний мекемелерге, диний түшүнүктөргө жана бардык ыйык баалуулуктарга
каршы чыгышат. Каршы чыгуу мындай турсун, динди жек көрүп, акыйкат диндерди
марксисттик-коммунисттик идеалдардын алдындагы эң чоң тоскоолдук жана душман
катары көрүшөт.
«Wall Street
Journal» гезитинде 2015-жылы 14-июльда Мэтт Брэдли жана Джо Паркинсон тарабынан
даярдалган макалада «КЖП» уюмунун мүчөлөрү түздөн-түз «Американын МАРКСИСТ өнөктөштөрү» деп аталган жана
уюмдун марксист түзүлүшү жана идеологиясы терең чагылдырылган. «(КЖП уюмуна
тиешелүү) Согушчандар Өжаландын жазгандарын мажбурлуу окуудан үйрөнгөн
марксисттик революция терминдерин байма-бай колдонушат»168 деген сөздөр да ошол макалада орун алган.
«КЖП» уюмунун
атеист-материалист, динди душман катары көргөн түшүнүгү уюмдун негиздөөчүсү
жана туруктуу лидери Абдуллах Өжаландын китептеринде жана көптөгөн сөздөрүндө
апачык айтылган.
Төмөндөгү
сөздөрдөн Улуу Аллахты аруулайбыз.
Өжалан 1998-жылы
13-сентябрьда Сирияда 60-65тей террористке кайрылуу учурунда мындай деп айткан:
«Кыздарыбыз,
аялдарыбыз, энелерибиз жаш баладай жана акмактай болушууда. ... Аялдарыбыз ачык
айтам диндин таасири астында калып пассивдешкен.
... Биздин дин
менен байланышыбыз жок. Элибиз Теңирден, идеологиядан кол үзүшү керек. Мен көп
аракет кылдым, аягында Теңирден кол үздүм. Теңирден аштым. Ошентип Абдуллах
Өжаланга айландым. Ислам аялдарыбызга эч нерсе берген жок. Анын ордуна
социалисттик түшүнүктү койобуз.
... Жогорку класс
окуучусу курагымда чоң философиялык кризиске кабылдым. Теңир менен согуштум, ал
согуштан ийгиликтүү чыккан соң жарым Теңир болдум.169
Өжалан
«Искусство жана адабиятта күрт агартуусу» аттуу китебинде бала кезинен бери
марксизмди илимий теориядай көрүп кабыл алганын белгилеп, мындай сандырак
сөздөрдү айткан:
Жогоруда Теңир бар
болсо, мени баары бир туура эмес жолго салмак. Аллах да күрттөр үчүн эмес,
күрттөрдү адаштырат. Күрттөрдүн Аллахы да аларды туура эмес жолго салууда.
Ошондуктан мен өзүмдүм өзүм кудайымын.170
Өжалан «Шумер
дин кызматчысы мамлекетинен демократиялык цивилизацияга» аттуу китебинде да
ушуга окшогон динге каршы сандырак сөздөрүн айткан:
Диний сөздөр,
АЛЛАХ, пайгамбар жана периште сыяктуу түшүнүктөр ошол доордун саясий адабияты.171
Аллах кандайдыр
бир мааниде ортоңку кылымдын феодалдык манифести, негизги мыйзамы жана
декларациясы.172
Намаздын өзү да
жалпысынан алганда бир театр.173
Улуу Аллахты
аруулайбыз.
«КЖП» уюмунун
динге болгон душмандыгы аны Жакынкы Чыгышта 100 жылдан ашуун убакыттан бери
Британия терең мамлекети баш болгон дүйнөдөгү терең мамлекеттер тарабынан
пландалган армагеддон согушуна колдонуу үчүн ыңгайлуу бир пешкага айланткан.
Жакынкы Чыгышты мусулмандардан тазалоону көздөгөн бул планда «КЖП» уюму өз
каалоосу менен, жалданма аскерге айланган. Өжаландын акыркы убактарда чыгарган
«батышка ыктоо» көрүнүшүнүн түпкү себеби ушунда. Өжалан коммунисттик Күрдистан
мамлекетин түптөө үчүн армагеддон согушун кыялдангандар менен кызматташууга
болоорун түшүнүп, өзүн батышты, христиан жана иудейлерди колдогон кишидей
көрсөтүүгө аракет кылган. Бул жөнүндөгү сөздөрүнүн бири мындай:
Исламды унуттуруп,
четке кактырган бул эл (күрттөр) бардык мусулман диний агымдарга каршы
армагеддондо негизинен христиандар менен иудейлер тарабында болот.174
Бул сөздөрдүн
мааниси ачык. Дүйнөлүк терең мамлекеттин Жакынкы Чыгышта радикализмди
шылтоолоп, мусулмандарга каршы жүргүзгөн согушунда «КЖП» уюму жалданма киши
өлтүргүчкө айланууга макул болууда. Мунун акысы болсо дүйнөлүк терең
мамлекеттин коммунисттик Күрдистандын түптөлүшүнө бере турган колдоосу.
«КЖП уюму батыш өлкөлөрү
бул аймакта ишене ала турган бирден-бир демократиялык, светтик уюм» деген
жалган акыркы убактарда көп колдонулган пропаганда сүйлөмдөрүнүн бири болууда.
«КЖП» уюмунун демократия мындай турсун, болор-болбос бир сын-пикирге да өлтүрүү
менен жооп берээри белгилүү бир акыйкат. «КЖП» уюмун «светтик» деп атоо да
батыш элдери бул уюмду симпатия менен карашы үчүн атайын тандалган. Ушундайча
батыш элдерине «Жакынкы Чыгыштагы экстремисттик, радикалдуу Исламдык уюмдардын
каршы тарабында силерге окшогон бир гана биз барбыз» деген түшүнүк сиңирилүүдө.
Бирок «КЖП» уюму светтик эмес, ал дин душманы. Бир гана Исламга эмес, Христиан
жана Иудей диндерине да душман. Светтик түшүнүк элдерге ибадат жана ишеним
эркиндигин берет жана анын эң туурасы Куранда сүрөттөлгөн. Курандын өкүмдөрү
боюнча, ар бир адам каалаган динге ишенүүгө укуктуу. «КЖП» уюму каалаган
системада болсо ар бир адам марксисттик-ленинисттик-сталинисттик догма менен
жашаганга милдеттүү.
Атеист-коммунист-динсиз «КЖП» уюму күрт элине өкүл боло албайт
Азыркы учурда АКШ-Европаны
туу туткан бир катар популярдуу маалымат каражаттарынын, бир катар өкмөт
мүчөлөрүнүн, саясатчы, бюрократ жана академиялык чөйрөлөрдүн, кээ бир
аналитикалык борборлордун кызматташтыгы менен дүйнөлүк масштабда бир жалган
кампаниясы жүргүзүлүүдө. Ал кампанияда «КЖП» террор уюму «күрт эли үчүн
күрөшкөн баатыр эркиндик жоокерлери» деген жалган жайылтылууда.
Дүйнөдөгү көп
кишилер өз өлкөсүнө тиешесиз болгон бул окуя тууралуу туура маалыматы
болбогондуктан, албетте, бул кампаниянын таасири астында калууда жана бул
жалганга ишенип уюмга колдоо көрсөтүүдө. Ансыз да кампаниянын максаты «КЖП»
террор уюмуна эл аралык коомчулуктун колдоосун камсыздап, аны менен күрөшкөн
легалдуу мамлекет күчтөрүн басым астына алуу болуп саналат.
Бирок абдан
терең изилдөөсүз эле, белгилүү конкреттүү, негизги чындыктарды ачып
көрсөткөндө, «КЖП» уюмунун эч качан күрт элинин өкүлү боло албашы, тескерисинче
күрттөргө кысымчылык көрсөткөн коммунист-анархист бир уюм экендиги жана
батыштык терең мамлекеттердин аны Жакынкы Чыгыштагы жаңы дизайн үчүн колдонулчу
бир шайман катары гана көрөөрү апачык белгилүү болот. Бир нерсени унутпаш
керек: азыркы учурда иш жүзүндө «КЖП» уюму башкарып жаткан Түндүк Сириянын
күрттөрү «КЖП» уюмунан топ-тобу менен Түркияга жана Түндүк Иракка качышууда.
– эң башта муну билүү керек: динчил күрт эли «КЖП» уюмунун марксисттик идеологиясын кабыл албайт!
Түркия, Сирия,
Ирак, Иран сыяктуу өлкөлөрдө жашаган күрт улутундагы адамдардын көпчүлүк бөлүгү
динчил мусулмандар. Күрт эли үй-бүлөлүк байланыштары күчтүү, адеп-ахлактык
баалуулуктарын, салттарын бекем сактаган, консервативдүү адамдар.
«КЖП» болсо
тескерисинче, жогоруда каралгандай, үй-бүлөнү, динди, адеп-ахлакты жана бардык
руханий баалуулуктарды четке каккан марксисттик түшүнүктөгү бир террор уюму. Азыркы
учурда элди алдоо үчүн өзүн «демократиялуу», «эркиндикти көздөгөн» кыймылдай
көрсөтүүгө аракет кылганы менен, 1978-жылы 27-ноябрьда түптөлгөндөн бери
идеологиясынан эч алыстаган жок.
– «КЖП» уюмунун иш-аракеттери жана адеп-ахлаксыз түзүлүшү күрт элинин руханий баалуулуктарына толугу менен карама-каршы!
Түптөлгөндөн
бери кандуу теракттары менен 40000ден ашуун адамдын шейит кетишине себеп болгон
«КЖП» уюмунун эң негизги мүнөзү – бул анын ырайымсыз, жүзү кара жан алгыч уюм
болушу. Ошондой эле, уюмга каршы чыккан, буйруктарын аткарбаган же уюмду
колдоодон баш тарткан 18000 киши уюмдун башка мүчөлөрү тарабынан өлтүрүлгөн. 2015-жылдын
экинчи жарымында эле 200дөн ашуун күнөөсүз аскер, полиция, күзөт кызматкерлери
жана катардагы жарандар «КЖП» уюму тарабынан жүзү каралык менен шейит кылынган.
«КЖП» уюму ошол
эле учурда Азия-Европа баңгизат трафигинин Жакынкы Чыгыштагы эң негизги кыркасы.
Баңгизат трафигин башкаруу уюмдун эң негизги каржы булагы. АКШнын Тышкы иштер
министрлиги бул тууралуу мындай маалымат берген:
2012-жылы
февральда АКШнын Казына министрлиги «КЖП» мүчөлөрүнүн базасы Молдова жана
Румынияда жайгашкан ири баңгизат трафигинин желелерин башкараарын билдирди.
Июльда болжол менен 1700 түрк полиция жана аскер кызматкери Түркиянын
түштүк-чыгышында «КЖП» уюмунун баңгизат трафигине урулган чоң соккуга кошулду.175
Мындан тышкары,
«КЖП» уюму өзүнүн ичинде ар кандай адеп-ахлаксыз иш-аракеттерди, жыныстык
бузукулуктарды кадимки нерседей көрүп, кабыл алган бир уюм. «КЖП» уюмунун
согушчандары кагылышуу учурунда оор абалда калганда, аялдардын кийимдерин
кийип, макияж жасап кача турганчалык деңгээлде шерменде болушат.
Киши өлтүрүү,
баңгизат соодасы менен алектенүү, адеп-ахлаксыздык, жүзү каралык, уятсыздык
сыяктуу бардык бузукулуктарды кадимки нерседей көргөн, мафия тибиндеги бул
канкор террор уюмун Аллахтан корккон, ыймандуу, тектүү, кадыр-барктуу мусулман
күрт инсанынын өкүлү катары көрүү акылга, логикага жана абийирге эч туура
келбейт. Күрт жарандарыбыз колдоо көрсөтүү мындай турсун, «КЖП» уюмунан болжол
менен 40 жылдан бери тынчы кетип, ага колдон келишинче каршы чыкты.
– Күрттөрдү Саддамдан да көбүрөөк кырган «КЖП» уюму күрт элине эң чоң зулумдук кылып, кысымчылык көрсөтүүдө
«КЖП» уюму күрт
элинин өз эрки менен аны колдобой турганын билгени үчүн, мажбурлап колдотуу
максатында түптөлгөндөн бери ар кандай кысымчылык, коркутуу, зулумдук көрсөтүү,
кыйноо, өлтүрүү сыяктуу ыкмаларды колдонууда.
«КЖП» уюму
1980-жылдары түрктөргө эмес, күрттөргө жасаган теракттары аркылуу таанылган.
Стратегия катары алгач күрттөрдүн арасында коркууну пайда кылып, ошол аркылуу
күчтөнүү ыкмасын тандаган. Биринчи максаты ага каршы чыккан же альтернатива
боло турган башка күрт уюмдарды жана саясий кыймылдарды жок кылуу болгон.
Аларды ырайымсыз жолдор менен жок кылган соң, карапайым күрт элине карата
теракттарды уюштуруп, «биз бул жерде
мамлекеттен күчтүүрөөкпүз, бизди колдобосоңор силерди жашатпайбыз» деген
сигналды берген. Азыркы учурда да ушул жол менен күрттөрдүн бир бөлүгүн таасири
астында кармоодо.
«КЖП» уюмунун
аял, жаш бала дебестен, бардык күнөөсүз күрт элине багытталган теракттарынын
кээ бирлери төмөнкүлөр:
1987-жылы
20-августта «КЖП» уюмунун мүчөлөрү Мардинде Шехмус Арык аттуу күрт жарандын
үйүнө кирип, Калашников автоматы менен 2
аял, 3 баланы, б.а. 5 кишини өлтүргөн. 4 айлык Хамза өлтүрүлгөн учурда бешикте
уктап жаткан.
1989-жылы
9-июльда Диярбакырдын Крым айылына басып кирген «КЖП» уюмунун террористтери 3 жаштагы бир кызды да өлтүрүшкөн.
1988-жылы
10-майда Мардиндин Нусайбин районунда 15 карапайым күрт жаранды өлтүргөн «КЖП»
6 жаш баланы да аяган эмес. Кыз
наристелердин бири бешигинде уктап жаткан кезде өлтүрүлгөн.
1990-жылы
10-июньда Шырнактын Чевримли айылына кол салган «КЖП» 27 жаранды өлтүргөн.
Террористтер өлтүргөн 27 кишинин 11и жаш
балдар болгон.
1992-жылы
19-августта Диярбакырдын Лиже районунда карапайым жарандарга кол салган «КЖП» жалаякка оролгон бир наристени да
автомат менен аткан.
1993-жылы
22-октябрьда Сииртте 22 күрт жараныбызды өлтүргөн «КЖП» уюму анда да аялдардын
жана жаш балдардын жанын кыйган. Кол
салуу учурунда 13 жаш бала жана 9 аял, карапайым жарандар мыкаачылык менен
өлтүрүлгөн.
1994-жылы
24-июльда Ванда Атабинен айылына кол салган «КЖП» уюмунун террористтери кайра
эле аялдардын жана жаш балдардын жанын кыйган. 6 аялды төшөгүндө өлтүргөн «КЖП» энелеринин жанында уктап жаткан 3
наристени да өлтүргөн.
Ондогон жылдан
бери күрт элинин азезилине айланган коммунисттик террор уюмунун шейит кылган
кишилеринин көпчүлүгүн күрттөр түзөт. Уюм күрт соодагерлерге жана ишкерлерге
оор салык салып, мал-мүлктөрүн тартып алууда жана коргоосуз, карапайым күрт
үй-бүлөлөрдүн балдарын курал менен коркутуп тоого алып кетип, «КЖП» уюмунун
согушчанына айландырууда. Түркиянын Шанлыурфа губернаторлугу күрт үй-бүлөлөрдөн
келген маалыматтардын негизинде 2015-жылы 6 ай аралыгында эле 3000 баланы курал
менен коркутуп тоого алып кетишкенин билдирген.
«КЖП» уюму
кагылышуу учурунда карапайым күрт элин курал менен коркутуп тирүү калкан катары
колдонууда. Ошентип бир жагынан күнөөсүз жарандардын артына жүзү каралык менен
жашынса, экинчи жагынан карапайым күрттөрдүн өлүм санын көбөйтүп окуяны өз
оюнда элдик кыймылдай көрсөтүүнү көздөөдө.
«КЖП» уюму
Түркияны бөлүп, анын аймагынын бир бөлүгүндө коммунисттик Күрдистан мамлекетин
курууну көздөсө, Түркиянын аймагында жашаган күрт эли мындай нерсени эч каалабайт.
2015-жылы сентябрь айында Түркиянын күрттөр жашаган түштүк-чыгыш аймагында
жүргүзүлгөн бир сурамжылоо элдин болгону 6%ынын гана бөлүнүүнү каалаарын
көрсөткөн. Болгондо да, ал бир туугандарыбыздын көпчүлүгү «КЖП» уюмунун
коркутууларынан улам гана ошондой пикир билдирүүгө мажбур болушкан.
Көрүнүп
тургандай, «КЖП» уюму күрттөрдүн өкүлү эмес жана этникалык негизге таянган күрт
эркиндик кыймылы да эмес. «Күрдистан аймагы», «күрт маселеси», «күрт кыймылы»,
«күрттөрдүн эркиндик күрөшү», «түрк-күрт күрөшү» деген сыяктуу жасалма
түшүнүктөр «КЖП» жана анын колдоочулары тарабынан коммунисттик Күрдистан
максатына жетүүдө шайман катары колдонулууда.
Күрт тектүү бир
туугандарыбыз Түркиянын бүт тарабында Түркия Республикасынын жараны катары эч
кандай дискриминацияга кабылбастан, каалагандай эркин өмүр сүрүшүүдө. Күрт
жарандарды Түркиядан бөлүп, коммунисттик Күрдистандан чыкпай жашоого
мажбурлоонун, жүздөгөн жылдан бери каалагандай эркин жашаган аймактарына
паспорт жана виза менен кирүүнү каалашы мүмкүн деп ойлоонун эч кандай логикасы
жок.
Жыйынтыгында
күрттөрдү башында сөз кылынган чөйрөлөргө окшоп, «КЖП» уюмуна теңөө жана бул
жүзү кара киши өлтүргүч уюмга тапшыруу күрттөргө жасала турган эң чоң жамандык
жана абийирсиздик болот.
«КЖП» террорунун караңгы жүзү: уюмдун ичиндеги көз тазалоолор
Ленин, Сталин,
Мао, Пол Пот сыяктуу бардык коммунист лидерлердин жалпы өзгөчөлүктөрүнүн бири –
бул атаандаштарына ырайымсыз мамиле кылышы. Коммунист өлкөлөрдүн тарыхынан
лидерден жана политбюродон башкача ойлонгону үчүн гана абак лагерьлерине
айдалган миллиондогон кишилерди, ырайымсыздык менен өлтүрүлгөн он миңдеген
адамдарды, саясий киши өлтүрүүлөрдү, көчөнүн ортосунда элге ачык жасалган
кыйноолорду көрүүгө болот. Өзүн 21-кылымдын Ленини катары көргөн Өжаландын
тарыхында да, чогуу жолго чыккан жолдоштору да кошо, миңдеген атаандашынын
канынын издери бар.
Өжаландын түздөн-түз
өзүнүн соттогу сөздөрү, «КЖП» жетекчилеринин айткандары жана уюмдан
чыккандардын берген маалыматтары боюнча, «КЖП» уюму өзүнүн мүчөлөрүнүн арасынан
15 миңден 17 миңге чейин адамды өлтүргөн. Алардын кээ бирлери топуракка көмүлүп
башына атуу аркылуу, кээ бирлери үй-бүлөлөрүнүн көзүнчө атылып, кээ бирлери
үстүнө кислота куюлуп өлтүрүлгөн. Ал тургай, бул көз тазалоолор уюмду колдогон
маалымат каражаттары тарабынан «тыңчылар татыктуу жазасын алышты» деген таризде
мактануу менен жарыяланган.
«КЖП»
мүчөлүгүнөн 10 жылга камалган Айтекин Йылмаз уюмдун ичиндеги көз тазалоолорду
сүрөттөгөн «Yoldaşını Öldürmek» (Жолдошуңду өлтүрүү) аттуу китебинде бул киши
өлтүрүүлөрдүн «КЖП» мүчөлөрү тарабынан бийлеп майрамдалганын баяндаган:
Мен эки окуяда
бийлешкенин көрдүм. Бири 1990-жылдары партизандар (КЖП мүчөлөрү) полиция
участогуна кол салып, 20-30 аскерди өлтүргөндө болгон. Мага коркунучтуу
сезилчү. Экинчиси болсо жолдошторун өлтүргөндөн кийинки бий болчу.
Алардын кээ
бирлери төмөнкүлөр:
«КЖП» уюмунун
негиздөөчүлөрүнүн бири Хаки Карердин улам улам алдыңкы планга чыгышы Өжаланга
жаккан эмес. 1977-жылы 18-майда Газиантепте бир кафеде күмөндүү таризде атылган.
«КЖП» уюмунун
Европа боюнча жооптуу мүчөсү Четин Гүнгөр уюмдун конгрессинде башчылардын
иш-аракеттерин сындаган. Тыңчы деген шылтоо менен 1984-жылы Стокгольмдо өлтүрүлгөн.
12-сентябрь
төңкөрүшүндө кармалып, 11 жыл Диярбакыр абагында жаткан соң, боштондукка чыккан
жашыруун аты Али Рыза болгон Мехмет Чимен Германияда жогорку даражалуулар менен
пикир келишпестикке туш болгон. Сирияга чакырылып, уюмдун чечими менен ваннада үстүнө кислота куюлуп жок кылынган.
Уюмдун
негиздөөчүлөрүнүн бири жана Эрзинжан-Тунжели аймагынын жооптуусу катары кызмат
кылган Йылдырым Меркит кызматташ-тыңчы деп жарыяланган. Румынияда куралдуу кол салуу аркылуу өлтүрүлгөн.
«КЖП» уюмунун
түптөлүшүнө салым кошкон Кани Йылмаз (Файсал Думлайыжы) Өжалан кармалганда ага
Европадан орун табыла албашына жооптуу катары көрсөтүлгөн. «КЖП» уюмунун эки
тыңчысы тарабынан унаасына жайгаштырылган
бомба менен 2006-жылы 10-февральда өлтүрүлгөн.
«КЖП» уюмунун
генералдык катчысынын орун басарлыгына чейин көтөрүлгөн Мехмет Шенер тыңчы
деген айып тагылып, эки мергенчи тарабынан атылган. (Мехмет Шенер Парижде
өлтүрүлгөн Сакине Жансызга сөйкө салган.)
«КЖП» уюмунун
негиздөөчү мүчөлөрүнүн бири Али Өмүржан Ливанда Жемил Байык тарабынан суракка алынып өлүм жазасына тартылган.
«КЖП» уюмунун
Үчүнчү конгрессинде генералдык катчынын биринчи орун басарлыгына шайланган
Халил Кайа Өжаландын буйругу менен атылган.
Ушуларга окшоп
болжол менен 17 миң адам өлтүрүлгөн. Алардын көпчүлүгүнүн өлүмү тарыхта
белгисиз бойдон калган. Бирок чындыгында кылмышкерлер белгисиз эмес эле, баары
белгилүү болчу. Мисалы, 1986-жылы Германияда даярдалган бир айыптоо
корутундусунда бул көз тазалоолорго буйруктун Өжалан тарабынан берилгени
прокурор тарабынан жазылган. Түркияда белгилүү солчулдардын бири жана болжол
менен 18 жылын абакта өткөргөн Исмаил Бешикчи «КЖП» тарабынан өлтүрүлгөн
миңдеген адамдын жана алардын жакындарынын абалын төмөнкүчө сүрөттөгөн:
«КЖП» уюмунун
ичинде Мехмет Шенерге окшогон жүздөгөн кишинин көзү тазаланган... Балдары,
кыздары өзүнүн жолдоштору тарабынан, «КЖП» тарабынан өлтүрүлгөндөр болсо
жымжырттыкка чөмүлүп, жашоодон бүтүндөй кол үзүшкөн. Ал үй-бүлөлөр үчүн даттана
турган эч кандай мекеме жок... «КЖП» уюмдарынын аттарында, макалаларында,
сөздөрүндө «демократиялык» деген сөздү көп колдонот. Бул сөздү көп колдонуп
өзүн демократ көрсөткөнгө аракет кылат. Демократиялык улут, демократиялык
мекен, демократиялык автономия ж.б. сөздөрдү көп колдонуу менен демократ боло
албайсың. Демократ болуунун бир гана чен-өлчөмү бар. Ал сөз эркиндиги. Сөз
эркиндиги болмоюнча, демократ, демократиялык боло албайсың.
Көрүнүп тургандай,
«КЖП» уюмунун мүчөлөрү өз жолдошторун да эч ойлонбостон өлтүрө ала турганчалык
абийирсиз. Жана мындай түшүнүктөгү бир уюм эч качан «демократиялык»,
«экологиялык», «аялды барктаган» бир система кура албайт. «КЖП» уюму бир гана
Түндүк Корея сыяктуу рухсуз, ырайымсыз, деспот бир системаны кура алат.
«КЖП» уюму аялды барктабайт, аны эзүү каражаты катары колдонот
Мурдакы
бөлүмдөрдө сөз кылынган кээ бир батыштык чөйрөлөр «КЖП» уюмун демократиялуу,
модерн жана жагымдуу көрсөтүү үчүн эң негизги курал катары «аял» элементин
колдонушат. Ал чөйрөлөр «КЖП» мүчөсү болууну күрт аял үчүн бир теңдешсиз
мүмкүнчүлүктөй, бир кадыр-барктай көрсөтүп, коомчулук өзгөчө маани берген «аял»
түшүнүгү аркылуу «КЖП» уюмуна жаңы, жаркын бир имидж түзүүнү пландашууда.
Мунун акыркы
мисалдарынын бири Британиянын «Middle East Eye» маалымат сайтында 2015-жылы
31-июльда жарыяланган, Элеонора Вио тарабынан даярдалган «КЖПнын аял партизан
согушчандары» аттуу макала. Уюмдун имиджин оңдоо аракети макалада «брендин
жаңылаган КЖП» деген термин менен сүрөттөлгөн.176
Макалада КЖПга
мүчө болгон аял партизандар өздөрүнүн жана элинин эгемендүүлүгүнө жетүү
максатында КЖПга кошулушкан деп айтылган жана күрт жана түрк аялдар эркиндикке
жетүү үчүн тоого качып, куралдуу террор уюмуна кошулууга даяр боло турганчалык
деңгээлде кысымчылык көрүп жатышат деген жалгандарга басым жасалган. Ал эми КЖП
уюму болсо аялдар үчүн эң мыкты боштондук жана эркиндик мүмкүнчүлүгүндөй
чагылдырылган. Сценарийди толуктоо үчүн ролдорун ийгиликтүү аткарган 8-10
аялдын чогуу бакытка балкыган, өз ара тамашалашып каткырган, «күнөөсүз»
көрүнүштөгү сүрөттөрү макаланын араларына жайгаштырылган.
Албетте, бул
макаланы окуган көп чет өлкөлүктөр Түркиядагы күрт, түрк, лаз, черкес кайсы
гана этностон болбосун, бардык аялдардын укуктарынын жана эркиндиктеринин
эркектер менен бирдей экенин билишпейт. Каалагандай эркин жашап, окуп, иштеп,
каалаган кесибине ээ болуп, каалагандай саякат кылып, көңүл ачып, каалагандай
кийинип, каалагандай үй-бүлө куруп ажырашып, каалагандай саясатка аралаша алышаарынан
да кабарсыз.
Ошондуктан
маалымат каражаттарынын мындай тымызын аракеттери ал жагдай тууралуу көп нерсе
билбеген массаларга багытталгандыктан, коомчулукта керектүү түшүнүктү пайда
кылуу көп деле кыйынчылык жаратпайт. Бирок ал маалымат каражаттарында медальондун
экинчи бети тууралуу эч нерсе айтылбайт.
– «КЖП» уюмунун аялдары эркиндик үчүн күрөшкөн жоокерлерби же эзилген буюмдарбы?
Өткөн жылдары
«КЖП» уюмунан качып, Түркиянын мекемелеринин колуна түшкөн 57си аялдардан
турган 220 террористтин сөздөрү уюмдун ичиндеги аялдардын канчалык жакыр,
байкуш абалга кабылып, кандай физикалык жана психологиялык кризисте экендигин
көз алдыга тартуулайт.
Колго түшкөн аял
«КЖП» мүчөлөрүнүн айтуусу боюнча, уюмда аялдар үчүн кулдай кызмат кылуу,
сабалуу, басмырлануу жана зордукталуу күнүмдүк окуялардын бири. Аял «КЖП»
согушчандарынын абдан бушайман болгон сөздөрүнүн кээ бирлери төмөнкүчө:
Жашыруун аты Хавин
аттуу Н.Д.: 3 жыл мурда тоого чыкканда үмүттөрүм бар болчу. Бирок кул болдум.
Ооруну басуучу дары болбогону үчүн гана өз өмүрүн кыйгандарга күбө болдум.
Жашыруун аты Нудем
аттуу Ф.Д.: Тоого чыкканда бир айда бушайман болдум. Өлгөндө гана кутулабыз деп
ойлочубуз.
Жашыруун аты
Авеста аттуу Ф.Т.: Уюмга кошулдум. 3-күнү түндө бир киши төшөгүмдүн астына
кирип «үнүңдү чыгарба, болбосо өлтүрөм» деп коркутуп зордуктады.
Жашыруун аты Дижле
аттуу Э.Б.: Үйүбүздө 8 бир тууганды бакчумун. Бирок тоодо 80 кишинин тамагы,
идиш-аягы, наны мага жүктөлдү.177
Көрүнүп
тургандай, чыныгы абал «Middle East Eye» сайтынын макаласында сүрөттөлгөн
сценарийден такыр башкача. Кыялында эркин болуу үчүн уюмга кошулган аялдар
эртеден кечке отун кыркып, тамак даярдоого, башпаанек казууга, жүздөгөн эркек
террористке кул болууга жана уюмдун жетекчилеринин жыныстык зомбулугуна моюн
сунууга мажбур.
– «КЖП» уюмунун лидери Абдуллах Өжаландын аялдарга болгон көз-карашы
Уюмдун
негиздөөчүсү жана лидери Абдуллах Өжаландын аялдарга, өзгөчө күрт аялдарга
акарат келтирген сөздөрүнүн өзү эле батыштык чөйрөлөр пропаганда катары
колдонгон «КЖП аялдарды барктайт» деген жалганды түп-тамырынан жок кылууга
жетиштүү:
«Күрт аялдардын
көпчүлүгүнүн денелери өлүү, сасык, муздак жана өтө катуу. Дене түзүлүштөрү бир
аз ушундай, рухтары супсак. Интеллектуалдык деңгээли такыр жок... Бир тоту
кушчалык да сөздөрдү кайталай албайт.178
Өжаландын
1998-жылы аял согушчандарга карата айткан жана видеого тартылып алынган төмөнкү
сөздөрү да уюмдагы аялдарга болгон коркутуулардын жана зомбулуктардын үрөй
учурарлык деңгээлин көрсөтөт: «Ашыктыкка
карата алсызмын. Мындан тартынбайм. Бирок көгүчкөндөрүм
менден алыстаса, мунун жазасын тартат. Буга чейин менден алыстагандар жазаларын
тапты.»
![]() |
| Кээ бир батыштык чөйрөлөрдүн КЖП уюмун жакшы көрсөтүү аракеттери |
![]() |
| Иш жүзүндө КЖП уюмундагы аялдардын абалы |
2003-жылы үч
курбусу менен «КЖП» уюмунан качып Иракка отурукташкан жашыруун аты Диларам
аттуу согушчан уюмдагы жашоосу тууралуу жазган «Özgürlüğe Kaçış» (Эркиндикке качуу) аттуу китебинде Абдуллах
Өжаландын «Тыгыздаштыруу үйү» деп эскерилген Сириядагы үйүндө көптөгөн жаш
кыздардан тышкары, өзүнүн да көп жолу зордукталганын баяндаган.
Диларамдын ага
окшоп уюмдан качкан 14 аялдын башынан өткөргөндөрүн сүрөттөгөн бул китебинде
Өжалан, Жемил Байык, Мурат Карайылан сыяктуу «КЖП» жетекчилеринин аял
согушчандарды эзип иштеткени, зордуктаганы жана ар кандай зомбулуктарды
көрсөткөнү тууралуу көптөгөн мисалдар келтирилген. Бул системага моюн
сунбагандардын кош бойлуулугуна карабастан, бул жетекчилердин буйругу менен
кантип жок кылынганы, алардын башка аял согушчандардын колу менен кантип
өлтүртүлгөнү да Диларамдын эскерүүлөрүндө айтылган.
Буга окшогон
сансыз мисалдар бар. Бирок, тилекке каршы, «КЖП» уюму аялдарды уюмдун ичинде өзүнүн
ыпылас кызыкчылыктарына жана кызматына колдонуп, эл аралык коомчулукка болсо
эки жүздүүлүк менен пропаганда каражаты катары пайдаланууда. Бир катар чөйрөлөр
болсо билип же билбестен бул ыпылас оюндун куралына айланууда.
«PYD», «YPG», «HPG», «SDG», «PJAK» сыяктуу уюмдардын баары «КЖП» уюмунун бутактары
Учурда Сириянын
түндүгүндө АКШ жана коалиция күчтөрү «ИГИЛ менен күрөшөбүз» деген шылтоо менен
«КЖП» террор уюмунун Сириядагы бутагы болгон «PYD» уюмуна жана анын аскердик
канаты болгон «YPG» уюмуна ачык түрдө колдоо көрсөтүүдө. Англия баш болгон
Европанын жана АКШнын маалымат каражаттарынын көпчүлүк бөлүгү жана алардын
Түркиядагы бутактары бул колдоонун пропаганда тарабын камсыз кылууда. Аларга «PYD»
жана «YPG» уюмдары «КЖП» уюмуна окшобойт, алар террордук уюм эмес деген жалган
маалыматты күнү-түнү дүйнөлүк коомчулукка сиңирүү милдети жүктөлгөн.
Иш жүзүндө болсо
«PYD» уюму – бул өлкөлөрдүн баары расмий түрдө террордук уюм катары кабыл алган
«КЖП» уюмунун Сириядагы беткабы гана. Өздөрүнүн кызыкчылыгы үчүн бул беткаптын
артын көрмөксөн болгон батыштык күчтөр «КЖП» уюму менен бирдей террордук уюм
болгон «PYD» менен кызматташып, бул беткапты өзүнчө, башка бир кишидей көрүү
театрын чечкиндүүлүк менен улантышууда.
АКШнын Тышкы
иштер катчысы Джон Керби «КЖП» уюмун террордук уюм деп белгилеп, «PYD» менен
анын аскердик канаты болгон «YPG» уюмдарын «КЖП» уюмунан өзүнчө экендигин,
аларга колдоо көрсөтүп, курал-жарак жана материалдык жардам берип жатышканын
жана мындан кийин да колдоо көрсөтүшөөрүн кайра кайра жарыялоодо. Ансыз деле
ИГИЛге каршы көптөн бери операция жүргүзүп жаткан АКШ менен коалиция күчтөрүнүн
«PYD» уюмуна бүгүнкү күнгө чейин тонналаган курал-жарак жардамын көрсөткөнү
белгилүү. Ал курал-жарактардын түздөн-түз «КЖП» уюмунун колуна тийип,
Түркиядагы теракттарда колдонулуп жатканы да сыр эмес. Эми АКШ андан да
илгерилеп, мындай жардамдарды Инжирлик базасы аркылуу берүүнү, башкача
айтканда, «КЖП» уюму Түркияга каршы колдоно турган куралдарды Түркия аркылуу
өткөрүүнү пландоодо.
Европанын да
мында күнөөсү жок эмес. «PYD» уюмунун өкүлдөрү менен «YPJ» уюмунун аскер
башчыларынын Италиянын парламентине180, Франциянын Елисей сарайына181 расмий түрдө чакырылып, жогорку деңгээлде
кабыл алынганы жаңылыктарга чыккан.
Өжаландын буйругу жана Баас режиминин колдоосу менен түзүлгөн «PYD» уюму
Сириянын Баас
режими «КЖП» уюму менен Абдуллах Өжаланды ар дайым коргоп келген. 1978-жылы
«КЖП» уюмунун түптөлгөнү жарыялангандан көп өтпөй, 1979-жылы Өжалан Сирияга баш
калкалаган. Түркия мамлекетинин канчалаган эскертүүлөрүнө карабастан, Баас
режими уюмдун күчтөнүшүнө ар түрдүү колдоолорду көрсөткөн. Түркияда сансыз
кандуу теракттарды жасаган террористтердин көпчүлүгү Сириядагы лагерьлерде даярдалган.
Өжаландын эң негизги колдоочуларынын бири, албетте, Баас режиминин канкор
чалгындоо кызматы «Мухабарат» болгон.
Сирия 1999-жылы
Түркия мамлекетинин моралдык басымынын натыйжасында Өжаланды өлкөдөн чыгарган.
Уюм болсо Мухабаратка аманат калтырылган. Террористтердин бир бөлүгү Түндүк
Иракка жана Кандилге өткөн. Калгандардын кандай болоорун Баас режими уюштурган.
Мухабараттын багыт көрсөтүүсү менен жаңы аталыштагы бир структура түзүлүп,
уюмдун мүлктөрү менен кишилери ошонун көзөмөлүнө өткөн. Бүгүнкү күндө
«Демократиялык биримдик партиясы», б.а. «PYD» деп аталган кыймыл ошол кезде
Мухабараттын түздөн-түз колдоосу менен түзүлгөн, Өжаландын уюмунун дал өзү.
Расмий
маалыматтарда болсо «PYD» уюму 2003-жылы түптөлгөн деп айтылат. Өжаланды
идеологиялык лидер катары кабыл алаарын, мыйзамдуу башкаруу катары Конгра-Гелге
(Күрдистан эл конгрессине) баш ийээрин жарыялаган. Тең төрага системасын
колдонгон «PYD» уюмунун бир башчысы Өжалан менен чогуу тамактанып жүргөн Салим
Мүслим болсо, экинчи башчысы «КЖП» уюмунун борбордук базасы болуп эсептелген
Кандилде жашаган аял согушчандардын бири Асыя Абдуллах. Салих Мүслим «PYD»
уюмунун Европада жана башка өлкөлөрдө жолугушууларды өткөргөн, маалымат
каражаттарына кайрылууларды жасаган көрүнгөн жүзү болсо, Асыя Абдуллах уюмдун
Кандилдеги чыныгы жетекчиси.
Мындан тышкары,
«КЖП» менен бир гана идеологиялык байланышыбыз бар деген «PYD» уюмунун жалган
айтып жаткандыгынын конкреттүү дагы бир далили бар: «PYD» кыймылы «KCK» уюмунун
карамагына кирет. «KCK» болсо Европа менен Жакынкы Чыгыштагы бардык «КЖП»
түзүмдөрүн жетектейт. «КЖП» (PKK) менен «PYD» уюмдарын да камтыган
конфедералдык мамлекет түзүлүшүнүн, б.а. кыялдагы Көз-карандысыз коммунисттик
күрдистан мамлекетинин бардык мамлекеттик органдарын чагылдырган бир уюм. «KCK»
уюмунун аткаруу кеңеши бул кыялдагы Көз-карандысыз коммунисттик күрдистан
мамлекетинин аткаруу бийлигин, б.а. уюмдун өкмөтүн чагылдырат. «КЖП» жана анын
бутактарын түзгөн бардык куралдуу топторго жана аймактагы бардык уюмдарга
буйрук берет. Анын буйругуна баш ийген уюмдардын бири – бул «PYD» уюму.
Ошондуктан «PYD» уюму идеологиялык жактан гана эмес, түзүм жана материалдык
жактан да толугу менен «КЖП» уюмунун бир бутагы, «КЖП» уюмунан эч кандай
айырмасы жок.
![]() |
| 1. Асыя Абдуллах. 2. Салих Мүслим. |
«YPG» уюму Кандилде даярдалган «КЖП» уюмуна тиешелүү террористтерден турат
«КЖП» уюмунда
теракттарды жасаган көптөгөн сириялык согушчандар бар. Алар Түркиядагы
теракттарга да катышкан. «PYD» менен «КЖП» уюмдары куралдуу күч жагынан да
абдан тыгыз байланышта. «КЖП» уюмунда теракттарды жасаган сириялык согушчандар
«PYD» куралдуу күчүнүн өзөгүн түзүшкөн.
«PYD» уюмунун
куралдуу күчү «YPG», б.а. «Элдик коргонуу кошуундары» деп аталат. Болжол менен
5 миңден 10 миңге чейин согушчандан турган «YPG» согушчандарынын дээрлик бүт
баары Кандилде идеологиялык жана аскердик таалим алган. «YPG» согушчандарынын
чыныгы башчысы Кандилдеги «КЖП» лидерлери. «YPG» уюмуна кошулган жаңы
согушчандар алгач Кандилде марксисттик, ленинисттик, сталинисттик идеологиялык
таалим алышат. Андан соң куралдуу таалимге өтүлөт жана Кандилдеги «КЖП»
лидерлери негизги аскердик даярдыктан өткөрүшөт. Андан кийин Африн, Кобани жана
Жазирада курулган аскердик академияларда окуу улантылат.
– Бир эле террор уюму, ар кандай аталыштар
Иш жүзүндө «PKK»
(КЖП) менен «PYD» бир эле террордук
уюмдун эки башка аталышы гана. Миңдеген «КЖП» согушчаны учурда «PYD» саптарында
согушуп жатат. Эки уюмдун тең буйрук берүүчүлөрү жана башчылары Кандилге баш
ийет. Экөө тең лидер катары «КЖП» уюмунун негиздөөчүсү Абдуллах Өжаланды кабыл
алат. «PYD» уюмунун мүчөлөрү айыл, шаарларды басып алганда, биринчи кезекте
Абдуллах Өжаландын сүрөттөрүн жана «КЖП» уюмунун желектерин илишет.
Ар кандай
аталыштар болгону «КЖП» согушчандарынын жайгашкан аймагына жараша, жашырынуу
жана башкача көрүнүү максатында көз бойомой тактикасы катары гана колдонулууда.
Уюм алфавиттин дээрлик бардык тамгаларын колдонуп, өзүнүн ичинде улам ар кандай
аталыштарды жана кыскартууларды ойлоп таап, ар түрдүү бөлүктөрдү, фракцияларды
жана иерархияларды чыгарууда.
Мисалы, Ирандагы
«КЖП» уюмуна «PJAK», Сириядагысына «PYD», анын куралдуу армиясына «YPG», бул
армиянын аял согушчандарына «YPJ», «КЖП» уюмунун аскердик канатына «HPG»,
жаштар канатына «YDG-H», жогорку түзүмүнө «KCK» деген сыяктуу аттар ыйгарылган.
Бирок булардын баары «КЖП» террор уюмунун бутактары гана.
«The Wall Street
Journal» гезитинин интернет баракчасында Мэтт Брэдли жана Джо Паркинсон тарабынан
даярдалып, 2015-жылы 24-июльда жарыяланган «A
Personal War-America’s Marxist Allies Against ISIS» аттуу макалада «КЖП»
уюму менен анын бутактарынын иш жүзүндө бир эле террор уюму экендиги төмөнкүчө
белгиленген:
«КЖП» уюму өзүнүн
бөлүктөрүн, б.а. Сирияда «YPG», Иранда «PJAK» деп аталган топторду жана
Ирактагы «HPG» уюмун жакын байланышы бар өз алдынча уюмдар десе, «КЖП»
согушчандары менен бир катар талдоочулар баарын бир, чогуу дешет. Рукен айым
(макалада интервью алынган «КЖП» уюмунун согушчаны Зинд Рукен) «баары «pkk» (кжп) бирок өз-өзүнчө
бутактары» дейт, «мен кээде бир «pkk», кээде бир «pjak», кээде болсо бир «ypg»
уюмунун мүчөсүмүн. Чындыгында эч кандай мааниси жок. Баары «pkk» уюмунун
бутактары».
Ошондой эле, бул
макалада «КЖП» уюмунан чыккан бул уюмдардын да түздөн-түз Абдуллах Өжалан
тарабынан түптөлгөнү жана ага моюн сунууга ант ичкени төмөнкүчө белгиленген:
Күрт партизан
топтору Түркиянын бир аралында 1999-жылдан бери абакта жаткан «КЖП» уюмунун
лидери Абдуллах Өжаланга моюн сунууга ант ичишет. Азыркы учурда «YPG», «HPG»
жана «PJAK» уюмдарына айланган «КЖП» уюмунун бөлүктөрүн Өжалан 2005-жылы абакта
жатып түптөгөн.182
«PYD» 2011-жылы
апрельде түздөн-түз «КЖП» лидери Өжаландын адвокаттары аркылуу Асад менен
кызматташуу тууралуу жүргүзгөн соодалашууларынын натыйжасында режим тарабынан
таанылган жана Сириянын түндүгүндө кээ бир күрттөрдү уюштуруп, режимди
колдогон, автономдуу бир аймак түзүүгө уруксат берилген. Ошондой эле, Өжаландын
Имралы аралынан жүргүзгөн аракеттеринин жана «КЖП» уюмунун жогорку даражадагы
башчыларынын Сирияга болгон сапарларынын натыйжасында Сирияда өлүм жазасына
тартылган Салих Мүслим жазадан бошотулуп, Ирактагы «КЖП» лагеринен Сирияга «PYD»
уюмунун башчылыгына алып келинген.
Күрт аймактарын
көзөмөлдөө жана «PYD» согушчандарын башкарып, даярдыктан өткөрүү үчүн Түркия
менен Ирандан 400дүн тегерегинде түздөн-түз «КЖП» уюмунун жогорку даражадагы
башчылары Сирияга жиберилген. Сириялык оппозиционерлердин берген маалыматтары
боюнча, акыркы 2 жылда эле Түркия аркылуу Афринге болжол менен 10 миң «КЖП»
согушчаны кирген.
«PYD» уюмунун
2013-жылы «PYD Батыш күрдистанда демократиялык коомду куруу үчүн бир революция
жүргүзүүдө. Андан соң кезек Түндүк күрдистанга, б.а. Түркияга келет»
деген сөзү PKK/PYD уюмдарынын биргелешип иш-аракет жүргүзөөрүн көрсөтөт.
Кыскасы, «PYD»
уюмун түптөгөн да, кармап турган да, башкарган да, аскер менен камсыз кылган да
«КЖП» (PKK) уюму. Ошого карабастан, дагы эле «PYD» уюмунун «КЖП» уюмунан башка,
өз алдынча бир уюм деп айтылып жатышы абдан күлкүмүштүү.
– «PYD» уюмунун зулумдуктары «КЖП» террорунан кем калышпайт
«PYD» уюму менен
Асад режиминин ачык кызматташып жатканы белгилүү чындык. Режимге каршы чыккан
сириялык күрттөр, Амуда кыргынындагы сыяктуу, түздөн-түз «PYD» уюмунун куралдуу
күчтөрү тарабынан жок кылынууда же кармалып кыйноого алынып, түрмөгө камалууда.
Африн сыяктуу «PYD» уюмунун көзөмөлүндөгү көптөгөн аймактарда күрт жана араб
жаштар курал менен коркутуу аркылуу уюмдун согушчанына айлантылууда. Көптөгөн
мусулман күрттөр Барзанинин тыңчысы деген шылтоо менен өлүм жазасына тартылууда
же мекенинен айдалууда.
«PYD» уюму басып
алган аймактардагы араб жана түркмөн элдерине карата кыргын, кыйноо, террор
жана сүргүн аркылуу жүргүзүп жаткан ачык геноцид саясатын күн өткөн сайын
күчөтүүдө. Бул абал Адам укуктарын байкоо (HRW) уюмунун 2014-жылы июнь айындагы
отчетунда далилденип көрсөтүлгөн. «PYD» уюму тарабынан өткөн жылы жасалган
Камышлы кыргыны мунун бир гана мисалы. Ошондой эле, «PYD» уюму Тель-Абьяд
шаарын өзүнө каратканда жергиликтүү элди көчүүгө мажбурлаган. ИГИЛ менен болгон
согуш учурунда Түркияга качкан араб жана түркмөндөрдүн мекенине кайра кайтышына
чек араларды жабуу аркылуу дагы эле бөгөт коюуга аракет кылууда.
«PYD» уюму
Жазира жана Айн-эль-Араб менен алардын ортосундагы коридор аймакта күрт
кантондорун түзүп, ал жерлердин калкынын түзүлүшүн да системалуу түрдө
өзгөртүүдө. Аймактагы түркмөн жана арабдарды миңдеген жылдан бери жашаган
мекенинен көчүүгө мажбурлап, алардын ордуна өзүнүн «КЖП» согушчандарын
жайгаштырууда.
Түпкү максатка
келсек, «КЖП» уюму Түркиянын түштүк-чыгыш аймагын өлкөдөн бөлүп, Коммунисттик
күрдистандын түндүк бөлүгүн түзүүнү пландаса, «PYD» Сирия менен Ирактын
жерлеринен алып кыялдагы Коммунисттик күрдистандын түштүк бөлүгүн даярдоону
көздөөдө. Максатына жетүү үчүн бул террор уюму ар кандай теракттарга,
кыргындарга жана адамзатка каршы кылмыштарга барууга даяр.
Көрүнүп
тургандай, «PYD өзүнчө, PKK (КЖП) өзүнчө» деген сөздөр чындыкка жатпайт. Мафия
бир жерге кол салганда, кылмышты жасаган да, эшикте күтүп турган да, унааны
айдаган да бирдей кылмышкер болот. Баары чогуу бир кылмышты жасаган болот жана
бир мафиянын мүчөлөрү. Ошондуктан Өжаланга моюн сунган бардык топтор да бир
террор уюмунун мүчөлөрү болуп эсептелет жана бардык теракттарга жооптуу.
Баары апачык
көрүнүп турганына карабастан, бир тараптан «КЖП» уюмун террорист деп эсептеп,
экинчи тараптан аймактагы кызыкчылыктары үчүн «PYD» уюмунун террор, зулумдук
жана геноциддерин көрмөксөн болуп, бул уюмду легалдуу деп эсептөөнүн, аны менен
сүйлөшүүнүн жана ага колдоо көрсөтүүнүн абдан парадоксалдуу, этикага жатпаган,
кош стандарттуу бир саясат экендиги анык. Мындай уятсыз саясаттар аркылуу
аймакта кандай гана болбосун курулуусу пландалган Коммунисттик күрдистандын
жакынкы келечекте колдоочуларынын үмүтүн таш каптыра турган күтүүсүз, кооптуу коммунисттик
өнөктөштүктөргө багыт алуу ыктымалдыгы да жогору.
«Коммунисттик
күрдистан коркунучу» жана «Америка байкабаган КЖП» аттуу китептерден бул
тууралуу терең маалымат ала аласыз.
Жыйынтык
Коммунизм дагы
эле тирүү. Болгондо да алыста эмес, жаныбызда. Чыгыш Европанын көпчүлүк
бөлүгүндө жана, ал тургай, кээ бир Батыш Европа өлкөлөрүндө коммунисттик же
социалисттик партиялардын бийликке келиши көп деле кыйын эмес. Бул партиялардын
бийликке келип, эгер ыңгайлуу шарттар түзүлсө, Германияда 1933-жылы шайлоо
аркылуу бийликке келип, бирок андан соң диктатура орноткон фашисттик
нацисттерге окшоп, туруктуу коммунисттик режим куруу ыктымалдыгы да бар. Россия
коммунизмден фашизмди жана жапайы капитализмди көздөй сүрүлдү, бирок бул
идеологиялар бири-бирине абдан жакын болгондуктан, жаңы бир социалдык кыймыл
аркылуу кайрадан коммунизмге кайтышы мүмкүн. Кытай болсо дагы эле Маонун
идеяларын бирден бир чындык катары көрөт. Азыр деле коммунисттик режимде
жашаган Куба, Түндүк Корея жана Вьетнамда да коммунизмдин таасири күчтүү.
Учурда коммунизм
«бир кадам алга, эки кадам артка тактикасын» колдонуп, артка кадам таштады.
Ошондуктан ар кайсы өлкөлөрдө ар кандай ысымдарды колдонуп иш-аракеттерин
жүргүзүүдө жана дүйнөгө коммунизм коркунучу жок деп көрсөтүүдө. Бирок коммунизм диалектикалык
материализмдин «кагылышуу» түшүнүгүнөн улам бүт адамзат үчүн бардык шарттарда
эч токтобогон бир «кан төгүү кудугу» болуп саналат. Көрүнүшү же аты кандай
гана болбосун, диалектикалык кагылышууну тарыхтын мажбурлуу мыйзамы катары
көргөндүктөн, адамдарга зулумдук менен апааттан башка эч нерсе алып келбейт.
Бул коркунучка
карата чара көрүү үчүн аны пайда кылган саздакты курутуу керек. Антпесе
бир-бирден чиркейлер менен, б.а. коммунизмдин тарапкерлери менен күрөшүү
коммунисттик саздакты курутууга жетишсиз. Саздакты курутмайынча, чиркейлер
барган сайын ылдамыраак көбөйө берет.
Андай болсо
саздакты кантип курутууга болот?
Марксисттердин,
марксист-ленинисттердин, маоисттердин же коммунизмдин башка бир версиясынын,
жана ал тургай фашизмдин жалпы пайдубалы – бул Дарвиндин эволюция теориясы.
Мурдакы бөлүмдөрдө караганбыз: бул теория Маркстын айтуусу боюнча, коммунизмдин
«табигый илимдер жагынан пайдубалын түзөт». Энгельс диалектикалык материализм
жагынан Дарвинди Маркска теңеген. Ленин менен Троцкий Дарвинден таасирленген,
Сталин жаш кезинде динчил болуп, Дарвинди окугандан кийин атеистке айланган.
Маонун жана Кытай коммунизминин интеллектуалдык пайдубалы толугу менен
дарвинизмге таянат. 1968-жылы дүйнөгө дүң салган марксист студенттер кыймылынын
лидери Герберт Маркузе да дарвинизмден жана өзгөчө Дарвиндин «күчтүүлөр жашайт»
деген идеясынан таасирленген бир идеолог.183 Дарвинизмди туу туткан социалисттердин
тизмесине Карл Каутский жана Эдуард Бернштейн сыяктуу ревизионист марксисттер
жана Британиядагы солчулдардын булагы болуп эсептелген белгилүү «Фабиан
коомунун» негиздөөчүлөрү сыяктуу көптөгөн топтор кирет.184
Дарвинизм
болбосо, коммунизм да болбойт. Ошондуктан 20-кылымда 100 миллиондон ашуун
адамдын өмүрүн алган жана дагы эле тымызын уюшуп, күчтөнүүгө аракет кылган
коммунизмдин бирден бир чыныгы дарысы – бул дарвинизмди илимий жана
интеллектуалдык жактан жокко чыгаруу. Дарвинизмдин илимий жактан толугу менен
жокко чыгарылган бир теория экендиги, организмдердин эволюция аркылуу пайда
болбогондугу жана Аллах тарабынан кемчиликсиз кылып жаратылгандыгы далилденип
көрсөтүлгөндө, Маркс да, Ленин да, Мао да, дубалдарына булардын сүрөттөрүн илип
кан төккөн же кан төгүүгө даярданган согушчандар да калбайт.
Дарвинизм
калпынын жокко чыгарылышы коммунизм сыяктуу «кан төгүүчү кудуктарды» жок кылып,
бир жагынан адамдардын чыныгы Жаратуучу Раббибиз Аллахка кайтуусуна жана Ал
көрсөткөн адеп-ахлак менен жашашына себепчи болот. Ошентип адамдар, Курандын
төмөнкү аятында айтылгандай, тобу менен тынчтык жана бейпилдикке жетишет:
Эй ыйман
келтиргендер, баарыңар тобуңар менен «тынчтык жана бейпилдикке (Силмге,
Исламга) киргиле жана шайтандын кадамдарын ээрчибегиле. Себеби ал - силерге
апачык бир душман. (Бакара Сүрөсү, 208)
Булактар:
151 Öcalan’ın 13. Kuruluş Yıldönümü mesajından.
152 http://www.ankarastrateji.org/haber/cozum-sureci-pkk-nin-eylemlerini-durdurabildi-mi-919/
153 http://www.radikal.com.tr/turkiye/koy_der_baskinin_otopsi_raporu_bicak_kursun_yanik-1218935
154 Kürdistan’da Halk Kahramanlığı, s. 78
155 Özgür Yaşamla Diyaloglar, s. 201
156 Tasfiyeciliğin Tasfiyesi, s.153
157 PKK Kuruluş Kongresi Konuşmaları, 1978, s. 13, 20
158 Öcalan’ın 1 Mayıs 1982 tarihli konuşmasından.
159 K.’da Halk Kahramanlığı, İstanbul, Mart 2004, s. 87
160 Abdullah Öcalan, Seçme Yazılar, Birinci Cilt, Sayfa 195
161 Abdullah Öcalan, Seçme Yazılar, Birinci Cilt, Sayfa 213
162 Abdullah Öcalan, Seçme Yazılar, Birinci Cilt, Sayfa 213
163 Lenin Seçme Eserler, cilt 2, s. 29-30, İnter Yayınları) "Nereden Başlamalı?" (Mayıs 1901)
164 Bütün alıntılar "Devrimci Maceracılık" makalesinden; Lenin Eserler, Alm. cilt 6, sayfa 178-188 arası. Türkçesi için bkz. "Örgütlenme Üzerine", sayfa 23-35 arası, Sır
165 Proletari Dergisi, "Gerilla Savaşı", Vladimir İlyiç Lenin, 30 Eylül 1906
166 "Teorik ve Pratik Terör Hakkında", Vladimir İlyiç Lenin, Homizuri G.P., Moskova 2005
167 Lenin Kollektıt Vörks, cilt 9, s. 346
168 http://www.wsj.com/articles/americas-marxist-allies-against-isis-1437747949
169 Özgür Yaşamla Diyaloglar, Ekim 2002, s. 257
170 Abdullah Öcalan, 'Sanat ve Edebiyatta Kürt Aydınlanması', s. 153
171 Sümer Rahip Devletinden Demokratik Uygarlığa, Cilt 1, Aralık 2001, s. 204
172 Sümer Rahip Devletinden Demokratik Uygarlığa, Cilt 1, Aralık 2001, s. 313
173 Sümer Rahip Devletinden Demokratik Uygarlığa, Cilt 1, Aralık 2001, s. 354
174 Burhan Semiz, PKK ve KCK'nın Din Stratejisi, s. 210
175 http://www.state.gov/j/inl/rls/nrcrpt/2014/vol1/223081.htm
176 http://www.middleeasteye.net/in-depth/features/female-guerrilla-fighters-pkk-2044198184
177 http://www.sabah.com.tr/gundem/2012/07/03/yagmur
178 Abdullah Öcalan, "Nasıl Yaşamalı", sf. 91)dan-kacarken-doluya-tutuldular
179 http://www.milliyet.com.tr/2001/01/24/guncel/gun01.html
180 http://anfenglish.com/kurdistan/diplomacy-initiative-in-italy-by-the-rojava-committee
181 http://www.almonitor.com/pulse/en/originals/2015/02/turkey-france-kurdish-guerillas-elysee.html
182 http://www.wsj.com/articles/americas-marxist-allies-against-isis-1437747949
183 Robert M. Young, Darwinian Evolution And Evolution And Human History, Radio talk given in an Open University course on Darwin to Einstein: Historical Studies on Science and Belief, 1980
184 Robert M. Young, Darwinian Evolution And Evolution And Human History, Radio talk given in an Open University course on Darwin to Einstein: Historical Studies on Science and Belief, 1980























Hiç yorum yok:
Yorum Gönder